Просмотр содержимого документа
«Телефон менен суйлошуу маданияты»
Сабактын темасы: Телефондо суйлошуу маданияты
Сабактын максаты:
Суйлошуу маданияты жонундо ой жугурто билууго багыт беруу.
Адам оз жашоосунда ар дайым маданияттуулукка умтулуу керектигине ынанат.
Адептуулукко, озундо жакшы сапаттарды онуктурууго умтулууга тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Суроттор, иллюстрациялар.
Сабактын журушу:
Уюштуруу
Класстын санитардык абалына, окуучулардын маанайларына конул буруу.
Киришуу учун суроолор.
Жаны теманы баяндоо.
"...Азаматтын жакшысы - азыраак сүйлөп, көп тыңшайт"
(Угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндө)
Жапон элинде: "Сүйлөгөнгө караганда уккан кыйын" деп айтылат. Бул демек, сүйлөгөндү уккан кишинин маданияты жогору дегенди билдирет. Ал эми гректерде чечендик маданият "ынандыруу маданияты" катары талкууланат да, сүйлөп жаткан адам угуп жаткандарды айтып жаткандарына ынандыра алышы керектиги айтылат. Чечендик - бул аудитория менен чечендин ортосундагы мамиле эмеспи.
"Эгерде сен сүйлөп жатканда, угуп жаткан адам саатын караса, ал бир жакка шашып, сенин тезирээк сүйлөп бүтүшүңдү каалап жатканы; эгерде эки жакты карап жаткан болсо, сенин сөзүң аны анчалык деле кызыктырбаганы; эгерде эки колун көкүрөгүнө алып, же бөйрөгүн таянып турса, тоготпой жатканы; эгерде сен сүйлөп жатканда угуп жаткан адам, "бул фактыларды кайдан алдың" деп сенин сөзүңдү бөлсө, анда ал сенин маегиңе ишенбей жатканы... ж.б. деп айтылат угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндөгү усулдук китептерде.
Ал эми азыркы учурда адамдар бетме-бет суйлошкондон да кобуроок
телефондо суйлошушот. Ошондуктан телефондо суйлошуу маданиятын
билишибиз керек.
Телефондо суйлошуу этикасы:
Баарынан мурда мүмкүн болушунча сылык болгонго аракет кылуу керек.Коңгуроону угар замат трубканы алганга шашыл. «Алло» деген сөздү айтуу менен бирге саламдашканды унутпа.
Эгер сенден кимдир бирөөнү чакырып коюуну суранса, анда «Бул ким?», «Эмне үчүн керек?» деген сыяктуу суроолорду берүү таптакыр туура эмес. Ал ким экенин жана эмне деп айтып коюу керектигин чакыруучу тарап өзү айтат.
Телефонду эч качан эсте калган номер боюнча чалба. Балким туура эмес болуп калат.Эгер туура эмес түшүп калса, «Бул кайсы номер, мен кайда түшүп калдым?» деп айтуу адепсиздик. Жөн гана кечирим сурап коюу абзел.
Коомдук жайларда унунду бийик чыгарып, жанындагыларды эске албай суйлошуу да туура эмес. Кечирим сурап, кийин суйлошууну сунуш кылууга болот. Эгер ото зарыл чалуу болсо, сыртка же четирээке отуп суйлошууго болот.
Коомдук транспортто да ушуларды эске алуу менен зарыл чалуу мезгилинде гана айланадагылардан кечирим сурап, акырын суйлошууго аракет кылуу керек.
Бышыктоо.
Силерге уккан жагабы же суйлогонбу?
Суйлошуу маданияты жонундо тушунугунорду айтып бергиле.
Телефондо суйлошуу этикасы жонундо айтып бергиле.
Жыйынтыктоо.
Мен маданияттуу инсанмын деген адам баардык жагынан маданияттуу болуш керек. Уй булоодон баштасак. Ата-эненин бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болсо, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билишсе алардын балдары да ошондой болуп чоноюшат. Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу. Уйдо уйронгонунорду мектепте да оркундотуп, маданияттуу инсан болуп чоноюуга аракет кылгыла.