СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Буулануу жана Конвенция

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Буулануу жана Конвенция»

Билим Берүү Министирлиги И.Арабаев атындагы

Кыргыз Мамлекеттик Университети

Жаңы Маалыматтык Технологиялар Институту



Күндөлүк иш план















Тема: Буулануу жана конденсация.

Мугалим: Нурсейит уулу Талгат













Бишкек 2015-ж





Сабактын темасы: Буулануу жана конденсация.

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк

а) Окуучуларга Буулануу жөнүндө кеӊири маалымат берүү жана жеткиликтүү түшүнүк берүү.Так,ыкчам ой жүгүртүүгө көндүрүү,чынчылдыкка тарбиялоо.



б)Буулануу жөнүндө турмуштан мисал келтирүү.



в) Окуучуларды тереӊ ой жүгүртүүгѳ тарбиялоо.



Сабактын тиби: Жаны материалды түшүндүрүү.

Сабактын ыкмасы: Стандарттык.

Сабактын формасы: Кѳрсѳтмѳлүү.

Сабактын жабдылышы:Табышмак берүү. Бууланууга келтирилген мисалдар.Батманга тартылган сүрѳттѳр,маркер.Физикалык тест.Кроссворд.



Сабактын жүрүшү: Жагымдуу жагдай- 2мин

Кайталоо- 7-8мин

Жаңы теманы түшүндүрүү- 20-25мин

Бышыктоо- 5мин

Окуучулардын билимин баалоо- 2-3мин

Үйгө тапшырма- 1мин



Сабакты уюштуруу: окуучулар менен саламдашуу, психологиялык жагдай түзүү, окуучулар менен таанышып аларды сабакта бар экендигин жоктоп алуу,сабакка болгон кызыгууларын билүү.

Суюктуктун ачык бетинен дайыма аздыр-көптүр молекулалар учуп чыгып турушат.Суюктуктун молекулалары тынымсыз баш аламан кыймылда болуп,өз ара кагылышып турушат.Мындай кагылышуулардан айрым молекулалар өтө чоӊ кинетикалык энергияга ээ болот.Ал молекулалар айланасында курчап турганмолекулалардын өз ара тартышуу күчтөрүн жеӊип,суюктуктун бетинен сыртка чыгып кетүүгө жөндөмдүү болушат.Суюктук ысытылганда кыймыл күчөп кагылышуулардын саны арбып,чоӊ энергияга ээ болгон мезгилинде жааган жаандан пайда болгон жер бетиндеги көлчүктөрдүн тез бууланышы,кирлердин бат кургашы ж.у.с. мына ушуну менен түшүндүрүлөт.

Бууланууда энергиясы чоӊ молекулалар учуп кеткендиктен,суюктуктун ички энергиясы азаят.Аны менен бирге суюктуктун температурасы төмөндөйт.Буулануу дайыма муздоо менен коштолот.Ысык сууну тайпак идишке куюу менен,же анын бетин атайын желдетүү менен бууланууну тездетебиз.Буулануунун тездеши суюктуктун температурасынын тезирээк төмөндөшүнө алып келет.

Бууга айланган суюктуктун молекулалары баш-аламан кыймыл жасоо менен кайра суюктуктун бетине келип,суюктукка өтүшү мүмкүн.Буунун кайра суюктукка өтүшү конденсация деп аталат.

Ошентип,буулануу процесси менен бирге,ага карама-каршы конденсация процесси жүрөт.Атмосферадагы суу буусунан конденсацияланышы жаан-чачындардын пайда болушуна алып келет.



.



Чайнек качан нурду көбүрөөк нурдантат: ичинде комнаттык температурадагы суу болгондобу же кайнак суу болгондобу?

а) температурасы жогору болгон нерсе көбүрөөк нурданткандыктан, ичинде кайнак суу болгон чайнек

б) чайнекте комнаттык температурадагы суу болгондо

в) нурдантуу суунун массасынан көз каранды

г) нурдантуу чайнектин өлчөмүнөн көз каранды

д) нурдануу температурадан көз каранды

Чыгаруу:

Жылуулук нурдануусунун интенсивдүүлүгү нурданып жаткан нерсенин температурасына жараша болоору белгилүү. Албетте чоң өлчөмдөгү нерсе (бирдей температурада) көбүрөөк нур чыгараары да талашсыз. Берилген маселеде бир эле чайнектин муздак жана ысык суу куюлган учурлардагы нурданууларын салыштыруу талап кылынат. Кайнак суу куюлган чайнектин температурасы жогору, ошондуктан анын нурдануусу да күчтүү болот. Жообу:



Тест.

(Тестти текшерүүдө өз ара текшерүүнү уюштурса болот.Окуучулар дептерге жообун гана жазышат.)

Туура жооптор:

1-а

2-б

3-в





Баалоо критерийи:

6 суроого теӊ туура жооп берсе –“5”

4 суроого туура жооп берсе-“4”

2 суроого туура жооп берсе-“3”.

Физикалык тест.

1.Айнекти кайсы суюктук нымдайт?

а)сымап б)май в)суу

2.Суюктуктун молекулаларынын суюктукту таштап кетүүсү эмне деп аталат?

а)нымдоо б)эрүү в)кайноо

3.Буунун суюктукка өтүшү эмне деп аталат?

а)буулануу б)конденсация в)кайноо

4.Катуу нерсенин суюктукка өтүшү эмне деп аталат?

а)кайноо б)конденсация в)эрүү

5.Суюктуктун бүт ичи боюнча жүрүүчү буулануу...

а)кайноо б)эрүү в)нымдоо

6.Океан деӊиз жээктеринде нымдуулук кандай?

а)көп б)нормалдуу. в)аз



Кичи топтордо иштөө.Баш катырма 3-мин

1-группа. Муз ээрип сууга айланат,

Суу тоӊуп музга айланат.

Суу кайнап бууга айланат,

Буу муздап сууга айланат.

2-группа.

Суу кайнаганда бууга айланат,

Муз ээригенде сууга айланат.

Суу тоӊгондо музга айланат,

Буу муздаганда сууга айланат.







Кроссворд.

1. Суу кайнаганда эмне болот?

2.Заттын агрегаттык абалы?

3. Айсберг бул…

4.Физикалык чоңдук?

5.Суунун ичинде жүрүүчү процесс?

6.Шүүдүрүм жер бетин эмне кылат?

7.Суюктук муздагандагы абалы?

8.Жердеги эң көп кездешүүчү суюктук?

9.Теманын аты…



























Окуучулардын билимдери бааланып(тесттин баалары эске алынат),үйгө тапшырма берилет.

Үйгө тапшырма:

62-беттеги маселелерди чыгарып келүү.



§29 кайталап окуп келүү.















Физикалык тест.

1.Айнекти кайсы суюктук нымдайт?

а)сымап б)май в)суу



2.Суюктуктун молекулаларынын суюктукту таштап кетүүсү эмне деп аталат?

а)нымдоо б)эрүү в)кайноо



3.Буунун суюктукка өтүшү эмне деп аталат?

а)буулануу б)кайноо в)конденсация



4.Катуу нерсенин суюктукка өтүшү эмне деп аталат?

а)кайноо б)конденсация в)эрүү



5.Суюктуктун бүт ичи боюнча жүрүүчү буулануу...

а)кайноо б)эрүү в)нымдоо



6.Океан деӊиз жээктеринде нымдуулук кандай?

а)көп б)аз в)нормалдуу.















Кичи топтордо иштөө.

Баш катырма 3-мин



1-группа.

Муз ээрип ...га айланат,

Суу тоӊуп ...га айланат.

Суу кайнап ...га айланат,

Буу муздап ...га айланат.

























Кичи топтордо иштөө.

Баш катырма 3-мин





2-группа.

Суу кайнаганда ...га айланат,

Муз ээригенде ...га айланат.

Суу тоӊгондо ...га айланат,

Буу муздаганда ...га айланат






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!