СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турмушта кучтуу болуу учун -сабыр кылуу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Турмушта кучтуу болуу учун -сабыр кылуу.»

Турмушта күчтүү болуш үчүн сабыр кылуу.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүнү каалайсыңарбы?

  2. Турмушта адамдын башы канткенде бышат?

  3. Сабыр кылууну кандай түшүнөсүңөр?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Бир адам жолдон өтүп баратып, дарактын коңулундагы куурчакчадан кичинекей көзөнөкчө пайда болуп, андан көпөлөктүн чыгууга аракет кылып жатканын байкап калды. Көпөлөк канча аракет кылса да, денесинин үчтөн бир бөлүгүн гана чыгарууга жарады. Көпкө карап турган ал адам көпөлөктүн куурчакчадан чыгууга күчү жетпей калган го деп ойлоп, жардам бергиси келди. Ал куурчакчаны этияттык менен экиге бөлдү. Андан көпөлөктүн алсыз денеси чыкты. Канаттары да өтө жука, анан алсыз эле. Ал адам көпөлөктүн денесин оңдоп-түздөп учуп кетишин күтүп турду. Бирок көпөлөк учпады. Эми ал өмүрүнүн калган бөлүгүн алсыз денеси, жазылбаган канаттары менен жерде жөргөлөп жүрүп өткөзмөк. Себеби жардам берем деген тилек менен аны бул абалга ошол адам жеткизген эле. Алла Таала табигатта баарын өз мыйзамы менен жараткан: кичинекей көзөнөкчө аркылуу көпөлөктүн кыйналып чыгышы анын денесиндеги суюктуктун канаттарына тарап, улам чыккан бөлүгү акырындап кургап, бекем болушун камсыз кылмак. Ал үчүн көп убакыт талап кылынса да, натыйжада кадимки көпөлөк турмуштагы алгачкы кыйынчылыктан, табигаттын мыйзамынан четте калмак эмес.

Кээде адамдар дагы кандайдыр бир ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн аракеттерди жумшап, көп убакыт күтүүгө туура келет. Бирок бул аракеттердин баары биздин кадимкидей «учуп кетүүбүзгө» керектүү болгон сабырды талап кылганын түшунүүбүз керек. Алла жараткан адамзат да көпөлөк жана башка жаныбарлар сыяктуу кээ бир процестерден өтөт. Бул процес адамды турмушка даярдайт, чыңалдырат, кийинки оорурак сыноолорго даярдайт. Адам кээбир нерселерге бат эле жетип алууну көздөйт. Кээде, чынында эле бат эле жетет. Бирок, көпөлөктүн акыбалына туш келип калбагандай болуш керек. Турмушта көп нерсеге жетишкен акылман адам убагында мындай деген экен:

  • Мен күч сурадым... Жашоо мага күчтүү болуум үчүн кыйьнчьлыктарды берди; Акыл сурадым... Жашоо мага жашоону башымдан өткөрүү менен акылга байышым үчүн проблемаларды берди; Байлык сурадым... Жашоо мага иштеп байышым үчүн акыл менен ден-соолук берди; Ийгиликке жетүүнү кааладым... Жашоо мага жеңип чыгуум үчүн тоскоолдуктарды берди; Сүйүү сурадым... Жашоо мага башка адамдарга чын көңүлдөн жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берди; Жашоодогу бардык жакшылыктарды сурадым... а жашоо мага жакшылыктарга алып баруучу жолдорду ачып берди.


В: Накыл сөздөр.


Турмуш - мектеп, анын жыргалынан жыласы - мыкты мугалим. (С. Градский)

Эрдик ар күн сайын кыйынчылыктарга туруштук берип, күрөшүүдөн келип чыгат. (Н.Островский)

Кайрат тагдырдын соккусун жокко чыгарат.

Күрөш - жашоонун шарты, күрөш бүткөн жерде жашоо да токтойт. (В. Белинский)

Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу иштер жаралбайт. (Ф.Вольтер)









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!