СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема урока ПДД: Биздин шаар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема урока ПДД: Биздин шаар»

Сабактын темасы: Биздин шаар

Сабактын максаты: Жалал-Абад шаары жөнүндө кеңирн маалымат алышат

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга таблица толтурушат:

билем

Билгим келет

билидим








Жалал-Абад — Жалал-Абад облусунун борбору (1991-жылдан).

1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Оштон кийинки 3-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен (Өзбекстандын Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат. Жалал-Абад Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо температурасы -4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат. Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат. Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.

Тарыхы

Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган. 1890-1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта пштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17-19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939-59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-жылы облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, пштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башка 1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалпмдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ). 1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей. Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960-70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башка бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү пштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башка курулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи.

Жыйынтыктоо: таблицаны улантышат.

билем

Билгим келет

билидим