Тема:
Эгемендүү Кыргызстандын
руханий турмушу
Сабактын максаты:
- Эгемендүү Кыргызстандын билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү белгилейсиңер;
- Базар мамилелеринин илим менен маданияттын өнүгүшүнө тийгизген таасирин талдайсыңар;
- Эгемендүү Кыргызстандын маданий турмушундагы жаңылыктар менен таанышасыңар;
1996-жыл “Билим жылы”
- 1996-ж. 19-мартта Президенттин указы менен “Билим” улуттук программасы бекитилген.
- Анда билим берүүнү демократиялаш-тырууга, гумандаштырууга, мектеп базасын чыңдоого көңүл бурулган.
“ XXI кылымдын кадрлары” (1995 ) Жогорку окуу жайларынын саны 40тан, атайын окуу жайларынын саны 50дөн ашкан.
1993-ж. Кыргыз Мамлекеттик университети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети болуп өзгөрдү.
1996-ж. Кыргыз айыл чарба институтунун базасында Кыргыз агрардык академиясы (2001-ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз
Улуттук Университети)
уюштурулган.
- 1992-ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы (УАК) түзүлгөн. Бул органга окумуштуулук даражасы (илимдин доктору, кандидаты) жана окумуштуулук наамдар (доцент, профессор) берүү иштери тапшырылган.
- Кыргызстандагы илимдин борбору Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы жогорку окуу жайларында адистерди даярдоодо, чет өлкөлүк окумуштуулар менен байланышты күчөтүү боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.
1999-ж. кыргыз илиминин тарыхында алгачкы жолу Кыргызстандын окумуштууларынын Биринчи съезди болуп өттү. Съезд – жаңы информациялык технологияларды иштеп чыгуу, энергетика жана суу ресурстарын, пайдалуу кен байлыктарын изилдеп табуу, биохимиялык технологияларды түзүү, органикалык жана органикалык эмес ресурстарды, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө кеңири пайдалануу ж.б. милдеттер аныкталды.
1995-ж. 26-июнда “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы
- Бул боюнча БУУ Генералдык Ассамблеясы атайын резолюция кабыл алды.
- 1995-ж. августта Бишкек шаарында “Манас” эпосуну жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастары” деген темада эл аралык симпозиум болуп өттү.
- Талас жеринде “Манас-Ордо”, Бишкек шаарына жакын Чоң-Арык айлында “Манас Айылы” тарыхый этнографиялык комплекс ачылды.
Н.А.Аристов
В.В.Бартольд
Н.Я.Бичурин
А.Н.Бернштам
С.М.Абрамзон
Документүү материал
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылын өткөрүү жөнүндөгү”
Указынан 2002-ж. 1-август.
1... коомчлугубуздун ата-мекендик тарыхтын актуалдуу маселелерине зор кызыгуусун эске алуу менен 2003-жыл кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылы деп жарыялансын...
4.Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги кыргыз мамлекетүүлүгүнүн торолушунун жана өнүгүшүнүн тарыхын окуу программаларына жана окуу куралдарында кароо менен жогорку окуу жайларда, мектептерде жана башка окуу жайларында Кыргызстандын тарыхын кыйла тереңдетип окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Улуттук илимдер академиясына улуттук университтер менен кызматташып Кыргыз Мамлекетүүлүгүнүн торолушун жана өнүгүшүнүн тарыхын изилдөө боюнча ишти активдештирүү сунуш кылынсын. Россиянын, Кытайдын, Орто-Азиянын боордош өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин илимпоздордун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кеңири тартуу менен кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгы боюнча илимий форумдар, конференңиялар, “тегерек столдор” белгилесин жана өткөрсүн.
Документүү материал
Бирикккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясынын Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылы боюнча кабыл алган резолюциясынан.
“ ... Генералдык Ассамблея кыргыз маданиятынын байлыгын, анын улуттук регионалдык жана эл аралык маанисин белгилөө менен:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылы Кыргыз Мамлекетүүлүгүнүн жылын жарыялоого жана аны белгилөөгө жумшаган аракетин колдойт;
2.Бириккен Улуттар Уюму мүчө-мамлекеттерине, адистешкен жана өкмөт аралык уюмдарга, ошондой эле региондук, өкмөттүк эмес уюмдарга жана фондуларга 2003-жылдагы Кыргыз Республикасы уюштурган салтанаттарга катышууну сунуш кылат”.
7 музей Эл аралык музейлер кеңешине
мүчө болгон
1990-2000-жж. Кыргызстандын руханий турмушунда жетишкендиктер жана кемчиликтер:
- Калктын руханий талаптарын канаатандыруучу маданий агартуу мекемелери – театрлар, маданият мекемелери, массалык маалымат каражаттары чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду;
- Райондордогу, айыл-кыштактардагы маданият мекемелери экономикалык кыйынчылыкка туруштук бере албай кыйроого учурады;
- Китеп чыгаруу иши кескин түрдө кыскарды, китеп сатуучу дүкөндөр жабылды;
- Өткөөл мезгилде калктын руханий турмушу жардыланып, эл арасында жат көрүнүштөр күч алды;
“ Билим” улуттук программасында ... көңүл бурулган.
1. Билим берүүнү демократиялаштырууга, гумандаштырууга, мектеп базасын чыңдоого
2. Билим берүүнү жаңылоо, менчиктештирүү,
жогорку окуу жайлардын санын азайтуу
1996-жылы ... программасы кабыл алынган.
1. “Билим берүү”
2 . “Билим” улуттук программасы
4. “XXI кылымдын кадрлары”
3. “Манас таануу”
1990-2000-жж. Кыргызстандын руханий турмушундагы кемчиликтерди белгилегиле:
А. Калктын руханий талаптарын канаатандыруучу маданий агартуу мекемелери чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду
Б. Райондордогу, айыл-кыштактардагы маданият мекемелери кыйроого учурады
В. Китеп чыгаруу иши кескин түрдө кыскарды, китеп сатуучу дүкөндөр жабылды
Г. Өткөөл мезгилде калктын руханий турмушу жардыланып, эл арасында жат көрүнүштөр күч алды
а. абв
б. бвг
в. авг
г. абг
2002-жылы 20- декбарда ... кабыл алынган.
1.Бирикккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылы боюнча резолюция
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылын өткөрүү” жөнүндөгү Указына ылайык “2003-жыл Кыргыз Мамлекетүүлүгүнүн жылы” деген чечим
1996-жыл ...деп жарыяланган.
1. “Манас” эпосунун 1000 жылды”
2 . “Кыргыз Мамлекетүүлүгүнүн жылы
3. “Билим жылы”
4. “Эл аралык тоо жылы”
1995-ж. августта Бишкек шаарында кандай окуя болгон?
1.“Кыргыздар, байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азиядагы этногенетикалык жана этномаданий процесстер” деген темада эл аралык илимий конференция
2. “Манас” эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастары” деген темада эл аралык симпозиум
Үйгө тапшырма:
§30 Окуп келүү
Окуу китебиндеги 259- беттеги
суроолорго жооп бергиле