Просмотр содержимого документа
«Түргөш каганаты»
Тема: Түргөш каганаты
Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген
Текшерген: амантур уулу чыңгыз
Түргөш каганатынын ээлеген аймагы
Түргөштөр жөнүндөгү алгачкы маалыматтар алар азыркы Моңгол Алтайынын түштүк-батышында жашап турган мезгилде кездешет. Түрк каганаттарынын доорунда (VI- VII кк.) алар акырындык менен төмөн сүрүлүп, негизинен Жети-Сууну жана Борбордук Теңир-Тоону мекендеп калышкан.Чыгышындагы Дулу уруусунун бир бутагы болуп эсептелген. 704-жылы алардын жол башчысы Үч-элиг Бага-Тархан Кулан шаарындагы (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая бекетинин жанында) Ашинанын акыркы каганы Ышбара каганды өлтүрүп бийлигин орноткон.
Түргөштөрдүн бөлүнүшү
Сары түргөштөр
Кара түргөштөр
704-711 ? 714-716-жж.
716-766-жж.
Үч-элиг каган (704-706)
Сулуг Чабыш Чор(716-738-739)
Сакал каган (706-711)
Географиялык бөлүнүштөн улам түндүгүндө жашаган урууларды кара түргөштөр деп аташкан
Географиялык бөлүнүштөн улам түштүгүндө жашаган урууларды сары түргөштөр деп аташкан
Үч-элиг кагандын тушундагы Түргөштөр
Үч-элиг Батыш Түрк каганатынын мурунку бардык аймагына өз бийлигин орноткон. Ал өлкөсүнүн жыйырма дубанга бөлгөн, алардын ар бири жети миңден аскер топтой алган. Түргөш каганатынын чоң ордосу Суйаб (урандысы Токмок шаарынын жанындагы Ак-Бешим чеби) кааласы болгон. Түргөш урууларынын жалпы саны жарым миллиондон ашкан. Алар сары жана кара түргөш бирикмелерине бөлүнгөн. Үч-элиг каган согдуларга жардамга барып, арабдарды чегинип кетүүгө аргасыз кылган. Ал чыгыш тарапта Кытай менен жакшы мамиле түзүүгө аракеттенген. Ошон үчүн экинчи уулу Чженди Чаньанга элчи кылып жиберген, император аны жылуу кабыл алган. Үч-элиг Чыгыш Түрк каганаты менен жер, саясий үстөмдүк талашуунун натыйжасында душмандык мамиледе болгон. Ал 706-жылы дүйнөдөн кайткан.
Сакал-кагандын тушундагы Түргөш кагандыгы
Үч-элиг каган өлгөндөн кийин тактыга Сакал-каган отурган. Сакал-каган батышта араб баскынчыларына каршы күрөштү уланткан. Араб аскер башчысы Кутейба чалгынчы аркылуу Согдунун падышасы Тархун менен түргөштөрдүн ортосунда ишенбөөчүлүктү таратууга үлгүргөн. Алар келишим түзүшүшкөн. Араб аскерлери Бухараны ээлешкен. Бул мезгилде Түргөш каганатына чыгыштан басып кирүү коркунучу туулган. Сакал-кагандын иниси Чжен агасына каршы көтөрүлүш чыгарып, Чыгыш Түрк каганы Капаганды жардамга чакырган. Ушуга байланыштуу Түргөштөр, Кыргыздар, Кытайлар, Тибеттиктер союз түзүшкөн. Алардын жортуулу 711-жылга белгиленген. Бул союздан кытайлар чыгып кетишкен. Капаган каган алардан озунуп, башкы командачы Тон-йокук жана кичүү уулу Инэл баш болгон 20миң аскердик армияны аларга каршы жөнөткөн. Алар адегенде чик, аздарды жана энесай кыргыздарын жазалап, андан кийин түргөштөрдү көздөй жөнөгөн.
Түргөштөрдүн Чыгыш Түрктөр менен болгон согушу
Бул согуш жөнүндө Тон-йокукка арналган эстеликте мындай деп жазылган: «Мен жолсуз эле Алтун жышты (Монгол Алтайы) ашып өттүм. Биз Ыртыш дарыясын өткөөлсүз эле кечип өттүк жана күндүр-түндүр тынбай, таң эрте Болучуга жеттик... Экинчи күнү (душмандар) келишти; алар өрт сыяктуу алоолонуп келишти. Биз согуштук. Бизге салыштырганда, алардын эки канаты жарым (эсе) көбүрөөк эле. Асман ырайымы менен биз алардан коркподук... Биз (душманды) кубалап жибердик, алардын каганын колго түшүрдүк жана ошол жерле алардын йабгусун жана шадын өлтүрдүк» (С. Малов. Көрсөт. эмгек, 68-69-б.).
711-жылы Иртыш дарыясынын боюндагы Болучу деген жерде Чыгыш Түрктөр Сакал-каганды жана анын инисин өлтүрүп салышкан.
Сулуг Чабыш Чордун тушундагы Түргөш кагандыгы
716-жылы Капаган каган өлгөндөн кийин түргөштөр көз карансыздыгын калыбына келтирген. Ушул жылдан баштап кара түргөштөрдөн Сулуг Чабыш Чор каган болуп жарыяланган. Араб баскынчыларына каршы Хуттал деген жерде болгон согушта Сулуг арабдарды талкалап салган. Кайталы дегенине болбой бектер артынан куйлу деп каршы чыгышат. Арабдар буктурма жасап, түргөштөрдү талкалап салат. Бул окуядан кийин Сулуг ызасына чыдабай 738-жылы же бир жылдан кийин ооруп же бектер өлтүрдү болуп каза болгон. Андан кийин бийликке анын уулу Тукверсен келген.
Атлах салгылашуусу
- 751-жылы Талас суусунун боюнда арабдар менен кытайлардын ортосунда Атлах салгылашуусу болгон. Бул согушта арабдар кытайларды талкалаган. Ошондон кийин 751-жылдан 1753-жылга чейин Кытайлар Орто Азияга келген эмес.
Түргөш кагандыгынын кулашы
747- жылы болгон согушта Карлуктар Жети-Сууга барышкан. Карлуктар Түргөштөрдүн жерине жөн эле басып кирген. 756-жылга чейин Түргөш кагандыгы болгону белгилүү. Бирок иш жүзүндө Карлуктар башкарган. 766-жылы Түргөш кагандыгынын ордуна Карлук кагандыгы келген.
Көнүл бурганыңыздарга чоң рахмат!