5
Текшерилди:____________
Окуу бөлүмүнүн башчысы:
Информатика сабагы. 7-класс 30-ноябрь 2017-жыл
Тема: Windows операциялык системасы
Сабактын билим берүүчүлүк максаты: Windows операциялык
системасы жөнүндө маалымат алышат, билимге ээ болушат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Компьютер менен колдонуучунун ортосундагы байланыш кандай болоорун билишет.
Тарбия берүүчүлүк максаты: Компьютерде иштөөдө коопсуздук эрежелерин сактоону билишет.Топто иштөөдө активдүү болууга жана тартипти сактоого багыт алышат.
Сабактын жабдылышы: ватман, маркер, скотч, барактар
Сабактын тиби: Жаңы сабак
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу. Саламдашуу, класс тазалыгына көңүл бөлүү, 4 топко бөлүү жана топторго ат коюу, жагымдуу маанай түзүү.
Балдарды сабакка активдештирүү үчүн оюн: Сөз табуу
| У | К | К | А | Ы | М | А | Р | И | В | С | И | Т | М | Ч | В | Я | Ч | А | А |
| В | Е | Е | И | Ы | И | Н | Ф | О | Р | М | А | Т | И | К | А | Б | К | А | С |
| Ы | Т | Б | Н | А | Щ | Ы | Я | М | Е | Г | М | М | Т | У | И | П | Г | В | Ю |
| Ы | Н | А | М | У | Ш | А | М | Н | К | В | Т | О | И | Е | Ч | Б | Ш | К | Ч |
| Т | Р | Й | П | К | Ы | Ь | Л | Е | Д | О | М | Н | М | Л | К | М | Ь | Л | К |
| Е | П | Т | Е | Ш | К | А | Ы | Й | К | А | М | Ч | А | Е | Ш | К | А | Ы | Ч |
| К | А | Ы | А | Ы | Е | И | М | О | Е | И | С | П | О | А | Ы | Е | И | М | О |
| Е | И | М | О | А | Б | Н | У | К | Б | Н | Е | Ш | Ь | Г | А | Б | Н | У | К |
| Б | Н | У | К | К | А | М | В | Е | А | М | А | Ы | Т | Ю | О | А | М | В | Е |
| А | М | В | Е | Ш | Е | Ш | Ы | М | А | А | Л | Ы | М | А | Т | З | А | К | А |
| У | К | К | А | Ы | А | Ы | Ы | Н | А | М | У | К | К | А | А | Е | О | Е | И |
| В | Е | Е | И | М | О | Н | И | Т | О | Р | В | Е | Е | И | О | Г | Р | Б | Н |
| Ы | Т | Б | Н | У | К | К | А | К | А | Ы | П | Т | Б | Н | К | А | Ы | А | М |
| Ы | Н | А | М | В | Е | Е | И | Е | И | М | О | Н | А | М | Е | И | М | О | А |
| Т | Р | Й | П | Ы | Т | Б | Н | Б | Н | У | К | Р | Й | П | Б | Н | У | К | О |
| Т | Р | Й | П | Ы | Н | А | М | А | М | В | Е | Ы | Н | А | М | М | В | Е | Л |
? Компьютерде иштөөдө кандай коопсуздук эрежелерин билесинер?
Компьютерде иштөөдө коопсуздук эрежелерин сактоо
Иштөө алдындагы коопсуздук:
Кабинетти кылдаттык менен желдендирүү, абанын температурасы 190 С-210С, салыштырма нымдуулук 55-60% болушу керек.
Мугалимдин уруксаты менен компьютерди жандыруу.
Иш мезгилиндеги коопсуздук:
Мугалимдин уруксатысыз компьютерди өчүрбөө.
Бир компьютерде эки же андан ашык окуучу иштөөгө мүмкүн эмес.
Компьютерде иштөөнүн узактыгы:
7-класстар үчүн 20 минута
8-9-класстар үчүн 25 минута
10-11-класстар үчүн 30 минута
Андан кийин сөзсүз көздүн чарчоосун жок кылуучу көнүгүүлөр үчүн 10 минута дем алуу керек.
Өндүрүштүк практика мезгилинде компьютерде иштөөнүн узактыгы 16 жашка чейинкилер үчүн 2 саат, андан чоңдор үчүн 3 сааттан ашпоо керек. Ар бир 20-25 минутадан кийин атайын көз үчүн көнүгүүлөр, 45 минутадан кийин физикалык көнүгүүлөр аткарылганы пайдалуу.
Кружоктор сабак бүткөндөн кийин толук 1 сааттан кийин жумасына эки жолудан көп коюлбашы керек. Жалпы узактыгы: 2-5-класстар үчүн 60 минута, 6-11-класстар үчүн 90 минутадан ашпоо керек.
Информатика кабинетинде бор менен доска пайдаланууга болбойт.
Авариялык кырдаалдагы коопсуздук:
Компьютерде кандайдыр бир туура эмес белгилер байкалса, компьютерди өчүрүп, мугалимге билдирүү керек.
Өзүн жаман сезсе, баш оору, баш айлануу ж.б. симптомдор байкалса ишти токтотуу, мугалимдерге билдирүү зарыл.
Өткөргүчтөрдө ачык жерлери байкалса, компьютерди дароо өчүрүү, жаракат алгандарга 1-медициналык жардам көрсөтүү, бул жөнүндө администрацияга билдирүү керек.
Иш бүткөндөгү коопсуздук:
Мугалимдин уруксаты менен компьютерди өчүрүү, классты иретке келтирүү.
Кылдаттык менен желдендирүү, компьютерлерди, столдорду нымдуу тряпка менен сүртүп тазалоо.
Жаңы тема:
Операциялык система – бул оперативдик эсти, процессорду, сырткы түзүлүштөрдү жана файлдарды башкаруучу жана колдонуучу менен диалогду уюштуруучу программалардын тобу.
Windows ОС: Windows системасы – биринчи графикалык операциялык система болуп саналат
Windows графикалык чөйрөсүндө программа сүрөт-пиктограмма түрүндө берилет жана программаны жүктөө (ишке чегерүү) үчүн тийиштүү пиктограммага маустун сол кнопкасын басып коюу жетиштүү
Windows ка бир учурда бир нече программаны жүктөөгө болот жана бир программадан башкасына өтүү маусту жөнөкөй басуу менен жүрөт. Бул мүмкүнчүлүк экранда ар бир программа өзүнүн терезесинде жүктөлгөндүгү менен ишке ашырылат Windows системасынын аталышы англис тилинен которгондо «терезелер» дегенди туюнтат.
Windows чөйрөсүнүн бардык программалары бир түрдүү, ал төмөнкүлөрдөн көрүнөт:
биринчиден, программалардын жалпы интерфейсинен, б. а. программалардын экрандагы «көрүнүшүнөн»;
экинчиден, бардык программалардын документке болгон мамилесинин бирдейлигинен, жалпылыгынан.
Документ (текст, сүрөт, таблица ж. б. колдонмо программалардан алынган натыйжа) Windows тун бардык программаларында графикалык объект катары кабыл алынат. Бул түрдүү документтердин ортосунда фрагменттерди алмашуу кайсы программада түзүлгөнүнө карабастан, жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Фрагменттерди алмашуу Windows тун бардык программалары үчүн жалпы болуп саналган алмашуу буфери аркылуу жүргүзүлөт.
Windows графикалык интерфейсинин элементтери :
Жумушчу стол
Значоктор
Ярлыктар
Терезечелер
Маселе такта
Жумушчу стол
Значоктор
Ярлыктар
Маселе такта
Пуск Кнопкасы
MS DOC OC көрүнүшү
Теманы бышыктоо: крассворд түзүү:негизги сөз “Информатика”. Жаңы тема боюнча түзүшөт
И
Н
Ф
О
Р
М
А
Т
И
К
А
Жыйынтыктоо:
Адам менен машинанын ортосунда диалог кандай жүрөт?
Операциялык система деген эмне?
Windows ОС тун өзгөчөлүгү кайсыда?
Windows сөзү эмнени түшүндүрөт?
Бир эле учурда бир нече документ менен иштей алабызбы?
Жумушчу столунун көрүнүшу кандай?
Значоктор эмнелерди билдирет?
Окуучулардын билимин баалоо:
Кызыл стикер: “5”
Жашыл стикер: “4”
Сары стикер: “3”
| Топтун аттары туштарына жазылат |
| | | | |
Доскага иштеген иштерине жараша тууралыгы текшерилип алган бааларына жараша стикерлер чапталат. Аягында топтун орточо баасы чыгарылат да топ канча деген баага иштегендиги келип чыгат. Ошого жараша топтун мүчөлөрү бааланат.
Үйгө тапшырма: программа түзүү
Тема боюнча тест түзүп келүү