Датасы:______________ 1-2-группа
Датасы: ______________ 3-4-группа
Датасы: ______________ 5-группа
Датасы: ______________ 6-группа
Сабактын темасы: Turbo Pascal программалоо тили, кызматчы сөздөрү
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар паскаль тили жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- мисалдарды аткаруу менен паскаль тилинин кызматчы сөздөрүнө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, Информатика жана эсептөөчү техниканын негиздери Фрунзе 1988. Аманжолова С. Программирование
Жабдылыштар: доска, маркер, компьютер, Паскаль программалоо тили
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: лекция сабагы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили, математика
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо;
Жаны тема
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
| Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
| Репродуктивдүү | Паскаль тилин билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар паскаль тилинде мисалдарды жазууну үйрөнүшөт |
| Продуктивдүү | Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат | Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт, талкуулайт | Паскаль тилинин кызматчы сөздөрүн билишет |
| Креативдүү | Окуучулар алгоритм түзүүнү үйрөнүшөт. | Окуучулар бири-биринен үйрөнүп алгоритм түзүшөт | Окуучулар өз алдынча программа түзө алышат |
Билимин актуалдаштыруу:
Алгоритм деген эмне?
Алгоритмдин кандай түрлөрү бар?
Алгоритмдин кандай жолдор менен баяндап жазабыз?
Блок-схема деген эмне?
Алгоритм тилинин кандай кызматчы сөздөрү бар?
Жаны тема:
Компьютерде программа негизинен 3 категорияга бөлүнөт.
Прикладдык программалар (колдонмо программалар)
Системалык программа
Программалоо системасы
Кандайдыр бир тилдин жардамы менен түзүлгөн жаны программалардын тобу программалоо системасы деп аталат. Учурда бир нече алгоритмдик тилдер иштелип чыккан.
1960-жылдын аягында Никлаус Вирт аттуу швейцариялык окумуштуу тарабынан иштелип чыккан жана ал программалоонун структура концепциясын студенттерге окутуу максатын көздөгөн. Программалоо тили француз математиги Блез Паскалдын урматына аталган. Бүгүн Pascal тили жеке жана мини компьютерлерде илимий колдонмолорду иштеп чыгууда колдонулат. Азыркы күнгө чейин билим берүүдөгү эң көп колдонулган прогрммалоо тилдеринин бири. Анткени ал түшүнүүгө жеңил, ошону менен эле бирге програм түзүүдө күчтүү тил болуп саналган. Pascal дын обжектке багытталган версиясы Turbo Pascal деп аталат, ал Borland корпорациясы тарабынан иштелип чыккан.
Паскаль тилинин алфавити төмөнкү символдордон турат:
Латын алфавитинин 26 тамгасынан
Араб цифралары: 0,1,2,3,……9.
Атайын белгилерден (клавиатурадагы бардык белгилер)
Ачкыч сөздөр AND,ARRAY, REPEAT, WHILE
амалдардын белгилери –арифметикалык амалдардын белгилери
- катыш белгилери
- логикалык амалдардын белгилери
паскаль тилинин конструкциясы
- сандар
-турактуулар
-өзгөрмөлөр
-функциялар
Паскаль тилинде чондуктардын 4 тиби пайдаланылат
-бүтүн тип-INTEGER
-анык тип-REAL
-символдук тип- CHAR
-логикалык тип- BOOLEAN
Көп колдонулган математикалы функциялардын паскаль тилинде жазылышы:
| Математикалык жазылышы | Паскаль тилинде жазылышы |
| A+B | A+B |
| A-B | A-B |
| AB | A*B |
| A:B | A/B |
| A2 | SQR(A) |
| | SQRT(A) |
| SINA | SIN(A) |
| COSA | COS(A) |
| TgA | TAN(A) |
| |X| | ABS(X) |
| Ex | EXP(x) |
| LNX | LN(X) |
Y=16x2+17x+37 мына ушул квадраттык тендемени паскаль тилинде жазып көрөбүз
Y:=16*SQR(X)+17*X+37
Тапшырма: y=
, y=x2,
+
мына ушул математикалык мисалдарды паскаль тилинде жазабыз.
Паскаль тилиндеги программанын структуралык түзүлүшү
Паскаль тилиндеги программа эки бөлүктөн турат
программанын башы
программанын блогунан
Программанын бөркүн PROGRAM ачкыч сөзү менен баяндалып жазылат. Жазылуу форматы: PROGRAM АТЫ;
ПРОГРАММАНЫН СОСТАВЫНА КАТЫШКАН БАРДЫК өзгөрмөлөрдү баяндоо VAR кызматчы сөзүнүн жардамы менен аткарылат. Форматы: VAR X1,X2,X3: тип;
Мында х1,х2,х3 программага катышкан өзгөрмөлөр.
Мисалы: VAR a,b,x: integer;
Программанын денеси BEGIN жана END операциялык касаларынын арасына жазылат.
Паскаль тилинде сызыктуу, шарттуу, кайталоо программаларын уюштуруу каралат.
Сызыктуу программаны уюштуруу. Жөнөкөй командалардын жардамы менен жазылып, кадимки тартипте аткарылуучу программа сызыктуу программа деп аталат.
Сызыктуу программаны уюштурууда кийирүү, чыгаруу оператору колдонулат.
Менчиктөө оператору. А:=В
Мында А-арифметикалык туюнтма, В-өзгөрмөнүн аты. Менчиктөө белгиси паскаль тилинде (:=) ушундай жазылат.
Мисалы: А:=25*5
Кийирүү оператору-READ-окуу деген сөзү менен жазылат.
Форматы READ (a,b,c); мында бардык сандарды бир сапка киргизүү
Readln (a,b,c); мында бардык сандарды өз өзүнчө сапка киргизүү
Чыгаруу оператору- WRITE- жазуу деген сөзү менен баяндалып жазылат.
Форматы: write (‘a=’,a);
Writeln (‘a=’,a);
Бышыктоо: Видео сабактан темага байланыштуу паскаль тилинде программа түзүүнүн жолдорун видеодон көрүшөт.
Өз алдынча атыны, фамилиясыны экранга чыгаруунун программасын түзүшөт.
2-мисал: Эки сандын суммасын табуунун программасын түзөбүз.
program summa;
var x,y,s:integer;
begin
read(x,y);
s:=x+y;
write('s=',s);
end.
Жообу: х=4 у=5 суммасы 9
Үйгө тапшырма: эки сандын чонун табуунун алгоритминтүзүү
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу
суроолорду берүүсүнө, практикалык ишти аткаруусуна жараша оозеки
бааланат.
Жыйынтык.Сабакта жогорудагы көрсөтүлгөн максаттарга жеттим, окуучулар тема боюнча толук маалымат алышты, сабакка активдүү катышышты. Сабак өз максатына жетти. (Сиз бул сабакта жогорудагы коюлган максаттарга жеттиңизби? Кандай артыкчылыктар/кемчиликтер болду?)