СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Торкен айыл өкмөтүнөн алынган интервю

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Торкен айыл өкмөтүнөн алынган интервю»

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата айылда бул жылга эмне иштерди жасады, кандай жаңылануу болууда деген максатта жеринен маектешип келүүгө барып келдик. Мурунку күнү 1- 2 мүнөт кечигип калып, ойлогон оюбуз ишке ашпай кайра келгенбиз. Журналисттик кесип өтө тактыкты талап кыларын билип, алдын – ала сүйлөшүүдөн кийин жарым саат эрте барганга туура келди. Бирок орун басар агайыбыз да сөзүнө туруп, иш столунда бизди күтүп отурган экен.



Абды Сүйөркулов атындагы Торкен айыл өкмөт башчысынын орун басары Төкөев Уланбек Тынымбекович менен болгон маек



2019 – жыл «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында» сиздердин айыл өкмөттө кандай иш – аракеттер болду жана алдыда дагы кандай иштин пландары менен иштеп жатасыздар?

“Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата алгач биздин кызматкерлердин иш столдору компьютерлер менен жабдылып, интернетке туташтырылып,санариптештирилди. Андан сырткары, инвестиция тууралуу айтсам, былтыркыга салыштырмалуу сырткы жана ички болуп отуруп 21747000 сом инвестиция тартылды.

Торкен айылы Токтогул районундагы эң чоң айылдардын катарына кирет. Айыл элинин өсүп – өнүгүүсү, эс алуусу үчүн маданият үйүнүн ролу чоң. Айылдын чок ортосунан орун алган маданият үйү 2018 – жылдын күз айында өрттөнүп кетип, бирок ушул убакка чейин же салынбай, же күйүк дубалы жок кылынбай турат. Мунун себеби эмнеде?

Негизинен “Маданият үйүнүн” курулушуна керектелүүчү документтер толугу менен даяр. Көпкө туруп калганынын себеби, клубдун дубалы бышык, аны бузбай эле коюу керек деген ойлор да айтылган

- А бирок кыргызда күйүктү тургузбайт, аны кайра колдонууга болбойт деген да түшүнүктөр бар да.

Туура. Ал нерсени мойнубузга алабыз. Бирок, бул маселени да карап, кайрадан жер пайынан баштап, жаңы имаратты куруу үчүн сүйлөшүүлөр чечилиген. Кудай буйруса, 2020 – жылы Госархитектура жана АПУ( архитектурное проектное условие), ИТУ (инженерно – техническое условие) курулуш компанияларынын жардамы менен курулганы турат.



Айыл чарбалык, дегеле айылдын маселесин чечүүчү элдик жыйындарды өткөрөөдө эл массасын кантип уюштуруп, кандай жерлерде өтүп жатасыздар? Себеби маданият үйүнүн жанында жайгашкан мектептин шарты ал жыйындарды, чогулуштарды өткөрүүгө ылайыксыз.



Чынында бизде жыйындарды өткөрүүдө кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок ошентсе да, биз айылдык жыйындарды 1 -2 жолу Ашыралиев мектебинин актовый залында өткөрдүк.



Торкен айылында көйгөйлүү маселелер деп, кайсыл иштерди баса белгилей аласыз?



Азыркы учурда эң көйгөйлүү маселе – бул таза суу. Биз таза деп ичип жүргөнсуу түтүкчөлөрүнөн алган суубуз дагы таза эмес деп табылды. Себеби ага “хлор “эритмеси кошулбай келет. Буйруса, 2020 – жылдан тарта Кытайдын “Ен - Юань”компаниясынын жардамы менен таза суу маселеси чечилгени турат. Бул үчүн жалпысынан Торкен айылына 2млн ₴ акча каражаты керектелет.

Айылдагы №27 Мамыров мектеби акыркы учурларда көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келет. Окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүп, техникалык жабдуулар эмес, бир партада 3төн окуучу сыгылып отуруп, жазуу сабактарында көйгөй жаратып келет. Айылдан чыккан баатырдын ысымындагы бул мектептин ал – абалына сиздер тараптан кандай иш аракеттер болгонун айта аласызбы?



Мектеп тууралуу биз дагы тиешелүү жерлерге алыбыздын жетишинче буга чейин айтып келдик. Жаңы мектептин салынышы тууралуу биз да керектүү делген документттерди даярдап, күтүп отурабыз. Куда кааласа, жаңы мектеп дагы 2020 – жылда башталганы турат.

Маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат!



Маектешкен: Эсенбекова Толгонай Нурлан к. Рита

Көмөк чордонуна” саякат

Айылдаг заңкайып турган подстанция жана анда иштегендер бизди кызыктырып келчү. Баса ал жерде иштеген Турусбек атанын да аты бизге бала кезден тааныш. Анткени электр энергиясы өчтү дегиче , ал кишинин ысымы кошо айтылар эле. Сабактын талабынан улам тиешелүу сабакты негиз кылып, баруу максаттарыбыз тактап, Турусбек атанын “Көмөк чордонуна”сапар тарттык. Физика сабагынан электр тогу тууралуу теориялык билимдерди жетишерлик өтүп келебиз. Бирок практика аз. Ошол себептүүбү практикага чыгуу биз үчүн кызык болду. Практикалык билим алуу бизди ашыктырып, көңулдүү маанай менен арышыбызды кең таштап бара жаттык. Эшик алдынан тосуп алган “Көмөк чордонунун ”ээси менен жылуу маанайда учурашып, суроолорубузду бере баштадык.

Алгач сөздү “Көмөк чордондун”тарыхынан баштасак. Эмне себептен дал ушул Торкен айылына курулуп калган?

Көмөк чордон 1968 – жылы ишке киргизилген. Ал мезгилде Токтогул районунда энергетика тармагы өнүгө элек болчу. Бирок, алдын – ала пландаштырылып, калктын саны көбөйөт, дагы отурукташат деген таризде биздин айылга курулуп калган. 1968 – жылдан бери карай электр энергиясы Крупсай ГЭСинен келип турчу, ал эми жакынкы он жылдан бери Камбар – Ата ГЭСинен келип жатат. Келген линиянын кубаттуулугу110 кВт.

Кубаттуулугу жөнүндө айтып калдыңыз, “Көмөк чордон” канча айылды электр энергиясы менен камсыз кылууга ылайыкташтырылып курулган?

Азыр Торкен, Көтөрмө, Совет, Толук, Сары – Камыш айылдарын камсыздайт.

Турусбек агай, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз? Эмгек жолуңуздун башталышы, жумуштагы кыйынчылыктар?

Мен өзүм 1970 – жылы Фрунзедеги (ал убакта борбор Фрунзе деген аталышта болчу) 1 жылдык окуу курсун окуп баштагам. Окуумду аяктаган соң 1971 – жылы эмгек жолумду Токтогул Райцентрде иштөөдөн баштадым. Ал эми бул көмөк чордонунда эмгектенип жатканыма 34 жыл болду. Жалпы эмгек жолумду эсептей турган болсок быйыл 48 жыл болуптур. Азыр 72ге чыктым. Дагы эле иштеп жатам (күлүп).Негизи энергетик болом деген эч оюмда жок болчу. Анда совхоз убагы, мен жаңы армиядан келген мезгил. Колхоздун монтёру Чынта деген бар болчу. Ошол киши аркылуу окуп калгам. Менин окууга кеткен чыгымдарымдын баарын колхоз төлөгөн.

Көмөк чордондун ишке киргизилгенине жарым кылымдан ашыптыр. Бул аралыкта ага оңдоо – түзөө иштери канчалык денгээлде болуп турат?

Оңдоо иштери жылына жүргүзүлөт. Эгер андай профилактикалык иштер болуп турбаса өрттөнүп, күйүп кетүү коркунучу жаралат. Анткени, бул көмөк чордон - эң чоң техника.

Айылдын экологиясына кандайдыр бир таасирин тийгизбейби?

Айылдын ар бир көчөсүндө 10кВт столбалар бар. Мына ошол столбаларда чагылганды тартып алуучу атайын разрядник туруш керек эле. Тилекке каршы, бул нерсе бизде Кыргызстан боюнча жок. Чагылган аркылуу экологияга терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Бул “Көмөк чордон” азыркы заманбап көмөк чордондордун катарына киреби? Айтайын дегеним, стандартка туура келеби?

Жок, азырынча жооп бербейт. Көмөк чордон өзүнүн проектиси боюнча толук курулган эмес. Камбар – Ата ГЭСинен бизге дагы 110кВттык линия келиш керек эле. Кокустан оңдоо иштери жүрүп калса, электр жарыгы 2 – 3 күнгө чейин өчөт. Ошол себептүү сөссүз түрдө 110кВттык линиядан экөө келиши керек эле.

Үй - бүлөңүздөн сиздин жолуңузду улаган уул – кыздарыңыз барбы?

Балам, Шабданбек 15 жылдан бери РЭСте иштеп келе жатат. Анын да бул тармакка аралашып калышына мен таасир эттим окшойт.

Маегиңизге чоң ырахмат, агай!

Жакшы окугула, балдар! Келечекте энергетика жаатын тандасаңар кор болбойсуңар! Электрик – бул жоголбой турган кесип.



Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Абды Сүйөркулов музейинин жетектөөчү илимий кызматкери Куттубаева Гүлсайра Токтосуновна менен болгон маек.

Абды Сүйөркуловго арналган музейдин уюшулушу, түптөлүш тарыхы тууралуу айтсаңыз?

Музейдин ачылышына А. Сүйөркуловдун ишмердиги, эмгек жолу түрткү болду. Анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында 2009 – жылы 4 – ноябрда Токтогул районунун 80 – жылдык жана 2012 – жылдын 13 – октябрында өткөн Абды атабыздын 100 жылдык мааракесине утурлай ушул саамалык ишке ашырылган. Мындан мурун да ачылып, бирок ал өз максатында иш алып бара албагандыктан токтоп калыптыр. Жана көп жагынан талапка жооп берген эмес. Ал эми азыркы музейдин тарыхына токтолсок, бул музей Токтогул районунда 2008 – жылы марафон өткөрүлүп, ошол марафонго түшкөн 3млн сом каражатка курулган.Негизинен 3 бөлмөдөн турат.

Музей эл үчүн кандай кызмат өтөөдө?

2009 –жылы ачылгандан бери чет өлкөдөн туристтерди, КМШ мамлекетинен келген конокторду, жергиликтүү калкты кабыл алуудабыз. Бул имарат айылга маданиятты, коомго эмгеги сиңген улуу адамдын мамлекетке бүтүндөй акыл – эсин, күч энергиясынын эмгегин жумшаган адамдын кийинки муундар үчүн таберик экендигин сабак этчү жай экендигин билүүгө үйрөтөт.

Коомчулукта эл оозуна алынган адамдардын шакирти болот. Азыркы учурда А.Сүйөркуловдун шакирттеринен барбы? Болсо алар кимдер?

Бар. Ал Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Сөлпиев Ороз Сөлпиевич. Мурункулардан Алайчы Абдыкеримов Атакишиевич.

Бул суроо сизге болсун. Мугалимдик кесипти таштап, бул чөйрөгө аралашканыңызга эмне себеп болду. Жана бул жер сиз үчүн мааниси кандай?

2003 – жылы жумуштан өргүү алып, үйдө отурган убактымда бул ишке болгон ой, кызыгуу, максаттар мени ушул ишке алып келүүмө себепчи болду. Музейдин уюшулушу, түптөлүшүнө да аздыр – көптүр мээнет, эмгек өтөп калдым. Азыр абдан жакшы. Музей алды жаркырап, гүлгө толуп, министр атабыздан мураска калган узун жибек жолунан өткөн адамдарды өзүнө тартып турат. Бул жер мага акылыма акыл, билимиме билим кошту. Ушул жерден мен публикага чыкканды, ар кандай коомдук иштерге аралашууну баштадым. Музей менин жашоомо өзгөрүү киргизди. Азыр мен Торкен айылындагы аялдар кеңешинин төрайымы болуп да кызмат өтөөдөмүн. Ушул эмгектеримдин аркасында жакында коомдук уюмдар тарабынан “Чыгаан айым” төш белгисин тапшырышты.

Угушубузга карганда А. Сүйөркуловдун балдарынын сизге болгон сый – урматы күчтүү деп угуп калабыз. Жана алар апасынын кийген сырткы кийимин белекке да тартуулашыптыр. Бул тууралуу эмне айтар элеңиз.

(Күлүп) Ооба, туура. Балдары апасынын буюмун туура эмес колго түшүп, тебеленип калбасын, барктай турган адамга берели, көпкө сактабайлы деп чечишип, мага тапшырышкан. Музей иштеринин алгылыктуу иштеп жатканына ыраазы болушуп, мен тууралуу жакшы ой – пикирде, мамиледе болгондору чын. Мен ал кишинин кийимин ырымдап, жакшы адамдардын кийимин кийүү жакшы нерсе деп кубануу менен кабыл алдым.



Алтындай убактыңызды бөлүп, маектешкениңизге чоң ыраазычылык билдиребиз.










Кыргызстандагы финансы тармагынын уюшулганынын 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Токтогул башкармалыгында финансистердин тарых – музейинин ачылыш салтанат -аземинен алынган репотаж.

2019 – жылы 11 –октябрда Жалал – Абад областынын Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын мекемесинде финансы тармагынын Кыргызстанда уюшулганынын 95 жылдык юбилейлик күнү белгиленди. Финансы бөлүмүнүн кызматкерлери жайгашкан экинчи кабатта райондон чыккан мыкты финансисттердин бейнесин чагылдырган тарых – музейинин ачылышы болду. Анда Кетмен – Төбө өрөөнүнөн чыккан Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун эмгек жолу, аткарган иштери көрсөтүлүп, финансисттик бейнеси чагылдырылган. Бул кыргыз тарыхындагы уникалдуу адам тууралуу айта кетсек, 1926 – жылы Жалал – Абаддагы “Көк - Арт” жатак балдар мектебинен билим алып, андан ары окуусун Фрунзе шаарындагы соода конторанын 3 жылдык мектебинен окуусун улантып, андан ары Ташкенттеги жогорку окуу жайларына даярдоочу 6 айлык курстан өтүп, 1930 – жылы Москвадагы Георгий Валентинович Плеханов атындагы эл чарба пландоо – экономикалык институтунан билим алат. Өз учурунда совет өлкөсүнүн эң мыкты окуу жайынан билим алган жаш адис, 1931 – жылы Кетмен – Төбө керек – жарак союзунун төрагасы, 1932 – жылдан Кетмен – Төбө, Ноокат, Талас райондук финансы бөлүмүн жетектейт. 1937 – жылы Кыргыз ССР Эл комиссариятынын финансы салык башкармалыгынын башчысы кызматына көтөрүлөт. 1938 – жылдан чарбалык жооптуу иштерге иштеп, 1940 – жылы 28 жашында большевиктер партиясынын катарына өтүп, партиялык жооптуу кызматтарга тартыла баштайт. 1946 – жылдан 1950 – жылга чейин Борбордук Комитетинин үчүнчү жана экинчи катчысы, эки жыл Жогорку Советтин төрагасы, сегиз жыл премьер - министр, он жыл Соода министри болуп эмгектенген.




Абды Сүйөркуловго арналган тарых музейиндеги бул бурч элине эмгек өтөгөн чыныгы эл уулунун кызматын кийинки муундар үчүн сабак жана жол болуп берүүсүнө дагы бир таасирлүү иштердин бири болуп калды. Бул улуу адамга катар эле көп жылдар Кетмен –Төбө финансы тармагына кызмат өтөп, өмүрүнүн бардыгын ушул тармак менен өткөргөн Абдыкеримов Алайчы Атакишиевич тууралуу маалымат бурч турат. Бул инсан биз жогоруда сөз кылган Абды Сүйөркуловдон да мурда, тагыраагы 20 – кылымдын 20 – жылдарында иштеген алгачкы финансы кызматкери экендиги белгилүү болду. Жана учурдагы көп жылдардан бери райондогу бул тармактын жетекчилик кызматын аркалап, эмгек сиңирген Сөлпүев Ороз Сөлпүевичке арналган бир катар финансы тармагынын тарыхы, аткарган иштери үчүн бул тармактын жогору жактан баалангандыктары жөнүндө жазылган бул көргөзмө тарых – музейи иш - чарага келген ар бир адамдын жасалаган ишке карата болгон ыраазычылыгын билдирип жатты.

Иш чарада финансы тармагынын коомдогу орду, аткарган иш кызматтары жана мындан кийинки иш алып баруулары тууралуу омоктуу ойлор айтылып, иш соңунда бул тармактагы эмгеги сиңген инсандарга жана райондогу жетекчилик кызматта иштегендерге 95 жылдыктын урматына чыгарылган төш белгилер ыйгарылды.

Эртең мененки саат 9да башталган иш – чарага борбордон чакырылган коноктор, жер – жерлердеги финансы башкармалыктары тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери, айыл аймактарындагы тиешелүү адамдар келип катышты. Токтогул райондук администрация мекемесинин ичи майрамдык маанайга бөлөнүп, фае толо элдин коштоосу менен тарых музейинин лентасы кесилип, иш – чара башталды.



Бул күнү эртең менен эрте иш – чарадан репортаж алуу үчүн алгач эле Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Ороз Сөлпүевичтин кабыл алуусунда болуп, интервью алдык.

Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Сөлпүев Ороз Сөлпүевич менен болгон маек



Саламатсызбы, агай. Кыргызстандагы финансы тармагынын уюшулганына быйыл 95 жыл толуптур. Сиздердин жалпы жамаатты бул юбилейлик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Менин сизге биринчи суроом, бүгүнкү иш – чаранын максаты жөнүндө айтып өтсөңүз жана иш чараңыздарда эмне жөнүндө сөз козголушу мүмкүн?

- Ырахмат. Негизги финансы тармагы мамлекеттик кызматтардын улуусу болот. Кыргыз Республикасында бул кызмат 1924 – жылы түзүлүп, быйыл 95 жыл толуп отурат. Ал эми Токтогул районунда 1925 – жылы түзүлгөн. Быйыл ушул 95 жылдыкка карата кийинки муундар үчүн атайын тарых - музей ачууну пландаштырганбыз. Максаты - бул тармактын коомго аткарган кызматы, басып өткөн жолу тууралуу маалымат берүү жана бул тармакта иштеген адамдардын коомго өтөгөн эмгегин баалоо жана белгилөө эле.

Финансы тармагы жөнүндө түшүнүк бере кетсеңиз. Анткени, биздин маалыматыбыз боюнча калктын эң бир аялуу катмарына берилүүчү акча каражаты деп айтылат.

Финансы тармагы 16 кылымдарда эле элдин муктаждыгынан келип чыккан.”Финансы” деген түшүнүктү Джек Лондон аттуу дүйнө жүзүнө таанымал жазуучу бул тармакты кантип алып кетүүнү, кантип түптөштү жазып калтырган. Албетте ар бир нерсенин киреше, чыгашасы болот. Эгерде киреше көп болсо бул профициттүү болот. Бул акча көп дегенди түшүндүрөт.. А эгер тескерисинче болсо дефицитүү болотда кедей мамлекет дегендик . Биздин Кыргызыстанды баарыбыз эле билебиз кен байлык аз, башка өлкөлөргө салыштырмалуу . Ошон үчүн биздин бюджет тартыш. Казынаны толтуруш үчүн акча каражаттарын туура пайдаланып ,үнөмдөө керек . Бирок , айтпай коюуга болбойт «Каррупция» «Жашырылгын мүлк» дегендер азыр көп , ошол менен күрөшүп да келебиз ,тилекке каршы ал күчөдөө. Бул нерсе бир эле биздин өлкөдө эмес, башка жактарда да тамыр алган. Мына “келечек жаштардын колунда “дейт кийин ушундай нерселер менен күрөшүшүңөр керек.



Көп жылдардан бери райондогу финансы тармагын жетектеп келген адам катары, эмгек жолуңуздун башталышы, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Мен карапайым үй – бүлөдө төрөлгөм, атам жылкычы болгон. Ал убакта 10 – классты эле бүтүрөр элек. Окууну бүтүп, Фрунзеге барып, авиация тарабына тапшырсамбы деген ойлор болгон. Ошол жерден бир агай мага экономика, финансы тууралуу кеңири маалымат берди. Анан университеттин ушул факультетине барып тапшырдым. Чынында эле бул кесипке болгон кызгуум артты. Менин 41 жыл эмгек стажым бар. Ушул убакка чейин жалаң өзүмдүн кесибим боюнча иштеп келе жатам. 2020 – жылы жетекчилик кызматта иштегениме 27 жыл толот. Бул жылдар аралыгында бир топ эле жоопкерчиликтүү иштерди аткардым.



Уникалдуу адам А. Сүйөркуловдун жетекчилик ишин улантуучу катары өзүңүзгө кандай баа бересиз жана жетекчиликке даярдалган кадрларыңыз тууралуу айтсаңыз?

Улуу инсан А. Сүйөркулов менен эч качан мен өзүмдү теңебейм. Себеби ал киши Кыргызстанды башкарды, эл үчүн эбегейсиз жоопкерчиликтүү кызмат аткарды. А мен болсо бул иште отуруп кылган ишим дайыма ак болсун, нааразычылык болбосо экен деп тилейм. Байлыкка кызыккан жокмун. Эгер коррупционер болсом, мынча көп жылы бул кызматта отурбайт элем. А. Сүйөркулов менен дайыма сыймыктанып, андан үлгү алып иштеп келем. Жана Абды атабыздын кылган эмгектерин башкаларга көрсүн, билсин деген максатта мына ушундай музей ачып отурабыз.



Райондогу финансы саясаты учурда кандай максатты көздөп иш алып барууда, жана азыркы жаштардын бул кесипке тартылуусу кандай?

Биздин учурдагы максат - ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу. Бизде 10 адам иштейт. 10 адамдын орточо жашы 40 жашты түзөт. Демек биздин коллективде жаштар иштешет. Башка жаштарды бул кызматка тартуу үчүн мектептерге барып сабак өтөбүз, практиканттарды чакырабыз.



Убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик!





Маектешкен жана репортаж алгандар: Бакыт уулу Элмир

Уланбек кызы Айгерим
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!