Математика боюнча суроолордун нускамасы.
Суроолор 2 бөлүктон турат:
1)Салыштыруу (Колонкалар)
2)Математика
1-30-суроолордо (КОЛОНКАЛАР) "А" жана "Б" колонкалары чондуктарды камтыйт. Бул эки чоңдукту салыштырып, жообун табууңар керектелет. Төмөндөгү жоопторду белгилегиле
А-эгерде "А" КОЛОНКАСЫНДАГЫ чоңдук чоң болсо,
Б-эгерде "Б" КОЛОНКАСЫНДАГЫ чоңдук чоң болсо,
В-эгерде эки чоңдук БАРАБАР болсо,
Г-эгерде бул маалыматтар боюнча жогорудагы чоңдуктардын кайсынысы чоң экендигин аныктоого же эч бирин тандоого мүмкүн эмес болсо.
МАТЕМАТИКА
САЛЫШТЫРУУ
КОЛОНКАЛАР:
1)Колонка "А". Колонка "Б"
9-2•5+3:2 11:2-6•2+6
2)Колонка "А". Колонка "Б"
-9/7 -7/9
3)Колонка "А". Колонка "Б"
75 метр. 0,75 км
4)х санынын квадраты 25ке барабар
Колонка "А". Колонка "Б"
х. 5
5)Колонка "А". Колонка "Б"
ЭКЖБ (128,96) ЭЧЖБ (4,9)
6-7-суроолорго төмөндөгү маалыматка ылайык жооп бергиле.
Жети областтагы пияздын орточо баалары төмөндөгүдөй болду: 24, 18, 32, 14, 18, 29, 16
6)Колонка "А". Колонка "Б"
Мода. Медиана
7)Колонка "А". Колонка "Б"
Арыш. Арифметикалык ортосу
8)Колонка "А". Колонка "Б"
13/12-12/13 14/13-13/14
9)6 калемдин баасы 8 дептердин баасыны барабар. Ал эми 6 дептердин баасы 4 өчүргүчтүкүнө барабар.
Колонка "А". Колонка "Б"
калемдин баасы өчүргүчтүн баасы
10)Колонка "А". Колонка "Б"
10•0 10:0
11)Колонка "А". Колонка "Б"
13тун 29%ы. 29дун 13%ы
12)Умардын акчасы Жибектин акчасынын жарымынан 50 сомго көп.
Колонка "А". Колонка "Б"
Умардын акчасы Жибектин акчасы
13)Колонка "А". Колонка "Б"
11-√105. 1
14)xy0
Колонка "А". Колонка "Б"
xz. 0
15){3х+2у=9а
{3x-2y=3a
Колонка "А". Колонка "Б"
х. 2а
16)Колонка "А". Колонка "Б"
√8• √4• √2 √65
17)f(x) жана h(x) функциялары бардык сандар үчүн f(x)=8x-3 жана h(x)=4x
Колонка "А". Колонка "Б"
f(h(x)). h(f(x))
18)12x4 саны 4кө болүнөт жана х санынын эң чоң мааниси болуп у эсептелинет.
Колонка "А". Колонка "Б"
у. 9
19)Колонка "А". Колонка "Б"
х+у. 2(х+у)
20)Колонка "А". Колонка "Б"
7!-4! 6!+5!
21)х#у операциясы х#у=√а+b-√3 формуласы аркылуу аныкталат
Колонка "А". Колонка "Б"
12#4. 1
22)Мелдешке 12 эркек, 8 кыз катышты. Биринчи орунду эркек алуу ыктымалдуулугу х , ал эми кыз алуу ыктымалдуулугу у.
Колонка "А". Колонка "Б"
х. у
23)Төмөн жакта суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.
Колонка "А". Колонка "Б"
х. у
24)Төмөн жакта суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.
Колонка "А". Колонка "Б"
а. 8
25)Периметри 48 болгон квадраттын диагоналы а га барабар.
Колонка "А". Колонка "Б"
а. 12
26)Төмөн жакта суроо үчүн атайын сурөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.
Колонка "А". Колонка "Б"
Сегменттин аянты. π
27)х,у,z- үч бурчтуктун ички бурчтарынын градустук чени жана хуz.
Колонка "А". Колонка "Б"
z. 60
28)Колонка "А". Колонка "Б"
Төрт бурчтуктун Беш бурчтуктун
ички бурчтарынын суммасы сырткы бурчтарынын суммасы
29)Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.
Колонка "А". Колонка "Б"
х. у
30)Суроо үчүн атайын туура 9 бурчтуктун сүрөтү берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.
Колонка "А". Колонка "Б"
140. х
ТОКТОНУЗ! (1-бөлүмдун аягы)
МАТЕМАТИКА (2-бөлүк)
31)3,2-2,3+(1,3:0,2)•4/10
А)2,5 В)2 Д)4,4
Б)0 Г)3,5
32)5 тин (4а-8) инчи даражасы 1ге барабар. х=?
А)-1 В)1 Д)-3
Б)0 Г)2
33)Сынактагы математика боюнча суроолордун химия боюнча суроолордун санына болгон катышы 7:4 болду. Ал эми химия боюнча суроолордун физика боюнча суроолорго болгон катышы 8:9 болду. Эгерде физика боюнча суроолор 36 болсо, анда математика боюнча канча суроо бар?
А)56 В)49 Д)63
Б)36 Г)42
34)2√7 , 5, 4√2, √29, 6
Жогорудагы сандарды өсүү тартибинде жайгаштыргыла.
А)2√7, 4√2, 5, √29, 6 В)5, 6, √29, 2√7, 4√2 Д)5, √29, 2√7, 4√2, 6
Б)5, 2√7, √29, 4√2, 6 Г)2√7, 5, √29, 6, 4√2
35)Эгерде а,b жана с 24 санынын ар түрдүү бөлүүчүлөрү болсо, анда (а+b):c нин эң кичине мааниси канчага барабар?
А)5/12 В)1/8 Д)1/4
Б)5/6 Г)5/24
36)A={-6,-3,0,1,3,5,6} жана B={-4,-1,0,2,3,6,9}көптүктөрүнүн кесилишинен келип чыккан көптүктүн элементтеринин саны канча?*
А)2 В) 5 Д)11
Б)3 Г) 6
37)Кутуда 5 кызыл, 12 жашыл, 8 кара түстөгү топтор бар. Кутудан карабастан бир топту алганда, кызыл же кара болуу ыктымалдуулугу канча?
А)12/13 В)12/25 Д)13/25
Б)13/12 Г)8/25
38)Төмөндөгү сандардын кайсынысын бирден чон үч башка сандын көбөйтүндүсү түрүндө көрсөтүүгө болот?
А)74 В)66 Д)84
Б)92 Г)28
39)9га бөлүнгөндө калдыгы жөнөкөй санды бере турган үч орундуу эң чон санды тапкыла.
А)999 В)997 Д)995
Б)998 Г)996
40)Барабарсыздыкты чыгаргыла.
-4
А)(7,14) В)(-5,14) Д)(-7,9)
Б)(-9,14) Г)(-14,9)
41)Базардагы товардын баасы алгач 20%га кымбаттап, кайра 40%га арзандады. Товар баштапкы баасынан канча пайызга өзгөргөн?
А)20%га арзандаган В)24%га арзандаган Д)өзгөргөн эмес
Б)12%га арзандаган Г)28%га арзандаган
42)Жаныбек 12 жылдан кийин 8 жыл мурунку жашынан үч эсе улуу болот? Ал азыр канчада?
А)10 В)18 Д) 30
Б)15 Г) 24
43){2х+2у=36
{3х-3у=6
Бул маалымматтарга ылайык х•у канчага барабар?
А)80 В) 40 Д) 88
Б)64 Г) 48
44)Барабарсыздыкты тапкыла.
|4х-2|
А)[-2,3) В)(-2,3) Д)(-2,3]
Б)(-3,2] Г)[-3,2]
45-48-суроолорго төмөндө жайгашкан маалыматка ылайык жооп бергиле.
45)Университетке кайсы жылы эң аз студент келген?
А)2004 В) 2006 Д)берилген маалыматтар жетишсиз
Б)2005 Г) 2007
46)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы 2004-2007-жж келген кыз студенттердин арышы болушу мүмкүн?
А)400 В) 500 Д)600
Б)700 Г)300
47)Берилген маалыматтарга ылайык кайсы жылдагы университетке келген студенттердин так санын айта алабыз?
А)2005-ж, эркектер В)2005-ж, кыздар Д)2007-ж, эркектер
Б)2006-ж, кыздар Г)2004-ж, кыздар
48)4 жыл аралыгында университетке кайсы жыныстагы студенттер көбүрөөк келген?
А)кыз В)бирдей санда
Б)эркек Г)берилген маалыматтар жетишсиз
49)Эгерде 4 ишкер 4 саатта 8 курал жасаса, ушундай эле 8 ишкер 8 саатта канча курал жасайт?
А)8 В) 16 Д) 32
Б)12 Г) 24
50)Эгерде 5 удаалаш сандын суммасы 175ке барабар болсо, анда бул сандардын медианасы канчага барабар?
А)31 В) 33 Д)35
Б)32 Г)34
51)Суроо үчүн атайын сүрөт берилген.
АВС тен капталдуу уч бурчтук. АВD бурчу 20 га жана DBC бурчу 50га барабар болсо, анда BDC бурчу?*
А)55 В)75 Д)85
Б)105 Г) 70
52)Эгерде f(x)=3x-9 болсо, f(3x-9)=?
А)9x-36 В)6x+27 Д)3x-27
Б)6x-27 Г)9x-18
53)Суроо үчүн атайын сүрөт берилген.
Төмөндө берилген фигуранын аянты канчага барабар?
А)75 В) 70 Д)60
Б)65 Г)80
54)а||b *
Суроо үчүн атайын сүрөт берилген.
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы туура?
1)1+4=2+3 2)5+8=3+2
3)1=8 4)6+8=1+3
А)1,2 гана В)1,2,3 гана Д)1,3,4 гана
Б)2,4 гана Г)3,4 гана
55)35 диагоналы болгон көп бурчтуктун канча жагы бар?
А)6 В) 8 Д)10
Б)7 Г)9
56)Эгерде тик бурчтуу уч бурчтуктун жактары 12, 5 жана х ке барабар болсо, анда төмөндөгүлөрдүн кайсылары х тин мааниси боло алат?
1)11√2 3)√119
2)9 4)13
А)4 гана В)1,3,4 гана Д)1,2 гана
Б)2,3 гана Г)3,4 гана
57)Суроо үчүн атайын сүрөт берилген.
Уч бурчтуктун а канчага барабар?
А)4√6 В)4 Д)8
Б)4√3 Г)12
58)Суроо үчүн атайын сүрөт берилген.
Төмөндө келтирилген сүрөттө MN жана PN туз сызыктары борбору О болгон айлананы P жана M чекиттеринде жанып өтүшөт. Эгерде МNP бурчу 135 болсо, анда тегеректин кандай бөлүгү штрихтелген?
А)3/8 В)1/9 Д)1/2
Б)1/8 Г)1/4
59)Алты бурчтуктун бурчтары 4х, 3х, х, 2у, 2у жана у га барабар. Эгерде х=60 болсо, у=?
А)60 В) 54 Д) 24
Б)36 Г) 48
60)Ромбдун диагоналдары 24 см жана 10 см. Анын жактары канчага барабар?
А)16 В) 13 Д) 12
Б)15 Г) 17
] Жрт: АНАЛОГИЯЛАР
1.математика:арифметика
а)биология:ботаника в)физика:оптика
б)теология:дин г)химия:кычкылтек
2.тердик:ээр
а)көрпөчө:ээр в)көйнөк:галстук
б)шып:килем г)китеп:сырт
3.сылык:чогоол
а)акылдуу:акылсыз в) чынчыл: кыйды
б)илээнди:жүдөо г) Берешен: арам
4.чот:эсептөө
а)тараза:салыштыруу в)сызгыч:ченөө
б)термометр:ысытуу г)вольтметр:вольт
5.жарганат:түн
а)чымчык:түн в)карышкыр:түн
б)чөө:түн г)үкү:түн
6.кулун:жылкы
а)баглаң:кой в)мамалак:топоз
б)балапан:тоок г)уй- торпок
7.айдоочу:унаа
а)артист:сахна в)мугалим:журнал
б)жыгач уста:тактай г)ветеринар:кой
8.муз:муздак
а)көмүр:ысык в)тоо:бийик
б)бычак:курч г)чок:ысык
9.дүйшөмбү:бейшемби
а)жыл:квартал в)январь:июнь
б)таң:шашке г)жаз:күз
10.өтүкчү:ултаруу
а)механик:оңдоо в)дыйкан:жер
б)спортчу:чуркоо г)мугалим:тарбиялоо
11.намыян:акча
а)кутуча:көз айнек в)кампа:буудай
б)сандык:кийим г)сарай:мал
12.жүгөн:ылоо
а)камчы:эшек в)нокто:торпок
б)руль:машина г)бийлик:эл
13.чай:чыны
а)салат:тарелка в)кыям:бокал
б)сорпо:казан г)шире:бөтөлкө
14.байпак:бут кийим
а)билерик:шакек в)майка:көйнөк
б)шым:туфли г)чылбоо:өтүк
15.бийик:жапыз
а)күчтүү:алсыз в)чоң:кыска
б)ысык:тоң г)түмөн:сансыз
16. асман : көк
А) суу : тунук В) аюу : сүрдүү
Б) алтын : сары Г) алмаз : кымбат
17. жез кемпир : жомок
А) көл : кургактык В) бүркүт : асман
Б) сүйүү : жүрөк Г) кар : кыш
18. поезд : рельс
А) автобус : дөңгөлөк В) унаа : асфальт
Б) учак : аба жолу Г) кеме : деңиз
19. бакылдоо : катуу
А) шыбыроо : угулгус В) чуркоо : ылдам
Б) сүзүү : терең Г) чарчоо : уйкулуу
20. капа : көңүл ачуу
А) ыйлоо : эркелөө В) уктоо : эс алуу
Б) чаңкоо : суу ичүү Г) түшүнбөө : суроо
Сүйлөм толуктоо
21. Мугалим өзү _ __жашап, өзү турмушта _ __сүйлөгөндө гана анын сабагы алда канча _ __болот. ( С. Иптаров )
А) сүйлөгөндөй/ жашаганындай/ таасирдүү
Б) билгендей/ каалаганындай/ кызыктуу
В) туура/ чындыкты/ таасирсиз
Г) кызыктуу/ кооз/ кызыксыз
22. Бизнесте ийгиликке жетүүдө көк бет, тырышчаак, артка кайтпаган адам болуш керек. _ _ошол эле учурда оор абалдан чыгуу үчүн ___ да болуш керек. *
А) Ошентсе да/ олуттуу
Б) Анткени менен/ адилеттүү
В) Себеби/ элпек
Г) Бирок/ ийкемдүү
23. Адамдардын көпчүлүгү башкалардын кемчиликтерин _ __да, өздөрүнүкү ___. *
А) дайыма сындайт/ туура дешет
Б) жашырышат/ ачыкка чыгып калат
В) көп байкайт/ менен иштери жок
Г) ушакташат/ ката болуп калат
24. Адамга Жер үстүндөгү жашоо жана аны коргоо ___. Бирок ал аманатка кыянат кылып, ага ___ жатканына күбө болуп турабыз. *
А) милдет болуш керек/ зулумдук кылып
Б) аманатка калган/ пайда кылбай
В) милдет болгон/ залал келтирип
Г) аманат кылынган/ зыянын тийгизип
25. Эң коркунучтуу жапайычылык - өз жерине физикалык дагы, руханий дагы ___.
А) колдоо көрсөтпөө
Б) бүлгүнгө салуу
В) зыян алып келүү
Г) кылмыш жасоо
26. Кыргыздар Орто Азиядагы ___ элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта _ __кезиккен бир дагы эл болбосо керек
( В. В. Бартольд )
А) аз калктуу/ саны өтө сейрек
Б) эң демократиялуу/ революциялары көп
В) билимсиз/ билим деңгээли төмөн
Г) эң байыркы/ аты мынчалык эрте
27. Астрономдор метеориттерден суунун молекулаларын жана Жердеги бактерияларга окшош структураларды табышууда. Бул табылгалар космосто Жерден сырткары да жашоо _ __деген гипотезаны ___. *
А) болушу мүмкүн/ билдирет
Б) бар/ жаратат
В) жок эмес/ жокко чыгарат
Г) болбойт/ туудурат
28. Бийлик үчүн __ баарынан бийик турса, өзөгү __ болот. ( Ж. Баласагын )
А) адилеттүүлүк/ бекем
Б) үстөмдүк/ күч-кубаттуу
В) жакшылык/ бошоң
Г) зулумдук/ чаташкан
29. Мына эми, __ , шаардын чырактары жаркырай _ _баштайт.
А) күн чыкса/ өчө
Б) түн кирсе/ жана
В) жарык түшсө/ күйө
Г) кеч кирсе/ көбөйө
30. Бүгүнкү күндө батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүк тургундары тамактануу режимин сактоого ___. Тилекке каршы, кыргыздарга бул түшүнүк ___.
А) көп маани беришпейт/ туура эмес көрүнөт
Б) басым жасашат/ эрте эле пайда болгон
В) аябай көңүл бөлүшөт/ жакшы жете элек
Г) аракет кылышпайт/ жат көрүнүш
ПРАКТИКАЛЫК ГРАММАТИКА
1. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз адабий тилдин нормасына ылайык колдонулган жок?
а) Мындан ары жумушуңду өз убагында бүтүрүп жүр.
б) Мектептин бакчасындагы гүлдөр соолуп калыптыр.
в) Козубек эртеден кечке тобун тегеретип жүрөт.
г) Үйүнөн чыгып эле машинага түшүп кетти.
2.Кептин стилин аныкта.
Эгерде аарылар бал челектин чоң көзөнөктөрүн ачык калтырышса, анда кыш жылуу болот, кичине көзөнөктөрүн ачык калтырышса, кыш аяздуу болот.
а) көркөм в) публицистикалык
б) илимий г) оозеки
3. Нурдинова Бегайым адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү, жумушун так аткарат. Ал өзүнүн чыныгы адис экенин далилдеп, көптөгөн диплом-грамоталар менен сыйланган.
Жогорудагы көрсөтүлгөн текст расмий эмес иш кагаздарынын кайсы түрүндө кездешет?
а) биография в) күбөлүк кат
б) мүнөздөмө г) справка
4. Калп айтуу бул - шермендечилик. Муну ынсапсыздыктын туу чокусу десек болот.
Жогорудагы текст кептин кайсы түрүнө мисал боло алат?
а) ой жүгүртүү в) сүрөттөө
б) баяндоо г) элестетүү
5. Синтаксистик жол менен жазалган сөздөрдү аныкта.
а) оюн-күлкү, ашпоз, аткана в) бала-чака, китепкөй, көз айнек
б) илим, басмакана, кызыл камчы г) басма сөз, өнөр жай, суу чарбасы
6. Актан ордуна отуруп, мылтыгын мээлей баштады.
Жогорудагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөргө мүнөздөмө бер.
а) орун бышыктооч в) максат бышыктооч
б) сын-сыпат бышыктооч г) мезгил бышыктооч
7. Чындыгында, кыргыз көрбөгөн азап калган жок, балдарым.
Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү тап.
а) чындыгында, балдарым в) калган жок
б) кыргыз көрбөгөн г) чындыгында, көрбөгөн
8. Кайсы вариантта аткаруучу тарап белгисиз болгон сүйлөм берилген?
а) Акчаларыңды унутуп кетиптирсиң.
б) Бул жерди абдан кирдетип салышыптыр.
в) Бизге жардам бергениңерге ырахмат.
г) Жумушту өз убагында бүтүрдүк.
9. Кайсы варианттагы сүйлөм кыймыл-аракеттин күмөн экендигин билдирет?
а) Арслан жумушка барбайт тура.
б) Ал шаарга барбасын бекен?
в) Эмдигиче айылдан келген чыгар.
г) Мен бул тасманы көргөн окшойм.
10. Кайсы варианттагы сүйлөмдө биринчи сүйлөм натыйжаны, экинчиси анын себебин көрсөтөт?
а) Жарык өчүп калды - телевизор көрө албайбыз.
б) Ошол күнү абдан чарчап тургам - сага жооп бере алган жокмун.
в) Жаан жаап жатат, жер топурак жыттанат.
г) Көлгө барбайбыз: эртең күн бузулат экен.
11. Арышым ай арстаным боорум ай дешип күңгүрөнүп ыйлашты.
Жогорудагы сүйлөмгө канча тыныш белгиси жетишпейт?
а) тогуз в) жети
б) сегиз г) алты
12. 1. Алыстан келген - Алтынай.
2. Мырзакул - күлүңдөгөн сулууча жигит эле.
3. Төрт жерде төрт - он алтыбы?
4. Жаш чырпыктын ийилгени - сынганы.
Сызыкча туура коюлган катарды тапкыла.
а) 1, 2 в) 2, 3
б) 1, 4 г) 4, 2
13. Ошол күнү абдан чарчап тургам сага жооп бере алган жокмун.
Жогорудагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлушу керек?
а) Үтүр в) Кош чекит
б) Сызыкча г) Үтүрлүү чекит
14. Кайсы сүйлөмдө тыныш белгиси туура эмес коюлган?
а) Ботом, кайсы Эркинди айтып жатасың?
б) Келбей калганын карачы ,кап.
в) Чишш тынчтангыла балдар!
г) Аттиң, …
16. Кайсы сүйлөмдө жантык тамгалар менен жазылган сөз өтмө мааниде колдонулган?
а) Айчүрөк кызына алтын сөйкө сатып берди.
б) Кечке чейин көзү ооруп жүрдү.
в) Андан бери канча жылдар акты.
г) Көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.
17. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз "жашоо" дегенди билдирет?
а) Жайкы каникулга дагы бир топ күн бар.
б) Асан азырынча айылда күн өткөрүп жатат.
в) Күн аябай катуу ысып жатат.
г) Беш күндөн кийин эс алууга кетем.
18. Арааны ачылган адамдар дүйнөдө аз эмес.
Жогорудагы сүйлөмдө жантык тамгалар менен жазылган сөз айкашы кандай мааниде колдонулду?
а) ач көз в) кедей
б) чыр г) жүдөө
19. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөр каалабастыкты билдирет?
а) Эркин бүгүн жыгылып кетчүдөй болуп жүрдү.
б) Мен сени кечээ көрө алган жокмун.
в) Ушул жерде эле ойноп жүрчүбүз.
г) Лекцияны угумуш эттим.
20. Кайсы катардагы географиялык аталыштардын баары туура жазылган? *
а) Түндүк Африка, Жакынкы чыгыш, Орто Азия.
б) Каракол, Базар-Коргон, Чыгыш өлкөлөрү
в) Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Көкө-Мерен
г) Борбордук Азия, Жалал-Абад, Төө ашуу
21. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
а) айыл-чарба, өнөр-жай, орун басар
б) айылчарба, өнөр жай, орун басар
в) айыл чарба, өнөр жай, орун басар
г) айыл чарба, өнөр-жай, орун- басар
22. Кайсы вариантта жазылышы менен айтылышы ар башка болгон сөздөр берилген?
а) оюнчук, таптаза, укмуштуу в) аччы, алыскы, жакынкы
б) жыгаччы, жипсиз, компьютер г) дээрлик, кыйла, ишемби
23. Кайсы катардагы сөздөр туура ташымалданган?
а) бо-ёк, баталь-он, обл-кеңеш в) боё-к, бат-альон, облкең-еш
б) боёк батальон, обл-кеңеш г) бо-ёк, батал-ьон, облкең-еш.
24. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
а) карамүртөз, Суречки, Майып балдарды коргоо фонду
б) кара мүртөз, суречки, майып балдарды коргоо фонду
в) карамүртөз, Сур-Эчки, Майып балдарды коргоо фонду
г) кара мүртөз, Суречки, Майып балдарды коргоо фонду
25. Кайсы катардагы сүйлөмдө заттын саны чамаланып көрсөтүлгөн?
а) Кичинекей баласынын жоругуна атасы чыдай албай күлүп жиберди.
б) Эң улуусу болгон Төлөк карыя, жаштарга бата берди.
в) Мугалим тынбастан, десе ага сүйлөмдөрдү жаза берди.
г)Агайы, тентек кылган окуучуларына жаза берди.
26.Кайсы катардагы сүйлөмдө заттын саны чамаланып көрсөтүлгөн?
а)Биздин арабызда жүздөгөн таанымал инсандар бар эле.
б) Ошондо алар кылмышкерди эки-үчүн жолу издеп, кайра келишкен.
в) Колхоздордо төл жүрүп жатты, капысынан миңден ашуун.
г) Баары
27)Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсынысында сын-сыпатты билдирген сөз катышкан?
а)Алар маркумдун кара ашына даярданып жатышты.
б) Өмүрүнүн аягына чейин караланып, акыры түрмөдө көз жумду.
в) Кара күрмө шай кийип, көңүл ачышкан кыздар.
г) Базарбайдын ичи кара экенин билбейт белең?
28) Кайсы катардагы сүйлөм кыймыл-аракеттин мезгилин билдирет?
а) Ал учуп кетпесин деп, дароо канатын кыркып салдык.
б) Азыр атом менен космостун доору болсо да, революция жараткан Дүйшөндөрдүн деле биздин катарыбызда.
в) Биз эски дүйнөнү талкалап, ачыктан-ачык ай-ааламга жарыя кылууга жеткенге дейре жердин астына киргим келбейт.
г) Эгер ал күнү Каныбек келип кала турган болсо, Дарыяхан үйүндө болмок эле.
29. Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин узакка созулушун, кайталанышын билдирип турат?
а) Кичинекей баланын жоругуна атасы чыдай албай күлүп жиберди.
б) Улуусу болгон Төлөк карыя, жаштарга бата берди.
в) Мугалим тынбастан, доскага жаза берди.
г) Агайы тентек кылган окуучуларына жаза берди.
30. жалган... , жер... , бала...
Берилген сөздөргө катары менен уланганда, татаал сөздөр жасалган болот?
а) сөз, тар, кап
б) ушак, оорусу, мезгили
в) куран, жемиш, кыял
г) калп, уюгу, мүнөз
Жрт: ЭНЕ ТИЛИНДЕ ОКУП ТҮШҮНҮҮ
(1-текст)
( 1-сап )Дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү "Айгүл" гүлү Кыргызстандын Баткен аймагында гана өсөт. Апрель айында жергиликтүү калк бул гүлдүн ачылуусун чоң майрам катары белгилешет. Бирок бул күн эл үчүн майрам болсо, ал эми "Айгүл" гүлү үчүн өзүнчө эле кыямат.( 11-сап )
Жергиликтүү карыянын айтымында Айгүл гүлүнө байланыштуу эки уламыш эл арасында айтылып жүрөт. Биринчи уламыш төмөнкүчө: «Өткөн заманда бирин-бири катуу сүйгөн кыз-жигит болуптур. Жигиттин аты Козулан, кыздын аты Айгүл болот. Жигит согушка кетип, ал ( 21-сап ) жактан кайтпай калат. Түгөйсүз жашоону каалабаган кыз аскадан боюн таштайт. Кыздын денесинен чыккан кан туш тарапка чачырап убакыттын өтүшү менен кан тийген жерлерге татынакай гүлдөр чыга баштайт. Бул гүлдү элдер Айгүл гүлү деп атап, ага соккон шамалды Козулан деп атап ( 31-сап )коюшкан. Экинчи уламыш боюнча тоо арасынан чыккан айдын алгачкы шооласы дал ошол гүлгө, андан кийин калган жерге таркалат экен. Аны байкаган адамдар ай тийген гүл деп жүрүп, Айгүл гүлү атына конуптур.
Айгүл гүлү корукка алынган, бирок...( 41-сап )
Ушундай баалуу гүлгө жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай жатканы учурдун актуалдуу маселесине айланды. Кепти башынан баштасак, бул гүлдү корукка алуу демилгеси Кара-Булак айылынын тургуну Мырзапар Үсөнов тарабынан көтөрүлүп, 1981-жылдан баштап ошол айылдын эки мектеби ( 51-сап )
тарабынан Айгүл гүлү корукка алынган. Ал эми 1989-жылы 16-апрелде областтык деңгээлде гүл майрамы өткөрүлгөн. Айгүл гүлүнө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда бул гүл чет өлкөгө ташылып кетип жатат. Мындан тышкары көргөнү келген элдер да гүлдүн ( 61-сап )осушуно карабай үзүп кетишет. Ошондой эле баткендик аткаминерлер тарабынан белек-бечкек катары башка өлкөгө тамыры менен жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери да өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып үзүп кетип жаткандарын айтып беришти.
Гүлдүн бир талы 1000 сом...( 71-сап )
Бул маселе боюнча Баткендеги Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жакып Исаковго кайрылганыбызда: "Бала чагымдан бери Кара-Булак айылында жашагандыктан, Айгүл гүлүнүн кандай чоңоюп, өзгөрөөрүн жакшы билем. Мындан 50 жыл мурун анын узундугу 1,5-2 метрге чейин ( 81-сап )жетчү. Ал убакта бир тамырдан 30-40 баш гүл аччу. Бүгүнкү күндө эң эле көп дегенде 15-18 ге жетет. Биздин айылдык эки мектеп мугалимдери менен окуучулары маал-маалы менен коруп келишет. Былтыр акимият тарабынан 10 жоокер келип майрам күндөрү корушкан. Бирок элдер аларды да тоготушкан жок. ( 91-сап )
Бир баш гүл жулгандыгы үчүн 1000 сом айып пул салынат, а бирок аны эч ким төлөбөйт. Ошентсе да жергиликтүү калк гүлдү тамыры менен жулушпайт." - деген оюн ортого салды.
Айгүл гүлү мектеп окуучуларына гана керекпи?
Окуучулардын коругу тууралуу Закир Абдыкадыров атындагы ( 101-сап )орто мектептин мүдүрү Абдимитал Тажибаев төмөнкүлөрдү айтты. «Эртең менен окуган окуучулар түштөн кийин, түштөн кийин окуган окуучулар эртең менен бир ай ичинде мугалимдери менен кошо барып Айгүл гүлүн корушат. Бирок окуучуларды жаш деп чоңдор тоготпой койгон учурлар( 111-сап ) да жок эмес.» Ушундай эле пикирди 11-класстын окуучусу Жыргал Нажимидин уулу да айтты. «Биз гүлдү сактап калуу максатында жыл сайын кайтарабыз. Бирок аянты чоң болгондуктан, 4 посттун 2 постун гана кайтарууга жетишебиз. Калган эки постто эмне болуп жатканын биле албайбыз. ( 121-сап )
Анткени, бизден башка эч ким кайтарбайт. Биз жөн гана келген элдерге эскертип, айып пулдар тууралуу да түшүндүрөбүз. Эгер гүлгө зыян келтирүү ушул бойдон кете берсе билбейм, балким биз көз ачып жумганча Айгүл гүлүнүн талын санап калабызбы?» - деген суроону кабыргасынан койду.
Айгүл гүлүн соолуткан ( 131-сап )кайдыгерлик
Корукту коргоо маселеси боюнча Баткен облустук Токой чарбасынын жетекчиси Абдикалык Кимсановго кайрылганыбызда, ал: «Айгүл гүлү өскөн тоо биздин карамагыбызга кирбегендиктен, биз корубайбыз. Бирок, мен жыл сайын өткөрүлгөн Айгүл гүл ( 141-сап )майрамына каршымын. Себеби гүлдүн эң кор болгон күнү ошол күндөр болот. Менин оюма койсо, ал майрамды өткөрүүгө тыюу салып,тоо этегине питомниктерди куруп, келгендерге да ыңгайлуу шарттарды жаратмакмын,» - деди. Мындан башка гүлдүн чет өлкөгө кетип жатышы жана ( 151-сап )
чиновниктер тарабынан белекке берилиши тууралуу фактыны «эл ичиндеги ушак» деп сыпаттады.
Мына окурман, дүйнөнүн үч гана өлкөсүндө кездешкен уникалдуу Айгүл гүлүнүн тагдыры ушундай абалда. Эч ким жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбейт. Өзүнүн сейректиги менен дүйнө жүзүн өзүнө көңүл бурдурткан( 161-сап )
Айгүл гүлү жок болуп кетүү коркунучуна кептелди. Жаратылыштын берген байлыгын мамлекеттик деңгээлде коргоп калуунун ордуна тырмактай мектеп балдарына түртө салуу кандай гана өкүнүчтүү. Ушундай кайдыгерликтен улам, Айгүл гүлүнүн соолушуна себепкер болуп жатабыз. Болбосо корукка ( 171-сап )
айлантып, Айгүл гүлүн кастарлап баксак, туристтердин көзүн кызарткан Баткен дубаны туристтик аймака айланбайт беле?..
( Динара Курбанбекова, Сайкал Кулназарова , «Манас» гезити)
1)Тексттин негизги максаты эмне?
А)айгүл гүлүн коргоп, сактап калууга чакыруу
Б)айгүл гүлү тууралуу кененирээк маалымат берүү
В)айгүл гүлүнүн азаюу себептерин изилдөө
Г)айгүл гүлүн коргоонун жолдорун сунуштоо
2)41-44-саптардагы сүйлөм менен 54-69-саптардын ортосундагы байланыш ___.
А)натыйжа жана себеп В)себеп жана натыйжа
Б)факт жана далил Г)ой жана аны төгүндөө
3)Автор кимдин оюн билдирүү менен айгүл гүлүнүн көп жылдар ичиндеги терс жакка өзгөрүүсүнөн кабар берет?
А)Жакып Исаков В)Жыргал Надимидин уулу
Б)Абдимитал Тажибаев Г)Абдикалык Кимсанов
4)Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы текст боюнча туура?
А)Айгүл гүлү корукка алынганына карабастан, аны эч ким коргобойт.
Б)Атка минерлер айгүл гүлүн белек катары башка өлкөлөргө жиберип жатышат.
В)Айгүл гүлү мектеп окуучуларына гана керек.
Г)Айгүл гүлү мамлекеттик денгээлде корголбостон, мектеп балдары тарабынан корголуп жатат.
5)Элдин эмнеси авторду абдан өкүндүрөт?
А)тууганчылдыгы В)кенебестиги
Б)түркөйлүгү Г)кайдыгерлиги
6)155-саптагы "уникалдуу" деген сөз кандай мааниде колдонулду?
А)өзгөчө В)маанилүү
Б)актуалдуу Г)сейрек учуроочу
7)Тексттин 84-90 жана 103-111-саптарында айтылган ойлор бири-бирине _
А)каршылаш В)себеп-натыйжалаш
Б)маанилеш Г)удаалаш
8)Төмөндөгү цитаталардын кайсынысы калган үчөөну жалпылап турат?
А)"Айгүл гүлү өскөн тоо биздин карамагыбызга кирбегендиктен, биз корубайбыз".
Б)"Эч ким жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбейт".
В)"Жаратылыштын берген байлыгын мамлекеттик деңгээлде коргоп калуунун ордуна тырмактай мектеп балдарына түртө салуу кандай гана өкүнүчтүү".
Г)"Анткени, бизден башка эч ким кайтарбайт".
9)154-175-саптаран автордун кандай эмоциясын байкоого болот?
А)кыжырлануу В)өкүнүү
Б)уялуу Г)кайгыруу
10)Берилген тексттин маанайы эмнеге көбүрөөк жакын?
А)ой толгоого В)маалымат берүүгө
Б)сындоого Г)баяндоого
(2-текст)
( 1-сап )
...Кеп оролу элди эл, журтту журт кылган кыргыз салттары жөнүндө. Азыр эле жайдак жерге кокус асмандан түшкөнсүп танып, көктө жүргөнсүгөн айрымдар чанып, билбегендер бурмалап, атайылап жерип жаткан, чындыгында биздин барчылыгыбызды шарттап келген нукура каада-салттарга карата( 11-сап )
мамиле тууралуу кеп болмокчу.
Ар кандай деӊгээлдердеги жана форматтардагы талкууларда удулу келгенде айта келген сөзүмдү дагы бир сыйра маалымат каражаттары аркылуу айттырууга журналист айымдын: “Байке, тарыхчы катары айтыӊызчы, “корруциянын тамыр жайышына кыргыз каада-( 21-сап)салттары өбөлгө түзөт, анткени “майлап бермей”, “буюм жуумай”, “базарлык дооламай” сыяктуу кыргыз элинин салттуу көрүнүштөрү буга далил” деген пикирге кандай карайсыз?” – деген соболу түрткү болду. Ой деп айтууга ооз батпай турган ушул сандырак, бирок кесепеттүү жоромолду ( 31-сап )
наамдарга ээ адам саймедиреп айтканын журналист кыздын толкунданганынан улам боолголодум.
“Жок, андай эмес, кыргыз салтында коррупцияны даӊазалаган, аны пир туткан көрүнүш болгон эмес, дегеле салт да эмес” деп түшүндүргөнгө аракет кылдым, билгенимди( 41-сап ) мисалдар менен айтып бердим.
Кыргыз элинде тартуу кылуу ырым болгон. Айрыкча жакшы көргөн, сыйлаган адамына алгыр куш, күлүк ат тартуулаган. Жолоочуну үйгө түшүрүп, даам сыздырып, келаткан көчтү сыйлоо салты болгон. Куш салган мүнүшкөр, аӊ уулап чыккан мергенчи уудан кайтканда ( 51-сап ) жолунан чыккан адамга олжосунан ыроолоп, жолоочу колундагы оокатын берип сыйлаган, кыскасы экөө теӊ ырыскысын бөлүшкөн.
Булардын баары симметриялык, шайкеш кайтарымдуу негизде, адекваттуу, “сыйга сый, сыр аякка бал” жообу болгон. Мисалы, аӊ терисин тартууласа, ( 61-сап )
тартуулаган кишиге алтын-күмүш, башка буюм, союшка мал ж.б.у.с. ыроолонгон. Эч кандай жаман ою жок, энөө кыргыз жазында айчылык жол менен ар жайлоого көчүп, жакага түшкөнчө көрүшпөгөн сыйлуу аксакалга, кадырлуу байбичеге, кан кудасына, акырет досуна, асылкеч курдашына, жакада ( 71-сап )калган коӊшусуна, алыс-жакын тууганына, үзөӊгүлөшүнө, сыркоолоп жаткан кишиге жакшы оокатын, колунан келген буюмун тартуу кылган.
Үмүт этсе үмүт эткендир, асты акысына эч нерсе доолаган эмес. Башына иш түшсө керектүү оокатын сураган же сураткан. Балдарга тай энчилеген, отко ( 81-сап )кирген жаш үй-бүлөгө мал ыроологон. Башка бардык элдердей эле бири-бирине белек кылышкан. Ал эми жаӊы буюмду майлоо, жууп бермей кыргыз турмушуна XIX кылымдын башы менен келген көрүнүш.
Орустардын арабага карата “Не подмажешь, не поедешь” деп лакап кеби бар. Паракорлук( 91-сап )күчөгөндө карапайым орус эли, интеллигенциясы бул лакапты жаман жорук катары шылдыӊ, аллегория маанисинде колдонгон. Ал эми коррупциянын жогорудагыдай кыйын идеологдору өндүрүштүк, тиричиликке тиешелүү лакапты өзү үчүн, өзүнө ыӊгайлуу маанисинде пайдаланып, “мына,
( 101-сап )орус калкынын эзелки салты бул, сен кандай түшүнбөйсүӊ, мужук” деп акча өндүрүп, бул “эрежесин” фольклордогу мисал менен негиздеп, жалпы коомго жайылтышкан.
Орус империясынын тамырын кыркып, өзөгүн жеп, ыдыроосуна негиз болгон паракорлук, көз боёмочулук күчөй баштаган кез ( 111-сап )орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларында эӊ мыкты сүрөттөлгөн. Башкасын койдук, Гоголдун “Ревизор” менен “Мертвые души” чыгармаларында жемкорлор калктын канын кандай айла-амал менен соргону, шылуун паракордун психологиясы, умтулган идеалы жана жашоо( 121-сап ) принциптери даана сүрөттөлгөн.
Кыргыз баласы “майлоо”, “жууп берүү” ырымдарын качан турмушта колдоно баштады? Качан гана автоунаага жеткенде, тээ өткөн кылымдын орто ченинде буга чейин көрбөгөн буюмдун урматына бир жарым кылым бирге жашаган орус элинин “майлоосун” күнүмдүк ( 131-сап )турмушта колдоно баштады.
Акындар коомдун күрөө тамырын кармап турат дешет. Тыштан ооп келген жаман адат катары “майлатуу”, “жуудуруу” совет доорундагы кыргыз адабиятында сатиранын темасына айланган:
“Биздин досубуз Чекмурат
Ичкиликтен кеп кылат.
Байпак сатып алсаӊ да,( 141-сап )
Майлабайсыӊбы деп турат”, - болжолу ушундай тамашалуу саптар эски муундун эсинде болуш керек.
Салтка дегеле тиешеси жок жаӊы “ырымды” ошол кездин алдым-жуттумдары кийин кызматка дайындоо, квартира берүү, автоунаа, чет элдик оокат баштаган таңсык товарларды ( 151-сап ) сатуу сыяктуу советтик доорго мүнөздүү окуяларда кеӊири пайдаланышты.
Социалдык-экономикалык ургалдуу өнүгүүгө негизги шарттарынын көбү жетиштүү туруп, эгемендикке ээ болгон 27 жыл ичинде жакыр өлкө бойдон калышыбыздын эӊ башкы себеби болгон, жарандардын ( 161-сап ) фундаменталдуу укуктарын ишке ашырууга эбегейсиз тоскоолдук жараткан каргашалуу коррупцияны да байыркы кыргыз салтынан издеп, аны ата-бабаларыбызга шылтап жатканыбыз кооптондурат.
Коррупцияны байыркы кыргыздын салтына такоо аракети - кыргыз элинин каада-
( 171-сап )салттарына биринчи эле жолу урулган сокку эмес.
Демек, салт-санаа, каада-наркыбызды ичтен жана тыштан агрессивдүү дискредитациялоого туруштук бере алсак, нарк-насилибизди, нравалык баалуулуктарыбызды сактай алсак, ааламдашкан заманда улуттук ( 181-сап )
иденттүүлүгүбүзгө доо келтирген кесепеттерден алыс болобуз.
(2-текст) боюнча суроолор
11)Текст аркылуу автор эмнени айткысы келген жок?
А)"Жуудуруу", "майлатуу" ырымдары совет доорунда эле бар болгон.
Б)Коррупцияны байыркы ата-бабаларыбыздын турмушу менен салыштыруу- чеки иш.
В)Паракорчулук кыргыз каада-салтына айлана баштады.
Г)Каада-салтты өз калыбында сактасак, терс крүнүштөрдөн оолак болобуз.
12)Текстте "орол" деген созго маанилеш дагы кайсы соз колдонулган?
А)каада-салт В)кесепет
Б)тема Г)удул
13)34-саптагы "боолголодум" деген сөздү төмөндөгүлөрдүн кайсынысы менен алмаштыра алабыз?
А)байкадым В)эстедим
Б)болжолдодум Г)туйдум
14)Тексттин 42-63-саптарындагы негизги ой
А)Илгери сыйга сый менен жооп берип, бири-бирине мал же буюмдарды ыроолошчу.
Б)Азыркы күндө бири-бирине белек берүү ырымы жок.
В)Даам сыздыруу, көчтү сыйлоо байыркы кыргыз салты болгон
Г)Белек берүү ырымы мурдараак өтө актуалдуу болгон.
15)13-34-саптардагы ойду тексттин калган болүгү__.
А)жыйынтыктап турат В)чечмелеп турат
Б)төгүндөп турат Г)сүрөттөп турат
16)“Майлап бермей”, “буюм жуумай”, “базарлык дооламай” сыяктуу ырымдарга автордун көз карашы кандай?
А)он В)нейтралдуу
Б)терс Г)автор өз көз карашын билдирбейт
17)Автор Гоголдун "Ревизор" менен "Мертвые души" чыгармаларын эскерүү менен эмнени айткысы келген?
А)орус адабиятындагы коррупция жөнүндө чыгармалар коп экендигин
Б)орус империясынын саясатына коррупциянын терс таасирлерин тийгизгенин
В)“Майлап бермей”, “буюм жуумай" орус империясына болгон таасирин
Г)“Майлап бермей”, “буюм жуумай” бизге орустардан келгенин
18)Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?
А)адабий көркөм В)макала
Б)илимий Г)публицистикалык
19)Жогорудагы текстте кыргыздардын эмнеси жөнүндө сөз болбойт?
А)каада-салты В)психология
Б)паракорлук Г)эгемендүүлүгү
20)Текстке кандай тема койсо болот?
А)Паракорчулуктун каада-салтка таасири.
Б)Байыркы кыргыздардын тарыхындагы коррупция.
В)Каада-салтка доо кетирбейли.
Г)Каада-салттын терс көрүнүштөрү
(3-4-текст) ( 1-узунду )( 1-сап )
...Эне тилибизди ата-бабаларыбыз көөнөрбөс мурас катары калтырган. Тилибиз байыркы бай тилдердин бири экендигин карт тарых айгинелеп турат.
Кечээ жакында лингвист-окумуштуу, австралиялык Венгер Стефенно Ворму дүйнөлүк тил атласын түзүп, 50гө жакын тил ( 11-сап )жок болуу коркунучунда экендигин тастыктады. Адистердин пикири боюнча бир элдин жеткинчек балдарынын 30%дан ашыгы эне тилинде сүйлөбөсө тилдин жок болуу коркунучу жаралат экен.Ал эми кыргыз тилинде 3 миллиондон ашык адам сүйлөп турганда жоголуп кетет деп ойлобойм...(21-сап)
Биздин айрым «киргиздерибиздин» терс мамилелерин көрүп туруп, өкүнөсүң. Эгемендүүлүккө жетсек деле эч натыйжа жок деп кол куушуруп, бири-бирибизди тиктеп тура бермей адатыбыздан кутулсак жакшы болоор эле.
Айрым маалыматтарга карасак, Канадада, Грузияда, Дагестанда(31-сап)
ж.б. жерлерде өз тилин мамлекеттик тил катары жогору баалашат. Биз деле алардан калышпай өз тилибизди мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө тийишпиз.
Канча тил билсең ошончо адамсың дегендей, башка тилдерден келген сөздөрдү билип, сиңирип, өз эне (41-сап)тилибизге айкалыштырып байытуу зарыл. Бул багытта тилчилер эмнеге иштебейт?
«Биздин мамлекеттик тилге кам көрүп жатканыбыз эч качан расмий тилдүүлөргө терс таасирин тийгизбейт», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева. Биздин тил улуу тил. «Орто Азия жазма (51-сап)эстеликтеринде аты эң эрте эскерилген эл – Кыргыз эли» деп улуу окумуштуу В.Бартольд бекеринен белгилеп, айтып чыккан эмес. Улуттук ар намыс көп тил билүүдөн сыртта калуу дегендик эмес. Кыргыз жаштары өз эне тилинен тышкары зарыл делген дүйнөлүк тилдерди үйрөнүп жатышат. Орус тилин (61-сап)жакшы билишет. Башка тилдерди жакшы билүү менен өз тилиңди өнүктүрүп, өстүр дээр элем.
Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз мамлекетинин эне тили. Ырас, эне тили болгондон кийин мектепке чейинки тарбия иштеринде мамлекеттик тилди окутуу милдеттүү түрдө жүргүзүлсө. (71-сап). Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле, жоопкерчилик болушу керек. Демек, ал тил мамлекеттин турмуш тиричилигинин тили катары жашашы парз. Мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн муктаждыктарын ошол тил аркылуу канааттандыра алгандай шарт, өзгөчөлүктөр (81-сап)түзүлүшү керек. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде кам көрүшүбүз зарыл. Себеби тил менен улут тагдыры, кыргыз улутунун улуттук жан дүйнөсүнүн тагдыры аныкталышы абзел.
Курч калемгер Шайлообек Дүйшеевдин:
«Жылт эткендин баары жылдыз эмес,(91-сап)
Кабыландын баары Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Хан болсо да кыргыздын баласы эмес!» — деген ыр саптары бекеринен айтылбаган.
Кыргыз элинин атуулумун деген ар улуттагы жаштарды мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, өнүктүрүүгө чакырар элем. (101-сап)
Мамлекеттик тил бирөө эле болот. Ошого баш ийип, аны сыйлайлы. Анткени мамлекеттик тилди билүү, өнүктүрүү ар бир кыргызстандыктын милдети.
Тил улуттун улут экенин аныктаган паспорт. Ошондуктан кыргыздын улуулугу, сулуулугу, баалуулугу анын кереметтүү тилинде экендигин унутсак, ата- (111-сап)
бабалардын арбагы бизди кечирбейт. *(Сайракан Мамбеталиева) *
2-узунду
Сиз “барчук”, “келчүк”, “койчук” деген сөздөрдүн маанисин түшүнөсүзбү? Мектепте кыргыз тили сабагынан мугалимиңиз ушул сөздөрдү окутту беле?
Чыңгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Аалы Токомбаевдин чыгармаларынан (121-сап)ушундай сөздөрдү жолуктурдуңуз беле? Тилекке каршы, жаштар бүгүн ушинтип тантып сүйлөп калышты. "шундай сүйлөш керек" деп үйдөгү ата-энелери да, мектептеги мугалимдери да үйрөтпөсө керек. Бирок барган сайын кыргыз тилин мутантташкан мите сөздөр (131-сап)менен сүйлөгөндөргө толуп бараткан сайын, интеллигенция дегенибиз каршылык кылуунун ордуна унчукпай макул болуп, тымызын багынып берип жаткандай сезилет. Унчукпай макул болуу акырындап өлүү дегенди түшүндүрөт эмеспи.
Мындан бир топ жыл илгери кыргыз тили боюнча бир (141-сап)
жыйында Венгриядан келген кыпчак жигит чыгып сүйлөп: “Тилиңер такыр эле мутантташып бүткөн экен. Сүйлөгөн сөздөрүңөрдүн баары мите сөздөргө толуп кетиптир” деген эле. Танапис учурунда жанына барып: “Мите сөздөр" деп кайсы сөздөрдү айтып жатасың?” десем: “Сүйлөп (151-сап) баратып эле “между прочим”, “так что”, “вообще” деген өңдүү мите сөздөрдү кошуп кете берет экенсиңер” деп жооп берген.
"Ооба “биз ошентип сүйлөпкалдык” дегем. Ал кезде жогоруда мен мисал кылган ”барчук, келчүк, койчук” дегендер тилибизге кире элек болчу. Эми бүгүн бул сөздөр
(161-сап)кирип, кирмек түгүл жаштарыбыздын тилинде кадимкидей жашап жатат. Ал тургай ушундай мите сөз менен сүйлөгөндөрдүн алды 50 жашка таяп калыптыр.
Алардан кийинки муун “барсаңыз” деген сөздү, “барсаз”, “келсеңиз” деген сөздү “келсез”, “берсеңиз” деген сөздү(171-сап) “берсез” деп сүйлөп жүргөнүн көрөсүз.
Эксперттер "Кыргызстан - дүйнөдө мыйзам менен иштегенди, мыйзам менен жашаганды өздөштүрө элек өлкөлөрдүн бири" дешет. Бизде бүгүн “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” деген 80 000 сөздөн турган сөздүк бар. (181-сап)
Эне тилибиздин мыйзамы - ушул китеп. Кыргыз тилинин фундаменти - ушул китеп. Муну даанышман абабыз, академик Кусейин Карасаев түзүп кеткен. Китеп 2000-жылы президенттин колдоосу менен мамлекеттик тилдин 20 жылдык урматына карата толукталып, байытылып, кайрадан басылып чыккан.(191-сап)
Тилекке каршы, бүгүн коомубуздагы башка мыйзамдар сыяктуу эле Эне тил мыйзамы да иштебей калды. Ар ким оюна келгендей жазып, ар ким оюна келгендей сүйлөп, тилди шылдыңдап, тантып сүйлөп жатат. Минте берсек ансыз да келечеги бүдөмүк тилибиздин ылдам жок болушун тездетебиз. (201-сап)
Ошондуктан Билим берүү министрлиги эне тил мыйзамын аткарууга эрки, билими жетпесе же чындап эле эне тилибиздин кадырына жетпесе, келечегине ишенбесе, кыргыз балдарын эне тилинде окутууну каалабаса, анда Кыргызстанда кыргыз тилин окутууну токтотуп, бала бакчалардан тартып бардык (211-сап)мектептер менен окуу жайларын тезинен англис жана кытай тилдерине которуу керек.
Анткени Кыргызстан келечекте “барчук”, “келчүк”, “койчук” деген “мутант” тилдүү жаштардын колуна тийишин мен эле эмес, башкалар да каалабаса керек! (Шайлообек Дуйшеев)
21)1-2-үзүндүдөгү негизги ой
А)каада-салтка байланыштуу
Б)эне тилинин келечегине байланыштуу
В)авторлордун иш-тажрыйбаларына байланыштуу
Г)коомдогу терс көрүнүштөргө байланыштуу
22)1-үзүндүдөн кандай тыянактарды чыгара алабыз?
1)Азыркы күндө көптөгөн жаштар тилди шылдыңдап, тантып сүйлөп жатышат.
2)Кыргыз тили жоголуу коркунучунда жакынкы араларда болуп калуусу толук ыктымал.
3)Автор акылыбызды кыргыз тили жана башка тилдер менен айкалыштырып байытууну сунуштайт.
4)Кыргыз эли-Орто Азиядагы байыркы элдерден.
А)2,3 гана В)3,4 гана
Б)1,4 гана Г)1,2 гана
23)2-саптагы "көөнөрбөс" деген сөз сүйлом ичинде кандай мааниде колдонулган?
А)кайталангыс В)эскирбес
Б)баалуу Г)табылгыс
24)1-үзүндүдө 2-үзүндүгө караганда
А)автордун эмоциялары күчтүүрөөк болду
Б)проблеманын чечилүү жолдору кененирээк берилди
В)эне тили жөнүндөгү көйгөйдүн канчалык маанилүү экендигин көрсөттү
Г)эне тилин унуткандарды өзгөчө сынга алды.
25)Эки үзүндүнүн тен авторлору эмнеге жан ачытууда?
А)кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары жогору бааланбаганына
Б)эне тилин үйрөнгөндөр аз болгонуна
В)тилдердин аргындашып кетүүсүнө
Г)кыргыз тилинин унутулуп бараткан тилдердин катарынан орун алганына
26)1-үзүндүдөгү 13-20-саптардагы ойду 2-үзүндүдөгү 191-200-саптарда туюндурулган ой ___
А)жалпылайт В)кайталайт
Б)төгүндөйт Г)далилдейт
27)1-үзүндүдө автор 2- үзүндүнүн авторунун кандай пикирин өз макаласында колдонот?
А)"Мамлекеттик тил бирөө эле болот. Ошого баш ийип, аны сыйлайлы."
Б)"Кыргыздын улуулугу, сулуулугу анын кереметтүү тилинде экенин унутсак, ата-бабалардын арбагы бизди кечирбейт."
В)"Биздин айрым "киргиздерибиздин" терс мамилелерин көрүп туруп өкүнөсүң."
Г)"Калкын чанган, калкынын тилин чанган, кан болсо да, кыргыздын баласы эмес"
28)2-үзүндүдө автор Кусейин Карасаевдин сөздүгүн эскерүү менен эмнени айткысы келди?
А)анын эне тилибиздин башаты болгонун
Б)анын көлөмдүүлүгүн
В)анын кыргыз тилининдеги жазуу эрежелеринин баштапкы көрөңгөсү болгондугун
Г)анын агглютинативдүүлүгүн
29)2- үзүндүдө автордун кандай эмоцияларын байкай алабыз?
А)жактырбоо, ачуулануу В)жийиркенүү, кайгыруу
Б)түңүлүү, ой толгоо Г)боор ооруу, ишенүү
30)Төмөндөгу ырастоолордун кайсынысы үзүндүлөрдөгү текст боюнча туура эмес?
А)Канада, Грузия , Дагестан элдери өз тилдерип кастарлап, аны мамлекеттик негиз катары жогору санашат.
Б)"Барсаз", "барчук" деген сөздөр мите сөздөрдүн катарын толуктайт.
В)Кыргыз тилиндеги окутууну токтотуп, окуу жайларын кытай, англис тилдерине которуу керек.
Г)Стефенно Вормунун изилдөөсүнө ылайык 50 гө жакын тил кыйроо коркунучунда турат.
34