СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турмушта максат коюп жашоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Турмушта максат коюп жашоо»

Турмушта максат коюп жашоо.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Максат коюп жашоо дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

  2. Бул жашоодо максатыңар эмне?

  3. Алдыбызга койгон максаттарыбыз кандай болуш керек?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Жашоону майнаптуу өткөзүү учун, ар бир адам өз алдына бир максат коюшу зарыл. Айланага көз жүгүртсөңүз акылдуу, жөндөмдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору адамдар арбын. Бирок, алар өздөрүн таба албай, өздөрүнө керектүү турмуштук негизги өзөктү кармап ала албагандыгы, бир багытты көздөй туруктуу илгерилебегендиги үчүн, көздөгөн иштеринин өтөөсүнө чыга алышпай, өздөрүнө да, коомго да нааразы болушат. Максаты болбогон адамдын жашоосу - эки жагында тең дарбазалары жок футбол талаасындагы оюнчуга окшош. Гол киргизүү ышкысы делебесин козгобогон оюнчу сымал, оюн ойноонун да бир мааниси калбайт. Оюнчуга топ кайсы багытка тебиле тургандыгы да белгилүү эмес.

Айрымдар алдына максат коюудан да коркушат. Алар өмүр бою бул түшүнүккө байланып, чыга албай калабыз деп ойлошот. Тескерисинче, максатынызды тактоо - алгачкы жолу сизди күндөлук жашоонун жана убакыттын кулчулугунан куткарып, өз мүмкүнчүлүгүңүздүн кеңири ачылышына, өзүңүзгө болгон ишеничтин артышына, убакытты туура колдонууга жана жеке эле өзүңүзгө эмес, айлана-чөйрөңүзгө да пайдалуу болушуңузду камсыз кылат. Айланаңызга көз жүгүртсөңүз так максаттуу адамдардын дагы да жигердүү, майнаптуу жашоо образын башынан өткөзүп жаткандыгына күбө болосуз. Инсандардын ичиндеги болуп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу шарты анын максаттуулугу менен тыгыз байланышта болот.




Максат коюуда өзгөчө көңүл бура турган жагдайлар .

Инсандагы жеке сапаттарды өнүктүрүү боюнча адистер максат коюудагы негизги принциптер катары төмөнкүлөрдү сунуш кылышат:

Максатың ачык жана так болсун: Англис тилин үйрөнүүдө болгон эки студенттин мисалында, кимисинин максатынын так экендигине көз жүгүртүп көрөлү. Биринчи студент көпчүлүктүн англис тилин үйрөнүп аткандыгынан улам, мага да кереги тийип калаар деген ниетте англис тилин үйрөнүүдө. Ал ыгы келе калганда же көңүлү келсе окуп коет. Ал эми экинчи студент, 2014-жылдын 12-декабрында Европага жолдомо бериле тургандар үчүн алына турган англис тили боюнча атайын сынакта эң жогорку 650 упай алууга татыктуу болуу үчүн ушул кыска мөөнөттүк мезгил аралыгында күндүк, жумалык, айлык милдеттерди алдына коюп иштөөгө, аткарууга өзүн шыктандырып, татыктуу эмгектенип жатат. Бул жерде кайсы студенттин максаты даана, ачык, так экендиги жана кимисинин дагы көп ийгилик жарата тургандыгы айдан ачык.

Максатка байланышкан иш-аракеттер жазылууга тийиш: Калем- акылдын тили. Калемге алынган ойлор, пландар конкреттешип, оңдоого, түзөтүү киргизүүгө жеңил болот.

Пайдалуу бир максат коюлушу зарыл: Коюлган максат адамга жана айлана чөйрөгө пайдалуу болушу керек. Иш-аракеттер адамдын өзүнө гана пайда алып келип, башкаларга зыян тарттыра турган болсо, алардын инсандыгына шек келтирсе, бул антигумандуулук, адамга каршы кылмыштык иш-аракет болуп эсептелинет.

Коюлуучу максат чындыкка жакын, ишке аша тургандай болсун: Мисалы, бою адаттагыдан кичине бир адамдын баскетбол жылдызы болом деген максаты ишке ашышы өтө эле күмөн.

Маалымат алып туруу керек: Алган багыттын эң сырдуу жактарына чейин талдап үйрөнүү зарылдыгы бар. Бул процесс акырындык менен ишке ашат. Эң негизгиси үйрөнүүнү эч качан таштабоо керек.

Сиз үчүн бул максат эмне себептен өтө маанилуу болуп саналат? : Ар бир адамдын жан-дүйнөсүнө жакын ишмердүүлүктүн жана максаттын түрү болот. Бул суроого өз алдынча так жана терең жооп берүү зарыл.

Так убакыт чен-өлчөмү болушу керек: Тигил же бул ишмердүүлүк кайсы убакытка чейин созулат? Ушул мезгил аралыгында кандай тыянактар алынат? Максаттуу адам жогорудагы суроолорго так жооп бере алышы керек. Максатты так белгилөө, кандай жыйынтыктарды ала тургандыгы тууралуу пикир жаратып, план түзүү эркти, акылды талап кылат.

Көптөгөн адамдардын жашоодо ийгилик жарата албагандыктарынын негизги себеби- максат койбогондугунан, көздөгөнүнө жетпей калуу - максатсыз умтулуудан болуп саналат. Максат багыт, ошол багытта жигердуу ишенимдуу кадамдарды таштоо зарыл. Максатка берилген адамдардын жашоосунун майнабы артып, күчтөрүнө күч кошулат.

Ийгилик жаратуунун жана ийгиликсиздиктин алгачкы кадамы жан-дүйнөдөн башталары белгилүү. Сыртта өзгөрүү болордон мурун, жан-дүйнөдө болуусу - табигый нерсе.

Зор максаттар гана адамды шыктандырып, алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн толук ачылышына өбөлгө түзөт.

Чоң максаттар, алгач, кол жеткиздей сезилет. Бирок, чечкиндүү аракеттер натыйжасында ой эмнеге жетсе, ошону турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгүнө эгедер болууга мүмкүн. Бул эч кандай апырткандык эмес. Самолёт жасап учуу, океандардын ары жагындагы жерлерди ачуу, телевизор, телефон, компьютер, космосту багындыруу алгач адамдардын башында идея катары гана жашап келсе, бүгүн булар кадыресе көрүнүшкө айланды. Бардык иштин башаты болгон кыял күчүңүздү камчылап, кыялдарды куруңуз, ал өз кезегинде туруктуу максатка айлансын. Максат багып, ошол багытта жигердүү, ишенимдүү кадамдарды таштаңыз. Максатка берилген адамдардын жашоосунун майнабы артып, күчтөрүнө күч кошулат.


В: Аңгеме

Максатка умтулуу


Бир айылда кичинекей бир бала жашайт. Ал айылда жашаган башка адамдардан айырмаланып өзүнө ишенген, максатына умтулган мүнөзгө ээ болот. Бир күнү түшүндө учу -кыйырсыз деңизди көрөт да, эртеси ал деңизди издеп жөнөмөкчү болот. Айылда жашагандар деңизден алыс жашагандыктан, ал тууралуу түшүнүктөрү да жок эле. Ошондуктан баары: « Ошончолук көп суу кайдан болмок эле, бала акылдан айнып калган го »,- дешет. Ошентип, бала түшүндө көргөн учу- кыйырсыз деңизди издеп жөнөйт. Көп күндөр жүрүп отуруп жолдордун айрылышына келет да, он жагына түшүп кете берет. Бир топтон кийин тынч жашоо өткөрүп жаткан айылга келет. Жолоочунун жер кезип жүргөн максатын билгенден кийин жергиликтүү эл: «Түшүңдө көргөн деңизди издеп эмне кыласын. Андан көрө бул жерде калып тынч жашооңду өткөрө бер»,- деп акыл айтышат. Ошентип, бала ал жерде тынч жашап калат. Бир топ жыл өткөндөн кийин баланын түшүнө кайрадан деңиз кирет. Баланын ышкысы кайра күчөп, денизди барып көрүүгө кайрадан жол тартат. Баягы жолдун айрылышына кайтып келип ортодогу жолго түшүп жолун улантат. Бир топ убакыт жүргөндөн кийин кичинекей шаарчага туш келет. Шаардын турмушу айылдыкынан айырмаланып активдүү, көңүл ачуучу нерселери көп экен, жаштарды өзүнө тарткан жаңы жашоосу менен жагып калат да, бала ошол жерде туруп калат. Ал жерден окуп, иштеп, жолго чыккан максатын эсинен чыгарып, бир топ жыл жашайт. Ошондой күндөрдүн биринде түшүнө дагы учу-кыйырсыз деңиз кирет. Анан ал жаш кезиндеги максатын орундатуу учун кайрадан бел байлап жолго чыгат. Келген жолу менен кайра артка кайтып барып, айрылыш жолдун үчүнчү багытын көздөй жол тартат. Бул жолу ал калың токойго туш келет. Токойдун ортосунда жакшынакай келин жашаган кичинекей жыгач там турганын көрөт. Учурашкандан кийин жолоочунун максатын уккан келин күйөөсүнүн согушка кетип келбей калганын айтып, аны өзү менен үй-бүлө куруп, мында калышын суранат. Ошентип, ал келиндин сунушуна макул болуп, аны менен туруп калат. Бала - чакалуу болуп, турмуш кечирип жаткан күндөрдүн биринде көк деңиз дагы түшүнө кирип, унутулуп бараткан ышкысын кайрадан козгойт. Кыялымдагы максатыма жетпесем бүтүн өмүрүм текке кетет деген ал, карып калганына карабай баарын таштап жолго чыгат. Баягы айрылыш жолго келип, акыркы багыт боюнча жол тартат да, бийик тоонун этегине келет. Өмүр бою эңсеп келген максатына жетпей калуу коркунучу анын оюн бийлеп алат. Акыры болгон күчүн жыйнап, кыйынчылык менен бийик тоонун башына чыгат. Ал бийик тоонун үстүнөн тээ алыстагы баягы айрылыш жолдорду, тынч жашаган айылды, кичинекей шаарчаны жана токойдун ичиндеги үй-бүлөсү калган кичинекей тамды көрөт. Андан ары даалай жолу түшүнө кирген учу-кыйырсыз көк деңиз чалкып жатканын, эң кызыгы –айрылыштагы баардык жол деңизге алып барганын көрөт. Кыялындагы максатына жеткенине сүйүнгөнү менен көзүнөн ачуу армандын жашы кылгырат. Эңсеп жүргөн максатына жетүү үчүн бир да жолу баштаган жолунун аягына чейин барбагандыгына катуу өкүнүп, акыркы демин чыгарат…

Г: Накыл сөздөр.

Адамдын оюнда кандайдыр бир максат пайда болсо, аны ишке ашыруу убакытка гана көз каранды. Чечкиндуу адамдын иши алгач оюнда калыптанат. (Лиллиан Уайтинг)

Убакыттан ашкан устат жок. (Макал)

Чыныгы турмуштун ырахатын эңсеген адам баардык кыйынчылыктарга бел байлап, ал үчүн жанын курман кылууга даяр болууга тийиш. ( Ф.З. Дзержинский )

Адам оюндагысын өзү гана ишке ашыра алат. Мындай учурда башкалардын пикиринен жана ишинен көз карандысыз болуу- анын ишиндеги эркиндикти камсыздайт. ( Джо Рубимо )

Максаты жок кемеге эч бир шамалдын пайдасы жок.

Д: Ыр саптары:


Эй адамзат максат койгун алдыңа,

Пайдалуу болсун өзүңө да, калкыңа.

Ал максатка жетүү үчүн талыкпай,

Эмгектенгин кичинекей кумурскадай.

Эмгектенсең күчкө толуп бышаарсың,

Акырында мөмөсүн жеп жыргаарсың.

Кадам таштап алга карай жыла бер,

Жетемин деп максатыңа умтула бер.

Аракет кылганга келе берет берекет.

Дайыма умтулгандар, максатына жетеберет.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!