СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема:Жыпар жыттуу углеводдор

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема:Жыпар жыттуу углеводдор»

10-класс. Мөөнөтү:

Тема: Жыпар жыттуу углеводороддор (арендер). Бензолдун молекулалык тузулушу.

Сабактын максаты:

Маалыматтык компетенция

көрсөткучтөр

А)(репродиктивдүү)Маалымат менен иштей билүү, жаңы маалыматтарды алуу жана алардын негизинде жаңы чечимдерди кабыл алуу.

Б)(продуктивдүү) Маанилүү текстерди билүү, талкуулоо жана жыйынтык чыгаруу.

В) Видео, интернет булактары, слайд, онлайн тесттер менен иштоону үйрөнөт. Маалыматты издөө, айрым фрагменттерди салыштырууну үйрөнөт.

1) Жыпар жыттуу углеводороддор жөнүндө маалымат алса.

2)Бензол молекуласынын түзүлүшүн билсе.

3)Бензолдун формулаларын жаза алса.

4)Арендер менен башка углеводороддорду салыштыра алса.

5)Онлайн тесттерди иштей алса.

6) Жургузулгон химиялык тажрыйбалардан туура жыйынтык чыгара алса.



Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабакта колдонулган ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү.

Сабактын жабдуулары: ноутбук, слайд, онлайн тест, кахут платформасы, химиялык заттар( С6 Н6,KMnO4, H2O,C2H5 OH)ж.б .

Негизги бөлүк: Уюштуруу

Саламдашуу, классты жоктоо, окуу куралдарынын толуктугуна маани берүү,класстын жана окуучулардын тазалыгына коз жүгүртүү.

Жагымдуу маанай жаратуу.

Бул эн сонун дары!

Аны досуңа берсең кубанат,

Душманыңа берсен өкүнөт.

Апана берсен өмүрү узарат,

Тааныштарга берсен мээрими күчөйт. Бул эмне? Эмне балдар. Албетте жылмайуу. Кана эмесе жылмайуу менен бүгүнкү сабакты баштайбыз.





Сабактын кругазордук жана башка предметтер менен байланышуу бөлүгү.

МАРС - десем эмнелер оюнарга келди айткылачы. ( ойлорун айтышат)

Марс -бул күн системасындагы төртүнчү планета. Бул планетаны «кызыл планета» деп да аташат .Себеби анын курамында темирдин оксиди көп болгондуктан кызыл түстө болот. Анын диаметри жердин диаметриден 2эсеге кичине.

Марс- бул шоколад. Көпчүлүк адамдар маанайын которүү үчүн жешет. Америкалык Франклин Марстын жеке компаниясынан 1932- жылы чыгарылган Курамында магний элементи менен темир элементи көп болгондуктан , организмде катализатор катары тамак синирүүнү тездетип, зат алмашууну жакшыртат жана жагымдуу маанай тартуулайт.

Айтылышы, жазылышы окшош, мааниси ар башка сөздөр ОМОНИМДЕР

Окуучуларга баалоо баракчасы таркатылат.

Үй тапшырма: Онлайн тест аркылуу жүргүзүлөт. Мультиурок платформасы аркылуу. Тесттин жыйынтыгын окуучулар баалоо баракчасына жазышат.



Жаны тема: Слайд корсотулуп, тушундурулот.

Химиялык тажрыйба жүргүзүлөт. Бензолдун спирте жана сууда эриши. Бензолдун калий перманганатынын суусу менен реакциясы. Бензолдун күйүшү.

2C6H6 +15O2 = 12CO2 + 6H2O

Бышыктоо:

Бензолдун моделин түзүү. (окуучулар арендердин атомдук моделин тузушот).

Үй тапшырма: Жыпар жыттуу углеводороддорду окуу., формулаларды жаттоо.

Венндин диограммасын толтуруп келүү. Алкиндер менен арендерди салыштыруу.

Баалоо баракчасы аркылуу окуучуларды баалоо.



БААЛОО БАРАКЧАСЫ

Окуучунун аты жөну:_________________________

1

2

3

4

5

Үй тапшырманы текшеруу учун берилген тесттик ишке катыштым.

Жаны теманы түшүндүм.

Жургузулгон химиялык тажрыйбалардан жыйынтык чыгардым

Бышыктоо үчүн кахут тести иштедим.

Сабакка жигердуу катыштым. Өз оюмду эркин билдире алдым.

Упай:

Упай:

Упай:

Упай:

Упай:



1)20-25 упай топтой алышса, анда «5» деген баага ээ болушат.

2)15-20 упай топтой алышса, анда «4» деген баага ээ болушат.

3)10-15 упай топттой алышса, анда «3» деген баага ээ болушат.

4)1-10 упай топтой алышса, анда «2» деген баага ээ болушат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!