Адам үчүн эң кыйыны – бул күн сайын адам болуу Ч.Айтматов
Сабактын темасы:
Текст менен иштɵɵ
Дүйшѳндүн мектеби
Сабактын максаты:
Окуучулар тексттин мааниси боюнча маалымат алышат. Тексттин мазмунундагы негизги ойду анализдеп окуп таба алышат. Туташ жана туташ эмес тексттерди айырмалай билишет.
Текст менен иштѳѳдѳ угуу, кѳрүү жана ѳздѳрү түзгѳн текст аркылуу сүйлѳѳ кебин ѳстүрүшѳт. Тема аркылуу кыялдануусу, элестетүүсү, эске сактоосу калыптанат.
Ынтымактуулукка, бири-бирин уга билүүгѳ, тексттин үстүндѳ иштѳѳ менен кѳздѳгѳн максаттарынан кайра тартпаган ѳнѳрлүккѳ, аракетчилдикке, жаңылыкка умтулган күрѳшүүчү инсан болуп тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди ѳздѳштүрүү сабагы, интерактивдүү методдор;
Сабактын методу: Топтордо иштѳѳ;
Сабактын формасы: Слайддык материалдар, ватман, маркер, доска ж.б;
Сабактын жүрүшү: 1) уюштуруу (классты активдештирүү, жагымдуу маанай түзүү)
2) үйгѳ берилген тапшырманы суроо:
суроо-жооп иретинде суралат( окуучулар карточкалар аркылуу айтып беришет).
Жаны теманы түшүндүрүү: Текст менен иштѳѳ.
( Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин негизинде «Дүйшѳндүн мектеби» деген темадагы текст). Балдар, быйылкы жылы бүтүндѳй ааламды ѳзүнѳ сыйдыра алган улуу жазуучубуз Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгын белгилеп отурабыз.
Ч.Айтматовдун чыгармаларын дүйнѳ жүзүндѳгү элдер сүйүп, суктануу менен окушат. Ошондой чыгармаларынын бири «Биринчи мугалим» повести.
Айтматовдун чыгармалары окууга жеңил эмеспи. « Биринчи мугалим» чыгармасында текстти, сѳз айкалыштарыабдан кызыктуу жазылган. Чыгарманы окуп жатып канча бир доор артка кайтып, Алтынайдын кичинекей мекенинде жүргѳндѳй болосуң. Ошол ѳткѳѳл доордо тоо койнуна Дүйшѳн мугалим болуп келип,кыргыз элинин сабатсыздыктан билимге болгон умтулуусун, ал жолдогу тоскоолдуктарды, карама-каршылыктарды жеңип, Алтынай сымал жаш муундардын илимге болгон кызыгуусун алгачкы күндѳн сезип, алардын келечегине даңгыр жол ачкандыгы баяндалат.
Кана эмесе, балдар, биз ушул чыгарманын негизинде «Дүйшѳндүн мектеби» деген текст үстүндѳ иштейбиз. Жогоруда жалпыланган ойду тексттин мазмунунан анализдеп, далилдеп, окуяларды бѳлүп алып, талдап, топтор менен тапшырмаларды иштейбиз.
1-тапшырма
1-топ:
Туташ текстти, туташ эмес текстке айландыргыла.
2-топ:
Жаңы сѳздѳрдү пайдаланып, Дүйшѳндүн мектебинин абалы боюнча текст түзүү.
- Мор - дымаход Каптарын - мешки Бетинин терин аарчый – вытирая с лица пот Меш ѳндүү бир нерсе - на подобии печки Калыңыраак тѳшѳп - положив побольше Жайдары жылмая - приветливо улыб аясь
- Мор - дымаход Каптарын - мешки Бетинин терин аарчый – вытирая с лица пот Меш ѳндүү бир нерсе - на подобии печки Калыңыраак тѳшѳп - положив побольше Жайдары жылмая - приветливо улыб аясь
- Мор - дымаход Каптарын - мешки Бетинин терин аарчый – вытирая с лица пот Меш ѳндүү бир нерсе - на подобии печки Калыңыраак тѳшѳп - положив побольше Жайдары жылмая - приветливо улыб аясь
- Мор - дымаход Каптарын - мешки Бетинин терин аарчый – вытирая с лица пот Меш ѳндүү бир нерсе - на подобии печки Калыңыраак тѳшѳп - положив побольше Жайдары жылмая - приветливо улыб аясь
- Мор - дымаход
- Каптарын - мешки
- Бетинин терин аарчый – вытирая с лица пот
- Меш ѳндүү бир нерсе - на подобии печки
- Калыңыраак тѳшѳп - положив побольше
- Жайдары жылмая - приветливо улыб аясь
3-топ : Текстти пайдаланып, туташ эмес текст түзѳбүз
Дүйшѳндүн мектеби
… Мугалимдин ал жерде эмне кылып жүргѳнүн билүүгѳ кызыгып, бир куну алардан тезек терип келе жатып, үч-тѳрт кыз болуп кайрылып калдык.
Дүйшѳн тамдан чыга келди да, бизди кѳрүп, бетинин терин аарчый жылмая күлдү:
- Ии, кыздар, келгиле. Тезектен келе жатасыңарбы?
- Келгенинер жакшы болбодубу, кыздар! Мына мектебиңер даяр десек да болот. Азыр эле бир бурчуна меш ѳндүү бир нерсе куруп бүттүм. Кѳрдүнѳрбү, мору да үстүнѳ чыгып турат. Эми кыштык отунубузду тамдын бир бурчуна жыйып салабыз да, жерге самандан калыңыраак тѳшѳп таштап, окууну баштай беребиз.Кандай, мектепке келесиңерби, Окугуңар келеби?
Кыздардын ичинен чоңураагы мен элем, алар унчукпай жатканынан:
- Жеңем коё берсе келем,- дедим.
- Аа, дурус. Коё бербегенде кармап калат беле.Атың ким сенин?
- Алтынай,- дедим мен.
Алтынай, … Жакшы экен. Сен чоңоюп калган эстүү кыз экенсин, - деди ал жайдары жылмая карап. – Эмесе, Алтынай, сен башка балдарды да мектепке окуйлуу деп ээрчиткин, макулбу?!.
Мен жолдон ойлонуп, Дүйшѳндүн мээримдүү сѳздѳрүнѳ жана эркелете караганына ыраазычылык билдиргим келди.
- … Кыздар мага карабай каптарын кѳтѳрүп чуркап кетишти.Мен тезек терип алып, кайра жүгүрүп олтуруп, Дүйшѳндүн мектебине келдим да , каптагы тезекти там түбүнѳ тѳгѳ салып, тызылдаган бойдон алардын кокту-колотун аралап, тезек терүүгѳ шашылдым.
- Алда кандай зор эрдик кѳрсѳткѳндѳй жүрѳгүм алып-учуп, адегенде бет алдым эле чуркап кете бердим.
2- тапшырма: Ушул сүрѳттѳрдүн бүгүнкү сабакка кандай байланышы бар? Эки элести, эки нерсени байланыштыруу
3- тапшырма: Тѳмѳнкү сүйлѳмдѳрдүн тесттеги иретин белгилегиле
- (--) - Ии, кыздар, келгиле. Тезектен келе жатасынарбы?
- (--) … Мугалимдин ал жерде эмне кылып жүргѳнүн билүүгѳ кызыгып, бир куну алардан тезек терип келе жатып, үч-тѳрт кыз болуп кайрылып калдык.
- (--) Кѳрдүңѳрбү, мору да үстүнѳ чыгып турат. Эми кыштык отунубузду тамдын бир бурчуна жыйып салабыз да, жерге самандан калыңыраак тѳшѳп таштап, окууну баштай беребиз.Кандай, мектепке келесиңерби, Окугуңар келеби?
- (--) Дүйшѳн тамдан чыга келди да, бизди кѳрүп, бетинин терин аарчый жылмая күлдү:
- (--) - Келгениңер жакшы болбодубу, кыздар! Мына мектебиңер даяр десек да болот. Азыр эле бир бурчуна меш ѳндүү бир нерсе куруп бүттүм.
4-тапшырма : Долбоор менен иштѳѳ
«Билим алуунун мааниси» деген темада ѳзүңѳрдүн ой жүгүртүүңѳр боюнча жазгыла( окуучуларга ватман таркатылат. Ар бир топ ѳз алдынча иштеп, презентация жасап беришет).
- https:// docs.google.com/forms/d/1EyxETdW_fFrfc0a0ECONFb5wIPujNXr6ePALWwCY2Kk/edit
Жыйынтыктоо: Суроо-жооп менен жыйынтыгын чыгаруу
1. Бүгүнкү сабак силерге жактыбы? Биз кандай иштерди аткардык?
2. Аларды аткаруу менен силер эмнелерди үйрѳндүңѳр?
3. Силер кайсы тапшырманы кызыгуу менен аткардынар?
4. Текст силерди кандай ойго салды?
Тапшырма:
« Сен сүйүктүү адамыңды турмушуңда жолуктурдуңбу?» - деген темада эссе жазып келүү.
Баалоо:
Сабактын жүрүшүнүн аягында жыйынтыктоочу бааны
так,
калыс,
айкын коюу