7-класс. Түндүк жана Түштүк Америка 1-вариант
Түштүк Америка материгинин аянты канча?
А) 17,8 млн км2 Б) 20 млн км2 В) 22 млн км2 Г) 25 млн км2 Д) 28 млн
Түндүк Американын жер бетинин түзүлүшүндѳ, басымдуулук кылуучу рельефтин формалары кайсы?
А) тоолор Б) бѳксѳ тоолор В) түздүктѳр
Г) бийик тоолор Д) орто тоолор
Саналган тоо чокуларынын кайсынысы Түштүк Америкада?
А) Мак-Кинли Б) Монблан В) Аконкагуа
Г) Косюшка Д) Рувензори
Аппалач тоолорунун негизги кен байлыктары.
А) жез жана никель Б) нефть жана жаратылыш газы
В) уран рудасы Г) темир рудасы жана кѳмүр Д) фосфориттер
Амазонканын суусунда жалбырагынын диаметри 2 мге жеткен, калкып жүрүүчү кайсы ѳсүмдүк ѳсѳт?
А) суу лилиясы Б) рогоз В) зор балырлар
Г) виктория-регия Д) лотос
Түндүк Америкадагы ири шаркыратманы атагыла.
А) Миссисипи Б) Маккензи В) Ниагара Г) Миссури Д) Гурон
Дүйнѳдѳгү эӊ чоӊ кемирүүчү суу чочкосу- капибара кайсы жердин эндемиги?
А) Бразилия бѳксѳ тоосу Б) Амазониянын В) Патагониянын
Г) Анды тоолорунун Д) Гвиана бѳксѳ тоосунун
Түндүк Американын кайсы регионунда эӊ тѳмѳнкү температура байкалат?
А) Аляска жарым арал Б) Лабрадор ж.а. В) Греландия аралы
Г) Виктория аралында Д) Арктикалык архипелагда
Түштүк Американын кайсы мамлекетинде португал тилинде сүйлѳшѳт?
А) Аргентина Б) Колумбия В) Уругвай
Г) Венесуела Д) Бразилия
Греландиянын түштүк-чыгыш жээктериндеги кардан жасалган алачыктын атын атагыла.
А) ранчо Б) гарлем В) вигвам Г) иглу Д) боз үй
2-вариант
Түндүк Американын канча аянтты ээлейт?
А) 15 млн км2 Б) 18 млн км2 В) 24 млн км2
Г) 28 млн км2 Д) 31 млн км2
Түштүк Американын геологиялык картасын европалык кайсы окумуштуу биринчи болуп түзгѳн?
А) А.Гумбольт Б) Н.Рубцов В) Г.Лангсдорф
Г) Н.Вавилов Д) К.Риттер
Кордильер тоосунун эӊ бийик чокусу Мак-Кинлинин бийиктиги канча?
А) 7000м Б) 6969м В) 6500м Г) 6194м Д) 6038м
Инктердин тилинде «Анды» деген сѳз кайсы металлдын атынан келип чыккан?
А) алтын Б) күмүш В) калай Г) темир Д) жез
Түндүк Америкадагы түздүктүү-талаа мейкиндиктери эмне деп аталат?
А) талаалар Б) льянос В) сейба Г) прерий Д) саванна
Жер шарында аянты боюнча кайсы түздүк эӊ чоӊ?
А) Ориноко Б) Амазонка В) Бразилия
Г) Гвиана Д) Ла-Плата
Түштүк Америкадагы Анды тоолорунда жашаган эндемик жаныбар, адамдар колго үйрѳтүп,унаа катары пайдаланышат.
А) эшек Б) бугу В) жылкы Г) лама Д) топоз
Түндүк Американын кайсы аймагында калк жыш жайгашкан?
А) материктин борборунда Б) Тынч океандын жээги
В) Түштүктѳ Г) тоо ѳрѳндѳрү Д) материктин Чыгышында
Тегусигальпа шаары, Борбордук Американын кайсы ѳлкѳсүнүн борбору?
А) Гватемала Б) Сальвадор В) Никарагуа
Г) Коста-Рика Д) Гондурас
Түндүк Америкадагы Улуу кѳлдѳрдүн кайсынысынын аянты чоӊ?
А) Мичиган Б) Гурон В) Жогорку Г) Эри Д) Онтарио