Тема: Ырыс алды — ынтымак
Максаты:
1. Ынтымак, ынтымактуулук жонундо тушунук алышат. Ынтымак болсо коп жакшылыкка, бийиктикке жетууго болоорун тушунушот.
2.Байланыштуу кеби , ой жугуртуусу осот.
3.Бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: ак барактар, маркер, жомок.
Сабактын журушу:
Уюштуруу. Жагымдуу маанай,алтын эреже.
Негизги болук.
Ынтымак деген эмне?
Маектешуу.
Жомокту окуп берем. Жомоктун негизинде ангемелешуу.
Ырыс алды — ынтымак
Качандыр бир кезде акылдуу карыя жашаптыр. Анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акыл-ды угушпайт. Ар кимиси өз алдынча жүрөт. Ага тегеректегилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт. Киченеси чоңун акырая карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетишет. Атасы балдары-нын кылыгы жөнүндө терең ойго чөмүлөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгыны көтөрүп келип, балдарын чогултуп алып:
— Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына
бул табылгыны тобу менен сындыргыла,— дейт.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Боо-ланган табылгыны эч кимиси сындыра албай, шалдайып туруп калышты.
Карыя табылгынын боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө,— деди.
Балдары табылгыны ошол замат чырт-чурт бөлүп, сындырышты.
Абышка балдарын отургузуп алып нускалуу сөз баштады:
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман си-
лерди жанагы жалгыз табылгыдай барча-бурч сындырып коёт. Ал эми боолонгон табылгыдай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтаар акылым ушул,— дейт.
Жомокту ролдоштуруп аткарышат.
1-топ.
Ы -ыйман
Н –наразы болбоо
Т -тынчтык
Ы-ызаат корсотуу
М- мээримдуу
А-адептуу
К -кечиримдуу
Ар бир тамгасына соз жаратышат.
2-топ. Вендин диаграммасы. Ынтымактуу жана ынтымаксыз.
Жыйынтыктоо. Макал айтышуу. Ынтымак жонундо.
Уй тапшырма: ынтмак жонундо ыр жаттоо