СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тундук Америка жонундо тушунук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тундук Америка жаратылышы ар түрдүү шарттагы материк.  Табияты Евразиянын табиятына окшош келет.

    Түндук Американын батышында  Кордильер  тоосу жайгашкан.  Кордильердин эң бийик чокусу  Мак-Кинли тоосу.  Бул тоодо вулкандар бар.

Просмотр содержимого документа
«Тундук Америка жонундо тушунук»

2018-2019-окуу жылы




3-чейрек




Предмет: Мекен таануу Класс: 4 Мөөнөтү:________________

Сабактын темасы: Түндүк Америка

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Колдонулуучу ыкмалар: түшүндүрүү, интерактивдүү

Предмет аралык байланыш: математика ( сандар менен ребус)

Негизги компетенттүүлүк;

Предметтик компетентүүлүк;

1.Маалыматтык (НК1)

2. Социалдык-комуникативдик(НК2)

3. Өз алдынча уюштуруу(НК3)


1.Илимий маселелерди таануу жана коюу


2. Кубулуштарды илимий түшүндүрүү


3. Илимий далилдерди колдонуу.




Сабактын максаттары

Көрсөткүчтөр

1

Билим берүүчүлү

Окуучулар Түндук Америка боюнча кеңири маалымат алышат

●Түндүк Америка кайсы жарым шаарында жайгашканын билишсе

●материктер боюнча эркин айтып бере алышса

2

Өнүктүрүүчүлүк

Түндук Америка жөнүндө таанып билүүсү өнүгөт,

кызыгуусу жогорулайт

●Ал дүйнөнүн кайсы бөлүгүнө кирерин айтып бере алышса

●Маалыматка жана жалпы талкуудагы идеяларга таянып, материктер жөнүндө кеңири билишсе


3

Тарбия берүүчүлү

Сабакта өзүн адептүү алып жүрөт, бири-биринин оюн уга билет, топтордо иштей алат

● Ар бир ой баалуу экенин билишсе, алтын эрежени сактай алышса

●Топтордо иштей алышса

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

(убактысы)

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компеттентүүлүк

Баалоо

НК

ПК

1

Уюштуруу

    1. Саламдашуу

2 мүнөт

Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет.

Окуу куралдарын алып чыгып , сабакка даярданышат


НК2


ПК1

Байкоо жүргүзүү


1.2 Шыктандыруу

Сабакка шыктандыруу үчүн жагымдуу маанай тартуулайт

Окуучулар бири –бирине эң жакшы сөздөрдү айтышат



Эмоцианылдык баалоо

2

Өтүлгөн теманы кайталоо

5-мин

Жалпы класска төмөндөгудөй суроолор менен кайрылат:

Эң ысык материк кайсы?

Ал эми эң чоң материк кайсы?

Окуучулар суроолорго тема боюнча түшүнүгүн айтуу менен жооп беишет.


НК3

ПК3

Жекече баалоо

3

Жаны теманы түшүндү

рүү

7мин

Тундук Америка жаратылышы ар түрдүү шарттагы материк. Табияты Евразиянын табиятына окшош келет.

Түндук Американын батышында Кордильер тоосу жайгашкан. Кордильердин эң бийик чокусу Мак-Кинли тоосу. Бул тоодо вулкандар бар.

Кордильер тоосунда ийне жалбырактуу – секвойя дарагы өсөт. Бул гигант дарак болуп саналат. Анын бийиктиги 100 метрге, жоондугу он метрге жетет. Айрым секвоялар 5000 жыл жашайт. Ал дарактын тобурчагынын көлөмү коондон чоң болот.

Түндүк Америкадагы эң дарыя Миссисипи болуп саналат. Ал жакта кооз көлдөр көп. Түндүк Американын батышында дүйнөдөгү эң чоң Мамонт үңкүрү жайгашкан.

Бул материкте бир мезгилдерде жапайы бука-бизондор жашаган.

Түндүк Америкада гризли аюусу, ала-була енот жана эң акылдуу жаныбар -росомаха жашайт.


НК1



ПК3


4




Практика

лык иш

9 мин

Сабакты баштар алдында мугалим өзүнө жардамчы кылып жакшы окуган окуучуну эксперт кылып дайындап алат.

Ал окуучунун милдети жооп берген окуучулардын атын баракка жазып баалоо шкаласына салып турат.


Мугалим сабакты слайд менен түшүндүрөт. Ар бир слайдды ачканда бирден окуучуну тургузуп, көркөм окутат.


Окуучулар сандар менен түзүлгөн ребусту жандырышат

Секвойя, гризли, Миссисипи, росамаха, мамонт.

81 21 401 в 101 я

Окуучулар жообун тапкан соң ал жөнүндө маалымат беришет.


Жоопторду алгандан кийин мугалим окуучуларды уктагыла деп , текстти көркөм окуп берет.


Окуучулар текстти уккан соң, түшүнүгүн айтып беришет

НК1






НК1



НК2



НК2


НК3


НК3

ПК1



ПК2




ПК2




ПК3




Калыптан

дыруучу баалоо














Калыптан

дыруучу баалоо


5

Эс алдыруу мүнөтү

2 минута

Физикалык көнүгүүлөрдү аткарышат.

(кызыктыруучу оюн ойнотулат)

6

Бышыктоо

10 минута

Түндүк Америка жөнүндө эмнени билесиңер?

Дүйнөдөгү эң чоң үңкүр?

Түндүк Америкадагы эң акылдуу жаныбар?



Суроолорго жооп беришет.

НК3

ПК2


7

Жыйын

тыктоо

3 мин

-Кана балдар эми биз экспертке көңүл буралы. Баалоо шкаласына көз жүгүртөлү.


НК2

ПК2

Баалоо белгилери менен бааланат.

8

баалоо

1мин

Берилген критерийлер боюнча бааланат

Критерийдин негизинде бааланат.



Суммативдик баалоо

9

Үйгө тапшырма

1 мин

62-бет окуп, түшүнүп келүү

Кундөлүктөрүнө жазышат

НК3