СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема : Адамдын гигиенасы – ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамдын гигиенасы -ден соолуктун жана сулуулуктун ачкыч

Просмотр содержимого документа
«Тема : Адамдын гигиенасы – ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы»

Тема : Адамдын гигиенасы – ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы Максаты: Өздүк гигиена эрежелерин сактоого каалоону жана керектөөнү калыптандыруу. Күтүлгөн жыйынтыктар: “Өздүк гигиена” тууралуу жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билишет. Дене бөлүктөрүнүн (кол, бут ж.б.) булганыч кырдаалдарына байланышкан жагымсыз сезимдерди туюшат жана өздүк гигиена көндүмдөрүн пайдаланат. Жабдуулар: Түстүү борборлор, тактай, гигиеналык каражаттардын жыйындысы, флип - чарт, маркерлер. Класстык сааттын саны Киришүү 1-кадам. Мээ чабуул: Жакшы жана жагымдуу көрүнүш үчүн эмне кылуу керек? Жооптор тактайга жазылат. Окуучулардын болжолдуу жооптору: • өзүнө кам көрүү • тишти тазалоо • колду жуу • жуунуу • чачына кам көрүү • туура тамактануу • спорт менен машыгуу • жуунуу • ич кийимдерди күндө алмаштыруу Мугалим: Өздүк гигиена – дене гигиенасын сактоо, ооз көңдөйүн тазалоо, ошондой эле бут кийимдерин, ич кийимдерин, кийимдерин жашаган жерин таза кармоо. Гигиеналык эрежелерди сактоо бул адамдын маданиятын аныктоочу шарттардын бири болуп саналат. Негизги бөлүк 1-кадам Мугалим: окуучулардын бирине алдын ала Гигиена кудайы тууралуу маалымат даярдоо сунушталат (окуучу аңгемени көркөм окуйт же айтып берет) 26 Гигиена – ден соолуктун кудайы, акылман жана врач Асклепиянын кызы. Бул кудайдын аты менен Гигиена илими аталган. Бул эмгектин жана тиричиликтин адамдын ден - соолугуна таасирин окутуп үйрөткөн илим. Гигиена мифологияда сүрөттөлгөн жана жылан оролгон байыркы камейлерде акылмандыктын жана ыйыктыктын, тазалыктын жана кол тийбестиктин символу катары сүрөттөлөт. Гигиена адамдын жашоосунун тазалыгын билдирет. Жылан Гигиена мыйзамдарын бузгандарды чагат. Медицинанын белгисин көрсөткөн Асклепиянын (Эскулаптын) кызы катары, Гигиена сергек жашоо образынын мыйзамдарын коргойт жана гигиена аркылуу өзүнүн күйөрмандарына пайдалуу адаттарды киргизет, ден- соолук жана сулуулук бул көндүмдөрдү денеге алып келет. Мугалим: Андан соң катышуучулар менен бирге гигиена деген түшүнүккө аныктама беришет. Гигиена – бул адамдын ден- соолугун чыңдоону жана сактоону жөнгө салуучу, анын активдүү жашоо узактыгын жогорулатуучу гигиеналык эрежелердин жыйындысы. 2-кадам. Топтор менен иштөө. Классты 2 бөлүккө бөлгүлө жана окуучуларга төмөнкү кырдаалдарды эске салуусун жана өз сезимдери тууралуу жазууну сунуштагыла: 1-топ: таптаза мисалы: • кырдаал (жаңы эле сууга түшүп чыкты, башын жууду, тишин тазалады, таза кийимдерди кийди); • сезүүсү: (жеңилдеп калды, жагымдуу жыт, учкусу келип калуу, энесине эркелегиси келди). 2-топ: өтө кир Мисалы: • кырдаал (футбол ойногондон кийин, бакчада иштегенден кийин, поезд менен саякаттан кийин ж.б.) • сезим (оор болуу, жагымсыз жыт, чарчоо ж.б.). Топтордун аткарган иштерин жактоосу. Мугалим: Өзүн таза алып жүрүү өзү үчүн эле эмес досторуна, туугандарына, мугалимдерине да жагымдуу. Өзүн тыкан алып жүргөндөргө дайыма жагымдуу пикирлер айтылат, алар менен пикир алышуу да жагымдуу болуп саналат. Бул адамдын өзүн-өзү баалоосун жогорулатууну жөнгө салат, курбулаштарынын арасында популярдуу кылат. Эң башкысы - бул сенин ден- соолугуңа пайдалуу. 3-кадам Тандоо тапшырмасы сунушталат: 1. «Мойдодыр» оюн көнүгүүсү. Тапшырма: кезек-кезеги менен окуучулар үстөлдүн жанына келип “Мойдодыр” баштыкчасына карабай туруп, бир каражатты сууруп чыгып, бул каражаттар сыйкырдуу “Мойдодыр” (гигиеналык каражаттардын айрым сүрөттөрүн да пайдаланууга болот) баштыкчасына салынган. 2. Аналитикалык көнүгүүлөр: Тапшырма: 1. Төмөндөгү органдарга кам көрүүгө арналган гигиеналык каражаттарды жана предметтерди карагыла жана атагыла: а) бетке; б) чачка; в) денеге; г) ооз көңдөйүнө; д) тырмактарга. 2. Дененин белгилүү бөлүктөрүнө кам көрүүдө өздүк гигиенанын кандай эрежелери бар? 3. Алардын кайсынысы өздүк гигиенанын каражаттары болуп саналат жана алардын кайсынысын достор менен бирге колдонууга болот. Эмне үчүн? Жыйынтыктоо: Тазалык бир топ инфекциялардан сактанууга жардам берет, ошондой эле, сулуу көрүнүүнүн эмоционалдык жана социалдык ыңгайлуулугун жөнгө салат. Булганыч кол коркунучтуу оорулардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан колду бат-бат жууп туруу керек. Спорт менен машыгууда тер көп бөлүнүп чыгат, ошондуктан кошумча гигиеналык көндүмөрдү талап кылат. Ооз көңдөйү инфекциялардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан даймы кам көрүүгө муктаж. Үй тапшырмасы: Ата-энеңердин жардамы менен жеке өзүңө туура келген гигиеналык каражаттарды танда.











































МУГАЛИМ ҮЧҮН КОШУМЧА МАТЕРИАЛ: Тиркеме 1 Колго кам көрүү Мүмкүн сен булганыч колдун оорулары тууралуу уккандырсың – ашказандын бузулуусу, дизентерия, гепатит А (сарык) ж.б. Инфекция организмге адатта кол аркылуу кирип кетүүсүнөн улам аларды ушундай аташат. Биздин колдорубуз күнү бою дарттын козгоочуларын алып жүрүүчү көптөгөн нерселерге тийип калуусу мүмкүн. Кол жуу эрежеси • колуңду суула; • аларды жакшылап самында; • колдун ички бетин жана манжалардын ортосун унутпа; • колуңду суу менен жакшылап жуу; • таза сүлгү менен аарчы, мектепте өзүң менен кошо жүз аарчы же кагаздан жасалган салфетка ала жүр. 27 3-кадам Тандоо тапшырмасы сунушталат: 1. «Мойдодыр» оюн көнүгүүсү. Тапшырма: кезек-кезеги менен окуучулар үстөлдүн жанына келип “Мойдодыр” баштыкчасына карабай туруп, бир каражатты сууруп чыгып, бул каражаттар сыйкырдуу “Мойдодыр” (гигиеналык каражаттардын айрым сүрөттөрүн да пайдаланууга болот) баштыкчасына салынган. 2. Аналитикалык көнүгүүлөр: Тапшырма: 1. Төмөндөгү органдарга кам көрүүгө арналган гигиеналык каражаттарды жана предметтерди карагыла жана атагыла: а) бетке; б) чачка; в) денеге; г) ооз көңдөйүнө; д) тырмактарга. 2. Дененин белгилүү бөлүктөрүнө кам көрүүдө өздүк гигиенанын кандай эрежелери бар? 3. Алардын кайсынысы өздүк гигиенанын каражаттары болуп саналат жана алардын кайсынысын достор менен бирге колдонууга болот. Эмне үчүн? Жыйынтыктоо Тазалык бир топ инфекциялардан сактанууга жардам берет, ошондой эле, сулуу көрүнүүнүн эмоционалдык жана социалдык ыңгайлуулугун жөнгө салат. Булганыч кол коркунучтуу оорулардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан колду бат-бат жууп туруу керек. Спорт менен машыгууда тер көп бөлүнүп чыгат, ошондуктан кошумча гигиеналык көндүмөрдү талап кылат. Ооз көңдөйү инфекциялардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан даймы кам көрүүгө муктаж. Үй тапшырмасы:

4. Кооптуу жүрүм-турумдун зыяндуулугу

Сабактын максаты: Адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган (мотоцикл, мопед, машина менен жол жүрүү эрежелерин бузуу, кайыкта отуруп кыйшаңдоо) жүрүм-турумдун зыяндуулугун түшүндүрүү.

Жаңы тема: Чоңдорго арналган коопсуздуктун негизги эрежелеринин өспүрүмдөргө да тиешеси бар.

Лагерде, эл көп чогулган жыйындарда, спорттук мелдештерде ж.б. иш-чараларда сак болуу керек. Сактыкта кордук жок. Стадиондо, көчөдө, көлдө, тоодо ж.б. жерлерде коркунучтуу жагдайлар жетишерлик көп кездешет. Мисалы, футбол оюнун спортсмендери жакшы даярдыгы бар, тартипке үйрөтүлгөн, уюшулган, бирок команданын күйөрмандары эки тарап болуп мушташып кеткен учурлар аз эмес. Мушташуудан травма алгандар, кырсыкка учурагандар болушу мүмкүн. Башка таяк жеген балдардын онунун экөөсү өлүп калат. Мээни кокустатуу шишикти пайда кылат, мээ баш сөөктүн ичинде болгондуктан, омуртка жүлүндөн башка жакка чыга албайт. Ал нерв системасынын б.а. бүткүл организмдин ишинин бузулушуна алып келет, анын натыйжасы – өлүм [8]. Эл көп чогулган жыйындарда мушташуудан айрым балдар өмүр бою майып болуп калышат, айрымдары узак убакыт ооруканаларда жатышат. Сабактан калышат, ата-энелерине, туугандарына кыйынчылык түзүлөт. Акчалай чыгымдар көбөйөт. Көңүл ачуу үчүн мотоцикл, мопед айдап жарышкан жаштар (байкерлер, рокерлер) жол-транспорт кырсыгынын себепкери болушат. Булардын “көңүл ачуусу” машинанын талкаланышына, адамдардын оор майып болушуна алып келет. Мотоциклдин үнү элдин тынчын алат. Панк (чачын кырдырган) жаштардын арасында бүлгүнгө учуратуучу жүрүмтурумдагы фактылары болот, жаштардын сексуалдык бузукулугу, баңгилик, аракечтик ж.б. аракеттери үчүн жазаланган учурлары аз эмес. Жаштардын саясий, экономикалык, чыгармачыл, кесиптик ж.б. бирикмелери бар. Саясий формалдуу эмес экстремисттик бирикмелердин коркунучтуу аракеттери көп учурайт, алардын мүчөлөрүнүн кырсыкка дуушар болуусу көп кездешет. Анткени каттоодон өтпөстөн, митингдерди уюштурушат, анда укук коргоо күчтөрү менен кагылышуусу мүмкүн. Митингдин катышуучуларынын башы-көзү көгала болуп, камакка алынышат. Ата-энелери штраф төлөп, чыгымга учурайт. Экстремисттик, деструктивдүү коомдорго, уюмдарга кирген жаштардын айрымдары 17 (скинхеддер) орустарга карата жек көрүүнү пропагандаласа, айрымдар (шовинисттер) чыныгы эл менин элим деп, башка элдерди жек көрүп, кемсинтүү менен, улуттар арасында душмандык туудурушат. Улутчул уюмдар жек көргөн тарабына бүгүн кол салбашы мүмкүн, бирок уюмда дзюдо, каратэ, самбо ж.б. спорттун түрлөрүн мыкты өздөштүргөн жаштар болгондуктан, качандыр бир мезгилде кагылышып кетсе, эмне болот? Маанисиз мушташта жеңүүчүлөр болбойт, жеңилүүчүлөр эле болот, алар укук коргоо органдары тарабынан жазаланышат. Чеченстандагы, Афганстандагы согушта канча адамдар өлүп, канчасы майып болуп калышты?! Андан ким утушка ээ болду эле? Афган согушунун токтогонуна көп жыл өтсө да, азыркы күнгө чейин жаман түштөн ойгонуп, онтогон адамдар бар. Адамды өлтүрүү оңой бекен? Мылтык менен мээлеп атса өлөт, бирок бирөөнү өлтүргөн адамдын абийири тынчытабы? Бирөөнүн денесине зыян келтирген адам, өзүнүн рухуна зыян келтирет. Өзүн кечирбеген адамдын ичтен жеген азабы канча? Мындай адамдын кийинки жашоосу кантип бактылуу болсун?! Тажрыйбасыз улутчул жаштардын эмне кылганын өзү жакшы түшүнбөй, камакка алынган учурлар аз эмес. Афган согушу, чечен “күрөшү” – саясий жаңылыштыктын натыйжасы. Ош (1990, 2010) окуясында эч ким жеңишке ээ болгон эмес. Ал эми зыяны көп болгон. Өздөрүнүн алсыздыгын, пайдасыздыгын, жалкоолугун кооз “идея” менен жашырып, митингге чыгууну жакшы көргөн жаштар бар. 2010-жылы КРда 1000ден ашык митинг болгон. Алардын “идеясынын” бир күндүк баасы 500-1000 сом. Трагедиялуу тагдырлар (кырсык) алардын “саясий ишин” акыры ашкере кылат. Мындай “идеялардан” алыс болуп, тынч жашайлы. Формалдуу эмес уюмдарда жалпы кызыкчылыгы бар жаштар чогулушат. Мисалы, гитаранын үнүн өзгөртүп ойногон рок музыканттар, экстремалдык спортсмендер, металисттер (металл тагынган жаштар), брейкерлер (акробат бийи менен коштолгон ырды аткаруучулар), битломандар (“Битлз” ансамблинин күйөрмандары), панктар (оштонгон кийим кийген жаштар) ж.б. Булардын көпчүлүгү – бекерпоздор. Отузга чыга элегинде байкерлердин (техниканы сүйгөндөрдүн), экстремисттик “идеянын” курмандыгы болгон фактылар аз эмес. Бул топтордун көпчүлүгүнүн кумирлери – афроамерикалыктар. Жайында эс алууга барып, сууга чөгүп кеткен жаштар болууда. Карылар чарчабай, иштеп жатса, ишке жаңыдан колу тийген жаштардын чарчап калышына таң каласың. Азыр Ысык-Көлдө жайкы пансионаттарда карыларга караганда жаштар көп. Кырсыкка дуушар болгондордун арасында карылардан жаштар көп. Ойлонгула. Бышыктоо: Окуучуларды өрттөн коргоонууга үйрөтүү үчүн 10 минутта мектептен чыгып кетүү (тревога) сунушталган. 10 минутта 18 окуучулар чыгып кетпей, 30 минутта чыгышкан. “Эртең өрттөнгөндөр көмүлөт”, - деген мугалим. Экинчи жолку машыгууда 15 минутта чыгышкан. Мугалим жогорку “юморду” дагы кайталаган. Үчүнчү жолу 5 минутта чыгышкан [8]. Суу каптоо коркунучунан сактанууга карата окуучуларга машыгуу (тревога) сунушталган. “Чөккөндөр, эртең көмүлөт”-деген. Кийинки машыгууда окуучулар эки эсе тез кыймылдашкан. Жогорудагы “юмор” орундуубу? Эмне кылыш керек? Жолдо жүрүүнүн эрежесин окуучулардын баары билишет, бирок айрымдары аны аткарышпайт. Аны аткарбаган окуучуларга жогорудагыдай жагымсыз юмор айтылган, көбү ЖЖЭ (ПДД) аткарып калышкан. Жагымсыз юмордун көп айтылышы жакшыбы? Эмне үчүн балдар жашоого мындай мамиле кылып жатышат? Алардын жашоого мамилесин кантип өзгөртүү керек? (Окуучулардын жообун угат). Эми жыйынтыктайлы. Реалдуу турмушта коркунучтуу учурлар аз эмес. Өрт өчкөн соң, суунун кимге кереги бар, өз маалында чыгарылбаган чечим, көрсөтүлбөгөн жардам, айтылбаган акыйкаттык (насаат) эч нерсеге арзыбайт. Өз маалында аткарылбаган иш – кырсыктын себеби болот. Өз маалында чыгарылбаган чечим – заалымдык болуп эсептелет. Адам дайыма тыкан болуш керек, өзүнүн жана жакын адамдын өмүрүн сактап калууга, даяр болуш керек. Кырсык болуучу оюндардан, коопсуздугу эске алынбаган ылдамдыктан, бөөдө кырсыкка учуроочу эс алуудан алыс жашагыла. 5. Уул адеби менен урматтуу, кыз адеби менен кымбат Сабактын максаты: Өспүрүмдөргө адептик категориялардын маанисин түшүндүрүү менен эркек баланы жакшы бүлөкөр, кыз баланы жакшы бүлө болууга тарбиялоо. Даярдануу этабы: – жакшы уулдун, кыздын үлгүсүн чагылдырган адабияттардан үзүндүлөр; – окуучулардын дил баяны, рефераттары, ойлору; – тема боюнча элдик нускалар, макал-лакаптар, фольклор топтоо; Жаңы тема: Жакшы бүлөкөр (бүлө) болууга уул (кыз) жашынан даярданыш керек. Адептик категориялардын маанисин жакшы билүү зарыл. Бүгүнкү жакшы уул (кыз) эртең жакшы бүлөкөр (бүлө) болот. Жакшы бүлөкөр (бүлө) болуу үчүн жакшылык менен жамандыктын, пайдалуу менен зыяндуунун айырмасын, адептик нормаларды, үй-бүлөлүк тартипти билүү абзел. Жакшылык кылууга үйрөнгөн уул (кыз) кийин урматка татыктуу болот. 19 Жылуулук (энергия) жок жер суук болот, жигиттин (кыздын) жүрөгүндө жылуулук (мээрим, сезим), жакындарына жан тартуу жок болсо, үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө жакшылык кылууга жөндөмсүз, үй-бүлөгө пайдасыз болот. Жарыктык жок жерде караңгы болот, жигиттин (кыздын) жүрөгүндө ыйман (мээрим, ырайымдуулук, боорукердик ж.б.) жок болсо, үй-бүлөдө ынтымак, тынчтык жок болот. Ынтымак жок үй-бүлөдө ырыс жок. Кичине жарык нуру аз жердин караңгылыгын нурданта алат, чоң жарык нуру көп жерди нурданта алат. Ошондой эле үй-бүлөгө, тууган уруктарга, коомго, Ата Мекенге “жарык чачкан” ыймандуу жигит (кыз) болушу мүмкүн, т.а. айрым адамдар үй-бүлөнүн гүлдөп өсүшүнө камкордук көрөт (булар жакшы бүлөкөр, бүлөлөр), айрым адамдар ага кошумча тууган-уруктарынын, айрымдары коомдун, Ата Мекендин гүлдөп өсүшүнө салым кошкон инсан болушат. Ыймансыздар жарыктыкка, жылуулукка муктаж болгон жер сыяктуу, адамга жылуулугу мээрими тийбеген, башканын жылуулугуна муктаж адамдар болушат. Алардын колунан адамга жакшылык келбейт, үйбүлөгө пайдасы жок, андай адамдар мите курт сыяктуу бирөөлөргө жабышып алып “оокатын кылышат”. Жылуулук менен жарыктык болбогон жерде гана караңгылык, суук болот. Ыйманы (мээрим, сүйүү, ырайымдуулук ж.б.) болбогон адамдын башкага зыяны, жамандыгы тийип турат. Ыймансыз жүрөктүн ээси жакшы бүлөкөр (бүлө) боло албайт. Эгер уул (кыз) жүрөгүн ыйман (мээрим, сүйүү, ырайымдуулук ж.б.) нуру менен “нурдантпаса” ( тарбиялабаса) адамдын жүрөгү мерес болуп калыптанат. Жамандыкка баланы (кызды) үйрөтүүнүн кереги жок, жакшылыкка үйрөтүлбөгөн уул (кыз) мерес жүрөгүнө жакканын (оюна келгенин) кыла берет, бирөөлөргө качан, кандай жамандык кылып жатканын аңдабай (толук түшүнбөй) эле кыла берет. Жер жүзүндө адамзаттын тарткан азабы адамдардын ыймансыздыгы менен байланыштуу, ошондуктан жамандык менен жакшылыкка байланыштуу түшүнүктөр ойлондурбаган адам болбойт. Бизге адамдар жакшылык (жамандык) кылганда кандай абалда болобуз, жакшылык (жамандык) кылып жаткан адам сизге жагабы? Ойлонгула. Бизге башкалардын кандай мамиле кылышын кааласак, ошондой мамиле кылгыла. Сизге жакпаган нерсени башкаларга кылбагыла. Адептүүлүктүн алтын эрежеси ушундай. Үй-бүлөнүн, жамааттын биримдиги, ынтымагы бул – маданияттуулук, бөлүнүү, ажырашуу, чыр-чатак, талаш – азапка жол ачуу. Жамандык менен жакшылыктын натыйжасы жөнүндө мисалдарды адамзаттын тарыхынан да, табигаттан да кездештирүүгө болот. Келечек муундун таалим-тарбиясына көңүл бөлгөн коомдор (бул жакшылык) өлкөлөр өнүккөн. Кайдигерлери (ал жамандык) артта калган. Табигатта да жаныбарлар арасында жакшылык, жамандык кездешет. Карышкыр башка жаныбарга жакшылык кылбайт. Койду, эликти, коѐнду ж.б. жарып жейт. 20 Анын натыйжасы кандай? Карышкырча эч ким улубайт, дайыма жини келип турат. Өзү каардуу, бактысыз. Жашоосунун тынчы жок. Ал эми тыйын чычкандын эч кимге зыяны жок, алардын жамандык менен иши жок. Натыйжасы – ынтымактуу ойношот, жашоосу шайыр. “Бардык суроого негизинен эки жооп бар – оң жана терс. Кайсынысын тандайсың, ал өзүңдүн чечимиң” (Нарисса Оден). Бышыктоо. Кыргыздардын кызга кырк үйдөн тыюу салчу салты болгон, бул “кырк үйдүн” кызга жакшылыгыбы же жамандыгыбы? (Окуучулардын жообун угат). Жакшылыгы болгон. Кыздарды бейчеки көчөдө басуудан, адепсиз жүрүм-турумдан, жаман адаттан, жагымсыз сөз угуудан, жаман сүйлөөдөн, жаман нерсе (парнография, фильм ж.б.) көрүүдөн, бейтааныш адам менен жолугуудан ж.б. тыйган. Анткени “Көп баскан аяк бок басат” (бир балээнин ичинен чыгат, кырсыкка учурайт ж.б.), көз, кулак аркылуу мээге кирген жаман маалыматты тапанча менен чыгара албайсың. Жашоосун “бок басуу” (кырсык) менен баштаган кыздын тагдыры бактылуу болобу? Мээсинде жаман ой, маалымат бар, адепсиз жүрүм-туруму, жаман адаты бар кыз бирөөнүн жакшы бүлөсү болобу? Көргөнү, укканы жаман болсо, кыздын өскөнү (сөзү, ою, ниети) жакшы болобу? Көрүнгөн менен сүйлөшкөн, оюна келгенин сүйлөгөн кыз рухий тазалыкты, аруулукту, пакизалыкты сактай алабы? Ойлонуп көргүлө. Кайсы доордо болбосун кыз (аялзаты) адам баласы үчүн эң оболу турмуштун туткасы, жашоого көрк берген жароокер жар, мээрман эне, мээнеткеч тарбиячы жана үй-бүлөнүн куту болуп келген. Кызга кырк үйдөн тыюу – аны үй-бүлөнүн куту болууга, чоң турмушка даярдоо үчүн айтылган. Жакшы уулдун, кыздын үлгүсүн чагылдырган адабияттардан үзүндүлөр, окуучулардын дил баяны, рефераттары окулат, ойлору угулат. Тема боюнча элдик нускалар, фольклор окушат, талкуу жүргүзүлөт. Эми жыйынтыктайлы. Жакшы бүлөкөр (бүлө) болбой, үй-бүлө бактылуу болбойт. Үй-бүлөлөр бактылуу, соо болбосо, коом, мамлекет соо болбойт. Уулдун (кыздын) орчундуу милдети – жакшы бүлөкөр (бүлө) болуу. Биринчи байлык –ден-соолук, экинчи байлык ак жоолук, б.а. ден-соолуктан кийинки эле маанилүү милдет – жакшы бүлөкөр (бүлө) болуу. Жакшы бүлөкөр (бүлө) болгула, бактылуу жашагыла, коом, өлкө соо, эл бактылуу болсун.