СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Түлкү жана леопард"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Түлкү жана леопард"»



6 сабактын планы: Сөз байлыгы

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк балдар окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

  1. Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жаза алат,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



  1. Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.



  1. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап бериши керек.

  1. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин суроолорду берет. Бул сабактын учурунда класска «Түлкү жана Леопард» аӊгемеси окулат.

Окуганга чейин:

  1. Мен силерге бүгүн окуп бере турган аӊгеме «Түлкү жана Леопард» деп аталат. (балдарга Түлкүнүн жана Леопаддын сүрөтүн көрсөткүлө).

  2. Балдарга «Бул Леопард» - деп анын сүрөтүн, «бул Түлкү» - деп анын сүрөтүн көрсөткүлө. Балдардын бардыгы ал сүрөттөрдү көрүп жатканына ынангыла.

  3. Бул аӊгемеде түлкү менен леопардда талаш чыкты. Мен деле кээде досторум менен талаша кетем, бирок биз дайыма бир пикирге келебиз жана чечишебиз. А силер досторуӊар менен талашып-тартыштыӊар беле? (Бир нече окуучуга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле. Талаш жөнүндө толугураак айтып берүүсүн өтүнгүлө.

- Эмне үчүн талаш чыкты? Алар дос бойдон калыштыбы?)

  1. Келгиле бул эки жаныбар өз талашын кантип чечишти, угуп көрөлү. Силер угууга даярсыӊарбы? Анда окуй баштайлы.



Леопард жана түлкү.

Кимиси сулуу экендиги түүралуу Леопард менен Түлкүнүн ортосунда талаш чыкты. Леопард : »Менин темгилдери бар кооз терим бар. Менин терим дүйнө боюнча кооз жана бардыгы мага суктанышат».-деп айтты. Анда түлкү анын сөзүн бөлүп, минтип айтты.

-Мен сенден сулураакмын, себеби сен сыртыӊдан гана сулуусуӊ, а менин сулуулугум – менин акылымда. Мен ошентип дүйнөдөгү эӊ сулуу жаныбармын.

Окугандан кийин:

  1. Силерге аӊгеме жактыбы? Келгиле ал жөнүндө сүйлөшөлү.

  2. Аӊгеменин башкы каармандары кимдер?

  3. Эмне үчүн Леопард Түлкүдөн сулуураакмын деп ойлоду?

  4. Бирок Түлкү «мен эӊ сулуумун» дейт. Түлкү Леопарддан сулуураак экендигин көрсөтүү үчүн кандай далилдерди келтирди?

  5. Мааниси бирдей болгон сөздөр синонимдер деп аталат. «Талаш» деген сөзгө силер кайсы синоним таба аласыӊар? «Акылдуу» деген сөзгөчү?

  6. Карама-каршы маанидеги сөздөр антонимдер деп аталышат. «Талаш» деген сөзгө кайсы антонимдерди тандай аласыӊар? Ал эми «акылдуу» деген сөзгөчү?



  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт. 25 мүнөт



Көнүгүүнүн аталышы: «Муну баяндап бер!»

  • Баяндама: Бул оюн буюмду сын атоочторду колдонуу менен баяндоо аркылуу балдардын сөз байлыгын өнүктүрүүгө багытталган.

  • Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: сөз байлыгы.

  • Зарыл болгон материалдар: Баштыкчага бата турган үч буюм (карандаш, бактын жалбырагы, кружка болушу мүмкүн). Бор менен такта, ватмандын барактары.

  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Окуучуларды эки топко бөлгүлө: А командасы жана Б командасы. Баштыктан буюмдардын бирин алып чыккыла жана А тобун ушул буюмду баяндоо үчүн сын атоочту атоосун өтүнгүлө. Мисалы, карандашты. Окуучу ал «сары» деп айтышы мүмкүн. Команданын аттарын жана алар айткан сын атоочторду тактага жазып койгула. Ар бир сын атооч үчүн команда бирден упай алат. Оюндун аягында тактадагы бардык сын атоочторду карагыла жана окуучуларга сын атооч эмне экендигин эсине салгыла.



Тарбиячы: Бүгүн биз буюмдарды жакшы баяндап жардам берүүгө жардам бере турган оюнду ойнойбуз. Бул оюн «Муну баянда» деп аталат. Буюмду баяндай турган сөз сын атооч деп аталат. Мен силерге буюмду көрсөтөм, силер болсо, аны баяндай турган сөздү айтасыӊар. Бизэки командага бөлүнүшүбүз керек. (Окуучуларды эки командага бөлгүлө).

Келгиле, көнүгөлү. (Бир буюмду баштыктан алып чыгып, бүт класска көрсөткүлө. Кимдир –бирөө алманы баяндаган сөздү айта алабы? Туура, алма тоголок. «Тоголок» деген сөз алманын формасын баяндаган сын атооч болуп эсептелет.

Эми келгиле, команда менен ойноп көрөлү. Мен А командасына бир буюмду көрсөтөм жана алар бул аны баяндаган сын атоочту айтышат. Эгер алар туура сын атоочту айтышса, анда бир упай алышат. Андан кийин өз сын атоочун айтуу үчүн Б командасына кезек келет. Мен командалар тапкан бардык сын атоочторду жана упайларды жазып турамын. (бир предметти ар бир командага эки жолудан көрсөткүлө. Сиздин баштыктагы буюмдар түгөнгүчө оюнду уланта бергиле).

Тактадагы сын атоочторду кайрадан карап көрөлү. «Алма» деген сөз үчүн ар бир команда экиден туура сын атооч берди. А командасы «тоголок» жана «даамдуу» деп атады. Б командасы «кызыл» жана жашыл деп айтты. Булар алманы баяндаган эӊ жакшы сөздөр. Силер азаматсыӊар! (Калган эки предметтер эсепти кайталаӊыз).



  • Оюндун кошумча ыкмалары: Силер балдардын бирине буюмду көрсөтүп туруп, бүт класска сын атоочту гана колдонуу менен баяндап берүүсүн сурансаӊыз болот. Окуучу кайсы буюмду айтып жаткандыгын табуу бүт класстын тапшырмасы болот.

  1. Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт

«Сөздөрдү чогулткула»

ЖАНЫБАР


Ж

А

Н

А

Р



Б

А

Р


Ж

А

Н


Ж

А

Н

А

Сабакка даярдык: аӊгемеден алынган ар кандай сөздөр менен кагаздын же картондун тилкелерин даярдагыла. Ар бир окуучу (жуп, окуучулардын тобу) бирден сөздү таратып бергиле. Кагазды айрым тамгаларга кантип кесүү керектигин көрсөткүлө. Бул үчүн ар бир топко кайчыларды бергиле.

  • Баяндама: Бул көнүгүүдө балдар чоӊ сөздөн кесип алынган тамгалардан кичине сөздөрдү түзүүсү керек. Алар мүмкүн болушунча көбүрөөк сөздөрдү түзүп, бардык варианттарды дептерге жазып алышы керек. Тапшырманы татаалдантуу үчүн сиз айрым топторду төрт же андан көп тамганы камтыган сөздөрдү түзүп көрүүнү сурансаӊыз болот.

  1. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын аяктоочу көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү жасагандыгы жөнүндө жазып жана тартып коюшу керек. Мисал катары, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же Окуу лагери менен байланышкан башка кандайдыр - бир сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу идеалар.

Бүгүн кү аӊгемеден балдар эстеп калган сөздү портфолиого жазып коюусун сурангыла. Эгерде алардын колунан келсе, бул сөз эмнени билдирерин тартып коюусун же бул сөздү камтыган сүйлөмдү жазууну сурангыла.