СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туура тамактануунун 15 жөнөкөй эрежеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Туура тамактануунун 15 жөнөкөй эрежеси»



ТУУРА ТАМАКТАНУУНУН 15 ЖӨНӨКӨЙ ЭРЕЖЕСИ







Туура тамактануу - узак жашоонун өбөлгөсү десек болот. Адатта туура тамактануунун эрежесин билбегендиктен, ден соолугубузга зыян келтиребиз. Андыктан, ден соолугум чың болсун, жаш көрүнүп, көп жашайын десеңиз, туура тамактануунун эрежелерин сактаңыз. 





Туура тамактануунун

15 жөнөкөй эрежеси

1.Ар бир тамактануунун аралыгында курсагыңыз ачса, жер-жемиш жеңиз. Эгер кечки тамактан кийин курсагыңыз ачса, жөн гана жылуу суу ичип коюңуз. Адам баласынын организминин болжолдуу түрдө 75 пайызы суудан турат. Андыктан, күнүнө 2 литрден кем эмес суусундук ичип туруу шарт. Себеби, организмден күнүнө эки литр суу ар кандай жолдор менен сыртка чыгып турат. Аны толуктап турбаса, суунун жетишпегендигинен ден соолук начарлап, тез чарчап, кан айлануу бузулат.

2. Эртең мененки тамакты сөзсүз ичүү зарыл, бул маалдагы тамакты убагында ичпей коюу адамдын толуп кетишине алып келет. 



3. Шекерди пайдаланууну мүмкүн болушунча азайтыңыз. Анын ордуна чайга бал кошуп ичкениңиз пайдалуу. Шекер кошулган таттуу азыктардын ордуна таттуу жер-жемиштерди жеңиз.


4. Организм белок, углевод жана май менен толукталып турат. Ошондуктан, майдан таптакыр баш тартуунун кажети жок. Организмдеги майдын жетишсиздиги нерв системасынын, ошондой эле боордун, өттүн иштөөсүн начарлатат. Андыктан, аз өлчөмдөгү майды ар кандай нерселерге кошуу аркылуу пайдаланыңыз.

5. Күнүнө 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеген эрежеге ылайык. Бардык витамин менен организмиңиз жетиштүү болуш үчүн жашылча, жер-жемиштин тизмесин түзүп алып, мүмкүнчүлүгүңүздүн жетишинче  жаңысын кезек-кезеги менен алып жеңиз. 

6. Балыктан жасалган тамакты бир адам жок дегенде жумасына үч жолу жеш керек. Балыктын түрүн карап, өтө майлуусун албаганыңыз оң. 

7. Сүт азыктарын сөзсүз пайдаланыңыз. Ар кандай дан менен сүт боткосун жасап ичиңиз. Боткого 1 кашыктан бал кошуп койсоңуз өтө пайдалуу. 

8. Ооздогу тамакты кеминде шашпай 20 жолу чайнап, майдалап жеңиз.

9. Бир порция тамагыңыз өзүңүздүн муштумуңуз менен бирдей болушу керек.

10. Эртең менен жана кечки тамактан кийин сөзсүз тишиңизди тиш пастасы менен жууңуз. Ал эми башка тамактануулардан кийин суу менен тишиңизди чайкап тазалаңыз. 

11. Кетчуп, газдалган суусундук жана ылдам даярдалган (фастфуд) тамактардан баш тартыңыз.

12. Мүмкүн болушунча жарым фабрикат эмес, жаңы азыктарды пайдаланыңыз. 



13. Тамак-ашты дүкөн, ашканалардан сатып албай, үйдөн өз колуңуз менен жасаңыз. Сатып алынган азыктарда майды, шекерди, тузду өлчөмүнө ылайык кошушпайт. 

14. Тузду аз пайдаланыңыз. 


15. Балдарыңызды да башынан туура тамактанууга үйрөтүңүз. Чоңойгондо калыптанып калат да, тамактануу жаатында маселе жаралбайт.