Беларусия
Беларусия (Беларусь), Беларусь Республикасы (Рэспублика Беларусь) Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва жана Латвия, чыгышынан Россия, түштүгүнөн Украина, батышынан Польша м-н чектешет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,8 млн. (2004). Мамлекеттик тили беларусь жана орус тилдери. Борбору Минск шаары (облус статусуна ээ). Админстрациялык аймагы жактан 6 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги Беларусь рубли. Беларусь БУУнун, ЮНЕСКО-нун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүшгүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын , Эларалык валюта фондунун мүчөсү .
Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократиялык партиясы, Беларусь элдик фронт партиясы, Беларусь коммунистер партиясы ж. б.
Мамлекеттик түзүлүшү
Беларусь унитардык мамлекет. Конституциясы 15.3.1994-ж. кабыл алынган. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004):
Облустары
Аянты миң км2
Брест
32,3
Калкы, млн
Витебск
1,5
40,1
Адм. борбору
Гомель
Брест
40,4
Гродно
1,3
1,5
25,0
Витебск
Минск
Гомель
38,3
Могилёв
1,1
1,5
29,0
Минск
Гродно
Минск
2,5
1,2
Могилёв
1,7
Минск
Табияты
Беларусия.
Жеринин бетин орто бийиктиктеги (150-200 м) жана ойдуңдуу (100-150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түндүк-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын системасы (Свенцян, Браслав жана Освей) ээлейт.
Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Беларусь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жалчадан түштүк-чыгышка карай мөңгүнүн таасиринен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борб. Березина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесъеси жайгашкан. Беларусь аймагы байыркы Чыгыш-Европа платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кенбайлыктары калий жана таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речицкое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чымкөң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөңкөмүр, сапропел жана минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында -4,5°Сден, түндүк-чыгышында -8, 4°Сге чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштүгүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түн-чыгышында) 750 ммге чейин (борб. бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куймалары Березина, Припять, Сож менен), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көлдөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Беларусияда 150дөн ашык суусактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын У2 бөлүгү а. ч. жерлери ээлейт. Жеринин 35% токой. Беларусия токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көк карагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Беларусия аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен Березина биосфералык корук, Полесия радиационно-экологиялык корук, Браславия көлү жана Беловежа чер токоюнун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир бөл үгү бар. Беларусиянын аймагынын У4 бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат
Калкы
Калкынын 81,2% беларустар, 11,4% орустар, ошондой эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православиелер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 62,7; аялдарыныкы 74,7 жаш. Шаар калкы 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Гродно, Брест, Бобруйск, Борисов.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4