СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест_____________________

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест_____________________»

  1. Коюу сөзүндө канча тамга, канча тыбыш бар?

А) 4 тамга 2 тыбыш Б) 4 тамга 3 тыбыш

В) 4тамга 4 тыбыш Г) 4тамга 5 тыбыш



  1. Эки түгөйү тең уңгу түрүндө келген кош зат атооч сөздөр.

А) арыз-муң, үй-жай, аш-той Б) жыртык-тешик, агайын-тууган, алымча-кошумча

В) азык-түлүк, бала-чака, ата-эне Г) сүт-мүт, эт-мет, ата-эне, дос-жолдош, ата-бала



  1. Татаал сын атооч катышкан сүйлөм?

А) Сапардын калың бети ого бетер тултуюп чыкты.

Б) Жер ыйлаган, жер солкулдаган катуу чабыш.

В) Деңиз өзүн жакшы сезип бара жатты.

Г) Анын бир апта мурдагы кара кочкул мээр нуру бозомук тарта баштаган эле.



  1. Ээге карата баяндоочтун сан жагынан ээрчибеген учуру кайсы катарда белгиленген?

А) Ал дайыма туулган жерин мактайт.

Б) Ал күнү коноктор бириндеп-сериндеп келип жатты.

В) Сенин кызың орто мектепти алтын медаль менен бүттү.

Г) Алсыздарга көмөк көрсөтө турган адамдар – силерсиңер.

Д) Биздин мектептин сыймыгы - ушул бала.



  1. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

А) духовка, кобур-кубур, таңкы, күмөн, баюу, Алиевдин, жепжеңил, Аламүдүн, шопур, танка

Б) духофка, кобур-собур, танкы, күнөн, баю, Алиевтин, жеп жеңил, Ала-Мүдүн, шофёр, танк

В) духовка, кобур-собур, танку, күмөн, баюу, Алиевтин, жепжеңил, Аламүдүн, шопур, танка

Г) А-В вариантты туура



  1. Сын-сыпат бышыктооч катышкан сүйлөм

А) Жалтанып турган бала атасын карай чуркады

Б) Шаркырап аккан сууга жеткенде Данияр арабаны жайыраак айдады

В) Анархан ээги-ээгине тийбей ыйлап жиберди

Г) Эртең-бүрсүгүнү чабыкка киришебиз деп, комбайынын ошондой даярдап койгон эле



  1. Кайсы вариант өтмө маанидеги сүйлөм боло алат?

А) Айбанга теңелген болбойт.

Б) Айбанга төшөк жая салып отурдук

В) Айбанга теңелсең, өзүң айбан болосуң

Г) Айбан малдын акылы жок.



  1. Маанилеш фразеологизмдер

А) мурдун көтөрүү-жер баспай калыптыр

Б) жең ичинен-тууганчылык

В) төөнүн куйругу жерге тийгенде – узаак убакыт

Г) үрүп чыгар ити жок – ит өлгөн жерде









  1. Кайчы маанилеш фразеологизмдердин түгөйлөрү кайсы вариантта туура келет.

Жайыл дасторкон - , кулагынан күн көрүнгөн -, чырагына май куюу -

А) –чачылып олтуруу, -арык, кол сунса жеткидей - иши жүрүшүү

Б) –ай асманга түйүлүү, -жалыңач баатыр, - итке минген

В) А-Г варианты туура

Г) –казаны оттон түшкөн, -бетинен бит тайгаланган, -бут тосуу.



  1. Жеңиш биздики болсун үчүн, биз болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын жумшообуз керек.

А) орун багыныңкы сүйлөм

Б) себеп багыныңкы сүйлөм

В) максат багыныңкы сүйлөм

Г) сыпат багыныңкы сүйлөм



  1. Адамдын эмгек, коомдук, ишмердигин баалаган анын өзүнө тиешелүү болгон оң жана терст сапаттарын чагылдырган документ кайсы?

А) өмүр баян Б) түшүнүк кат

В) көрөм текст Г) мүнөздөмө



  1. Какйсы вариантта фразеологизмдин мааниси бар?

А) Койдун башын куйкалап жиберди

Б) Бул сөздү укканда куйкасы куурула түштү

В) Чалдын кулагы укпады

Г) Күйгөн оттон куйка жыттанат



  1. Төмөнкү ыр саптарынан сүйлөмдүн үчүнчү даражасы тапкыла?

Арнап жаздым бул ырды,

Ардактуу балдар, көбүңө.

Чынарга чырпык жеткинчек,

Кулак сал, балдар, кебиме (А.Ү)

А) балдар

Б) көбүңө, кулак сал

В) ардактуу балдар, балдар

Г) сүйлөмдүн үчүнчү даражасы жок



  1. Төмөнкү сүйлөмдө обочолонгон түшүндүрмө мүчө сүйлөмдүн кайсы мүчөсү болот?

Бийик тоолуу көлдүн, касиеттүү Ысык-Көлдүн, өтө эле көп ооруларга даба болорун мурда ким билиптир?

А) толуктооч Б) бышыктооч

В) аныктооч г) баяндооч



  1. Сүйлөп жаткан учурда болуп жаткан кыймыл-аракет кайсы катарда берилген?

А) Эшикте жаан жаап жатат Б) Айбек мектепте окуйт

В) Ал үйгө келип турат Г) Алина шаарга барып жатат



  1. Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык ката бар?

А) Апасы түрлөп тамак жасайт

Б) Эжеңин маанайы жоктой го

В) Айнурага такылдап сүйлөдү

Г) Жаз келип, эгин себип баштадык



  1. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин ордун билдирет?

А) Окуя илгери болгон экен

Б) Максаты – илгерилөө

В) Биз, адамдар, илгери үмүт менен жашайбыз.

Г) Үн катпастан илгери узай берди



  1. Эски үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча иштеген архитектор жергиликтүү бийликтердин __________көрүнүп турган үйлөрдүн __________алып келген саясатын жактырбайт.

А) бош калгандыгы \ алынып ташталышына

Б) бузулгандыгы \ сакталышында

В) колдонууга болгондугу \ бузулушуна

Г) кереги жоктугуна\ жаңыртылышына



  1. Ал өлкөдө эмгек акысы _____турат, анткени ал жакта адам_____, ошондуктан________товарларды өндүрүү алар үчүн маселе_____________.

А) кымбат \ аз \ арзан \ жаратпайт

Б) арзан \ аз \ кымбат \ жаратат

В) кымбат \ көп \ кымбат \ жаратат

Г) арзан \ көп \ арзан \ жаратпайт



  1. Түбөлүк : аяк

А) кыйын : чечим Б) кыйын : чечим

В) эркин : себеп Г) сүйүндүрүүчү : үмүт



  1. Ууздай : аруу

А) чырайлуу : сулуу Б) берметтей: чүрөк

В) арчадай : узун Г) аруудай : таза



  1. Жаштык : жигердүүлүк

А) бабалык : жаш курак Б) карылык : нарктуулук

В) Жаштык : сулуулук Г) байбиче : аксаамай

  1. архитектор:искусство

А) опера : балет Б) мугалим : класс

В) аңгеме : адабият Г) курулуш : имарат





  1. ит:тайган

А) автобус : троллейбус Б) дарак : көчөт

В) дарыя : суу В) имарат : мектеп



  1. ымыркай : наристе

А) аял : эне Б) жигит : ата

В) кулун : тай В) жаш : курак





  1. адептүү:бейадеп

А) акылдуу: акмак Б) жакшы : жаман

б) туура : ката Г) ыраазы: нааразы



  1. кайчы : кыркуу

А) жылыткыч : жылытуу Б) бычак : кесүү

В) орок : оруу Г) учтагыч : учтоо



  1. суусундук : кымыз

А) айран : сүт Б) жарма: суусундук

В) тамак : шорпо Г) кычкач : кулпу



  1. токтоо : сабырдуу

А) орой : карөзгөй Б) эпчил : шылуун

В) катаал : астейдил Г) кутуча : сандык



  1. керки : жыгач

А) тараза : салмак Б) бүдөмүк : түшүнүү

В) кулпу : тагуу Г) кем : толуктоо



  1. Коомдогу ар кандай карама-каршылыктарды, адам күрөшүнүн көркөм чыгармада берилиши эмне деп аталат?

А) символ

Б) метафора

В) эпитет

Г) композиция

Д) конфилик



  1. Шаңшып чалып комузду,

Сайраттың булбул добушту.

Саймалап турат жаңылык,

Шибердүү жаңы конушту. Жогорудагы ыр саптарында троптун кайсы түрү колдонулган?

А) эпитет Б) метонимия

В) синекдоха Г) символ



  1. Турмуш көркү эчен сонун курулуш,

Түпсүз болду, жат колунан кулады.

Кемпир, чалдар, жапжаш балдар жазыксыз,

Каргыш айтып каршы-терши сулады. А.Токомбаевдин бул ырында кайсы учур сүрөттөлгөн?

А) Үркүн

Б) Ата Мекендик согуш

В) Октябрь төңкөрүшү

Г) Бай-манаптардын кыйноосу



  1. “Сынган кылыч” чыгармасынан.

“Бекназар өлүптүр...Бул кабарды укканда анын иреңи кубарып, бир кызарып, бирдеме дей тургандай болуп, кайра токтолуп, купкуу жука эрини акырын кыбырап, кыңыр иши билинип калаарынан чочулап, кароолду мелтейип тиктеди”. Текстте кайсы каарманды сүрөттөгөн

А) Абил бий б) Нүзүп

В) Кулкиши г) Каракаш айым



  1. “Манас” эпосунда күндү түнгө айланткан, караңгыны жарыкка айланткан жайчы ким?

А) Канымжан Б) Куялы

В) Тазбаймат Г) Алманбет



  1. “Күн ылдыйлап кырдан ашып баратат,

Уясына дем алгысы келгендей.

Ысыгы жок начар гана нур чачат,

Бүгүн кечке кыйла мээнет көргөндөй”.

Бул куплеттин уйкаштык формасын аныкта.

А) жуп уйкаш

Б) аксак уйкаш

В) атама уйкаш

Г) Оромо уйкаш



  1. Алгач орустардын балалайкасын үйрөнгөн акын?

А) Тоголок Молдо Б) Токтогул Сатылганов

В) Аалы Токомбаев Г) Жоомарт Бөкөнбаев



  1. Ч.Айтматовдун кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалары?

А) “Бетме-бет”, “Делбирим”, “Ак кеме”

Б) “Жаймийла”, “Бетме-бет”

В) “Саманчынын жолу”, “Кыямат”

Г) “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу”



  1. “Саманчынын жолу” повестинде автор эмнени даңазалайт?

А) Касым, Майсалбек, Жайнактардын эрдигин

Б) Субанкул менен Толгонайдын эмгегин

В) жалпы кыргыз элинин согуш учурундагы оор тагдырын

Г) эненин улуу касиетин, руханий кудуретин, эненин улуулугун даңазалайт.



  1. Адабият эмнени окутуп үйрөтөт?

А) элдин жан дүйнөсун окуткан илим

Б) адам турмушун окутуп үйрөтүүчү илим

В) адам жөнүндө окутуп үйрөтүүчү илим

Г) жашоону үйрөтүүчү, көрсөтүүчү сабак.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!