Тилден түбөлүктүү, тилден артык өнөр жок.
Ар бир элдин тили - өзүнө улуу.
Ч.Айтматов
Эртең менен эрте туруп таңды тосуп алгандан артык бакыт барбы? Жашообуздун дагы бир күнүн тосуп алып,күндү улайбыз.Ар бирибиз алдыбыздагы максаттарыбызды ишке ашырып,милдеттерибизди аткарганга шашабыз.Бирок,баарыбыз өз милдеттерибизге киришээрден мурда бир түрдүү кыймыл-аракет жасайбыз.Тагыраак айтканда,күзгүгө каранабыз.Атайын сурамжылоо жүргүзүлүп,бул кыймыл-аракетти он кишинин тогузу сөзсүз көрүнөм,себеби мен адамдарга кандай көрүнүп жатканым мен үчүн маанилүү деп билдиришкен.Ушул жерде немец ойчулу Шиллердин:”Тил – бир улуттун күзгүсү”деген сөзүн эске салгым келди.Сырткы көрүнүшүбүзгө маани бергендей тилибизге күн сайын көңүл бурабызбы... Себеби адамдын келбети - анын сөзү.Чындыгында кийген кийимиңе эмес,сөзүңө карап ишенет.Ар бир киши сөздөр аркылуу жыйынтыкка келет.Тил канчалык өнүккөн болсо,ойлор ошончолук даана берилет.Эч бир нерсе тилдей маанилүү эмес.Мына ушул эне сүтү аркылуу келген эне тилибиздин мамлекеттик тил макамын алгандыгына быйыл 34 жыл болуп отурат.Тагыраак айтканда,1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши”Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө мыйзам кабыл алып,кыргыз тили өлкөдө мамлекеттик тил”деген макам алган.Ушул отуз жыл ичинде кыргыз тилибиздин өсүп өнүгүшүнө мамлекет тарабынан көптөгөн аракеттер жасалып келе жатат.Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болуп,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”токтому эсептелет.Эң негизгиси ушул мыйзам канчалык деңгээлде аткарылып жатат жана мамлекеттик тил катары кыргыз тилинде кандай көйгөйлөрдү кездештирип жатабыз.Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили.
Эне тил! Кандай жөнөкөй,кандай терең,кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп,сезимибизди ойготуп,акылыбызды арыштатып турат.Кыргыз тилинде ойлонуп,кыргыз тилинде жан-дүйнөбүздү байытсак деген ой ар бир өсүп келе жаткан жаш муунда болсо...
Мугалим катары мен жолуктурган көйгөйлөргө токтоло кетсем:
Акыркы жылдары кыргыз тилибизге көп көңүл бурулбай кайдыгер мамиле жасагандай болуп жатабыз.Буга мисал катары,орус мектептерде 5-6-класстарда кыргыз тили сабагы бир саатка кыскартылып,анын ордуна чет тилдер сабактары көбүрөөөк киргизилгендигинде.Адабият сабагы мурда эки тайпага бөлүнүп окутулса,азыр чогу жумасына бир саат гана өтүлгөндүгү.
Кыргыз мектептерге караганда биз балдарыбызды орус мектептерге көбүрөөк берип жаткандыгыбыз,ошондой эле акы төлөп башка тилге басым жасаганыбыз.Ал эми кыргыз тилин окуп-үйрөнүү үчүн ошондой талаптын жоктугу.
Көрнөк-жарнактардагы,көчөлөрдөгү,баннерлердеги орфографиялык одоно кетирилген каталар.
Көпчүлүк элдердин назарында дайыма болуп тургандыктан,өзгөчө депутаттар,мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин бузуп сүйлөп,адабий тилдеги нормаларды сактабагандыгы.
Азыркы заманда технологиянын өнүгүшү менен катар андагы кемчиликтерди айта кетпесек болбойт.Компьютердин заманы дегенибиз менен аны туура багытта колдоно албаганыбыздын кесепетинен да тилибизде сөздөр туура жазылбай,эне тилибиз аксап жаткандыгын айткым келет.
Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүугө багытталган мыйзамдар же жалпы элдик сүйүү эмес”муктаждык”жетпей жатат.
Республикабызда чыгып жаткан окуу китептерди,гезит журналдарды окуп көрсөң,(баары тең деп айтууга болбос) стилистикалык,орфографиялык,пунктуациялык каталарды жетиштүү деңгээлде жолуктурабыз.
Маданияттын биринчи баскычы эне тилинде жакшы сүйлөө жана туура жаза алуудан башталат.Тил системалуу,эрежеге таянган бир тартипте болбосо,сөздөр айта турган ойду жакшы бере албай калат.Ой жакшы түшүндүрүлбөсө,жасала турган иштер туура жасалбай,кээ бир жерлери кемтик бойдон калат.Бул иш эмне менен бүтөөрү да бүдөмүк болот.”Дүйнөнү өзгөртүүнү кааласаң,өзгөртүүнү өзүңдөн башта”деген сөздү ар бирибиз унутпашыбыз керек.Андыктан биз дагы мугалим катары сабактарыбызда эне тилибиздин нарк-насилин,баалуулугун көтөрүү милдетибиз деп билебиз.Орус мектепте,орус класстарга сабак бергендиктен сөздүк иши менен көбүрөөк иштешебиз.Балдар менен биргеликте,сөздөрдү туура жазуу боюнча сөздүк ишин.юмашыгуу жумуштарын жүргүзөбүз.Ошол эле убакта сөздүн маанисин түшүнүүсүн да талап кылабыз,башка маанидеги сүйлөм түзүүсүнө жардам беребиз.Чынында орус тилдүү окуучуларга кыргыз тилин толук кандуу билүу бул кыйынга турат,бирок изденүү,чеберчилик менен ар бир мугалим тилибизди үйрөтсө,эне тилибиз өнүгөт,өсөт,алдыга жылат.Бирок кайдыгер карабаган окуучулар да кездешет.Талапка жооп берип,өзү аракет кылып,сураштырып тапшырманы аткарып келсе кантип ичиң жылыбай койбойт да,кантип сүйүнбөйсүң.Менин бир байкаганым,ошол орус тилдүү окуучуларым кыргыз тилин сыйлап,коркуп”туура жооп бердимби”деген бүдөмүк ой менен карап турса,кыргыз окуучуларым кыргызча билип туруп,орусча ой жүгүрткөнүндө,тилибизди кол бала кылганында.Мына ушундай көйгөй ар бир кыргыз тили мугалиминде кездешсе керек деп ойлойм.Себеби кыргыз тилибиз мезгил сынынан өткөн.Эчен ашуу ашкан сымал,бороон-чапкындуу доорду басты.Ошол кыйын мезгилде унутулбай,жоголбой келген тилибизди бааласак.Улуу тарыхтын бетине ташка тамга баскандай из калтырсак.Ал үчүн көбүрөөк окуп,адабий нормага ылайык таза сүйлөсөк.
Эне тилде эмнелер гана айтылып,эмнелер гана жазылбайт.Ар бир эне тилдин өзүнчө татаалдыгы,аны менен кошо кызыгы,улуулугу бар.Канча тил билсең,ошончо дил билесиң.Башка тилди билүү керек,бирок өз тилиңдин кадырын бил.Өз тилиңди биринчи орунга кой!Ал көкүрөктө болсун,тилиң менен аң сезимиңди өстүрөсүң.Эне тилди өнүктүрүү – түйүлдүк болуп жаралгандан тартып,эне сүтүнөн башталышы керек.Эне сүтү менен оозанып,бешик ырына каныгып,элдик оозеки чыгармачылыктан тарта дүйнөлүк адабияттар мене эне тилинде таанышып чоңойгон ар бир атуул эл керегине жараган эр азаматтардан болуп чоңоёт.”Өнөр алды кызыл тил”-деп калкыбыз сөз өнөрүн абдан барктаган.Ошон үчүн “Манас”сыяктуу улуу эпосту жаратып келишкен.Улуу тилде Манас атам сүйлөгөн,кыргыз элин даңктаган.”Манас”Эпосу зыкымдап учкан мезгилге карабастан уламадай уланып,эл ичинде,дүйнө элинде ушундай керемет эпос бар экенинин дагы бир далили.Кыргыз эли тээ экинчи кылымдардан бери келе жатат,ошончожоголуп кеткен элдин ичинен өз элин жоготпой,азыркы доорго чейин карт тарыхтын бетинде өлбөс-өчпөс изин калтырды.Бул жерден Чыңгыз Айтматовду баса белгилегим келди.Не деген керемет чыгармалар,уникалдуу сөз чебери өз чыгармалары менен ааламга дагы бир жолу кыргыз тилин,кыргыз элин таанытты.Бүтөлүп калган булактын оозун ачты.Ар бир чыгармасында кайталангыс образ,ачыла элек,ачылса да ачык айтылбаган салт-санааны ачык көрсөттү...
Мен да жөнөкөй жаран катары кыргыз тилин терең үйрөнүүгө чакырат элем.Тилди унутпай,жүрөктө бекем сактап,таза сүйлөөгө үндөйт элем.Сандыкка катып жмес,тилибиздин жайылышы үчүн коргоп жана колдоп.Тил – улуттун өлбөс казынасы,өчпөс урааны кылгым келет.Ар бир тил эне сүтү менен тең жаралгандай өзүнүн ыйыктыгын,улуулугун,бийиктигин,өлбөстүгүн сактап калууга эгедер.
Тилди сактоо – элди сактоого,тилди өнүктүрүу – элди өнүктүрүүгө тете.