Тема: Түндүк Американын ички суулар.
Сабактын максаты:
Түндүк Америка ички суулар: дарыяларын,көлдөрүн окуп үйрөтүүдө математик жана география сабактарынын байланышын көрсөтүү.
Билим берүүчүлүк:
Окуучуларга материктин эң негизги дарыялары,улуу көлдөрү жөнүндө маалымат берүү.Дарыяларынын өзгөчөлүктөру,суу алуу,суу топтоо режими,континент боюнча дарыя,көлдөрдүн бөлүштүрүлүшү,жаратылыш компоненттери менен байланышы жана Түндүк Американын физикалык абалы боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү.
Өнүктүрүүчүлүк:
Сабактар аралык байланыштын негизинде анализдөө жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө,изилденип жаткан обьектини образдуу элестетүүгө,географиялык маалыматтар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу.Эске тутуу жөндөмүн жана маалыматты жеткире билүү мүмкүнчүлүгүн өстүрүү.
Тарбиялык; Алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө,суроолорго так туура жооп берүүгө,жоопту уга билүүгө,курчап турган чөйрөнү таанып билүүгө тарбиялоо.
Сабактын методу; практикалык иш.
Сабактын тиби; Жаңы материалды өздөштүрүү.
Сабактын жабдылышы; 1.Физикалык карта,глобус,контурдук карта.
2.Сүрөттөр, проектор,таблица, кроссворд.
Сабактын жүрүшү:а) Уюштуруу.
Мугалим:Балдар биз бүгүн сабакта математика жана география сабактарынын байланышын көрөбүз.А эмне үчүн деген суроого”Интеграция” термини жооп бермекчи: бул сөзлатын тилинен которгондо калыбына келтирүү,толуктоо,илимдердин байланышы,илимдерди жакындатуу процесси.
Анда эмесе ордубуздан туруп,мен айтканды кайталагыла:Биз, бүткүл адамзаттын тарыхындагы,
Улуу акылмандар Архимед,Пифагор,Ефклиддин атынан колубузга линейка жана калькулятор алып,салтанаттуу сөз беребиз: Мугалимдин айтканын кунт коюп угуугу,берилген тапшырмаларды так,туура аткарууга,сабака активдүү катышууга сөз беребиз!!!!
Мугалим; Балдар силер кандай ойлойсуңар ар кайсы өлкөнүн физика,химия,математика илимдеринин окумуштуулары ар башка тилде сүйлөшсө да,бири-бирин оңой түшунүшөт.Эмне үчүн?( балдар өз ойлорун айтышат)
Жооп эң жөнөкөй ар бир илимдин өзүнүн тили бар,бардык адистерге ыңгайлуу жана түшүнүктүү.Географиянын да өзүнүн эл аралык тили бар ал-карта.
Б) Үй тапшырма.
Силер менен берилген үйтапшырма боюнча кроссворд иштейбиз.Кроссвордду туура толтурсак бүгүнкү өтүлө турган тема ачылат.Алдыбыздагы картаны пайдаланабыз.
1.Материк аянты боюнча кайсы материктен кийин 3- орунда?
2. Материктин чыгышындагы байыркы кристалдык тектерден турган тоо?
3.Материктин түштүгүндөгү булуң?
4.Материктин түштүгүндөгү деңиз?
5.Беринг кысыгын сүзүп өтүшүп,Түндүк Американын түндүк-батышына кайсы элдин окумуштуулары биринчи барышкан?
6.Колумбдун саякатына чейин Исландиядан батышты карй жол тартып,Гренландиянын түштүгүнө жеткен окмуштуу?
7.Материктин түндүк-батышындагы аралдардын тобу?
8.Материктин түндүк-батышындагы жарым арал?
9.Материктин эң бийик чокусу?
10.Материкте кандай климаттык алкак жок?
11.Материк кайсы жарым шаарда жайгашкан?
Мугалим; Ошентип силер менен бүгүн өтө турган теманы ачтык.Эми силер менен бирдикте Америкага сапар тартабыз.Туристик фирма аркылуу билет алып койгом жана ошодой эле тур фирманын жарнамасынан Америка боюнча сүрөттөрдү көрүп турасынар.Билет баасы чоңдорго 15 миң сом, ал эми окуучуларга 50% арзандатуу болмокчу.Кана эсептеп чыгабыз канча сом сарпталат?
Азаматсыңар!!! Анда эмесе Түндүк Америкага жөнөдүк.
Суу ресурстарынын молдугу боюнча Т Америка Түштүк Америка жана Евразиядан кийинки үчүнчү орунда.Анын аймагы боюнча ири дарыялар агып өтөт.Анда көлдөр жана жер алдындагы суулар да көпМатериктеги эң чоң дарыя узундугу боюнча 3-орунда турган Миссисипи куймасы Миссури менен түндүк менен түштүктү бириктирип,Мексика булуңуна куят,узундугу 6420км .Куймалары ;Миссури,Огайо,Арканзас,Теннеси,ж,б Аппалач тоолорунан жана улуу түздүктөн баштап суу чогулткан дарыя, жамгырдын эсебинен азыктанат, суусу тоңбойт. Ортоңку жана төмөнкү агымы субтропикалык областан агып өтүп,агымы жай,жайык жерлеринде кар,жамгыр жааганда,суу жээктерден ашып турат.Индеецтер Миссисипини “Суулардын атасы” деп аташат.
Мен силерге координата берем,координата боюнча жайгашкан дарыяны изилдейбиз,картаны пайдаланып төмөнкү суроолорго жооп издейбиз.
1 Дарыя кайсы океанга куят?
2.Дарыянын башталган жери,жана куймалары?
3.Азыктануу булагы.
Дарыяны изилдеп жатып доскадагы таяныч сигналга көңүл бурабыз,окуучулар доскадагы таблицага жоопторун жазышат.
Эми балдар биз Канзас Ситиден Чикагого самолет менен сапар тартабыз.Ал жактагы улуу көлдөр жөнүндө маалымат алабыз.Эгерде самолет саатына 500 км учса Канзас Ситиден Чикагого канча саатта жетебиз?
Аралык 1,5 см масштаб 1см-450км 1,5*450=675 км:500км/с=1,35 м
Көлдөр боюнча слайд көрсөтүлөт.
Көлдөр пайда болушу боюнча тектоникалык,мөңгүлүк жана вулкандык болуп 3 топко бөлүнөт.
Материкте тектоникалык жол менен пайда болгон көл бешөө.Алар Жогорку,Мичиган,Гурон,Онтарио,Эри.
Аянты боюнча Жогорку Виктория көлүнөн чоң,,Онтарио көлү беш көлдүн ичинен эң кичинеси,бирок Ладога көлүнөн чоң.Ладога Европадагы чоң көлдөрдүн бири.
Орточо тереңдиктерин ала турган болсок,анча терең эмес,бирок Балтика жана Түндүк деңиздеринин тереңдиктеринен ашат.
Эми балдар менин айткандарымды пайдаланып беш көлдөн чынжырча түзөбүз,Барабарсыздыктарды коюп чыккыла.
Жогорку Мичиган Гурон Эри Онтарио.
Бышыктоо:
Ниагара шаркыратмасы боюнча видео.
Мугалим: бүгүнкү өтүлгөн тема боюнча сан диктант жазабыз.Берилген суроолорду дал келтиребиз.
1.Нью-Йорк шаары бул дарыянын жээгинде жайгашкан.
2.Мексика жана АКШ нын чек ара дарыясы?
3.Миссисипи дарыясынын эң узун куймас?
4.Эри жана Онтарио көлүнүн ортосунда жайгашкан шаркыратма?
5.Калифорния булуңуна агып чыккан дарыя?
Жооптору: А) Рио-Гранде Б) Колорадо В) Гудзон г) Миссури д) Ниагара.
Үй тапшырма: Контур картага дарыя көлдөрдү түшүрүү.
Баалоо.