СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тексттин темасы. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тексттин темасы.  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Тексттин темасы. (5-класс)»

Сабактын темасы: ТЕКСТТИН ТЕМАСЫ ЖАНА АНДАГЫ НЕГИЗГИ ОЙ

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар тексттин темасы жана андагы негизги ой тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар текстте айтылып жаткан ой-пикирлер сөз бөлүп жаткан нерсенин айланасына топтолорун билишет жана текст түзүүгө машыгышат.

Тарбиялоочулук: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) тексттин темасы жана андагы негизги ой тууралуу маалымат алса; б) текстте айтылып жаткан ой-пикирдин сөз болуп жаткан нерсенин

айланасына топтолорун билсе жана текст түзө алса;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.

Предметтик компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • тексттин темасын жана андагы негизги ойду талдап түшүнөт;

  • тил менен кептин карым-катышын билет;

Кептик компетенттүүлүк:

  • теориялык билимдерин текст менен иштөөдө пайдаланат;

  • туура сүйлөп, сабаттуу жаза алат;

Маданий компетенттүүлүк:

  • улуттук сөз өнөрүн баалайт;

  • тил аркылуу өз оюн кенен, түшүнүктүү айтып берүүнү үйрөнөт.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Колдонулуучу ресурстар: таблица, методикалык колдонмо, түстүү сүрөттөр.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Үйгө берилген тапшырманы текшерип, өтүлгөн теманы кайталоодо топторго атайын даярдалган түстүү сүрөттөр таратылып, анын негизинде чакан тексттер түзүшөт жана темати- калык, грамматикалык бүтүндүктү, анын негизинде маанилик бүтүндүктү түшүндүрүп айтып беришет.

Жаңы тема «Тексттин темасы жана андагы негизги ой».

Текстте сөз болуп жаткан нерсенин аты катары ар түрдүү заттар, буюмдар, жаратылыштын көрүнүштөрү, кубулуштар, жандуу жана жан- сыз заттардын аттары келиши мүмкүн. Демек, текстте айтылып жаткан ой- пикирлер ошол сөз болуп жаткан нерсенин айланасына топтоштурулган болот. Ошондуктан ал тексттин темасы болуп эсептелет. Тагыраак айткан- да, тексттеги баяндалган негизги ой тема аркылуу берилет.

  1. көнүгүүдө берилген текстти көчүрүп жазып, андагы негизги ойду аныкташат жана мазмунуна жараша тема коюшат.

17-көнүгүүдө берилген тексттер топторго бөлүнүү менен оозеки аткарылып, окуучулар ал тексттерде берилген негизги ой менен тема дал ке- лерин түшүндүрүп беришет. Топтор 18-көнүгүүдө берилген жети нусканы көчүрүп жазып, кандай маани берилгендигин талкуулашат.

Алган маалыматтарын бекемдөөдө мугалимдин көзөмөлү менен төмөн- күдөй кошумча текст сунушталат да, мында окуучулар текстте берилип жаткан ой-пикирлердин кимдин, эмненин айланасына, тагыраак айтканда, кайсы теманын айланасына топтоштурулганын терең үйрөнүшөт. Тексттин мазмуну – бул тема экендигин, ал негизги ойду билдирерин өздөштүрүшөт.

Эң улуу наам

Тамшандырар не бир таттуу даам бар.

Таңдандырар не бир даңктуу наам бар.

Көркөмүнөн көз уялткан акак бар.

Көңүлүңдү көкөлөткөн атак бар.

Атагыңды атпай журтка даңк кылган,

Даража бар абройду арттырган.

Миң бир эсе артык турган булардан,

Бар болгону үч тамгадан куралган.

Тең келбеген атак, наамдар,

Эң бир улук, эң бир ыйык ЭНЕ деген наам бар!

Э. Ибраев

Сабакты жыйынтыктоодо окуучулар төмөнкү суроолорго комментарий беришет:

  1. Бүгүнкү сабакта үйрөнгөндөрдүн кайсынысы силер үчүн кызыктуу болду?

  2. Бул багытта дагы эмнелерди билгиңер келет?

Окуучулардын билимдерин баалоонун критерийлери:

    • тексттин темасын жана андагы негизги ойду аныктай алуусу;

    • текст түзө билүүсү;

    • окуучунун теманы өздөштүрүүсү;

Үй тапшырма: 19-көнүгүү. Китепканада деген тема боюнча чакан текст түзүп келишет.