ТЕСТ ТҮЗГӨН: Батышова Аида
№ 1. Асман деген сөздүн синонимдерин белгилеӊиз.
а) аалам, дүйнө б) обо, көк в) мейкин, жер г) боштук, бийик
№ 2. Антоним сөздөрдү белгилеӊиз. а)жакшы,жаман
в)иттинбуту, койдунбуту
б)күмөн,күнөм г)акыл,эстүү
№ 3. Агыраак, кечирээк ‒ сын атоочтордун даражасын белгилеӊиз. а) жай б) күчөтмө
в) катыштык г) салыштырма
№ 4. -ар мүчөсүнүн түрүн белгилеӊиз.
а) жөндөмө б) атоочтук в) таандык г) жак
№ 5. Схемага туура келген сүйлөмдү белгилеӊиз. ______ _._._._._. ======= ~~~~~~~ _____ ======= ======= =======. а) Сыртта катуу жаан жаап, абдан суук болуп кетти.
б) Ашым көчөгө чыкса, кылычтуу бирөө түшүп жаткан экен в) Куру келген кудадан, куурай терген күӊ өйдө.
г) Бүгүн кичинекей Тургунай ата-энесине кат жазды.
№ 6. Туура жазылган сөздөрдүн тизмегин белгилеӊиз. а) жыгашчылык, комусчу, тузсуз
б) жыгашчылык, комузчу, тузсуз в) жыгаччылык, комузчу, тузсуз г) жыгаччылык, комузчу, туссуз
№ 7. Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасын белгилеӊиз.
а) графика б) орфоэпия в) фонографика г) орфография
№ 8. Баракелде, ишиӊерге биз ыраазыбыз. Үтүрдүн коюлушунун себебин белгилеӊиз. а) бир өӊчөй мүчө б) сырдык сөз
в) каратма сөз г) киринди сөз
№ 9. Бошоӊдоо, аянычтуу ‒ деген сөздөрдүн уӊгуларын белгилеӊиз. а)бош,ая б)бошо, аян
в)бошоӊ, аян г)бошоӊдоо, аяныч
№ 10. Төмөндө берилген иш кагаздарынын стилин белгилеӊиз: мүнөздөмө, ишеним кат
а)расмий б)илимийэмгектер в) расмийэмес г)публицистикалы
№ 11. Жалаӊ каткалаӊ үнсүздөр катышкан сөздү белгилеӊиз.
а) Акбаранын б) караанын в) узата г) тиктеп
№ 12. Шилтеме ат атоочту белгилеӊиз. а) Бул Чокморовдун сүрөтү.
б) Ишиӊер ийгиликтүү болсун! в) Биздин желегибиз бар.
г) Зейнеп апа дароо маасысын кийди.
№ 13. Таандык мүчө уланган сөздү белгилеӊиз.
а) китепке б) китептер в) китебим г) китепти
№ 14. Тууранды сөздөрдүн сүйлөмдөгү милдетин белгилеӊиз.
а) аныктоочтук б) баш жана айкындоочтук в) баяндоочтук г) ээлик
№ 15. Фразеологизмдин маанисин белгилеӊиз. Биттин ичегисине кан куйган. а) тынчы жок б) тыӊ
в) ачуулуу г) кичинекей
№ 16. Көп чекиттин ордуна келүүчү сөздү белгилеӊиз. Биз төмөндө … түзүп, кол коюучулар: а) арыз б) буйрук
в) программа г) акт
№ 17. Берилген тактооч сөзү жасалган сөз түркүмдү белгилеӊиз: күздөй а) тактооч б) сын атооч
в) зат атооч г) этиш
№ 18. Татаал сөздөрдүн негизги тобун белгилеӊиз. а) атоочтук, чакчыл түрмөктөр
б) эки, үч сөздөн турган сөздөр в) кош, бириккен сөздөр
г)кош,кошмок, кыскартылган, бириккен сөздөр
№ 19. Ой жүгүртүү текстин түзүүдөгү тил каражаттарын белгилеӊиз. а)мисалдар,корутундулар б)сүйлөмдөр,абзацтар в)мисалдар
г)тезис,негиздөө,мисалдар,корутундулар
№ 20. Алды сызылган сөздөрдүн кайталанышы: Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо. а) маанилик
б) удаалаш в) орунсуз
г) орундуу, себеби ойдутереӊдетүүдө
№ 21. Жактама ат атооч катышкан сүйлөмдү белгилеӊиз.
а) Мага жардам бериӊизчи! б) Кимдир бирөөнүн карааны көрүндү. в) Бул ишти өзүбүз бүтүрөбүз. г) Ушул мүнөзүӊ такыр жакпайт.
№ 22. Таӊгыч ат атооч катышкан сүйлөмдү белгилеӊиз. а) А, сен ушул жөнүндө кыял чаргытып көрдүӊ беле?
б) Аны катардагы айылдык бир мугалим бүт дүйнөгө таанытты. в) Ал анда-санда гана көл тарапты өтө кызыгып карап коет.
г) Мурда Павлыш кичинекей, эч ким элес албаган элет мектеби эле.
№ 23. жуун – берилген сөздүн сөз түркүмүн белгилеӊиз. а) тактооч б) этиш
в) зат атооч г) сын атооч
№ 24. Касейин комузун коюп, үйгө кирди. Белгиленген сөздүн жөндөмөсүн белгилеӊиз. а) барыш б) илик
в) атооч г) чыгыш
№ 25. Сүйлөмдөргө мүнөздүү кептин түрүн белгилеӊиз.
Эмне үчүн мага жай айы жагат? Анткени, бул эӊ жылуу, кооз мезгил. а) баяндоо б) ой жүгүртүү
в) сүрөттөө г) көркөм стиль
№ 26. «э» – кандай тыбыш?
а) ичке, кеӊ, эринсиз, кыска үндүү б) ичке, кууш, эринсиз, созулма
в) ичке, кууш, эринчил, кыска үндүү г) жоон, кеӊ, эринсиз үндүү
№ 27. «Жылуу» деген сөздөгү тамганын жана тыбыштын санын белгилеӊиз. а) 5 тамга, 4 тыбыш
б) 5 тамга, 5 тыбыш в) 5 тамга, 6 тыбыш г) 4 тамга, 5 тыбыш
№ 28. Каратма сөз катышкан сүйлөмдү белгилеӊиз. а) – Ой, бул сен белеӊ?
б) Февраль айы аяктап, жаздын жыты келе баштады. в) – Албетте, мен аны унуткан жокмун.
г) – Балдар, китебиӊерди таза кармагыла.
№ 29. Берилген сөздүн өтмө мааниде колдонулушун белгилеӊиз: карагат а) карагаттын көчөтү
б) карагаттын вареньеси в) бир түп карагат
г) карагат көз
№ 30. Сүйлөмдөгү кептин түрүн белгилеӊиз. Биз дем алыш күнү Чуӊкурчак жайлоосуна бардык. а) баяндоо жана сүрөттөө б) ой жүгүртүү
в) баяндоо г) сүрөттөө