СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тоолордун -көркү илбирсте.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тоолордун- көркү илбирсте.

Просмотр содержимого документа
«Тоолордун -көркү илбирсте.»

Доклад

Тоолордун көркү-илбирсте.

Кыргызстан тоолуу өлкө.Мында ар түрдүү географиялык аймактарды:чөлдөрдү,токойлорду,аскаларды жана түбөлүк эрибеген мөнгүлөрдү,көп сандаган дарыяларды дана көлдөрдү кездештирүүгө болот. Ошондой эле дүйнөдө башка эч жерде кездешпеген жаңгак токойлору, кыргыздын тоо койнундагы бермети болгон Ысык-Көл, бийик тоолуу Соң-Көл ,Сары-Челек ,Чатыр-Көл көлү менен өзгөчөлөнөт. Ошого жараша табигый климаттык тилкелери, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү да ар түрдүү.

Кыргызстандын жаратылышы өзүндөгү релик жана эндемик өсүмдүктөрү жана жаныбарлар дүйнөсү менен айырмаланат. Мына ошондой жаныбарлардын бири- илбирс.

Илбирстин денесинин узундугу-130см, салмагы-75кг, куйругун кошо эсептегенде узундугу 220-240см б.а. куйругунун узундугу 1 метр. Илимге снежный барс же ирбирс деген ат менен белгилүү. Сырткы көрүнүшү боюнча леопардга окшош, бирок түсү көгүлтүр боз болот. Жүнү үлпүлдөк, жүндүн узундугу 12 смге чейин жетет.

Бул мышык сымалдар түркүмүнүн эң коозу жана эң ириси, аны тоонун падышасы, тоонун кырааны дешет. Денеси узун, буттары кыска, куйругу узун, калың жүндүү. Кулагы кыска, тегерек келет, териси калың. Денесинин баары куйругу да кара тактар менен капталган.

Илбирс ийинин эч ким бара албаган, арчалар менен тосулган, аскалардын жаракаларына, аскадагы үңкүрлөргө жасайт. Алардын көбөйүшү февраль-март айларында жүрүп, баласын боюнда 95-105 күнгө чейин көтөрөт. Май айында 2 же 3 баласы туулат, жаңы туулган баласынын салмагы 350-400грамм болот.3-5 жылда көбөйүүгө жөндөмдүү болот.

Илбирстин экологиясы.

Дүйнө жүзү боюнча Алтайда, Памирде, Тянь-Шанда,Тибетте, Монголиянын бийик тоолуу райондорунда, Казакстанда, Индияда, Орто Азияда:Чаткал,Пскем,Кыргыз, Талас тоо кыркаларында , Күңгөй дана Тескей Ала-Тоодо кездешет.

Илбирс-тоо жаныбары. Ал көбүнчө субальпы жана альпы тилкесинде, кардуу жана шагыл таштуу жерлерде жашайт, анткени ал жерде негизги азыгы болгон тоо эчкилери жашайт. Кышында тоо эчкилеринин артынан күңгөй беттерге, карсыз тоолорго өтүп, бир аз төмөн түшөт. Ушул мезгилде аларды кокусунан кездештирүүгө болот.

Илбирстин тиричилиги.

Илбирс-көп кырдуу мергенчи. Ал көбүнчө тоо эчкилерин, айрым учурда аркарды, эликти, жапайы доңузду, кээде суурду, уларды жана кекиликти кармап жейт. Үй жаныбарларына кол салган учурлар белгилүү. Кыргызстандын башка өлкөлөрдө жашагандары чычкандан баштап топозго чейин бардык жаныбарларды жегендиги жөнүндө маалымат бар.

Илбирс аң уулого кечкурун же түн ичинде чыгып, олжосун аңдып жатып кармайт. Кээде күндүзү да аң уулоого чыгат. Илбирс тоо.эчкилердин өтө турган жолунан аңдып, алар жакын келгенде чоң аралыктан секирип, эчкинин өзүнүн салмагы менен уруп жыгат. Ар бир илбирс үйүрүнүн ээлеген аймагы болот, ал аймакты заңы менен белгилеп коёт.

Илбирс өтө сак жаныбар болгондуктан, аны саноо кыйын. Ошондуктан алардын санын айрым адамдардын, мергенчилердин көргөндөрү боюнча, ошондой эле тоо эчкилринин санына жараша болжолдуу аныкташат.

Илбирс бардык жерде сейрек кездешкендиктен , аны атууга тыюу салышкан.Атайын зоопарктар үчүн гана кармалат. Илбирсти кармоо өтө кыйын, ал үчүн илбирстиг жашоо-тиричилигин, кыймыл аракетин, жүрүш-турушун жакшы билүү керек.

Илбирс бүткүл дүйнөлүк жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо уюмунун Кызыл китебине киргизилген.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!