Просмотр содержимого документа
«Токтогул Сатылгановдун өмүрү,чыгармачылыгы»
Саламатсынбы окуучум!
8-класс
Кыргыз адабияты
Кыргыз элинин демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылы) туулган.
Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган.
1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.
1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деп жалган жерден айыпталып, падышалык сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылып, бул жаза Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган. 1905-ж. сүргүндөн кайтып келген.
Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт.
Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. ырларында чагылдырылган.
Токтогул – айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү.
Атка салган дилдейсиң, Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Бир күнү оору, бир күн соо... Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым! Көлөкөлүү майданым, Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш. Бурулуп мага келе кет, Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..
Кашкардын тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..
Тапшырмаларды менен электрондук почтама жибер үү н ү унутпагыла!
ainurabaltakazieva @ yandex.com
Үй иши.
Токтогул Сатылганов боюнча маалыматтарды интернет булактарынан,электрондук китепканадан окугула