СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Толубай сынчы поэма

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Толубай сынчы поэма»

Толубай Сынчы

Замана кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкансайын түбү терең…

Ошондой унутулган бир кундѳрдѳ

Кыргыздан Толубай сынчы ѳткѳн экен.

Толубай деп, Толубай атын салт кылган бар,

Не билсин ал жѳнүндѳ жаш уландар,

Суусаган татту жомок ширесине

Сѳз кылат тамшанышып карыялар…

Заманды жакшы кѳрѳт, баркын билет,

Жаштарды алдына салып эркелетет.

Тѳмѳнкү Толубай аттуу эски дастан

Эски абадан, эски ырлардан эске келет.

Ой ойлоп , чексиз ойго кѳңүлү тынбай,

Ааламдын кучагына батпай, сыбай.

Сайратып сатанаттуу ырчыларды

Калкына жар чакырткан мына мындай:

«Кѳл кечип, ашуу ашып, жол жүрүүгѳ ,

Кабылындай кайра тартпай жоо сүрүугѳ,

Сынчылар сындан тайбай тулпар тапсын,

Намыска, кан сапарга мен минүүгѳ.

Урмат чоң, тунук туяк тулпар тапса

Сынчылык сынга тогон ушундайда.

Шарт ушул: эки кѳзүн оюп алам,

Эгерде бир жеринен жазып калса…»

Уккан соң бул жардыкты албан дубан,

Калдайган кѳз алдында кара туман,

Аптыгып Азиз хандын амиринен

Сынчылар башын чайкап, кѳзүн жумган.

Ушундан бир аз кийин, кѳп күн ообой

Жашыл кыр, тѳрдѳн түшүп талаа бойлой.

Чарчаган бектер менен келе жатса,

Азиз хан уучулуктан жолу болбой.





Чѳк түшуп, тизе бүгүп, кыбыла карап,

Качанкы куурап калган башты кармап,

Күбүрѳп, күңгүрѳнүп бирдеме айтып,

Алыста бир укмуштуу чал олтурат.

Баргын, - дейт жанындагы жан- жѳкѳрүн,

Ким экен, жакын барып, байкап кѳргүн».

Ал келип, салам айтса, албай,

Чал сүйлѳйт, эки жакка бурбай кѳңүлүң:

«Аттиң ай, Толубайлыгым сен билсеңчи

Тушунда тулпарлыгың мен билсемчи,

Туйгундай колду жарып, кыйып учуп,

Туйлатып, туу кармаган эр минсечи…»

Келегн жаш Толубай чалга минтип сүйлѳйт:

«Сен кимсиң? Билбей кайтсам , кѳңүлүм кирдейт,

Бул эмне?»-деп сураса чал энтигип:

«Бул куу баш- Алпамыштын Чаар аты» - дейт…

Ушинтип Толубай сынчы сүйлѳѳр менен…

Жаш мырза шаңдуу топко белги берген.

Күтүрѳп кѳпкѳн жаштар ортого алып,

Азиздин ордосуна алып келген.

Эртеси Азиз падыша Толубай чалды

Вазирден тез чакыртып жанына алды.

Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып,

Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды.

Куп дебей же жок дебей,

Түнѳрүп күзгү узун түн түнѳргѳндѳй,

Кѳрѳгѳч Алпкаракуш сыяктанып,

Толубай бир туякты кур жибербей.

Алдыртадан ичтен сынап, карап турат,

Нечен бир жибек жал ат, камыш кулак,

Кѳрктѳнүп, кѳккѳ атылып кѳйрѳңдѳнѳт,

Сынчынын кѳңүлү тынбайт, кандай кылат.





Жортуулга тандап минчү шок боз балдар,

Буулуккан азоо, күлүк буудандар бар.

Сынчы аке,кумурскадай кунсуз беле,

Ушунча жер жайнаган жаныбарлар!..

Ошентип, күн чак түштѳн бешимге ооду,

Макталуу сан учкулдар ѳтүп болду,

Азиз хан бул кѳрккѳ мас, бул кѳрккѳ тан,

Бирок чал жерден башын албай койду.

Аңгыча, ай-жылдыздай асмандагы

Асемдүү алтын тубар жабдуулары.

Бир-бирден шаани менен ѳткѳрүлдү,

Азиздин ачыл деген тулпарлары.

Эрке ѳскѳн байдын жалгыз баласы окшойт,

Тулпарлар жибек килем үстүндѳ ойнойт.

Хан тиктейт, эми сынчым эмне дейт деп,

Бирок ал, каадасынча карап койбойт.

Азиз хан ызаланат, жини кайнап,

Баркылдап, кулдарына минтип айтат:

«Шаардан ат бүткѳндүн бирин койбой

Кесирдүү сынчы алдына ѳткѳр айдап!»

Буйрук бир… кулдар макул, ошентишет,

Мейли антинсин, баары бекер, пайдасыз тек.

Сынчы ата, бейит окшоп, үнсүз, сѳзсүз,

Былк этпей,Дабыш бербейт, кѳз ирмебейт.

Улуу хан бул жорукка айран калды,

«Канакей , ѳткѳргүлѳ, дагы барбы?» -

Дегенде жооп берди чур этишип :

«Бир гана Кармыш кулдун бозу калды»

Кырчаңгы, арык, ачка, эшек кейпи,

Кыбырап, сылтый басып боз да келди.

Кубанып, Толубай ыргып тура калып:

«Падышам , анык тулпар ушул! » - деди. Сөздүн синонимин тапкыла.







Азиз хан муну укканда калтырады

Кабагын карыш түйүп, каарланды.

Арсыз чал шылдыңыңа жазаң бул деп,

Сынчынын эки кѳзүн ою алды.

Бирок ал бүтүмгѳ таарынган жок,

Оюлган эки кѳзүн эки колтоп,

Аярлап, аккан канын басып туруп,

Муну айтты, хан алдына келип токтоп:

«Датымды ук, акыркы жол , улуу ханым!

Жаман боз , кѳз куну үчүн мага калсын.

Тагдыр бир, жараткан бир калыс болсо,

Ким-кимдин жаңылганын талдап алсын ».

Азиз хан ары кетти топтоп чыгып,

Сынчыга «ал» дегендей белги кылып.

Жетелеп жаман бозду жолго түштү,

«Болду», - деп Толубай ата ичтен тынып.

Ошентип, кѳп күн батты, кѳп таң атты…

Шылдырап бир калыпта суулар акты.

Кѳрсѳтпѳй эч адамга, жер түбүндѳ ,

Толубай жаман бозду багып жатты.

Чаалыкпас, арыбас кылып, ашуу, зоодо

Кайыкпас, талбас кылып борошого,

Кулпунтуп , тулпар кылып минип чыкты,

Сынчы ата туура кырк күн болгондо.

Кемпирин (жолду кѳрбѳйт) алдына алып,

Артына кен олтуруп, ѳзү учкашып.

Сейилден кѳңүлү эргип, келе жаткан,

Хан жолун туура тосуп тура калып.

Сынчы атты: «Амансыңбы, Азиз ханым,

Биз минген – ѳзүң кѳргѳн боз жаманың »

Кош эми, Жигитчилик арың болсо,

Бул тулпар сага ылайык , жетип алгын.







Кемпири аттын оозун коё берди,

Кара жер камгак болуп тегеренди.

Азиз хан ѳзү баштап «Жет кармалап!»

Ана кѳр, кѳтѳрүлүп кууган элди.

Аз-аздан барган сайын ызы – чуулар,

Алыстап калып жатты куугунчулар,

Аркырап учкун боздун арышына

Жер да тар, аалам да тар…

Шумдук ай, кѳзгѳ илешпейт эч нерсе,

Учат бейм, бул боз айбан чуркайт десе.

Арт жактан жалгыз дүбүрт дабышчыкты,

Толубайлар күндүк жерге жеткен кезде.

Деп сурайт Толубай анда: «Бул кандай ат?»

Кемпири: «Чоң күрѳң боз», - деп унчугат.

Сынчы анда «Билем аны, жука туяк

Күрѳңдү кудай алсын, таштакка тарт».

Боз тулпар шарт бурулду, аркырады,

Тоодой таш кумдай болуп быркырады.

Чоң күрѳң жолдон тажап, бутун силкип,

Жете албай, ошол бойдон калып калды.

Эртеси экинчи күн түш мезгилде,

Угулат жер силкинткен бир нерсе.

Кемпири: «Жерде кашка», - деп жооп берет,

Сынчы ага: «Бул кандай ат», - дегенинче.

«О, билем жээрде кашка – жеңил кашка,

Карт эмес , эки жарым асый жашта.

Кемпирим, күнгѳ салгын, эсимде бар,

Бир гана мээси жука, малдан башка».

Кемпири күнгѳ тарты боз тулпарды,

Ансайын кызыгандай кош канаты,

Күн ѳтүп, жээрде кашка чуркай албай,

Ыраактап, карга болуп караандады.







Ал эми үчүнчү күн таң алдында Ѳң сүрдүү дабыш чыгат бир башкача.

Кемпири жооп берет «Жибек кѳкүл,

Жээрде ат, ѳзү окшойт, - деп Азиз - Падыша».

Сынчы анда "Жибек көкүл чын тулпар ат,

Бирок да бир айбы бар мактоо жакпайт,

Азиздин өзү экени жакшы болду,

Кемпирим ханды беттеп алдына тарт!”

Кемпири ханга тартты сынчы айткандай,

Сынчы ата ачык ырай жазы маңдай,

Кашкайып күнгө карап көкүрөк тосуп,

Жээрде атка мактоо салды мына мындай:

Чиркии ай, Жибек көкүл не укмуш ат,

Чолпон көз, чүрөк моюн, алтын туяк,

Ракмат сымбатына деген кезде–

Жүрө албай туруп калды жер чапчылап.

Сынчы ата сөзүн буруп Азиз ханга,

"Жаман боз мен минген ат, таанып кара!

Падышам, сын баркына жете албадың,

Акыры ээн талаада сен маскара.

Менде жок арманды угар тууган досум,

Жана да өнөр билген жан жолдошум…

Кантейин, жаратканга айтарым бар,

Артымда, атымды айтар заман болсун”.

Деди да камчы салды боз тулпарга,

Боз тулпар жакшы кызып эми гана,

Дайынсыз сапар алып зымырады,

Эли жок, жери жоктой бул ааламда.

Жер жүзү, жер бүткөндү бүт тебелеп,

Ай менен күн ортосун жалгыз ээлеп,

Акыры бир деңизге түшүп кетип,

Ошентип,Толубай сынчы өлсө керек. Аз кеп бар хан жөнүндө эки-үч сабак, Кытайга аттанган дейт колун санап, Кан этсин тулпары жок, канга батып, Жеңилип кайтыптыр деп кеп кылышат.



ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Байыркы бир заманда эл бар экен

Өзүнчө эркин, ээн жашап турган,

Багында булбул сайрап, гүл жадырап,

Башкача сонун жерди мекен кылган.

Ар жылы күчтүү жоолор каптан кирип

Талоонго салат экен мүлкүн, малын,

Ойрондоп эчен кымбат ордолорду

Олжолоп алып кетип сулууларын.

Кордугу душмандардын жанга батып

Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду,

Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып

Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.

Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп

Киришти эмгегине күн өткөрбөй,

Көтөрүп бай дубалын келген кезде

Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй…

Калың журт кайгыланды, кансырады…

Катардап көтөрө албай бай дубалды,

"Себебин бул укмуштун ким табат” деп

Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.

Бири айтты: "Асыл таштан койгун” деди,

Бири айтты "Ак боз бээ сойгун” деди,

Асыл таш алтын менен консо дагы

Токтобой дубал көчүп кулай берди…

Тартышты капаланып калк убара,

Ойлонуп табалбады көп улама,

"Мен чечем бул түйүндү” деп сүйлөдү

Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.

Карыя токсон жашка келген экен,

Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен,

Акылы алмас менен болоттон курч,

Алыскы бир ажайып жерден экен.



Качанкы чечилбеген сырды угууга,

Калайык жабылышып кулак түрдү,

Сакалын оң кол менен сылап алып

Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:

–Калп болбойт карыяңдын айткан кеби

Калайык, акылыма көнсөң,–деди,–

–Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,

Тирүүлөй бир кишини көмсөң,–деди.

Башка сөз айтканы жок басып кетти

Карыя кайырдашып колун булгап,

"Кандай” деп эки жолу сурабастан

Баштарын жерге салды эл тунжурап…

–"Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,

Бул дубал эр канына кумар экен”,–

Деп ырдап бир топ ырчы элди айланып

Күн бою жар чакырды эчен-эчен…

Бирөө да "мен чыгам” деп сөз кылбастан

Мостоюп карап турду дудуктанып,

Обдулуп он үч жашар бир жетимче

Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:

–"Уктум да шашкан бойдон келдим”–деди,–

Мен даяр тезден гана көмгүн,–деди,–

Арманым дүйөдө эч калбайт го

Жарасам керегине элдин”–деди.

Жаш бала бай дубалга барып турду,

Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду,

Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы

Боздогон муң, кайгылуу үн угулду…

Бир караан шашып, чуркап келет экен,

Бул караан жаш баланын энеси экен,

Атадан жетим калган жалгыз уулун

Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.



–"…Кулунум кучактайын мында келчи,

Кууратпа карыганда апакеңди,

Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн” деп

Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди…

–«…Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,

Ырайым жетимиңе кылгын эне,

Жаныңдан артык көргөн тууган элдин

Жалгызың жарап кетти керегине…

–Уулуңдун убайын көрөм деп тиленип.

Ушундай ишке арнадың бакпадыңбы,

"Эркетай элиң үчүн курман бол” деп

"Эч качан унутпаймын айтканыңды”.

Энеси элге карап сөз баштады

Маанисин байкап туруп айткан кептин,

–"Ата журт кызматына жанды берип,

Айланам, ак-сүтүмдү актап кеттиң!..”

Жалбарды жалгызына, беттен өптү,

Аарчыды жашка толгон-эки көздү,

Колуна күрөк алып кайрат менен

Көмүүгө баласына кумду септи…

–«Энеке бул кылганың адамчылык

Жүрөгүң акак, Бермет таштан тунук,

Өтөбөй калайыктын бир кызматын

Жүрбөймүн жер бетинде-адамсынып…”





Коштошуп өбүшүштү эне, бала,

Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра,

Кум толуп алкымына келген кезде

Шып этип жетип келди да карыя.

–"Көмбөгүн бул баланы ачкын,–деди.–

Чеп курбай үй үйүңө кайткын,–деди,–

Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок

Кордукка мындай балдар бербейт элди.

–Киришсе ким да болсо чеп тургузат,

Чеп–ылай, каптап кирсе душман бузат,

Балдарың баары ушундай өсүп турса

Багынтып бул жүрөктү ким коркутат?!.

–Черди жаз. Тепкин шапар. Кургун сайран

"Чеп жок”,–деп, кайгы тартып кам санаба,

Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек

Турганда мындай эне, мындай бала!..”





































ТОКТОСУН САМУДИНОВ

КУРТКА

КУРТКА деген айыл бар,

Бул сөз кайдан жаралды?

Же болбосо качандыр

Жашап өткөн адамбы?

Көрсө, айтышат турбайбы

Жапыс өскөн бадалды.



Бир жолу өтүп баратып

Коен көрдүк курткадан.

Жаныбарлар көп экен

Ушул жерде кыштаган.

Чынымды айтсам, кээсинин

Атын башта укпагам.



АЛПЕЙИМ

Басмырт болсо мүнөзү,

Андай адам ким өзү?

Бул сөз эмес анчейин,

Дешет аны: АЛПЕЙИМ.

Менин мындай агам бар,

Сыйлайт билген адамдар.

Жардамы көп карганга,

Ынак ага балдар да.

Ажарланган жүзүнөн

Ак көңүлүн түшүнөм.

Бир да жолу укпадым

Үнү катуу чыкканын.



СУПСУН

Көйнөк-кече жуугаддан

Калган сууну СУПСУН дейт.

Анын өңүн агартпай

Шашма балдар "бүттүм” дейт.

Кир чыкпаса кийимден

Түсү өчөөрүн түк билбейт.



КӨ3ҮЛДҮРҮК, САРАПЧЫ

"Алкагы бар алтындан

КӨЗҮЛДҮРҮК тартынган”.

Көрсө, бул сөз турбайбы

Көз айнек деп айтылган.



Жаңы жааган жаш кардан

Көз кардыгып, жаш алчу.

Көзүлдүрүк ал кезде

Кылдан тордоп жасалчу.

Көзгө тартчу бул буюм–

САРАПЧЫ деп аталчу.



КЕЛТЕЧЕ

Жер казганга кантсе да

Жеңсиз күрмө ыңгайлуу.

Аны кемпир-кесектер

КЕЛТЕЧЕ дейт турбайбы.



Куруучуга – комбинезон,

А койчуга – тон чыгар…

Келтечени бу күндө

Көп кийишет жолчулар.



ЖИПКИЛЕН

Кеч байкалбай киргендей

Кетет мезгил алмашып.

Чыккан чөптү кылтыйып

Калат эми кар басып.

ЖИПКИЛЕН дейт эл аны,

Жазда, күздө малга азык.



КАРСКАН

Жасаш үчүн бочкеге

Темир кырчоо – КАРСКАНДЫ

Соктум далай чоюлуп,

Сом балканы – барсканды.



Карскан мыктап кыспаса,

Карагайдын адаты–

Күн нурунан кагжырап,

Биригишпейт арасы.



БУРЧАК

– Эмнеликтен аркандын

Ар жеринде илмек жип?–

Деп сурады бир бала,

Болот дечи билбестик.

Козуларды байлачу

Бул – БУРЧАК деп үйрөттүк.



ЖУУШАНДЫ

Тогуз торпок жоголуп,

Түп көтөрдүк айылды.

Бул аймакта калбады

Буудай аңыз, чабынды…

Мал тоюнуп жатчу жер–

ЖУУШАНДЫДАН табылды.