СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 23.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ценарий 4-класс бутуруучулор учун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ценарий 4-класс бутуруучулор учун»

Бүгүн майрам кубанабыз шаттанып,

Кечээ эле мектеп босогосун аттадык.



Эже агайлар күлмүндѳшүп тосушкан,

Мектебине конок келип жаткансып.

*«Бүтүрүү кечесин уюштурууга сценарий»*

*Бүтүрүү кече*



Муг: Саламатсыздарбы ардактуу ата -энелер, мугалимдер, бүгүнкү кеченин катышуучулары! Сиздер бүгүн кечээ эле ак тилек аруу сезим менен ак мектептин босогосун аттап кирген жаш бѳбѳктѳрдун, билимдин башаты болгон башталгыч классын бүтүрүү аземине күбѳ болуп отурасыздар.



*Хор:Мектеп*



Бүгүн майрам кубанабыз шаттанып,



Кечээ эле мектеп босогосун аттадык.



Эже агайлар күлмүндѳшүп тосушкан,



Мектебине конок келип жаткансып.



Мектептен билим алабыз



Мектеп деп кѳнүл ачабыз



Сабактан калбай ар убак



Күндѳ билим алабыз



Жаркыраган класстарга кирдик биз



Жаны билим жанылыкты билдик биз



Мына бүгүн 4-классты бүтүрүп



Окуу жылын ойдогудай бүттүк биз



Шанга оролуп бүт теребел чар тарап



Мектебимде бүгүн майрам салтанат



Анда эмесе ата-энелер, балдардын ;



Алдыдагы чон майрамы башталат



Муг: Ушул балдар 4 жыл ичинде эмнелерди үйрѳнүштү,



Кандай билим алышты, ѳздѳрүнүн ырларынан билсениздер болот.



Аппак,бийик татынакай мектебим



Билиминди коп алууга ниеттендим



Билим учун сага карай умтулган



Эн алгачкы кундорумду эстедим



Биз биринчи класста

Алиппеге достоштук

Тамга таанып, шар окуп

Майрам менен коштоштук.



Экинчиде ачканбыз

«Адабий окуу» барагын

Кѳп нерсени үйрѳндүк

Түшүнүп коом талабын



Биз 3-класста



Тендемени чыгардык

Кѳп ѳрундуу сандарды

Ѳздѳштүрүп кубандык

Бардык сабак түрлѳрүн

Терендетип түшүндүк



Биз 4-классты



Мына эми бүтүрдүк!



*Хор: Китеп*



Муг: Балдар, силер мектеп босогосун алгач аттап, класска кирген күндѳн баштап силердин билим алышынарга ѳз кѳмѳгүн кѳрсѳткѳн буюмдарыбыз бар.



Классыма киргенде.



Эн алгачкы партам элен



Калем сап алып колго



Оюп сүрѳт тартаар элем



Эжей кѳрүп тилдегенде



Билем абдан уялганмын



Тортту бутуп кетип жатып



Партам сени кыялбадым.



Кол кѳтѳрүп чыктым эле



Мен биринчи классымда



Ошол доскам азыр деле



Ошол ѳндѳ турасын да



Тѳрт жыл бою жазып келдим



Ачып жапма беттерине



Тѳрт жыл бою кѳчүргѳнмүн



Сенден дептер беттерине



ЫР: Ырдайлы достор



Муг: тѳрт жылда кѳптѳгѳн сабактарды окудук.



Ошол сабактардан алган билимдеринерди сынап кѳрѳлү.



Илимдердин падышасы «Математикага» сѳз берели.



Дилгирленип ѳзгѳчѳ



Окуп эсеп сабагын



Туюнтмасын түзѳмүн



Маанисин да табамын



Кээде кээде жанылып



Кѳп болсо да убарам



Түзүп алып тендеме



Аны кайра чыгарам



Амалдардын тартибин



Абдан жакшы билемин



Келечекте «финансы-



Министри» болуу менин тилегим



Ар бир туркун фигураны



Алмаштырбай тааныймын ,



Гектар гектар жерди айдап



«фермер» болуп байыймын



Жадыбалдай так билген



Амалдарга саламым ,



Кандай эсеп болсо да



Чыгарууга дайым даярмын !



ЫР: Жылмаю



Беттерине үнүлүп



Ырларынды жаттадым



Айрыбай да булгабай



Карегимдей сактадым



Сыр дүйнѳндү жайнатып



Энекемдей сүйлѳштүн



Мен эмнеге кызыксам



Сен ошону үйрѳттүн



Мен адабий окууну



Терен сүйүп баалаймын



Бүл сабакты кѳп кѳптѳн



Кирсе экен деп самаймыйн



Анткенимдин жѳнү бар



Акылымды ѳстүрѳт



Бул китепке кызыккан



Жомок ырды кѳп билет



Жомок аткаруу:



Хор: Тынчтык деген унубуз



«Кыргыз тили» тобу



Манас



Кымбаттан кыналышып бүткѳн тилим



Кылымдан азиз энем күткѳн тилим



Тѳрѳлүп бул дүйнѳгѳ кѳз ачканда



Жаралып жаным менен бүткѳн тилим



Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим



Мээримдүү жүрѳгүмѳ жылуу-тилим



Ширелген жакут менен кѳркү чексиз



Тамшанткан такылдаткан балдан ширин



Эне тилим эне сүтүм ыйыгым



Ыймансызга ийибеген кыйыгым .



Сен соо болсон мен да соомун



Болбосо да чѳнтѳктѳ 1 тыйыным



Кыргыз тили эне тили кыргыздын



Эне сүтү менен синген канына



Ѳз тилинди билсен гана кыргызсын



ЫР: Кулунум



Муг: Бул сабактардан башка да кѳптѳгѳн сабактар ѳтүлдү.



Алар Адеп, Мекен таануу, Дене тарбия, Музыка, Орус тили,



Чет тили, Сүрѳт,



Футбол теп, шахматты бил, чебер жүрүп.



Жеңип чыгып, жигиттерди четке сүрүп.



Жарышкын, секиришкин, диск кѳтѳр,



Антпесең, тентуштарын жүрѳр күлүп.



Жарашпайт жабык жүрүү жаш муунга



Ачык бол, ѳнѳр үйрѳн, бекер турба.



Ооруну соолор сүйбѳйт, оору жаман,



Соолуктун аты ким- физкультура!



Максаты адеп сабактын



Тарбия берүү балдарга



Аракет кыл сабактан



Кѳптү билип алганга.



Чала була үйрѳнүп



Мен билем деп шаңданбас



Билбегенди сүрап бил



Билбеймин деп арданба.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Закрыть через 5 секунд
Комплекты для работы учителя
Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс