ЖРТкыргыз тили №30 грамматика
1. Кыргыз тилинде канча бириккен үнсүз бар?
А)6 б)4 в)3 г)8
2. Кыргыз тилинде канча капталчыл үнсүз тыбыш бар?
А)3 б)4 в)1 г)2
3. Кыргыз тилинде канча дирилдеме үнсүз бар?
А)5 б)3 в)2 г)1
4. Кыргыз тилинде канча мурунчул үнсүз бар?
А)3 б)2 в)3 г)7
5. Мурунчул тыбыштардын тобун тап.
А)б, п,м б)м, н, ң в)к, л, м г)я,ю, ё, е
6. эгер, эгерде деген сөздөр байламтанын кайсыл түрүнө кирет?
А)Байланыштыргыч, божомолдогуч б)шарттуу байламта
В)каршылагыч, себеп-натыйжалагыч г)шарттуу
7. Анткени, себеби, андыктан, ошон үчүн байламтанын кайсыл түрунө кирет.
А)Божомолдогуч б)каршылагыч в)себеп-натыйжалагыч г)салыштырма
8.Бөлүкчөлөр маанилик жактан өз ара канчага бөлүнөт?
А)5 б)6 в)7 г)8
9. менен, тууралуу, сайын аталган жандоочтор кайсыл жөндөмөнү талап кылуучу жандоочтор?
А)атооч жөндөмөсүн б)табыш жөндөмөсүн
В)барыш жөндөмөсүн г)чыгыш жөндөмөсүн.
10. Модалдык сөздөр маанисинекарай канчага бөлунөт?
А)6 б)8 в)7 г)5
11. Сапаттык сын атоочту белгиле.
А)түнкүсүн б)бозомук в)он бир г)токойлуу жер
12. Катыштык сын атоочту белгиле.
А)жаанчыл ай б)сапсары в)абдан сары г)сары
13. Сын атоочтун канча даражасы бар?
А)5 б)4 в)2 г)3
14. Сын атоочтун күчөтмө даражасын тап.
А)чоңураак б)чоң в)чопчоң г)узун
15. Зат атоочтук мааниде колдонулган сын атоочу бар сүйлөмдү белгиле.
А)Жаман адам белгиси, өз камы үчүн жүгүрөт.
Б)Жакшы адам эл камын ойлойт.
В)Кызыл гүлдөр желбирешет шамалга
Г)жаман менен дос болбо.
16. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышы канча түрдүү?
А)2 б)3 в)4 г)5
17. Ыкташуу байланышындагы сөз айкашын белгиле.
А)баланын досу б)балага баруу в)баланы көрүү г)жаш бала
18. Башкаруу байланышындагы сөз айкашын белгиле.
А)теректин бутагы б)теректи кесүү в)үч китеп г)тигил Абдулла
19. Барыш жөндөмөдөгү башкаруу байланышын белгиле.
А)мыкты Сауле б)үйдү куруу в)сураганга берүү г)айылда жашоо
20. Табыш жөндөмөдөгү башкаруу байланышын белгиле.
А)Жакшыны сыйлоо б)сенден алуу в)тоодо болуу г)Ясиндин досу
21. Кайсы сөздүн айтылышы менен жазылышы дал келбейт?
А)телевизор б)журнал в)редактор г)устав
22. Кайсы сөздүн айтылышы менен жазылышы дал келбейт?
А)сейф б)автомат в)карандаш г)терезе
23. Орфоэпия эмне жөнүндөгү илим?
А)туура айтуу б)сөз айкашы в)сөз түркүмү г)тыбыш
24. Кайсыл учурда мүчөнүн башындагы (н) өзгөрүлбөйт?
А)эт+нын б)талаа+нын в)уй+нын г)жер+нын
25. (н) менен башталган мүчө кандай тыбыш менен аяктаган сөзгө уланса, өзгөрүлбөйт?
А)каткалаң б)үндүү в)жумшак г)уяң
26. Карама-каршы маанидеги сөздөрдү тап.
А) узун – узак Б) кең – кууш В) кооз – ажайып Г) түз – сынык
27. Кайсы катарда маанилеш сөздөр берилген?
А) кызыл, сары, көк Б) кары, картаң, улгайган
В) сынык, тешик, ийри Г) бала, наристе, улан
28. Асты сызылган сөз тизмегинин маанисин аныктагыла. Жеңижок ак таңдай акын эле.
А) сөзмөр, чечен Б) калыс, адилет В) жаш, таланттуу Г) келишимдүү
29. Кайсы вариантта асты сызылган сөз өтмө мааниде колдонулду?
А) Асман ачык, айлана жымжырт. Б) Бул тоолор канча кылым карыткан. В) Ал уулу таянар тоосу эле. Г) Баатыр Манас асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй.
30. Сүйлөмдү кайсы туруктуу сөз айкашы менен толуктасак, мааниси туура болот?
Байтик баатыр _______ душманын качырып кирди.
А) башты байлап Б) кылычын сууруп В) атын чаап Г) кыйкырып
1-б, 2-в, 3-г, 4-а, 5-б, 6-б,7-в, 8-г, 9-а, 10-б. 11-б, 12-а,13-б, 14-в, 15-г. 6-в, 17-г,18-б,19-в, 20-а, 21-г, 22-б,23-а, 24-б,25-б. 26-б, 27-б, 28-а, 29-в, 30-а.