3
|
Жаңы теманы түшүндүрүү
|
Сабакка көңүл буруучу оюн өткөрөт же кырдаал түзөт.
Жаңы теманы баяндап түшүндүрүп берүү
Диетологдор салаттарды көп пайдалангандар туура жана пайдалуу тамактанышаарын бекемдеп келишет. Туура тамактануу принцибин кармангандар кечки тамагын бүтүндөй салат менен алмаштыра алат. Салаттардын артыкчылыгы аларды закуска, негизги тамак, десерт түрүндө да берүүгө болот. Салаттар адам баласынын тарыхында көп миңдеген жылдар мурда пайда болуп, алардын менюсунда бир кыйла маанилүү ролду ойногон. «Салат» сөзү латындын «herba salata» деген сөз айкаштарынан келип чыккан жана «туздалган жашылча (зелень)» деген маанини билдирет. Алгачкы салат бүгүнкү күндөгү жашылчалардын «бабаларынан», б. а. бүгүнкү күндө абдан кеңири таанымал жана туздун жардамы менен жумшак жана жакшы сиңген базилик, кервель, лаванда, любисток жана кориандрдан даярдалган. Салат даярдоо искусствосунун абдан гүлдөгөн мезгили Францияда король Людовик XIVнүн учуруна туш келет. Ал падышачылык кылып турган учурда ашпозчулук өнөр күн сайын өркүндөөнүн үстүндө болгон. Бул процесске кесипкөй кулинарлар эле эмес, көптөгөн окумуштуулар, философтор, ошондой эле мамлекеттик ишмерлер да катышкан. Жаңы салаттардын ойлоп табуучулары Ришелье, Мазарини болушса, ал эми Мишель Монтень «Тамактануу илими» деген китебин да жазган. Бул мезгилде тамак берүү жана тамакты жасалгалоо искусствосу эң жогорку деңгээлге жеткен. Аларды жасалгалоодо жөнөкөй ашпозчулар гана эмес, скульпторлор жана сүрөтчүлөр дагы эмгектенишкен. Падышанын столуна коюлуучу салаттардын баяндамасы поэмага тете болгон. Жасалгалоо жашылчалардан жасалган гүлдөр менен эле чектелбей столго жей турган тамак-аштардан сепилдер, ак сарайлар курулуп, периштелер учуп, айбанаттар сайран курушкан.
Бүгүнкү күндөгү биздин түшүнүгүбүздө «салат» – бул тез жасай турган муздак тамак-аштын жыйындысын түшүндүрөт.
Чийки жана бышкан жашылчалардан даярдалган салаттар. Салат – бул курамына бышкан жана чийки жашылчалар, жемиштер же мөмөлөр кошулган даамдуу, жеңил сиңе турган, аш болумдуу тамак. Салатты эки түргө бөлүүгө болот:
а) чийки жашылчалардан (жашыл салат, жаш бадыраң, помидор, сельдерейден) жана жемиштерден даярдалган салаттар; бул салаттарды куурулган жана кайнатылган эт, үй канаттууларынын эти жана балык менен берүүгө болот;
б) ошол эле чийки жана бышырылган жашылчалардан (сабизден, кызылчадан, капустадан, чамгырдан, картошкадан, гүлдүү капустадан, спаржадан, жашыл буурчактан, бобдон (буурчактын бир түрү) жана башкалардан) турган салаттарга кайнатылган же куурулган жаш кунаажындын, койдун, канаттуунун, жапайы жаныбарлардын, балыктын эттерин, бышырылган жумуртканы, крабды, ракты кошууга болот.
|
Оюнга же талкууга катышышат. Суроолорго жооп беришет. Суроо беришет. Жаны тема боюнча маалыматтарды алышат жана иш жүргүзүшөт.
|
Жеке баалоо, калыптандыруучу баалоо
|