СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест кыргыз тили

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билимди текшерүү

Просмотр содержимого документа
«Тест кыргыз тили»

Тест

8 – КЛАСС АТКАРГАН:_____________________


Түзгөн: Таалайбек кызы Карлыгач


1. Кептин түрлөрү текстте айкалышып колдонулабы?

А) мүмкүн Б) колдонулат В) колдонулбайт

Г) кээ бир учурларда Д) андай болушу мүмкүн эмес


2. Сөз айкашынын кандай түрлөрү бар?

А) тең, багыныңкы Б) туруктуу, жөнөкөй В) эркин, татаал

Г) этиштик, атоочтук Д) багыныңкы, багындыруучу


3. Указ, келишим, программа, устав, жобо

-кайсы стилге кирет?

А) илимий Б) көркөм В) расмий иш кагаздары

Г) публицистикалык Д) булар стилге кирбейт


4. Ар кандай ишти айттырбай жасаган азаматтар да болот.

Бул сүйлөмдөгү атоочтук түрмөктү тап, синтаксистик кызматын аныкта.

А) ар кандай ишти айттырбай жасаган, аныктооч Б) айттырбай жасаган, аныктооч

В) ишти жасаган, толуктооч Г) ар кандай ишти айттырбай жасаган, ээ

Д) жасаган азаматтар, аныктооч


5. Сүйлөм айтылыш максатына карай канчага бөлүнөт?

А) жалаң, жайылма Б) жөнөкөй, татаал В) бир тутумдуу, эки тутумдуу Г) жай, суроолуу, илептүү, буйрук Д) жалаң, жай, буйрук, атама сүйлөм


6. Иш кагаздарынын стили өз ара кандайча бөлүнөт?

А) лексикалык, морфологиялык, синтаксистик Б) көркөм, публицистикалык

В) илимий, публицистикалык Г) көркөм жана иштиктүү

Д) официалдуу жана официалдуу эмес


7. Массалык маалымат каражаттарынын стили кайсы?

А) көркөм стиль Б) илимий стиль В) иш кагаздарынын стили

Г) публицистикалык стиль Д) функционалдык стиль


8. Мамлекеттик бийликтин жогорку органы тарабынан бекитилген жалпы элге бирдей

даражада милдеттүү болгон эрежелердин жыйындысы эмне болот?

А) буйрук Б) указ В) долбоор Г) мыйзам Д) консепция


9. Биринчи жак менен автор өз колу менен баяндап жазган иш кагазы эмне деп аталат?

А) пикир Б) өмүр баян В) мүнөздөмө Г) справка Д) келишим

10. Киринди сөз деп эмнени айтабыз?

А) ойдун кимге багытталганын атап көрсөтүүчү сөздөр

Б) башка тилдерден кирген сөздөр аркылуу түзүлгөн сүйлөм

В) ар бир сүйлөмдөгү башка тилден кирген сөз

Г) айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн ар кандай мамилесин билдирген сөз

Д) бирөөгө тике арналып айтылган сөздөр


11. Кубанганды, сүйүнгөндү, коркконду, чочуганды, өкүнгөндү билдирген сөздөр сырдык сөздүн кайсы түрүнө кирет?

А) айбанатка карата айтылган сырдык сөздөр

Б) ички сезимди билдирген сырдык сөздөр

В) турмуш-тиричиликке карата айтылган сырдык сөздөр

Г) айбанатка карата айтылган сырдык сөздөр

Д) адамга карата айтылган сырдык сөздөр



12. Тиешелүү киринди сөздү кой.

_____________, Толгонай, сен да мени менен сүйлөшкөндөн качкансың?

А) болжолу Б) балким В) ырас Г) баамымда Д) туура


13. Тоосуз, эмгекчил, балалуу, билерман

-сөздөрү кайсы сөз түркүмүнө өзгөрдү?

А) сын атоочко Б) сан атоочко В) зат атоочко Г) ат атоочко Д) тактоочко


14. Таандык байланышты тап.

А) акылдуу кыз Б) конокторду сыйлоо В) көрүнгөн тоолор Г) сенин пикириң Д) кинодон келүү

15. Аттиң, ошондо эч болбосо жакшлыкча коштошсом эмне?

Сырдык сөздүн кайсы түрүнө кирет?

А) турмуш-тиричиликке колдонулуучу сырдык сөздөр Б) ички сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр

В) кайрылуу иретинде айтылган сырдык сөздөр Г) айбанатка карата айтылган сырдык сөздөр

Д) адамга карата айтылган сырдык сөздөр


16. Киринди, каратма жана сырдык сөздөр эмне үчүн сүйлөмгө мүчө боло албайт?

А) синтаксистик кызмат аткарбагандыгы үчүн

Б) суроого жооп бере албагандыгы үчүн

В) лексикалык мааниге ээ болбогондугу үчүн

Г) сүйлөм тутумунда башка сөздөр менен грамматикалык байланышта келбегендиги үчүн

Д) интонациялык жактан өзгөчөлөнүп айтылгандыгы үчүн


17. Дүйнө жүзүндө канча тил бар?

А) 200 Б) 3000ге жакын В) 600 Г) 3500 Д) 4000


18. Дени соо ______ оорулуу ________ бактылуу . ( А. Шопенгауэр)

а) кайырчы / падышадан в) дарыгер / акылдуудан

б) адам / айбандан г) киши / иттен


19.Төмөнкү тексттеги асты сызылган фразеологизмдердин маанисин чечмелегиле .

Илгертен көчмөндүк турмушта жашаган кыргыз эли бүтүндөй тарыхын , маданиятын муундан – муунга руханий мурас катары оозеки сакталган . “ Манасына ” кубанычын да , кайгысын да батырган комузуна бүктөп койсо бир төөлүк жүк , тигип койсо сыймыктанар мүлкү , турагы болгон боз үйүнө батырган . Не бир колунан көөрү төгүлгөн усталар , жез таңдай акындар жашап өткөн . Алардын колунан көз жоосун алган ушунчалык баалуу зер буюмдар жасалып , колмо- кол жүрүп , бизге жеткен . Көөнөргүс мурасы бар кыргыз элибиз колу ачык келип , оюу терең адамдарды баалаган .

а) чечен , акын , сараң , кең , митаам

б) акылдуу , кооз , чебер , март , ойчул

в) чебер , чечен , кооз , март , акылман

г) колдуу , катуу , көркөм , сараң , март


20. Эркин сөз айкашын тап.

А) ызгаардуу кыш келди Б) жакшы-жаман В) оозу менен орок оргон

Г) кымча бел Д) Гүлмира жакшы


21. Кыз-келиндер чарчоону билбей, оюн-күлкүгө батып, эгин талаасында иштей беришти.

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз тизмектеринин синтаксистик кызматы:

А) чакчыл түрмөк Б) бышыктооч В) аныктооч Г) толуктооч Д) ээсиз сүйлөм


22. Алтынай, сен балдарды, кыздарды окууга чакыргын, макулбу?

Сүйлөмдө бир өңчөй мүчө кайсы?

А) Алтынай, сен Б) кыздарды, балдарды В) чакыргын, макулбу

Г) сен, чакыргын, макулбу Д) бир өңчөй мүчө жок




23.Басма , басым , басмакана – деген сөздөр кандай жол менен жасалды ?

а) синтаксистик в) стилдик

б) морфологиялык г) лексика- семантикалык


24. Акын , жазуучулар кайсы стилди колдонушат ?

а) публицистикалык в) көркөм

б) илимий г) сүрөттөө


25. Кайсы катарда чамасы деген сөз модаль сөз катары колдонулду ?

а) Буга анын чамасы жетпеди .

б) Чайдын чамасын төгүү керек .

в) 14 – 15 чамасында балдар экен .

г) Чамасы , бул сөзүм элге аябай жакты .


26. Менин уялганымды билди .

Асты сызылган сөз сүйлөмдө кандай милдет аткарды ?

а) баяндоочтук в) толуктоочтук

б) бышыктоочтук г) ээлик


27.Кептин стилдери кайсылар ?

а) оозеки , сүйлөө , жазуу

б) иштиктүү , илимий , көркөм , публицистикалык

в) ой жүгүртүү , баяндоо , сүрөттөө

г) окуу , жазуу , угуу , ойлоо

Сүйлөмдөрдү толуктагыла

28. Эне тилин сактап , аны ________ - эл болуп _________ кете албайт . ( Ч. Айтматов )

а) ызааттабаган эл / алыстап в) кастарлабаган эл / узап

б) аябаган эл / ыраактап г) алдейлебеген эл / жеңип


29._____ ____ көңүлгө ачуу тиет , бирок аны _____ ____ пайдасы өлчөмсүз зор . ( Ж.Баласагын)

а) Орой / кечире билсең в) Туура сөз / сиңире билсең

б) Калп сөз / айта билсең г) Ойлонулган сөз / көрбөй койсоң


30. Жаман дос көлөкө сыяктуу , күн тийип турганда _______ кутула албайсың , күн бүркөөдө _________ таба албайсың .

а) алсырап / ойлонуп в) айтпай / суранып

б) качып / издеп г) уурданып / жалынып






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!