Казакстан
Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет. Кыргызстандын курамына 1991 жылдан баштап кирген Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.
Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.
Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.
Эң ири шаарлары
Калкынын саны 2014-жылдын 1-июлуна карата берилген.
Бул датага карата Казакстанда 100 миң адамдан ашык 22 шаар катталган, бул шаарларда өлкөнүн 43% жашайт.
Орун
1
Шаардын аталышы
Облус
2
Калкынын саны
-
3
1 522 596
Орун
4
-
858 100
12
Шаардын аталышы
5
835 153
13
Облус
6
Калкынын саны
14
7
486 945
382 922
216 313
15
8
16
208 202
9
354 662
199 600
331 404
17
10
18
314 515
11
181 674
176 349
312 791
19
20
229 329
156 986
223 812
140 685
21
137 008
22
131 626
114 285
108 961
Мамлекеттик түзүлүшү
Казакстан унитардык мамлекет. Казакстандын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: Улуттук-демократиялыкпартия «Нур Отан», Коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык партиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик партиясы.
Табияты
Калкы
Калкынын басымдуу бөлүгүн (67,98%) казактар түзөт (2019-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (67,98%), өзбек (3,21), украин (1,47) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын уйгур (1,47), татар (1,10%), беларус, корей, азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт.
Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүкжана чыгыш облусунда жыш, батыш жана түштүк-батыш облусунда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер. Шаар калкы 43, 1% (2014). Ири шаарлары: Алма-Ата (калкы 1 522 596 миң), Нурсултан (Астана, 835,153 миң)), Чымкент (858,1 миң), Караганды (486,9 миң), Тараз (354, 6 миң), Павлодар (331, 4 миң), Усть-Каменогорск (314, 5 миң), Семипалатинск (Семей; 312, 7 миң), Ак-Төбө (382, 9 миң), Костанай (223, 8), Уральск (229, 3 миң).
Транспорт жолдору [Темир жолунун жалпы узундугу 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги темир жолдору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түштүк Сибирь (Карталы – Астана м Кулунду – Барнаул), Түштүк Казакстан (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү жана Түркия менен (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан темир жол магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун узундугу 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км 2 жерге 33 км жол туура келет. Труба транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык трубалардын жалпы узундугу 23,1 миң км (2006); анын ичинде газ трубалары 11,0 миң км, нефть трубалары 10,3 миң км, продукт трубалары 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу трубалар 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан), Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. Казакстанда жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө шаарында жайгашкан. Байкоңур шаарына жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт