Таймаштын программасы:
1.Саламдашуу
2.Командалар өз аттары менен тааныштырып,атын коргошот.
3.Декламация жана учкул сөздөр.
4.Акыйнек айтышуу,
5.фигураларды чийүү (3минута сапатуу чийуу)
6.Макал-лакаптар. Жаңылмачтар.
7.Жеке номер (тамашалуу ыр)
8.Ребустарды чечүү (5мин )
9.Табышмактар.
10.Математикалык терминдер.(филфорд оюну) 3мин
11.Бий
12.Хор
13.Жыйынтыктоо.
Математикалык таймаштарды,кечелерди даярдоо,математикалык дубал газеталарды чыгаруу окуучулардын билим деңгээлин жана аң сезимин арттырат.
Алып баруучу:
Кана балдар карагыла,
Биз бийикке учайлык.
Математика илиминин,
Ааламында чардайлык.
Баарыбыз ат салышып,
Эчким калыс калбасын.
Ким ойчул,Ким билсин,
Билимдида баалайлык.
Анда эмесе команданын башчыларын чакырып чүчү кулак алышсын.
Чүчу кулактын шарты боюнча 1- номерге кезекти берели.
1.Саламдашуу (эки команда тең)
Математика командасы:
1-окуучу
1.Салт боюнча салам айтам жалпыга.Улуу,кичүү жана дагы атаандашка
Тынбай окуп,жан дүйнөнү өзгөртүп,чын дилимден кызмат өтөйм калкыма.
2.Билимдүү,мыкты баламын.Кабыл алыңыздар айткан саламым. “Жарк”этип жанып жарыктай.Билимдин кенин казамын. 2-окуучу
3.Математиканы тынбай окуп келебиз.Мисалдарды оңой чечип беребиз.
Суроо-жоопто билимдерди сынашып.Бул конкурста атаандашты жеңебиз.
4.Класстан тышкары иштерди,Калтырбай өтүүгө сиздерди.
Үгүттөп азыр турамын,математика илимин ыр десте кылып сунамын
Ой берметин улаймын,турмуш чындыгын чубаймын.
Командалар чогулушуп,суроо-жооп салабыз.
Ким жеңсе бул конкурста,дос боюнча калабыз.
Арифметика командасы:
1-окуучу 2-окуучу
Айлана теребел салтанат Кана балдар КВНди ачалы.
Мына эми кечебиз башталат. Бул ким десе “Арифметика”деп.
Илимге жаңыдан кол сунган. Эч тартынбай айталы,алик алып матем-н
Бактылуу жаштарбыз жаш канат. Саламды биз берели.
Жалпы отурган жюрийлерге.
Салам айтпай кетпейли.
3-окуучу
Мелдеш,мелдеш,мелдеш дейт. Кел математика атаандаш.
Мелдешуугө келдик дейт. Билимдерди сынашалы.
Күч сынашып баарыбыз. Арифметика менен бирдикте.
Жеңиштерге жетсек дейт. Баарына ачык маанай каалайбыз.
Алып баруучу: Капитан командалар чыгып командасын аталышын жана төшүндөгү эмблеманын сүрөтттөлүшүн чечмелеп беришет
2. Командалар өз аттары менен тааныштырып атын коргошот.
3.Декламация Математика командасы:
1-окуучу 2-окуучу
Корабилди башкарып Неге көктө самолет
Көк деңизди как жарып Тоого тийип жарылбайт
Самолетту башкарып Неге сууда корабль
Көк асманды как жарып Кумга батып сайылбайт
3-окуучу 4-окуучу
Ал анткени капитан Доктор учкуч же моряк
Билет кайда бараарын Ким болууда талабың
Жакшы окуган жашында Ким болсоң да билип кой
Математика сабагын. Эсиңе бек түйүп кой
5-окуучу 6-окуучу
Туризм бизге ыңгайлуу Шайыр,тапкыч бизде бар
Карагай,арча,гул жайлуу Мейман достук канда бар
Ыйман,тартип бизде бар Алга сүрөп коштосун
Достуктун ырын ырдаган Кол чаап достор,туугандар
7-окуучу
Кайсы илим адамдарга,эсептөөгө чен берген.
Кайсы илим космоско,жол салууга дем берген.
Кана достор талыкпастан,билим кенин казалы.
Биздин доор жаңы доор,алга карай шашалы.
8-окуучу
Шаңга оролуп бүт теребел,чар тарап.
Мектебимде бүгүн майрам,салтанат.
Анда эмесе,шайыр,тапкыч балдардын
Алдыдагы кечеси да башталат.
9-окуучу
Эсеп керек бул жашоодо дайыма
Мейли жашка,мейли эңкейген карыга.
Самолет кур,корабиль кур баары бир.
Курулушка жана башка баарына.
Баары,баары эсеп менен жаралат.
Эсеби жок иши жүрбөйт такалат.
Ошондуктан математика илими
Илимдердин падышасы аталат.
2.Декламация Арифметика командасы:
1-окуучу
Көтөрүлүп билимдердин байрагы. Бүт илимдин падышасы аталган. Көрчү мына баарынын жүзү жайдары. Бүгүн бизге математика майрамы.
2-окуучу
Математика турмуш менен бир канадаш.
Үйрөнгөнүң жашоо менен тең таймаш.
Акыл-эсти жай-жайына таптаган.
Эсеп чыгар,аны менен бел байлаш.
3-окуучу
Математика жардам берет.
Дыйкандын түшүмү мол болгонго.
Малчылар эсепке сак болгонго.
Айдоочу,милиция жана дагы.
Соодагер калп айтпастан сак болгонго
4-окуучу 5-окуучу
Математика үйрөтөт. Бардык жерде математика.
Жашоого так болушту. Көз чаптырып карасаң
Өмүрдө сак болушту. Тегеректе толгон токой.
Достукка бек болушту. Мисалдар көп карасаң
6-окуучу 7-окуучу
Турар менен таң эрте. Чоң нерсени курууда.
Чечүү керек маселе. Эң оболу эң мурда.
Кандай бассам тез же бат. Так эсептеп баарысын.
Кечикпеймин мектепке. Чийүү керек мындайда.
8-окуучу 9-окуучу
Антпесең курган үйүңдө. Эх балдар айтсам силерге.
Дубал,эшик кыйшаят. Мисалдар көп тим эле.
Курап түшөт шыбыда. Баарысын атын атоого.
Мындайды ким жактырат. Чама жоктур эч кимде.
10-окуучу
Себептен ошол байкагын.
Түшүнүп сырын тактагын.
Математиканы бешке оку.
Керектигин айтамын.
Математика командасы: Учкул сөздөр-1“Математиканы үйрөнүү керек,анткени ал акылды тартипке келтирет.”(М.Ломоносов.)
2 “Качан математикадан пайдалана алганда гана илим өзүнүн баралына жете алат.” (К.Маркс.)
Арифметика командасы: Учкул сөздөр-1.”Математика илимдердин,ал эми арифметика- математиканын ханышасы.” (К.Гаусс.)
2.”Математика- бул бардык так илимдер сүйлөчү тил.” (Н.Лобачевский.)
4.Акыйнек айтышуу.
1-окуучу
6-а класстан сагынтып айтам саламды.
Салтты улап улуунун саламдашып алалы.
Кана эмесе курбулар кызыктуу оюн салалы.
Акыйнек айтып баштайлы.
2-окуучу.
6-б класстан жалындуу салам айтамын.
Арыбаңыздар деп саламдашып алалы.
Кана эмесе атаандаштар.
Кызыктуу оюн салалы.
3-окуучу 4-окуучу
Акыйнек ырын ырдашчу. Акыйнек ырын ырдайлы.
Абалтан кыргыз салты экен. Аталар салтын сыйлайлы.
Акыйнек ырын улантуу. Болсо эгер кемчилик.
Атабыз кыргыз наркы экен. Акырын чымчышып туруп сындайлы.
5-окуучу 6-окуучу.
Ар бир класс өзгөчө. Өпкөңдү бир аз басып ал.
Жакшы жагы бар болот. Менин айткан сөзүмдү кулагыңа илип ал.
Биздин класста окусаң. Ар бир кыздын өзүнчө жакшы жагы бар бо-т.
Бардык бааң “5” болот. Жаман жагын караштырсаң кайгы менен кош-т.
Мени менен дос болсоң окууларың беш болот.
7-окуучу 8-окуучу
Шөкүлө кийип нурданып. Ак-Өргөдө турабыз.
Аккуу болуп кууланып. Сөз берметин курабыз.
Ушу турган кыздарды. Областка чейин биз барып.
Акыйнек айтып туздайлы Олимпиадага катышып биз кайтканбыз.
9-окуучу 10-окуучу
Такылдайсын тим эле. Тик бурчтукту ким билбейт.
Тик бурчтукту билбейсин. Айт десе анда айтайын.
Кана айтчы анда сен. Бардык бурчу тик болгон.
Тик бурчтук деген ал эмне. 90 градустан ашык кем болбогон.
Эки диоганалы барабар фигураны айтабыз.
11-окуучу 12-окуучу
Тоголок,тоголок. Чыгырык,чыгырык.
Тоголонуп жоголот. Жүрөсүн дайым ыйынып.
Топтой болуп жүрсөң сен. Тоголоно албай бизге окшоп.
Ишиң качан оңолот. Жатасын жерде жыгылып.
13-окуучу 14-окуучу
Бакылдаган кыздарды Менменсиген кыздарды.
Суу кечкенде көрөбүз. Көрүп эле жүрөбүз.
Шакылдаган сендейди. Чеченсинген кыздарды.
Маселе чечкенде көрөбүз. Теңдемени чече албай,ыйлаганда көрөбүз.
15-окуучу
Бели оорубаган кыздарды бекерчи деп билебиз.
Колу жоорубаган сендейди кошоматчы деп билебиз.
Көп мисалды биле албайт төрткө төртту кошо албайт.
Эки алгандан уялбайт,ай ии бетим ий бетим.
16-окуучу 17-окуучу
Жакшы кылсаң өзүңө. Азгырганды билбеген.
Жаман кылсаң өзүңө. Айгыр болот турбайбы.
Өйдө карап түкүрсөң. Мөөрөгөндү билбеген.
Кайтып түшөөр өзүңө. Бука болот турбайбы.
Маселени түзө албасаң Таблицаны билбеген.
Саман салам көзүңө Ушу кыздар болот турбайбы ии бетим ий бетим ий
18-окуучу.
Этегимби,жеңимби.
Ушу кыз менин теңимби.
Таблицаны жатка айтам.
Каалаган жерден сурагын.
Алып баруучу:-Эки командадан бирден окуучу чыгып,СТЕМ программасын негизинде өздөрүнун фантазиясы менен фигураларды турмушта колдонулушун тартып көрсөтушөт.
5.Геометриялык фигуралардын жардамы менен балдардын фантазиясын турмушта колдонуу. ( 3 мин чийүү)
6.Макал-лакаптар,жаңылмачтар.
Алып баруучу:-Эки командадан бирден окуучу чыгып макал,жаңылмач айтышышат.
1. Алты жашар бала атка минсе, 2 Бир күнү уруш болгон үйдөн,
Алтымыштагы чал алдынан чыгаар. Кырк күн береке кетет. Ж.б.
Жаңылмачтар:
Бир түп тыт Жогор жактан сел келет
Бир түп түрп. Сегиз серке тең келет.
Тыт түрптүн түртөт Куйругун кумга малып келет
Түрп тытты түртөт. Сакалын сууга салып келет.
7.Жеке номер.Пародия
Алып баруучу: Жыл күнүмдү санаткан
Таап ажайып жаңылык
Жоктон барды жараткан
Эсеп эмей ал эмне?
Билбегенди билгизген
Өлчөп кийим кийгизген
Бардык ишти аткарып
Пайдасын элге тийгизген – демекчи азыр кезегибизди ребустарды чечмелөөгө кезекти берсек. (5мин)
8.Ребустар командалар чогуу табышат.
Алып баруучу: Математика падышасы илимдердин
Баштан кечкен далай далай агымдарын
Сан купуя сыры менен өрнөктөлгөн.
Бүгүнкү кече тартуу этер сан сырларын
Демекчи кезекти табышмактарга берсек кезектешип командалар бири бирине табышмак айтышат
9.Табышмактар. Ар бир командадан 5тен айтылат.
1.Төрт буту бар, бирок жүрө албайт. (Стол.)
2.Колу көп буту бирөө эле. Бул эмне? ( Дарак.)
3 Суудан эки тамганы сурайбыз
Ага миңдин биринчи тамгасын улайбыз
Козулардын маараганын андан ары улайбыз
Бул кайсы сөз?-тапкылачы (сумма)
4 Беш баламдын бою барабар эмес.(Кол)
5 Кыштын күнү кок асмандан
Жерге сууга чачылат
Ага кошсоң чен бирдигин
Бир канаттуу жазылат
Бул кайсы канаттуу?-Тапкылачы (карга)
Алып баруучу: Кылым жолу бирде жеңил бирде каттуу
Акыл ойлор ааламды арбап алды
Математика-акылдын гимнастикасы аттуу
Таң калтырып ойлондурган адамзатты
Келер урпак окумуштууга окшоп турса
Омар Хайам,Аль-Фараби жолун курса
Элимдин келечеги гүлдүрөйбу
Кылымдын шам чырагы жанып турса-деп кезекти филфорд оюнуна берсек (ким көп сөз табат) 3мин
10.Математикалык терминдерди ким көп табат (филфорд оюну)
| А | М | С | Ы | А | Й | Л |
| Т | М | Б | З | Т | Е | А |
| Е | О | Р | Ы | Е | Г | Н |
| М | А | Т | К | Р | Е | А |
| А | К | И | Ч | С | К | А |
| Т | И | К | Е | У | М | М |
1.Математика 5.Айлана
2.Ромб 6.Тегерек
3.Сызык 7.Сумма
4.Чекит
11.Бий. ( Геометриялык фигураларды чагылдырып бийлешет)
12. Хор
13.Жыйынтыктоо.(Сөз калыстар тобуна берилет,жеңүүчүлөрдү,мыкты катышкан окуучуларды белгилешет)
Ушуну менен бугунку таймаш сабагыбызды аяктайбыз көңүл бөлгөнүңүздөр үчүн чооң рахмаат!