СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Толкун анын турлору

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Толкун анын турлору»

Сабактын темасы: Толкун анын түрлөрү.


Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:


  • Толкун жана анын түрлөрү;

  • Когеренттүү булактарды аныктагыла;

  • Толкун узундугун жана толкун ылдамдыгынын формуласын пайдаланып

маселе чыгаргыла;


Сабактын критерийлери:


  • Толкун жана анын түрлөрүн аныктай алса;

  • Когеренттүү булактарды билсе;

  • Толкун узундугун жана толкун ылдамдыгынын формуласын колдонуп

мисалдар чыгара алса;


Кайталоо үчүн жана өбөлгө түзүүчү суроолор:


  • Термелүүнүн амплитудасы,мезгили,жыштыгы, фазасы деп эмнени айтабыз?

  • Математикалык маятник деп эмнени айтабыз?

  • Термелүү мезгили эмнеге барабар?

  • Өчүүчү же басаңдоочу термелүү деп эмнени айтабыз?


Жаңы тема:


Убакыттын өтүшү менен чөйрөдө, мейкиндикте термелүүнүн таралышы толкун деп аталат.

Мисалы: көлчүк сууга таш ыргытсак,суунун бетинде ошол таш борбору болуп калган

борбролошкон айланалар түрүндөгү толкун пайда болот.Эгер аны жара кесилишинде элестетсек, ойдуңдар жана өркөчтөр түрүндөгү толкун пайда болот.

Ар канда,кабелдин зымында,пружинада ж.б пайда болгон толкундар жара кесилишинде синусоида же косинусоиданы элестетет. Толкундун пайда болгон себеби,толкун таралган чөйрө бөлүкчөлөрдөн тургандыктан, ал өз ара байланыштуу болгондуктан,улам биринен кийин бирине таасирин өткөзөт.Ошондуктан толкун пайда болот. Толкун узатасынан жана туурасынан кеткен толкун болуп бөлүнөт:

Эгер нерсенин бөлүкчөлөрүнүн которулуу багыты токундун таралуу багытына перпен-

икуляр болсо,туурасынан кеткен толкун деп аталат.

Эгер нерсенин бөлүкчөлөрүнүн которулуу багыты токундун таралуу багытына дал келсе,анда узатасынан кеткен толкун деп аталат.

Бирдей фазадагы эң жакынкы эки чекиттин аралыгы толкун узундугу деп аталат.

Толкун узундугу λ (лямбда) тамгасы менен белгиленет. Бирдиги : м,см,мм,км ж.б менен

өлчөнөт. Бардык толкундар үчүн жалпы нерсе,бул толкун таралган кезде бөлүкчө которулбайт, энергия гана берилет.

Толкун таралган кезде анын амплитудасы акырындык менен кичирейе берет, себеби

анын энергиясынын кандайдыр бөлугү чөйрөнүн ички энергиясына айлана берет.

Толкун бир мезгил ичинде λ аралыгына таралат. Ошондуктан анын ылдамдыгы

ϑ = λ / Т болот. Ал эми Т = 1 / γ болгондуктан ϑ = λ · γ болот.

Толкундун таралуу ылдамдыгы толкун узундугу менен жыштыктын кобөйтүндүсүнө

барабар.

Бирдиги: м/с , см/с , км/саат ж.б менен өлчөнөт. Жогркулардан сырткары: жалпак толкундар, сфералык толкундар да болушат.Эгер идиштеги суунун бетине узун стержень менен улам-улам тийип турсак, жалпак толкун пайда болот.

Анын бардык чекиттери бирдей фазада термелет да, толкундук бет пайда болот.Алар өз

ара параллель болушат. Толкундук бетке түшүрүлгон нормаль сызыктар нур деп аталат.

Жалпак толкунда нурлар өз ара параллель сызыктарды элестетишет.

Эки же андан көп булактардан таралган толкундардын катталуусундагы күчөп же начар-

лоонун кезектешүү кубулушу толкундун интерференциясы деп аталат.

Жыштыктары,фазалары бирдей болгон, же фазаларынын айырмасы турактуу сакталган

булактар когеренттүү булактар деп аталат.Толкундун жолундагы тоскоолдукту айланып өтүү кубулушу толкундун дифракциясы деп аталат.

“Дифракция” латын тилинен кыргызчага которгондо “сынган” дегенди түшүндүрөт.

Эгер толкундун узундугу (λ) , тоскоолдуктунөлчөмүнөн (d) чоң болсо, дифракция пайда болот. ( λ d ). Эгер λ болсо, анда дифракция пайда болобойт.


Бышыктоо: Мисал иштөө.


1.Кайык деңиз толкунунда термелет, термелүү мезгили 3 с. Эгерде толкундун таралуу

ылдамдыгы 3 м/с болсо, анда деңиз толкунун узундугун тапкыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

Т = 3 с ϑ = λ / Т

ϑ = 3 м/с λ = ϑ · Т λ = 3 м/с · 3 с = 9 м

Жообу: λ = 9 м

λ - ?


2.Толкундун фазалык ылдамдыгы 1200 м/с, термелүү жыштыгы 300 Гц. Бул толкундун

узундугун тапкыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

ϑ = 1200 м/с ϑ = λ / Т

γ = 300 Гц Т = 1 / γ λ = 1200 м/с / 300 Гц = 4 м

λ = ϑТ = ϑ · 1 / γ = ϑ / γ Жообу: λ = 4 м

λ - ?


3.Эгерде тарап жаткан толкундун узундугу 0,5 м ге барабар болсо, толкундун экинчи

жана жетинчи өркөчтөрүнүн ортосундагы аралыкты аныктагыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

λ = 0,5 м S = λ ( n₂ - n₁ )

n₁ = 2 S = 0,5 м · ( 7 – 5 ) = 2,5 м

n₂ = 7 Жообу: S = 2,5 м


S - ?


4.Толкундун таралуу ылдамдыгы 330 м/с, ал эми термелүү жыштыгы 660 Гц. Убакыттын ар кандай моментинде тең салмактуулук абалынан бирдей жыштыкка ээ болгон эң жакын-

кы чекиттердин ортосундагы аралыкты аныктагыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

ϑ = 330 м/с ϑ = λ / Т

γ = 660 Гц λ = ϑ / γ λ = 330 м/с / 660 Гц = 0,5 м

Жообу: λ = 0,5 Гц

λ - ?


5.Резина шнуру боюнча жыштыгы 2 Гц болгон токундар 3 м/с ылдамдыкта таралууда.

бири-биринен 0,15 м аралыктагы шнурдун эки точкасынын термелснн фазаларынын

айырмасы качага барабар?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

γ = 2 Гц

ϑ = 3 м/с Δϕ = d · 2πγ / ϑ Δϕ = 0,1 м · 2 · 3,14 · 2 Гц / 3 м/с =

d = 0,15 м = 0,628 рад же 0,2 π

Жообу: Δϕ = 0,2 π

Δϕ - ?


Жыйнтыктоо:


1.Толкун деп эмнени айтабыз?

2.Толкундун кандай түрлөрү бар?

3.Толкундун таралуу ылдамдыгы эмнеге барабар жана бирдиги?

4.Толкун узундук деп эмнени айтабыз?


Үйгө берилүүчү тапшырмалар:


Окуу китеби: 16 –көнүгүү


1.Качан токун сууда 6 м/с ылдамдыкта тарайт.Эгер толкундун эки өркөчүнүн ортосундагы

аралык 3 м болсо, бакендин термелүү жыштыгын жана мезгилин эсептегиле?


Берилиди: Формула: Чыгаруу:

ϑ = 6 м/с ϑ = λ · γ

λ = 3 м γ = ϑ / λ γ = 6 м/с / 3 м = 2 Гц

Т = 1 / γ Т = 1 / 2 = 0,5 с

γ - ? Т - ? Жообу: 2 Гц; 0,5 с


2.Океандарда толкун узундугу 300 м ге жетип, мезгили 13,5 с болот.Ушундай толкундун

таралуу ылдамдыгын аныктагыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

λ = 300 м ϑ= λ · γ

Т = 13,5 с γ = 1 / Т ϑ = 300 м / 13,5 с ≈ 22 м/с

ϑ = λ / Т Жообу: ϑ ≈ 22 м/с

ϑ - ?


Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат