СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туура ынанымды калыптандыруунун мааниси. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туура ынанымды калыптандыруунун мааниси.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Туура ынанымды калыптандыруунун мааниси. (Тарбиялык саат)»

ТУУРА ЫНАНЫМДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МААНИСИ

Сабактын максаты:

    • окуучуларга туура ынанымдын маанисин түшүндүрүү,

    • туура эмес ынанымдын зыяндуулугун түшүндүрүү,

    • туура эмес ынанымды туура ынанымга өзгөртүп машыктыруу.


Сабактын жабдылышы: Доскага төмөнкү учкул сөз жазып коюлат. «Аңда (бейаң сезимге) жаңы ынаным жаралса, адамдын алдында жаңы реалдуулук жаралат, тынаным өзгөрсө, реалдуулук өзгөрөт» Дж. Кехо.


















жаңы темага буруу.

Мугалим: Адамдын ынанымы оңолбосо, жашоосу оңолбойт, эмне үчүн? Ынанымы туура адамдардын иши ийгиликтуу болот, эмнеге?

Күтүлүүчү жооптор: туура эмес ынанымдагы адам туура эмес ойлонот, туура эмес аракеттенет.

2) Лекция (15 мүн.)

Ынаным деп − калыптанып калган ойдун, көзү жеткен пикирлердин топтомун түшүнөбүз. Адамдын жүрүм- турумунун проблемалуулугунун бир

дамдын у

Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу

5 мүн.

2.

Лекция

15 мүн.

3.

Бышыктоо. 1-көнүгүү

10 мүн.

4.

2-көнүгүү

10 мүн.

5.

Жыйынтыктоо

5 мүн.



45 мүн.



Са

бактын жүрүшү: себеби – алардын ынанымы. А


1. Уюштуруу (5 мүн.) ынанымы туура болсо, реалду турмушу – көңүлдүү, чечимдер

Максаты: окуучулардын көңүлүн оптималдуу болот. Ынанымы т



и уура

эмес пессимисттин иши ийгиликсиз болот. Ынанымы туура оптимисттин иши илгерилейт. Ошондуктан адамга дайыма оптимисттик ынанымда жүргөн дурус.

«Мени кайсы эле жыргаган турмуш күтүп турат дейсиң» - деген ынанымдагы адамды чын эле жыргаган турмуш күтүп турбайт.

Эгерде адамдын мээсинде чектелген көз караш терең ынанымга өтүп

кетсе, аны кеңейтиш үчүн улам, жаңы позитивдүү идеяны иштеп чыгуу керек. Аң-сезимдүү түрдө ынанымын, көз карашын иретке келтирип турган адам өрүштүү ойломго жетишет. Мындай

адамды мээсине келип турган ойлор башкарбайт, ал өзү мээсине келип турган ойлорду көзөмөлдөп, аң-сезимдүүлүгүн өнүктүрөт. Көнүгүү аркылуу мээнин жашыруун сырын үйрөнсө болот.

Эффективдүү ой жүгүртүүгө үйрөнүү үчүн практика жүзүндө машыгуу керек. Ойду позитивдештирүүдөн адамдын жашоосу позитивдешет (жакшырат).

Буга ишенүү керек. Адам эмнеге ишенип, аны күтсө ошол болот. Көпчүлүк адамдардын бактысыз, шордуу болушуна өзүнүн ынанымы себепкер. Эгерде адам Чыгыш ойчулдарынын китептерин кунт коюп окуп, түшүнүп, анан өзүнүн көз карашын, ынанымын, ой жүгүртүүсүн салыштырса (анализдесе), ал өзүнүн

ой жүгүртүүсүнүн, ынанымынын натыйжасында кыйналып жашап жүргөнүн түшүнмөк.

Ким адамдар (эл) менен мамиле түзүүдө кыйынчылыкка дуушар болсо, анда анын ынанымы, көз карашы туура эмес же ою таза эмес (оюнда таарыныч, көрө албастык, түшүнбөстүк ж. у. с. бар). Ден соолугу проблемалуу адамдын ою, көз карашы же ынанымы туура эмес.

Акча-каражат жагынан кыйынчылыкка көп кездешкен үй-бүлөнүн акчага мамилеси туура эмес. Адам өзү: “Турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балаага” деген ынанымда болсо, ал бир балээден кутулуп, башка балээге

тутулуп өмүрү өтөт. “Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө” деген ынанымда болсо, бир күнү кор болуп, бир күнү зар болуп жашай берет. Негативдүү ынаным өзүнө окшогон терс ойлорду тартып турат. «Жоктун түбү жок болот» деп да айтылат, б.а. «жок» дей бергендин жогу көп болот. Болгонго каниет кылганга (бул позитивдүү ойлом) буйруганын көрөт.

Аңда (бейаң сезимде) пайда болгон ынанымдардын негативдүүлөрүн тазалоого камкордук көрүп жашаш

керек. Телевизордон, газетадан, журналдан ою чектелген, туура эмес ынанымдагы авторлордун (негативдүү маалымат камтылган) чыгармаларын көрүп (окуп), ага ишенип алгандар, туура эмес ынанымдын рамкасынан чыга албай калышат. Мисалы: “Коррупция гүлдөгөн өлкөдө адам кантип бактылуу болсун?”, “Ийгиликке жетиш үчүн эгоист болуш керек”, “Жарды мамлекетте жашаган адам кантип жарысын” ж.у.с. ынанымга келгендердин келечеги кең болбойт. Мындай ынанымдан кутулууга мисал катары орус элинин «Жыланды жуткан дыйкан» жөнүндө жомогун

айта кетели. Дыйкан кожоюндун үйүнө

келсе, ал шорпо берет. Шорпону ичип жатып дыйкан кашыкта кичине жылан бар экендигин көрөт. Кожоюнду капа кылбаш үчүн шорпону (жыланы менен) ичип салат. Бир нече убакыттан кийин ооруп калган дыйкан кайра кожоюнга келет. Кожоюну ошол эле бөлмөгө киргизип, даары куюп берсе, кашыктан баягы жыланды көрөт. Эми ал айтууга аргасыз болот. Кожоюн түндүктө (үйдүн төбөсүндө) илинип турган жааны көрсөтөт. Көрсө жаанын кашыктагы сүрөтү жылан сыяктуу көрүнөт экен.

Дыйкан дарыны ичпей чыгып кетет, бир күндөн кийин оорудан айыгат. Ошол сыяктуу эле дүйнө, коом жөнүндөгү чектелген көз караш, туура эмес ынаным кыялында «жылан жутуп алган» дыйкан сыяктуу адамга терс аракетин аткара берет. Анын арты – рухий кризис. Адам ынанымы, ою, көз карашы туура эмес экендигин түшүнгөндө гана аңдын терс аракети токтойт.

Адамдын бардык проблемасынын автору - өзү, б.а. өзүнүн ынанымы, ою, ишеними же көз карашы. Адамдын аңында туура маалымат пайда болсо, турмушунда жаңы реалдуулук пайда

болмок. Чичиков. Хлестаков ж.б. сыяктуу терс каармандар катышкан адабияттарды

окуй бергендер, «Жакшы адам (дос) табуу кыйын» деген жыйынтыкка келет. Натыйжада эч ким менен таанышкысы келбей калат. Анткени анын «ынанымы» бар. Ал өзүнүн күнөөсүн сезбейт.

Чындыгында ынанымы туура эместигин билбейт. Оң каармандар катышкан, достукту даңазалаган адабияттарды окуса, ынынымы өзгөрөт.

Адамга туура эмес ынанымын туура ынанымга, чектелген көз карашын чектелбеген көз карашка өзгөртүшү, ошого жараша аракети, аны ийгиликке алып келип, турмушунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өзгөрүүлөрдү жаратат (Т.Бьюзен). Адамдын мээси адат боюнча аракеттенет. Эгерде өспүрүм өзүнүн мээсинде чектелген көз карашка, туура эмес ынанымга орун берип койсо, аны «тазалаш» үчүн карама-каршы

позитивдүү ойду кайра-кайра кайталоону сунуш этүү керек. Бир мезгилде эски ынаным толук тазаланганда адам башкача сүйлөй баштайт. Элдин ийгиликке жетишпегендигинин, жардылыктын себеби, алардын ынанымынын туура эместиги,

көз карашынын чектелгендиги, оюнун проблемалуулугу менен түшүндүрүлөт. Аңдагы туура эмес ынанымды тазалоо – акылдын гимнастикасы, адептик аң- сезимдүүлүктү өнүктүрүүнүн татыктуу каражаты.

Миллиондогон адамдар өзүнүн азыркы абалы менен канааттанышат. Кыргызстандыктар да канааттанышат. Ошондуктан аны өзгөртүүгө аракеттенишпейт. Алар «жашоо оор»,

  • деген сыяктуу ынанымга орун берип коюшкан. Мындай ынанымдагы адамга жашоо кыйын. Андан көрө “жашоо керемет” - деп ойлосо, кыйынчылыксыз күн көрмөк.

3. Бышыктоо.

  1. көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: окуучуларды туура эмес ынанымды туура ынанымга, ырастоого алмаштырууга машыктыруу.

Мугалим. Балдар, силер туура эмес ынаным адамдын проблемасынын булагы экендигин түшүндүңөр. Азыр мен силерге туура эмес ынанымды айтам, силер ага альтернативалуу туура ынанымды ойлоп тапкыла. “Жүз жолдошуң болгуча, жүз сомуң болсун”.


Күтүлүүчү жооп: Жүз сомуң болгуча жүз жолдошуң болсун.

Мугалим: Дос күтүү кыйын.

Күтүлүүчү жооп: Кыйынчылыгы жок эч нерсеге жетишпейсиң, кыйынчылыкты жеңип дос күткөндөр көп, мен да кыйынчылыкты (буйруса) жеңем.

Мугалим: Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок.


Күтүлүүчү жооп: Жолдош таппаган эр азат, жолдошу көптүн колдоочусу көп.

Мугалим: Эми балдар, чектелген ынанымды туура жаңы ынанымга которууга карата көнүгүү сунуш этели (Р.Стоун).

Чектелген ынаным


    1. Менин колуман эч нерсе келбейт.

    2. Менин мүмкүнчүлүгүм чектелүү.

    3. Турмуштан орун табуу кыйын.

    4. Мен эмне кылаарымды билбейм.

    5. Мен жөндөмсүзмүн.

    6. Мен жаман мезгилде жашап жатам.

    7. Кыргызстандын экономикасы начар, оңолгончо көп бар.

    8. Менин өзүмө ишенимим жок


Күтүлүүчү жооптор


  1. Аракет кылгандын иши илгерилейт.

  2. Элдин баары чамасына жараша оокат кылышат.

  3. Издеген табат, сураган алат.

  4. Элдин баарынын билгенден биле элеги көп.

  5. Мен эмнеге жөндөмдүүлүгүмдү аныктай элекмин. Аны Кудай буйруган күнү аныктайм.

  6. Ар бир мезгилдин өзүнчө артыкчылыгы бар.

  7. Мындан да начар абалдан эл өткөн, мындан да буйруса өтөбүз.

  8. Өзүнө абсолюттуу ишеним эч кимде болбойт.


Мугалим: жадыбалды жаттап калыш үчүн көп жолу кайталаш керек. Ошол эле сыяктуу позитивдүү ойду да кайталаш керек. Адам маанайы көтөрүлүп,

чоң кубанычка келсе да, андан ары аракеттенбесе, баягы эски ынанымга кайрылып келерин унутпагыла. Жаңы ой, ынаным, идея жаңы себилген урук, олтургузулган көчөт сыяктуу, сугарып азыктандырып турбасаң куурап калат. Ошол эле сыяктуу жаңы ой, ынаным аң- сезимде терең «отурукташ» үчүн (бир айдан үч айга чейинки) мезгил керек.

Ошол убакта күнүгө 10-15 минут жаңы ойду кайталап туруу керек.

  1. 2-көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: Негативдүү ынанымды жаңы ынанымга алмаштырууга машыгуу.

Мугалим: Сиздин көкүрөгүңүздү

өйүгөн көйгөйлүү ынанымды жазыңыз. Ага тиешелүү сезимдерди козгогон ой формаларын жазып чыгыңыз. Эми аларды кунт коюп окуп, бул чектелген ынаным эмеспи деп ойлонуңуз. Демек буга

карама-каршы позитивдүү ынаным болушу мүмкүн. Болгондо да бир нече варианттуу болушу мүмкүн. Алардын баары туура эмес болушу мүмкүн, бул маанилүү эмес.

Сиз ынанымыңыздын чектелүү экендигине көзүңүз жетсе, биринчи кадамды жасаган болосуз. Эгерде туура изденсеңиз мындай процесстен көп нерсени түшүнөсүз. Ар бир негативдүү ынанымдын каршысында жаңы ырастоо жазыңыз. Мисалы, Бишкекте жумуш табуу кыйын. Бул ынаным адамдын аракетин чектейт. Эми буга каршы жаңы ырастоолордун бир нече вариантын жазалы.

Күтүлгөн варианттар:

  • жумушка орношуунун жолдору көп;

  • жумуштан көп неме жок, көп акы төлөнүүчү жумуш аз;

  • болгон жумушка каниет кылып иштей турсам, дагы буйруганы болоор;

  • балким мен издеген жумуш табылып калгысы бардыр (ушу сыяктуу бир нече вариант ойлоп табыңыз).

  1. Жыйынтыктоо (5 мүн.)

Жогоруда көрсөтүлгөн техниканы пайдаланып, ынанымыңызга түзөтүү киргизгиле. Ай сайын ынанымдын позитивдүүлүгүн текшерип, аларды иретке келтирип турган адам позитивдүү ырастоолордун көбүн иштеп чыгат.

Аларды кайталоо аркылуу ой ынанымга айланат. Бул аракет кийин ишиңиздин ийгиликтүү болушуна өбөлгө болот.

Жаңы ынанымды бышыктап, аң- сезимде «отурукташтырып» өнөкөт ойго айландырбаса баштапкы ынаным кайрылып келерин унутпагыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!