Просмотр содержимого документа
«Тема: Щелочтуу металлдар натрий, калий»
Сабактын темасы ; Щелочтуу металлдар .Натрий, калий мезгилдик системадагы орду , касиети колдонулушу.
Сабактын максаты:Щелочтуу металлдар жонундогу билимдерин кенейтуу, терендетуу 1- группанын негизги подгуппасынын элеметтеринин колдонулушу жана химиялык касиети боюнча реакциянын тендемелерин жазуу .
Балдар силер 8- класста щелочтуу кайсы элементтер кирерин жана ал эмне учун щелочтуу металл деп аталарын билгенсинер.
Эми балдар натрий жана калий мезгилдик системада 1- группанын негизги подгуппасынан орун алган элементтер болуп эсептелет.
Атомунун тузулушу эн сырткы электрондук катмармачасында бир электрону болгондуктан +1 кычкылдануу даражасын корсоторун жана жогортон томон карай электрондук катмарынын осушу менен радиусу узарып, электр терстуулугу томондоп , металлдык касиети кучоп ,калыбына келтиргич касиети жогорулашын салыштырып королу.
Натрий жана калий металлдарынын суу менен арактенушуу тажрыйбасынан королу.
Видео
2Na0 +2 H2+1 O = 2 Na +1OH + H20
Na0 - e = Na+1 кычкылданды к.к
H2+1 + e = H20 калыбына келди кычкыл-ч
2K +2H2O = 2KOH +H2 бул деле жогоркудай
Бул жерде реакциянын жыйынтыгында калий, натрий металлдары суутекти калыбына келтиргенин коруп турасынар андан сырткары натрийге карага.нда калиий реакцияга активдуу киргендиктен болунуп чыккан суутектин куйушу менен коштолду .
Натрийдин атомунда 3 электрондук катмарча, ал эми калийдин атомунда 4 элекрондук катмарча болгондуктан атомунун радиусу узун электронду оной берип реакцияга активдуу катышканын коро алдык .
Азыр озунор коргондой щелочтуу металлдар , кумуштой жалтырак, женил , жумшак, оной кесилет, сууда жакшы ээрийт жана абада ото тез кычкылданат ошондуктан керосиндин алдында сактайт.
Химиялык жактан ото кучтуу калыбына келтиргич болуп саналат.Мисалы ;
2Na + 2HCI= 2NaCI +H2
4K + O2 = 2K2O
Суюлтулган азот кислотасы менен аракетнишет.
Калий . натрий туздарын башка туздардан жалындын тусу аруылуу ажыратууга болот. Натрий туздары жалынды сары туско ,калий туздары сия туско боёт
Колдонулушу ;
Na2 O2 натрийдин ото кычкылы космосто, суу астында кемлерде абаны CO2 нан арылтып
O2 менен толутап турат
2Na2O2 + 2CO2 = 2Na2CO3 + O2
NaCI – аш тузу жашылчаларды консервациялоодо,аш содасын алууда колдонулат.
Kтынчсызданлыруучу каражат катарында колдонулат.
NaHCO3 –натрийдин гидрокорбанаты аш содасы турмушта кенири колдонулат.
Na2B4O7- бура же натрийдин тетрабораты медицинада антисептик катарында чайкап ,чачып колдонушат.
K2CO3 -калий карбонаты же осумдук кулу жер семирткич катарында.
KMhO4 – калийдин переманганаты
K2Cr2O7 – калий дихроматы кучтуу кычкылдандыргыч органикалык , органикалык эмес синтезде кенири колдонулат.
Эми балдар уйдон №30 параграф 136- беттеги
1-4 чейинки конугуу
Азыр отулгон теманы бышыктоо учун 5 минуталык онлойын тест иштейбиз жоопторун дароо жонотобуз.