Тема: Жаман иштен алыс бол!
Максаты: 1. Терс таасирин тийгизүүчү, жаман сапаттар жөнүндө билишет.
Жаман иштен алыс болуу керектигин түшүнүшөт.
2. Жаман иштен алыс болууга карата өз ойлорун эркин айта
алышат.
3. Адептүү жүрүм-турумга тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Жагымдуу маанай түзүү. Алтын эреже кабыл алуу.
Жаңы тема:
Кандай иштерди жаман иштер деп билесиңер?
Балдар өз ойлорун айтып талкуулашат.
Ооба, уурулук, ичимдиктерди ичүү, тамеки чегүү, насывай атуу, балдар менен мушташуу, ата-эненин тилин албай басып кетүү, сабактан себепсиз калуу, кечигүү булардын баары жаман иш болуп саналат.
Жаман ишке бизди ар кандай жаман таасирлүү кинолор, маанисиз теле берүүлөр түрткү кылат. Бизди таш боор, мерез, кайрымсыздыкка алып келет.
Силерге андай терс иштерге, жаман сапаттарга үндөгөн кино жана телеберүүлөрдү көрүүгө болбойт.
1.Кандай адамды ууру деп коюшат?Кана балдар, айткылачы, уурулук эмнеге алып келет?
Балдар ойлорун айтышат. Маектешүү.
2. Ичимдиктерди ичүү эмнеге алып келет?
Ичимдик деп эмнелерди айтабыз?
Маектешүү.
3. Тамеки чегүү, насывай атуу жакшы ишпи?
Алар эмнеге алып келиши мүмкүн?
Маектешүү.
4.Балдар менен муштушуу эмнеге алып келет?
Кандай балдар мушташат?
Балдардын оюн угуу.
5.Ата-эненин тилин албай басып кетүү жакшы ишпи?
Кандай балдар,кыздар ушундай ишти кылат?
6. Сабактан себепсиз калуу, кечигүү кандай иш?
Маектешүү.
Тапшырма:
1-топ.Уурулук жөнүндө кластер жана чакан дилбаян жазышат.
2-топ. Балдар менен мушташуу кластер жана Сабактан калуу, кечигүү жөнүндө дил баян.
3-топ. Ичимдик ичүү жөнүндө кластер. Ата-эненин тилин албоо жаман иш дил баян.
Топтордун презентациясы.
Жыйынтыктоо:
Азаматсыңар балдар! Биз ушул жаман сапаттардан алыс журуп,адептүү бала атаналы. Эч качан уурулук кылбай, ата-энебиздин тилин алып, эмгегин актап, жакшы окуп, сабактан калбай, кечикпей, балдар менен мушташпай,достошуп, ичимдик ичпесек эң мыкты адам болуп жетилебиз.
Просмотр содержимого документа
«Тема: Жаман иштен алыс бол!»
Р.Айдаралиев атындагы орто мектеби
Тарбиялык саат
Тема: Жаман иштен
алыс бол!
Тема: Жаман иштен алыс бол!
Максаты: 1. Терс таасирин тийгизүүчү, жаман сапаттар жөнүндө билишет.
Жаман иштен алыс болуу керектигин түшүнүшөт.
2. Жаман иштен алыс болууга карата өз ойлорун эркин айта
алышат.
3. Адептүү жүрүм-турумга тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Жагымдуу маанай түзүү. Алтын эреже кабыл алуу.
Жаңы тема:
Кандай иштерди жаман иштер деп билесиңер?
Балдар өз ойлорун айтып талкуулашат.
Ооба, уурулук, ичимдиктерди ичүү, тамеки чегүү, насывай атуу, балдар менен мушташуу, ата-эненин тилин албай басып кетүү, сабактан себепсиз калуу, кечигүү булардын баары жаман иш болуп саналат.
Жаман ишке бизди ар кандай жаман таасирлүү кинолор, маанисиз теле берүүлөр түрткү кылат. Бизди таш боор, мерез, кайрымсыздыкка алып келет.
Силерге андай терс иштерге, жаман сапаттарга үндөгөн кино жана телеберүүлөрдү көрүүгө болбойт.
1.Кандай адамды ууру деп коюшат?Кана балдар, айткылачы, уурулук эмнеге алып келет?
Балдар ойлорун айтышат. Маектешүү.
2. Ичимдиктерди ичүү эмнеге алып келет?
Ичимдик деп эмнелерди айтабыз?
Маектешүү.
3. Тамеки чегүү, насывай атуу жакшы ишпи?
Алар эмнеге алып келиши мүмкүн?
Маектешүү.
4.Балдар менен муштушуу эмнеге алып келет?
Кандай балдар мушташат?
Балдардын оюн угуу.
5.Ата-эненин тилин албай басып кетүү жакшы ишпи?
Кандай балдар,кыздар ушундай ишти кылат?
6. Сабактан себепсиз калуу, кечигүү кандай иш?
Маектешүү.
Тапшырма:
1-топ.Уурулук жөнүндө кластер жана чакан дилбаян жазышат.
2-топ. Балдар менен мушташуу кластер жана Сабактан калуу, кечигүү жөнүндө дил баян.
3-тпо. Ичимдик ичүү жөнүндө кластер. Ата-эненин тилин албоо жаман иш дил баян.