СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Топонимдер кыргыз этноними

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Топонимдер кыргыз этноними»

2.3.1. Топонимдерде кыргыз этноними



Кыргыз этноними Якутиядан Молдова, Крымга чейинки аймакта жер аттарынын курамында этнокомпонент катары орун алган. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Евразия топонимиясындагы кыргыз сөзү Кыргыз кагандыгынын (VII-IX кк.) тарыхый-саясий таасиринен жана байыркы кыргыз элинин башка элдердин курамына киришинен улам калган.



5. Молдованын топонимиясында кыргыз этноними



Н.А. Баскаков “Родо-племенные названия кипчаков в топонимике Южной Молдавии” аттуу макаласында Түштүк Молдованын аймагында Кыргыз, Кыргыз-Кытай суу аттарынын бар экендигин белгилеген (Баскаков, 1964а: 48-49). Молдовадагы түрк тилдүү топонимдерди изилдөөгө алган И.В. Дрон Киргиж жана Китай топонимдерин түрк тилдүү гидронимдер катары караган (Дрон, 1996: 2). Биздин оюбузча, И.В. Дрондун эмгегиндеги Киргиж топоними – Н.А.Баскаков айткан Кыргыз гидрониминин туура эмес жазылышы. И.В. Дрон менен С.С. Кругло Түштүк Молдованын (Буджак) топонимиясындагы Кыргыз жер атын бул жерге XVI кылымдын соңунан XIX кылымдын башына чейинки аралыкта келген түрк-кыпчак уруулары менен байланыштырышат (Дрон жана Кругло, 1989: 18-19). Ал эми Н.А. Баскаков менен О. Каратаев андан мурунку доорго, тагыраак айтканда, IX-X кылымдарга алып барып, О. Каратаев огуз тилдүү печенек (печенег) уруулук бирикмесинин негизги толкуну менен журт которуп барып калуусу ыктымал деген ойду айтат (Каратаев, 2013: 51).



Кыргыз – Түштүк Молдовадагы суу аты. Кыргыз этнониминен келип чыккан (Баскаков, 1964а: 48).



Кыргыз маалеси – Түштүк Молдовадагы Чадыр-Лунга (молд. Ceadîr-Lunga, гаг. Çadır-Lunga) шаарындагы бир махалла (шаардын бир бөлүгү). Кыргыз этнониминен келип чыккан (Дрон жана Кругло, 1989: 62). Аңыз-кептер боюнча мурун бул жерде Кыргыз деген айыл болгон (http://ceadir-lunga.md/munitsipij/istoricheskaya-spravka).



8. Якут топонимиясында кыргыз этноними



М.С. Иванов менен С. Багдырыын Саха Республикасындагы Кыргыс топоними менен куралган жер аттары тууралуу сөз кылып, бул топоним Борбордук Якутияда да, Вилюйда да, Оймяконда да жолугарын белгилешкен. Ошону менен бирге аталган топонимдердин айрымдары кыргыз этнонимине тиешелүү болуп, азыркы Якутиянын аймагына көчүп келген Энесай кыргыздарынын бир бөлүгүнө байланыштуу экендигин кошумчалашкан (Иванов жана Багдырыын, 2004: 36-37).

Якутиянын аймагындагы кыргыз этноними менен куралган жер аттарынын айрымдары төмөнкүлөр:



Кыргыс Өтөхтөрө (Кыргыздардын кароосуз калган турак жайы) – Томпон (якут. Томпо улууhа) улусундагы (район) аймак.



Кыргыс-Көлү – Вилюй (якут. Бүлүү улууһа) улусундагы (район) аймак.



Кыргыс-Тумса – Усть-Алданск (якут. Уус-Алдан улууһа) улусундагы (район) аймак.



Кыргыс-Тумула – Мегино-Кангалас (якут. Мэҥэ Хаҥалас улууһа) улусундагы (район) Мюрю (якут. Мүрү) көлүндөгү булуңдун мурунку аты.