СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Токой кереметтери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Токой кереметтери

Просмотр содержимого документа
«Токой кереметтери»

З йтматов Сабактын темасы: Токой кереметтери. Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчулүк

Чыгарманы окуп, анын мазмуунун түшүнө алат, түшүнүгүн айтып бере алат.

Өз оюн далилдүү, ыраттуу айтууга көнүгөт.

Ынтымактуулукка бирин-бирин түшунө билүүгө көнүгөт.

Көркөм туура окууга үйрөнүшөт.

Өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүгө көнүгөт

Түгөй менен, топ менен, жекче иштөө бирин-бири колдоп, сыйлап иштөөгө үйрөтүшөт.

Өз ойлорун чыгармадан далилдей алышат.


Табиятты коргоого, сүйүүгө үйрөнөт.



Көрсөткүчтөр: Жогоруудагы максаттар ишке ашат,эгерде: -Чыгарманын мазмуунун түшүнсө -Чыгарманы оз сөзү менен айтып бере алса -Өз оюн далилдүү, ыраттуу айта алса -Өз алдынча жупта, топ менен, жекече иштей билсе -Түгөй менен. Топ менен жекече бирин-бири сыйлап, колдоп иштөөгө үйрөнсө Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү Сабактын усулу: Интерактивдүү метод. Сабактын формасы: Жеке жупта. топто иштөө. Жабдылышы: Ватман. маркер, таркатылып берүүчү тексттер, окуу китеби, түстүү барактар. Сабактын жүрүшү: Уюуштуруу: (Окуучулардын санын тактоо, окуу материалдарын жайгаштыруу) Окуучулар бири-бирине жагымдуу маанай тартуулоо. Сөзү: Э.Ибраев. “Бишкегим”. Бул “Каалоо ыры” сиздерге арналат. Азаматсыңар! Баарыбыз бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алдык. “Алтын эрежеге” көңүл буралы Биз анда 3 топко бөлүнүп алалы. (чүкөлөрдүн жардамы менен) Мугалим: Силер өткөн сабагыбызды эсинерге түшүрүп көргүлөчү. “Суроолор айлампасы” камтылган тапшырмалар аркылуу жүргүзүлөт. Азаматсыңар! Акылы бар балдарбыз Ак ниеттүү кыздарбыз Арбын билим алууга Ар кимибиз куштарбыз. –Мекен деген эмне? Мекен биз жашаган туулуп өскөн жерибиз. –Ал эми Кыргызстанчы? Биз жашаган мамлекет. –Мамлекет деген эмне? Биз жашаган жердин аймагы. Биз ошол жашаган аймагыбызга же жети областын аймагына саякатка чыгалы. Мугалим: Баарыбыз көзүбүздү жумуп Мекенибиздин аймагына коз жүгүртөлү. Көзүбүздү ачалы, биз эмнелерди көрдүк. 1-топ: Мен туулуп өскөн жеримдин талааларынан төө буурчактарды, токой тоолорду, малдарды көрдүм. –Мен көгүлтүр Ысык-Көлүбуздү, Дуйнөлүк 3-көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосунун кооздугуна суктандым. 2-топ: Мага Сары-Өзөн Чүйүбүз, Бишкек шаарыбыз, көз алдыма элестеп өттү. –Мен мал киндиктүү Нарынды, Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна суктандым. 3-топ: Менин көз алдыма Ордолуу Ошум, Сулайман тооум, пахта талаасы мөмө-жемиштерин көрдүм. –Менин көз алдыма Өрук зарлуу, Айгул гүлдүү Баткеним элестеди. –Мен жашыл шаар Жалал-Абадды, Ачы, Арсланбаб токойлорун, тоолорун, көлдөрүн көрдүм. Мугалим: Азаматсыңар, Эң туура! Кыргызстандын ар бир аймагы өзгөчө сулуу, дүйнө жүзүн суктандырат. Ооба, силер туура айттыңар! Арсланбаб-Түштүк Кыргызстандагы табыгый кооз жер. Фергана тоо тизмегиндеги Бабаш-Ата кырка тоосунун Түштүк этегинен оорун алган. Арсланбаб жаңгак токой байыртадан белгилүү. Токой 37миң гектар аянтты ээлейт. Мугалим: Биз бүгүн өтө турган жаңы темабыз: Токой кереметтери. Мен силерге көркөмдөп окуп берем (силер көңүл буруп отургула). Текст окулуп бүткөндөн кийин окуучулар менен кеңири ой жүгүртүүлөр болот. Мисалы: Жаңгактын пайдалуу жактары: Ич ооруганда жаңгактын жалбырактарын сууга кайнатып бир кашыктан үч жолу ичсе ич басылат. Зоб ооруусуна жакшы, курамында йод бар. Күнүнө 4-5 даана жесе өтө пайдалуу. Акылдын-азыгы деп бекеринен айткан эмес. Имунитетти көтөрөт. Жаңгактын курамында: Май, цинк, кобальт, марганец жана башка ушул сыяктуулар бар. Бийик жердеги жаңгак мээни жакшы азыктандырат. Грецияда өстурүлгөн жаңгактар ушул биздин Арсланбабдын жаңгактары деп жүрүшөт. Жалбырагы пайдалуу сууга кайнатып колдонот. Микробдорду өлтүрөт. Ашканада да колдонот- жангакты майдалап ар түрдүү салаттарды жасайт. Жангакты жегенде булчундар бекемделет. Жангактын зыяндуу жактары: Анын көлөкөсүнө жатып уктап калбаш керек. Жалбырагы уу бөлүп чыгарат. Жаңгактын көлөкөсүнө көпкө отурса адам ууланып калуусу мүмкүн. Биз жангактын эки түргө бөлүнөрүн билдик. Каңырты, чукума. Быша электе кабыгы калың көк болот. Аны биз ”дондолой” деп атайбыз Бышканда көк кабыгы бырышып куурап жаңгактан ажырап калат.. Биз жеп жургөн жангак ушул бүткөндөгү маалы. Мына силер көрүп турган жаңгак той жаңгагы экен. Жалаң тойлордо ак дасторконго коюлат. Мындан башка да төө жаңгак болот экен. Ал алмуруттай суйрү болот. Ошондой эле “торгоймо” жаңгак да бар. Анын сыртында майда-майда көзчөлөрү болот. Аны кооздук үчүн жипке тизип коюшат. Кошмок жаңгак- тушүм жакшы болгон жылы жоолугат. Силер көрүп тургандай сабагында эки кош жаңгак болсо кошмок жаңгак дейбиз. Ошондой эле үч кошмок, төрт кошмогу чанда кездешет экен. Мына балдар биз жангактын көптөгөн сырларын билип алдык. Мен силерге үч топко текст таратып берем. 1-топ.-хор менен окуйсуңар. 2-топ-жупташып окуйсуңар. 3-топ-жеке- жекеден окушат. Мугалим: Окуп бүткөндөн кийин суроолорду берип. Жооп алат. Азаматсыңар! Эң жакшы окудуңар! Дагы көбүрөөк окугула! Тыбыш белгилерине көнүл бургула! Сабакты жыйынтыктоо: Мен силердин ар бириңерге барак таратып берем. “Жооп барагы” ыкмасынын негизинде. Мен доскага суроо жазып коём. Силер баракка жооп жазып мага тапшырасыңар. Азаматсыңар! Эң жакшы! Биз Мекнибиз Кыргызстсандын жаратылышы анын кооздугу жөнундө билдик. Кыргызстандын токойлору, андагы жер-жемиштер жөнундө түшүнүк алдык. Жангакдын сырлары жөнүндө кеңири түшүндук, анын пайдалуу, зыяндуу жактарын билдик. Жаңгактын көп түрлөрү бар экенин окуп түшүндүк. “Жаратылышты коргоо-Мекнди коргоо “- деген накыл кептин маанисин толук тушундүк. Сабакты балоо: Сабакты жаңгак менен баалайм. Ким көп жаңгак топтосо ошол топ жеңүүчү болот. Үйгө тапшырма: Жаңгак, Токой деген сөздөргө синквейн түзүп келүү.

























Сабактын темасы: Эне менен эл турганда эне тилим жоголбойт!

Сабактын максаты: а) Окуучулар тилдин улуулугун, барктуулугун, нарктуулугун түшүнүшөт;

б) Окуучулар өз пикирин ачык, так, кыска жана нуска айтууга көнүгүшөт;

в) Окуучулар өз эне тилин, адат-салтын, маданиятын барктай, сыйлай билүүгө тарбияланышат;

Көрсөткүчү: а) Окуучулар тилдин улуулугун, баалуулугун , нарктуулугун түшүнүшсө;

б) Окуучулар өз пикирин эркин, ачык, так жана нуска айтууга көнүксө;

в) Окуучулар өз эне тилин, адат-салтын, маданиятын барктай, сыйлай билүүгө тарбияланса;

Сабактын тиби: Тегерек отурум

Сабактын жабдылышы: Нускалуу кептер, видео-тасма

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

б) Талкуу

в) Жыйынтык чыгаруу

Саламатсыздарбы урматтуу коноктор. Кадырлуу эже-агайлар жана окуучулар!

Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына арналган “Эне менен эл турганда, эне тилим жоголбойт” аттуу тегерек отурумду ачык деп жарыялайм!

  • Алгач алтын эреже менен таанышып алалы.

  • Эмесе алгачкы сурообузду узатып баштасак.

Окуучуларга:

Мамлекеттик тил деген эмне? Мамлекеттик тил мыйзамы качан кабыл алынган?

Жооп: Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү мектептерде, атайын



орто жана жогорку окуу жайларда окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө жана башка чөйрөлөрдө колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз СССРнин мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып. Андан соң кыргыз тилине – мамлекеттик тил наамы берилген. Бул мыйзам 2004- жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили – мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Мугалимдерге:

-Жыл сайын мектептерге кыргыз тилинин бир айлыгы, андан кийин үч айлыгын өткөрүү боюнча иш кагаздар келет. Бул боюнча кандай иш чараларды жүргүзөсүздөр?

Окуучуларга:

-“Кыргыз тили- Манастын тили” деп айтылат, тил жөнүндө билген ырларыңардан көркөм айтып бере аласыңарбы?

Мугалимдерге:

-“Тилден бал да тамат, уу да тамат” дегендей жашообузда тилдин мааниси чоң. Анда эне тилибизди окутуп жатып, жашообузда кызыктуу окуяларга туш болобуз. Сиздерде ошондой окуялар болду беле?

Окуучуларга:

-Тил жөнүнүндө көп учкул сөздөр айтылат. Кандай учкул сөздөрдү билебиз, айтып өтөлү.

Мугалимдерге:

-Биз кыргыздар өз оюбузду түшүндүрүүдө, мисалы, жазып жатып же сүйлөп жатып сөз таба албай орус сөздөрүн кошуп сүйлөйбүз. Бул эмне кыргыз тилинин сөз байлыгынын аздыгынанбы же биз кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде билбегенибизденби? Кандай ойлойсуздар?

-Дегеле кыргыз лексикасы өнүгүүнүн үстүндө деп билебиз. Азыркы учурда кыргыз лексикасында 84000 сөз бар десе, кээ бир интернет булактарында 89000 сөз бар деп айтылып жүрөт. Кайсынысы чындыкка жакын?

Окуучуларга:

-Тил жөнундө көптөгөн макал-лакаптарды билет болушубуз керек. Эмесе макалдардан айтып өтсөк.





-Коңшу мамлекетибиз Казак Республикасында мамлекеттик тил саясаты барандуу эмгектерди, мыйзамдарды чыгарып эле жүргөнүн угуп эле жүрөбүз.

Мисалы: 1) 2008-жылы окуучулар мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу белгиленген.

2) 2010-жылы Казак Республикасынын жарандыгын алуу үчүн КАЗТЕСТ системасы түзүлгөн.

3) 2010-жылы маданият министри Мухтаркул Мухамбед бардык ЖОЖдо казак тарыхы бир гана казак тилинде жүргүзүлөрүн билдирген.

4) 2011-жылы казак тилин окугандардын саны 319 940 окуучуга жеткен. Бул 62%ды түзөт.

Ал эми бизде былтыркы окуу жылынын жыйынтыгында жалпы 852 404 окуучу билим алган экен. Анын ичинен кыргыз тилинде 680 399 окуучу. 153 00 орус тилинде, 16000 өзбек тилинде, 2000 тажик тилинде, 10005 окуучу англис тил экен. Бизде кыргыз тилинде окугандардын саны 50% түзөт. Кантип кыргыз тилинде билим алууну көбөйтсөк болот?

Адам башка тилди гана эмес, өзүнүн эне тилин өмүр бою үйрөнүшү кажет” деп Чыңгыз Айтматов айткан экен. Бирок тилекке каршы өз тилибизди өгөйлөп, башка тилди бөпөлөп билим алган атуулдарыбыз аз эмес. Анда кезекти видеого берсек.

-Кана урматтуу тегерек отурумдун катышуучулары бул видеодон эмнени көрө алдык?

-Демек балдар, эне сүтүбүз менен кош сиңген эне тилибизди сүйүп, өзгө тилди билсек да, өз тилибизди жерибей, аны ыйык сактап келечекке тапшыруу биздин парзыбыз экен.

Жалпы баарына:

-Мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?



Жыйынтыктоо:

  1. Тилдин өнүгүүсүнүн эң негизги өбөлгөсү – бул улуттун аң сезими, улуттук руху, ар-намысы.

  2. Күчтүү мамлекеттин тили да барктуу” дегендей мамлекетибиздин өнүгүп- өсүшүнө салым кошушубуз керек.







3.Мамлекеттик тилде чыккан газета-журналдардын, китептердин жарык көрүүсүн коргой турган экологиялык механизмдерди киргизүү.

4.Чет тилинен жана орус тилинен кыргызча которуу маселелерин карап, атайын кыргызча которо турган адистерди даярдоо учурдун талабы.

























































Капалов Эшимбек атындагы орто мектеби

















Тегерек отурум









Тема: Эне менен эл турганда, эне тилим жоголбойт.







Мугалим: Самакова Наргиза Байышовна



















2018-2019-окуу жылы