СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Телефондо суйлошуу маданияты.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Телефондо суйлошуу маданияты.»

Сабактын темасы: Телефондо суйлошүү маданияты.

Сабактын максаты: 1. Окуучуларынын коопсуздугунун алдын алуу жана алардын мобилдик маалыматтуулугун жогорулатуу 2. Окуучуларда мобилдик байланышты пайдалануудагы жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу. 3. Телефон менен баарлашуунун , мобилдик жүрүм-турум эрежелерин уйронот.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, буклет. Сабактын журушу: 1. Уюштуруу. Окуучуларга алтын эрежени кайталатуу. Жакшы маанай каалоо.

2. Жаны теманы тушундуруу. Бүгүнкү күндө уюлдук байланыш ар бир кыргызстандыктын жашоосун байырлап келет. Башкача айтканда өзүбүздү бизди курчаган чөйрөнү байланышсыз элестете албайбыз. Уюлдук компаниялар көрсөтүп жаткан байланыш кызматтары кары-жашыбыз дебестен баарыбызга жеткиликтүү. - Мобилдик байланыш деген эмне? Ал кантип пайда болгон? Ушул суроолорго жооп издейли. Алгачкы ачылыштар 1888-жылы немец физиги Генрих Герц электромагниттик радиотолкундар боюнча ачылыш жасап жана аларды изилдеп чыккан. Кийинчерээк орус окумуштуусу Александр Степанович Попов Г.Герцтин изилдөөлөрүнө таянуу менен атайын шайман ойлоп чыгып, электр толкундарын каттоо боюнча эң жөнөкөй алгачкы радио кабыл алгычты жасаган. 1973-жылы Нью-Йорк шаарында Motorola дүйнө жүзү боюнча эң алгачкы уюлдук байланыш базалык станциясын ишке киргизген, ал станция 30 дан ашпаган гана абонентти тейлеп жана жердеги линиялар менен байланыштыра алган. Ал эми эң алгачкы уюлдук телефон 1 кыштын(кирпич) көлөмүндө болуп 1 килограмм 150 грамм салмакта болуп, 1973-жылдын 3- апрелинде ушул телефондон чалуу аткарылган. Бул күндү уюлдук байланыштын туулган күнү десек болот. - Эмне үчүн байланыш уюлдук деп аталат? Радиотүйүн менен камтуу аймагы "соталарга" – алты бурчу бар аймактарга бөлүнөт. Анын ар биринин ичинде базалык станция жайгашкан. Базалык станция келип түшкөн сигналды борборго берип турат. Коммуникация борборунан чыккан сигнал абонент турган башка сотанын базалык

станциясына берилет. «Соталар » - аймакты бөлүүнүн эң ыңгайлуу жолу, мейкиндикти үнөмдөөгө шарт түзөт. Уюлдук компаниянын коммутатору түзүлүшү боюнча аарынын уюгуна окшош.

3. Талкуулоо. - Мобилдик телефон менен маданияттуу колдоно алабызбы? Телефон менен баарлашуу маданияты: Мобилдик жүрүм-турумдун эрежелерин билүү жана аткаруу — бул абоненттин баарлашуу маданиятынан жана татыктуу тарбиясынын кабар берип турат.

• «Сураныч, мобилдик телефонуңуздү өчүрүп койсоңуз» деген эскертүүнү көргөн учурда, мобилдик телефонуңузду сөзсүз өчүрүп коюңуз. М: учакта бара жатканда, медициналык мекемелерде ж.б.. • Сабакта, жыйындарда, театрда, музейлерде, көргөзмөлөрдө, кинотеатрларда болгон учурларда өз мобилдик телефонуңуздү “добушсуз” же “Үн почтасы” режимине коюп алууну эстен чыгарбаңыз. Болбосо, Сиздин телефонуңуздүн рингтону башкалардын тынчын алуусу мүмкүн. • Өзүңүз үчүн жагымдуу болгон жана башкаларга жолтоо болбой турган рингтондорду тандаңыз. • Эгерде спектаклдин же кинонун учурунда, жана да китепканада болгон учурда билдирүү жөнөтүү керек болуп калса баскычтардын сигналдарын өчүрүп алыңыз. • Коомдук жайларда : дүкөндөрдө, транспортто, лифтте ж.б. жерлерде мүмкүн болушунча акырын жана кыска сүйлөшсөңүз, маегиңиз менен жаныңыздагыларга жолтоо болбойсуз. • Китепканада болгон учурларыңызда телефонуңузду “добушсуз ” режимге коюп алып же мүмкүн болушунча акырын жана кыска сүйлөшкөнүңүз талапка ылайык. • Рингтондор үчүн айланадагыларды чочутуу же аларды мазактоо иретиндеги жагымсыз үндөрдү, одоно сөздөрдү колдонууга болбойт. • Башкалардын телефондорун жеке максаттары үчүн колдонуу жана башка бирөөлөрдүн телефон номурун уруксаатсыз берүү туура эмес. • Өз мобилдик телефонуңуздагы рингтондордун үнүн бийик чыгарып же акырындатууну кааласаңыз, үйүңүздөн жөнгө салганыңыз талапка ылайык, коомдук жайлардан башкаларга тоскоол болосуз. • Өз мобилдик телефонуңузга башка адамдарды сүрөткө же видеого тартуудан мурда ал адамдардын уруксаатын алуу керек. • Биз колдонуп жүргөн заманбап телефондор кирген, чыккан, кабыл алынган жана кабыл алынбаган чалууларды каттап калышат. Эгерде сиз чалып жаткан адам учурунда жооп бере албаса күтө турганыңыз туура болот. Абонент мүмкүнчүлүгү болгон учурда өзү чалат. • Жумушка байланышкан маселе менен жумуш күнүнө чейин жана ал аяктагандан кийин чалуу, майрам же дем алыш күндөрү чалуу ылайыксыз. Саат 9дан кечки 22 .00гө чейин жеке чалууларды аткарууга болот. Көрсөтүлгөн убакыттан эрте же кеч чалууга туура келип калган учурларда сөзсүз түрдө тынчын алганыңыз үчүн кечирим сурап, мүмкүн болушунча азыраак сүйлөшүүгө аракет кылуу керек. • Ар бир адамдын жеке жашоосуна болгон укугу болот — тексттик билдирүүлөрдү уруксаатсыз окуп жана башка бирөөнүн телефонундагы чалуулардын тизмесине кызыгуу маданиятсыздыкка жатат.

Уйго тапшырма

Азыркы кезде телефон окуучуга пайдалуубу же зыянбы? Ой толгоо жазып келуу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!