| Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжалар |
| Билим берүүчү максаты: Окуучулар ар түрдүү текстер менен иштөө аркылуу, сөз байлыгын кеңейте алышат. | -инсандын адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын маңызын түшүндүрүп бере алышат. -аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн макал-лакаптар боюнча аткарып бере алышат. |
| Өнүктүрүүчүлүк максаты: Инсандын билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттары тууралуу алынган маалыматтарды талкуулап, талдай алышат. | -талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат, -билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуунун түрдүү кырдаалындагы үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу айырмачылыктарын, окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүнүрө алышат. |
| Таалим-тарбия берүүчү максаты: Билимдүүлүктүн, адептүүлүктүн жана маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрө алышат. | -билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт. -адамдын ар түрдүү жүрүм-турумун салыштырып, түшүндүрмө бере алышат. |
| Сабактын баскычтары | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги |
| 1)Уюштуруу (1 мүнөт) | Арыбагыла, балдар! Берекенин майрамы болгон күз майрамы менен куттуктайм! Быйылкы күз жаңы ийгиликтерди, кубанычты, молчулукту, токчулукту, бакытты алып келсин! | Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат |
| 2)Акыл чабуулу (4-мүнөт) | Мугалим: -Балдар менин оюмда бир сөз бар ал адамдын аты, зат атооч, болгондо да энчилүү, 5 тамгадан турат, кыргыздын көөнө сөздөрүнун бири. Кана ким табат. -Менин оюмд дагы бир сөз бар, ага 7 тамга кетет. Кыргыздын ө тамгаларынан 3 катышат. Баш тамгасы ж менен башталат. Кыргыздын көөнө сөздөрүнун бири. | Окуучулар өз ойлорун айтышат. |
| 3)Окуучулардын пикирлерин жыйынтыктоо (1мүнөт) | Мугалим: 1-сөз Медер болчу 2-сөз. Жөрөлгө болчуу | |
| 4)Топтор менен иштөө №1 тапшырма Атыбыздын маанисин-маңызын биз кандайча түшүнөбүз (10 мүнөт) | Мугалим топтор менен тааныштырат. -Бүгүн сабакта балдар 3 топко бөлүнүп алып сабагыбызды баштайбыз. Топторго бөлүнөөрдөн мурда балдар силерге суроо берейинчи? Эгер балдар, бир бала жашыл чырак күйө электе эле жолдун ортосунан өтүп кетип жатат дейли, ал убакта катуу ылдамдыкта машына келди дейли анда окуя эмне менен аякташы мүмкүн? Мугалим: Туура. Ал эми ошол бала катуу ылдамдыкта келе жаткан машынаны колу менен токтотуп койду да, жолдон өтүп кетти. Мындай окуяларды көргөнсүңөрбү? Туура. Бирок, чын эле сүзүп кетти эми эмне болот балдар? Мугалим: -Туура. Бирок, мындай окуялар жашыруун биз көрбөгөн жерде болуп, шаферчу из жашырып кетсе, качып кетсе кимдер изилдейт. Мугалим: Туура. Биз жогоруда үч суроого, үч жооп айттык. 1-трагедия 2-фантастика 3-дедектив деп, анда топтордун аты ушул бойдон калсын. Мугалим: -Балдар мен силерди үч топко бөлөм, 1- “Фантастика” тобунун башчысы кылып, Ырсты дайындайм. 2- “Трагеия” тобунун башчысы деп Баянаны дайындайм 3-топтун башчысы деп, Айназикти дайындайм. Силер болсо өзүңөргө жаккан досторуңарды ирети менен тобуңарга чакырып алсаңар жана эмне үчүн тандаганыңдын себебин айтсаңар? | Окуучулар: -Трагедия. Окуучулар: -Жоок, болушу мүмкүн эмес, бул фантастика. Окуучулар: Милициялар келет, кыз доктурга жеткирилиши мүмкүн, экспертиза текшерет. 4. Окуучулар: -Дедективдер. Окуучулар эмне үчүн тандап алгандыктарын айтышып үч топко бөлүнүштү. |
| | Мугалим: -Эми балдар “Фантастика” тобу- “Трагедия” тобуна, “Трагедия” тобу – “Детектив” тобуна, “Детектив” тобу-“Фантастика” тобуна текст жазууга ынгайлуу тема айтып берсеңер? | 1-“Фантастика” тобу: “Чиркей менен пилдин достугу”- деген теманы трагедия тобуна беребиз? 2- “Трагедия тобу”: “Дүйнө жузун кумурска менен айландым”- деген теманы детектив тобуна беребиз 3-“Детектив” тобу: “Мугалим кызыктуу сабак берет” – деген теманы фантастикага беребиз. |
| Мугалим: -Балдар текст жазууга темаларды бөлүп алдыңар. Эми силерге бир суроо мен сабак башында кандай сөздөрдү сөз кылган болчуумун? -Азаматсыңар! Эми ушул сөздөрдү тесттиңерге ким ынанымдуу пайдалана алсаңар 10 упай кошуп берем | Окуучулар: Медер Жөрөлгө |
| 6)Топтордо иштө. №2 тапшырма. Бул сапаттарды кантип колдонобуз? (12мүнөт) | Мугалим топторго тапшырмаларды берет: “Көрдүңөрбү, балдар билимдүү, адептүү жана маданияттуу адам болуу оңой эмес экен. Байкадыңарбы, үч топто аталган сапаттар кайталанып жатат. Демек, инсандагы жакшы сапаттарды бөлө албайт экенбиз. Бул үч сапат ар бир адамда чогу жүрүшү керек. | Окуучулар тапшырмаларды чогу аткарышат. Жоопторун презентациялашат. |
| 7)Топтордо иштөө №3 тапшырма Пазл түзүү (8 мүнөт) | Мугалим: -Эми балдар жазган текстерибизди атаандаш тема бреген топторго берип текст кандай жолдор менен байланышты, теманы ачып бере алдыбы? Дагы эмнелерди жазса болот эле. Текстте микро темаларды, подтемаларды, абзацты жана жөнөкөй, татаал сүйлөмдөрдү бөлүп талдап көрсөтөбүз | Окуучулар тобу менен биргеликте иштеп, тапшырманы аткарууга аракеттенишет. |
| 8) Рефлексич жана жыйынтыктоо (4 мүнөт) | Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт. Баалоо: Жек окуучуларды жана топторду баалоо жүргүзүлөт Үйгө тапшырма: “Менин келечектеги кесибим” деген темада текст жазуу | Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат. |
| 7)Үйгө тапшырма (2мүнөт) | Бирге олтурган шерик-шеригиңерге мүнөздөмө жазып келгиле? |
| 8)Бааолоо (3мүнөт) | Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө жараша... “5”, “4”, “3”, “2” Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар! Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз! |