Cабактын темасы: Туюнтмалардагы кашааларды ачуу.
Сабактын максаты:
Билим берүүчү: Окуучулар: алдында «кошуу» жана «кемитүү» белгиси турган кашааларды ачуу көндүмдөрүн жакшыртышат, рацаналдык сандар менен амалдарды аткаруу көндүмдөрүн колдонуу менен жалпы көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгарууну өздөштүрө алышат жана кашааны ачуу эрежесин мисал иштөөдө, теңдеме чыгарууда көндүмдөрү, билгичтиктери калыптанат.
Өркүндөтүүчү: Өз алдынча иштөлөрүн, көндүмдөрүн жана логикалык ойлоо сезимдерин, бири-бири менен кызматташа билүүлөрүн, өзүнө ишенүүсүн, математика сабагы башка предметтер менен тыгыз байланышта экендигин түшүндүрүү, математикага болгон кызыгууларын өнүктүрүү.
Тарбия берүүчү: Талеранттуу болууга эрктүүлүк менен эмгектенүүгө, чынчыл, сабырдуу, так жана бири-бирине гумандуу мамиле жасоого, убакытты туура пайдаланууга, таза, туура жаздыруу менен бирге эстетиклык тарбия берүү.
Алган билимдерин турмуш менен айкалыштыра жана колдоно билүүгө тарбиялоо.
Сабактын формасы: Интерактивдүү.
Сабактын тиби: Билим билгичтиктерин өркүндөтүү.
Сабактын жабдылышы: Карточка, плакаттар, сүрөттөр, маркер.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу: Саламдашуу, окуучуларды жоктоо. Разминка (Окуучулар бири-бирине мисалы: Арген-акылдуу бала, Камила-кайрымдуу кыз, Салима- «с» тамгасынан башталган Салиманын жакшы сапатын айтат).
2. Сабактын максатын айтуу: Класс эки командага бөлүнөт. Окуучулардын билимдери төмөндөкүдөй баалар менен бааланат жана ар бир окучу алган бааларынын арифметикалык орто санын таап өздөрүнүн баасын аныктайт. Командадагы окуучулардын бааларынын арифметикалык орто саны команданын балы болуп эсептелет. Кайсы команданын балы жогору болсо ошол команда жеңүүчү болуп эсептелет.
«5» «4» «3»
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: Окуучулардын билимин актуалдаштырууда алардын тапкычтыгы тарых, география сабактары менен болгон байланыштары көрүнөт. Доскага илинген батманга карточкалардагы суроолорго жооп берүү менен Кыргызстандын картасын таба алышат.
Сен терс сандардын тарыхын билесиңби?
VII кылымда Индиялык окумуштуу Брахмагупта терс сандар менен аткарылуучу амалдарды баяндаган. Ал оң сандарды «мүлк», терс сандарды «карыз» деп атаган. Мында ал амалдарды төмөндөгүдөй мүнөздөгөн: «эки мүлктүн суммасы мүлк болот, эки карыздын суммасы карыз, мүлк менен карыздын суммасы эгерде алар бирдей болсо, суммасы нөл болот».
Диофант тарабынан рацаналдык сандар боюнча эмнелер сунуш кылынган?
Грек математиги Диофант тарабынан оң жана терс сандарды көбөйтүү жана бөлүү эрежелери III кылымда эле сунуш кылынган.
Терс сандар кайсы кылымда негизделген?
XIX кылымда терс сандар толук негизделип, кеңири колдонула баштаган.
Эгерде кашаанын алдында минус белгиси турса кашааны кантип ачабыз?
Эгерде кашаанын алдында минус белгиси турса, анда кашаанын ичиндеги кошулуучулардын белгилери карама-каршы белгиге өзгөрөт.
Эгерде кашаанын алдында плюс белгиси турса кашааны кантип ачабыз?
Эгерде кашаанын алдында плюс белгиси турса, анда кашаанын ичиндеги кошулуучулардын белгилери өзгөрүүсүз жазылат.
Кашааларды ачуу деп эмнени айтабыз?
d(a+b+c) туюнтмасын da+db+dc туюнтмасына алмаштыруу кашааларды ачуу деп аталат.
Рационалдык сандардар менен болгон амалдардын эрежелерин айтып бер.
Команданын атын аныктап алуу үчүн доскада илинген cүрөттүү (күчүк, чычкан, торпок, улак, коён,) карточкалардан ар бир командадан бирден окуучу келип карточка алып, табышмакты таап жаныбарларга өздөрүнө жакан атты коюу менен бирге өздөрүнүн командасынын атын аныктай алышат.
1.Чычкандар пилди эс алдырышат. 1 чычкан – 200 грамм. Пил-4 тонна. Пилдин салмагына жетиш үчүн канча чычкан керек.
2. Толгонайдын Танюша деген ую бар. Ал бир лакты 1 жолу пайдаланат.1 лак 2 бутуна жетет. 1 жолкуга 2 лак кетет. Анда 10 жолкуга канча лак кетет? Эгерде лак 5 сом болсо, анда 10 жолкуга канча сом сарпталат? Ж: 100
3.Коён аюуну мейманга чакырат. Коён бир жумада 2 л бал, 3 л варенье жейт. Коёндун 3 жумада жеген бал менен вареньесин аюу бир жолу жеп салат. Аюуну коноктош үчүн коён канча бал, варенье камдаш керек?
4. Балтек күнүнө 1,5 кг колбаса жейт. Бир айда канча кг колбаса жейт. 1ай – 30 күн. Эгерде колбасанын килограммы 20 сом болсо анда канча сомдук колбаса жеген болот?
Ж: 900
1-команданын аты “Ак жолтой” 2-команданын аты “Ак Шумкар”
Көнүгүүлөрдү иштөө
Математика-илимдердин падышасы болсо, математиканын падышасы ким экендигин 514-515- көнүгүүлөрдү иштөө менен математиканын падышасын таба алышат.
Математика - илимдердин падышасы,
1
1
2
3
4
5
6
7
8
9
- математиканын падышасы
№ 514 Кашааларды ачкыла.
3а(2х-у)=6ах-3ау а
-4(5-2х)=-20+8х р
-6+3(3х+2)=-6+9х+6=9х и
-3(2-6х)+30=-6+18х+30=24+18х ф
5(2х+у)=10х+5у м
№ 515 Жалпы көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгаргыла.
6.
е
7.
т
8.
и
9.
к
10.
а
Математика-илимдердин падышасы, арифметика-математиканын падышасы.
(Ф. Гаусс)
Теңдемени чыгаргыла:
а)
б)
а)
туюнтмасын жөнөкөйлөтүп жана
болгондогу маанисин эсептегиле.
б) 5,72а+4,28а туюнтмасын жөнөкөйлөтүп жана
болгондогу маанисин эсептегиле.
Үй тапшырма № 518. Үй тапшырмасын берүүдө көрсөтмө берүү