Просмотр содержимого документа
«Топурактын турмуштагы орду»
И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин география мугалими Жумаева Канбүбү Маановна
Уюштуруу:
Танда турсам сыртта эшик нурдуу экен күн,
Эмнегедир күнда сонун жылуу экен.
Чуркап барып календарды карасам,
Силер менен жолугушчу күн экен.
Саламатсыңарбы балдар!
Сыр сандыгым ачылды, Күндүн нуру чачылды (Жагымдуу маанай)
Жашоонун түркүгү күн, Ааламдын түркүгү адам, Көңүлдүн түркүгү жылмаюу! Кана балдар бири-бирибизге жылмаюу тартуулап, анан дагы бүгүнкү биздин сабагыбызга катышкан конокторго жылмаюу тартуулап коебуз.
Топторго бөлүнүү:
1-топ “Кызыл топурак”
2- топ “Боз топурак”
Баалоо критерийи:
- 1. Үй тапшырманы аткарса.
- 2. Жаңы теманы өздөштүрө алса.
- 3. Карта менен иштей алса.
- 4. Топтук ишке өз салымын кошсо.
- 5. Алтын эрежени сактаса.
ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАГА НЕГИЗДЕЛГЕН АЛТЫН ЭРЕЖЕЛЕР:
- Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийининен чыгат.
- Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.
- Суу атасы-булак, сөз атасы-кулак.
- Сууну сиңген жерге сеп, сөздү укканга айт.
- Билимдүү болуу гана эмес, колдоно билүү керек.
- Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол.
- Кыймылдаган кыр ашат.
Мээге чабуул:
Алтын эрежедеги географияга байланыштуу сөздөрдү табуу:
Үй тапшырмасы:
Биосферанын негизги компоненттери
(Консептуалдык картага салып келүү)
Актуалдаштыруу аркылуу жаңы теманы ачып алуу
Жаңы тема:
Топуракты пайда кылуучу негизги факторлор
Сабактын максаты:
Сабактын көрсөткүчү:
Билим берүүчүлүк.
Окуучулар топурак жөнүндө
Билим берүүчүлүк.
Окуучулар топурак жөнүндө ойлорун турмуш менен байланыштырып, кеңири айта алышса.
кеңири маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк.
Окуучулар сүрөт аркылуу ой жүгүртүп эске сактоосу калыптанса.
Өнүктүрүүчүлүк.
Тарбия берүүчүлүк.
Окуучулардын ой жүгүртүүсү жана эске сактоосу калыптанат.
Окуучулар табиятка болгон кызыгуусу артып, патриоттуулук сезими ойгонсо .
Тарбия берүүчүлүк.
Окуучуларды табият менен таттуу мамиледе болууга тарбиялоо.
Топурак - асылдуулука ээ болгон, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун таасири астында пайда болгон жер кыртышынын үстүнкү катмары
Физикалык фактор
Химиялык фактор
Биологиялык фактор
Жаратылыштагы айлануулар.
Курт-кумурскалар
Көр чычкан
Жылан
Сөөлжан
Топурактын калыңдыгы бир нече см ден 2.5 метрге чейин термелет. 1 метр тереңдикте топурактын минералдык бөлүгү жаңыланышы үчүн 1000 жыл керек.
Докучаев Василий Васильевич топурак
таануу илиминин негиздөөчүсү, орустун улуу
табият таануучусу: “Топурак ландышафтын
күзгүсү” деп айткан.
Африкадагы кызыл топурактуу жердеги өсүмдүктөр жана жаныбарлар
Африкадагы альювиалдык топурактуу жердин өсүмдүк жаныбарлар.
Топурак жаратылыш комплексининин ажырагыс бир компоненти.
Жашылча өстүрүү үчүн күнөскана .
Химиялык жер семирткичтерди колдонуу аркылуу топурактын күрдүүлүгү бузулууда (пестициддер).
Топурактын гумустуулугун арттыруу максатта айдоо жердеги топуракты тыныктыруу.
Биосферанын келечеги үчүн топуракты сактайлы.
Дене көнүгүүсү :
- «Аба-ырайы» оюну
- 1 . Күн күркүрөп, булут каптады.
- 2. Шамал жүрүп, жамгыр башталды.
- 3. Чагылган болуп, жамгыр катуулады.
- 4. Шамал жүрүп, булуттарды сүрүп кетти.
- 5. Күн кайра чыгып, көңүлүбүз ачылды.
Бышыктоо :
- 1-топко.
- Мен эмнени…………….? (билдим)
- 2-топко.
- Мени тан калтырды………?(тан калуу АЭМ)
- (Кошумча суроолор берилет)
Баалоо:
- Топтордоо балоо (коментарийлөө жол менен баалоо)
- Үйгө тапшырма берүү: Топуракты АЭМдин 3-схемасы АЖППОКко салып келүү.