СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Телефондо сүйлɵшүү маданияты.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маданияттуу болуу ар дайым модада болуп келген. Баскан тургандан тышкары  телефондо сүйлɵшүү аркылуу да ɵзүбүздүн маданиятыбызды кɵрсɵтɵ алабыз.  Телефон аркылуу сүйлɵшүүдɵ кандай этика сакталуусу керек экенин билүү үчүн тɵмɵнкү кеңештерди эске алабыз. 

Просмотр содержимого документа
«Телефондо сүйлɵшүү маданияты.»

Класстык саат

Сабактын темасы: Телефондо сүйлɵшүү маданияты.

Сабактын максаты: а) Окуучуларга телефондо сүйлɵшүү маданияты тууралуу маалымат берүү, телефон тууралуу кызыктуу маалыттарды берүү.

б) Окуучуларды телефондо сүйлɵшүү кɵндүмдүүлүгүнɵ үндɵɵ

в) Телефондо сүйлɵшүү маданияттын, адебин этикасын үйрɵтүү

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын методу: Айттып берүү

Сабактын жабдылышы: Дептер,

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даярданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай?

Үй тапшырма: текшерүү

Жаңы тема: Маданияттуу болуу ар дайым модада болуп келген. Баскан тургандан тышкары телефондо сүйлɵшүү аркылуу да ɵзүбүздүн маданиятыбызды кɵрсɵтɵ алабыз. Телефон аркылуу сүйлɵшүүдɵ кандай этика сакталуусу керек экенин билүү үчүн тɵмɵнкү кеңештерди эске алабыз.

Эгерде кандай бир номерди так биле албай, чалсаныз «сиздин номериниз кандай?», «сиздин номериниз мындайбы?», «мен кайда тушуп калдым?» деген ɵңдүү суроолорду берүүгɵ болбойт. Мындай суроолор угуп жаткан адамга жагымсыз болот. Телефон чырылдаганда 3-4 чакыруудан кийин дароо жооп берүү керек. 6-7 жолу чырылдаганда албаса, ал чыгып кеттиши мүмкүн же колу бошобогондуктан, телефонду ала албай калышы мүмкүн. Бирɵɵгɵ телефон чалганда «Мен ким менен сүйлɵшүп жатам»? деп, бирɵɵ сизге чалса «ким бул»? деген суроолорду берүү туура эмес. Анын ордуна учурашып, «Айнаш угуп жатат» десеңиз, ɵзүңүздүн сылыктыгыңызды билдересин.

Шарт боюнча эрте мененки 10 го чейин жана кечки 21:00 дон кийин коңгуроо кылуу туура эмес. Бул учурда сиз чалган адамдын колу тынчын алып коюушунуз ыктымал. Сизге бирɵɵ чалганда сиз бошобой жатсаныз, турупканы кɵтɵрүп «бир аз күтɵ турунуз» же «бир канча мүнɵттɵрдɵ чалыныз» деп коюу этикага туура келет.

Телефон менен баарлашууда маекти чалган адам жыйынтыктайт. Маектешиңиздин сɵзүн болбой уга билиңиз жана ойун толук айтып алууга мумкунчулук бериңиз коомдук жайларда коомдук транспортто маданиятка туура келбеген сɵздɵрү колдонбой, акырын сүйлɵшүү кажет анткени жаныңыздагы адамдарды ирээнжитип алуунуз ыктымал бул эрежелер сиз менен адамдын сиз жɵнүндɵ жакшы ойдо калуусуна түрткү болот.

Бышыктоо : Кызыктуу маалымат

  • Дүйнɵ жүзү боюнча 3,3млрд телефон бар. Болжолдуу түрдɵ 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон мусорго ташталат экен. Себеби улам жаңы чыккан телефондорду алышат экен.

  • Эн биринчи телефон 1983-жылы чыгарылган. Анын салмагы 794 граммды тузуп, заряды 8 саатка жетен.

  • Телефон компьютер, телевизорго караганда абдан зыядуу экен. Себеби сүйлɵшүп жатканда башты, кɵздү ысытып нерв системаларын жабыркатат. 1990 – жылы Америкалык окумуштуулардын изилдɵɵсүнɵ таянсак ошол жылы мээсине шишик пайда болуп ɵлгɵн аялдардын ɵлүмүнɵ ушул телефон себеп болгон.

  • Францияда каттуу жаан жаап, чагылган түшүп жаткан кезде телефон колдонгонго каттуу тыюу салынган экен.

  • Швецияда кээ бир уюлдук телефондон алергия болгон адамдар кездешиптир.

  • Статистика боюнча Корея мамилекетинде ɵспүрүм бир жылда 20000 смс жɵнɵтɵт.

  • Кээ бир адамдар телефонду фонарик катары пайдаланышат.

  • Норвегия жана Даниянын изилɵɵчүлɵрү телефон менен тыгыз мамиледе жүргɵндɵр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен.

  • Керек болсо иштебей жанынызды жаткан телефондун да зыяны бар экен.



Жыйынтыктоо: Телефон бизге эмне үчүн керек, балдар?

Телефон менен сүйлɵшүүнүн адебин үйрɵндүкпү?

Телефонду кɵп колдонгон туура деп ойлойсунарбы?

Баалоо:

Үй тапшырма: Телефондо сүйлɵшүү диолог түзүп келүү