СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тууранды сөздөрдүн лексикалык мааниси

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тууранды сөздөрдүн лексикалык мааниси»

Кыргыз тили\7-класс\2-чейрек\7-сабак____________________________

Тема: Тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү (лексика, морфология, синтаксис)

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөгөн билимдерди алышат.

-тууранды сөз түркүмүн башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалай алышса;

Социо-маданий: бизди курчап турган айлана-чөйрөгө маани берүүгө тарбмяланышат.

-айлана-чөйрөбүздөгү заттардын үндөрүн, элестерин ажырата алышса;

Кептик: жандуу жана жансыз заттардан чыккан үндөрдү ажырата алышат.

-окуучулар жекече иштей алса.

Лингвистикалык минимундар: тууранды сөз, кош, кошмок, жөнөкөй, татаал

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд-фильм, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болгула!

Чынжырча оюну аркылуу тууранды сөздөрдү улап айтышат.

Арыбаңыз!

Тарс-тарс, карс-карс, шылдыр-шылдыр, жал-жал, лып-лып, жал-жал, жылт-жулт ж.б

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

93-көнүгүнү текшерүү

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)


Тууранды сөздөр деген эмне, түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт, табыш тууранды сөздөр кандай,элес тууранды сөздөр жана башкалар. Келгиле билип алалы.

Жандуу, ошондой эле жансыз заттардан чыгуучу үндү, табышты, добушту, кыймылды, элести,

көрүнүшту туурап, окшоштуруп көрсөткөн, баяндаган сөздөр - тууранды сөздөр аталат.

Тууранды сөздөргө төмөндөгүдөй сөздөр кирет: тарс, жарк, шаңгыр, кобур-собур, шак, шака-шак, чыйк,маа, мөө, шуу, жалп, жалбырт, желбиреп, калдаң-калдаң, зуу, арс, тырп, карч, шак-шак ж. б.

Мисалы:

1. Бака-шака эмгек шаңы күчөдү.

2. Чагылган жарк-журк, жамгыр дыбыр-дыбыр жаай баштады.

3. Эшик карс жабылды.

4. Эрбең-сербең караандар көбөйдү

5. Жапар эки жагын элтең-селтең каранат.

6. Ажардын жашы жаагына мөлт-мөлт тамчылады.

7. Мылтык тарс-тарс атылды, жалт карай калсам, Жапаркул жерде кулап жатыптыр.

8. Шофер бырс-бырс күлдү да, кабинасын карс жапты.

9. Соколор жер тилип барат, лап-лап түшүп жаткан карлар дароо эрий берет.


Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт.

Жөнөкөй тууранды сөздөр бир гана сөздөн турат. Мисалы, Күйүп турган чок жалп өчтү. Жанаша

отурган Беккул бырс күлүп жиберди. Бурма бизди карай эки колун шак-шак чапкылады.

Татаал тууранды сөздөр эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт дагы, төмөндөгүдөй үч топко бөлүнөт:

1. Эки сөзү тең маани берүүчү тууранды сөздөр: кыйк-чыйк, калдыр-кулдур, чалп-чулп, күр-шар, карскурс, кыйкылдап, чыйкылдап ж. б.

2. Эки сөзүнүн бири гана маани берүүчү тууранды сөздөр: шак-шук, тарс-турс, шарп-шурп, жалп-жулп,

шалдыр-шулдур, эрбең-сербең, чаң-чуң, чарт-чурт, бултуң-султуң.

3. Эки сөзү тең маани бербеген тууранды сөздөр: жал-жал, мөл-мөл, ызың-кызың, күрпөң-күрпөң ж. б.

Мисалдар:

1. Арс этип, асылган иттин үнү Бектурганды чалкасынан түрткөндөй болду.

2. Чырр этип, арабанын токтогону Бектурганды жалт каратты.

3. Алыстан Ысык-Көл мелт-мелт этет.

4. Кыртыштуу жерге кетмендер күп-күп согулат.

5. Ооздугун карс-карс кемирип, Гүлсары байлоодо турат.

6. Бир заматта жамгыр тып басылып, күн чайыттай жарк этти.

7. Үстүндө күр-шар келаткан таштардан чочуган Акбара артын карай жалт секирди.


Тууранды сөздөр өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албайт, жөндөлбөйт, жак жана сан мүчөлөрү менен да өзгөрбөйт, бирок заттык мааниде колдонулганда гана жөндөлүп, жак, сан мүчөлөрдү кабыл алат. Жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөргө эт, де деген көмөкчү этиштер кошулуп айтылып, же кошулбай да сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара берет.

Таблица №1, тууранды сөздөр боюнча мисалдар

Сүйлөм мүчөлөрү

Мисалдар

Ээлик- Күрү-гүү күчөдү. Ызы-чуу азайды. Жарк-журк көбөйдү. Опур-топур

басаңдады.

Баяндоочтук- Чагылган жарк-журк этти. Мылтык тарсылдады. Завод ичи калдыр-кулдур,

көпчүлүк эл опур-топур. Үйдүн ичи кажы-кужу

Аныктоочтук-Көз жашы мөлт-мөлт төгүлдү. Жылт-жылт эткен от көрүндү. Кажы-кужу

сөздөр угулду. Опур-топурдун аягы басылды.

Толуктоочтук-Алар ызы-чууну жактырышпайт. Бектурган эрбең-сербеңди алыстан көрдү.

Танабай чуру-чууга жана кирди.

Бышыктоочтук-Дүйшөнкул Ала-Тоону жалт карады. Асангул бырс-бырс күлдү. Гүлсары

шарт бурулду ж. б.


Табыш тууранды сөздөр

Жандуу жана жансыз заттардын үнүн, табышын, добушун тууроо иретинде айтылган сөздөрдү

табыш тууранды сөздөр деп айтабыз.

Табыш тууранды сөздөргө: тарс, карс, курс, шылдыр, калдыр, мөө, маа, арс, каңк, так, шуу-шуу, шаңк,

шыңк, шака-шука, ха-ха-ха, шалп-шулп, чырр ж. б. кирет.

Табыш тууранды сөздөр мааниси жагынан төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

1. Айбандардын табышын, добушун, тууроодо колдонулуучу сөздөр: маа, мөө, арс, ап, каңк.

2. Канаттуулардын табышы: чырк-чырк, каак-каак, чырр-чырр, бытпылдык-бытпылдык.

3. Курт-кумурскалардын табышы: ызз-ызз, дың-дың, зың-зың ж. б.

4. Адамдардан чыккан табыш: бырс, шуу, күрс, шыңк, кубур-шыбыр, чуру-чуу, уу-дуу.

5. Жансыз заттардан чыккан табыш: шуудур, куудур, шыбыр-шыбыр, ток-ток, шарп, кур, калдыр


Элес тууранды сөздөр

Кыймыл-аракеттин же заттардын сырткы көрүнүшүн, кыймылын, элесин билдирген сөздөр элестүү

же элес тууранды сөздөр деп аталат.

Элес тууранды сөздөр маанисине карата экиге бөлүнөт:

1. Кыймыл-аракеттин же элестин тездигин билдирүүчү сөздөр: жал-жал (карады), жалт-жулт, жаркжурк, шып (шып кирип келди), лып (лып отура калды), жылт, кылт, шарт, мөлт, чап, селт, жалп, жулп

2. Заттардын сырткы көрүнүшү, кыймыл-аракети жөнүндөгү элести билдирүүчү сөздөр. Элестүү сөздүн бул түрү дайыма "ң" же "к" тыбыштары менен аяктайт: чолтоң-чолтоң, койкок-койкок, калдаң-калдаң,калдак-калдак, калжаң-калжаң, калжаң-кулжуң, адыраң-эдирең ж. б.


Тууранды сөздөрдүн жазылышы

1.Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн тууранды сөздөргө -ылда мүчөсү уланганда к, п тыбыштары жумшарбай жазылат. Мисалы: бак+ылда=бакылда, так+ылда=такылда, күп+үлдө=күпүлдө,

кып+ылда=кыпылда, түп+үлдө=түпүлдө, жак+ылда=жакылда ж. б.

2.Кош сөз түрүндө айтылган тууранды сөздөр арасына дефис коюлуп жазылат. Табыш тууранды сөздөрдө; чырк-чырк, каак-каак, чырр-чырр, бытпылдык-бытпылдык, ызз-ызз, дың-дың, зың-зың, ток-ток, калдыр-кулдур ж. б. Элес тууранды сөздөр: жал-жал, жалт-жулт, чолтоң-чолтоң, бөйпөң-бөйпөң, эрбеңсербең, сороң-сороң, койкок-койкок, калдаң-калдаң, адыраң-эдирең ж. б.


Тууранды сөздөр айрым мүчөлөрдүн жардамы менен башка сөз түркүмдөрүнө өтүп да айтыла

берет. Мисалы: тарс (тууранды сөз). Тарсылдак оюнчук сатып алдым (кандай оюнчук? тарсылдак — сынатооч). Мылтык тарсылдады (мылтык эмне болду? тарсылдады — этиш). Тарсылдаган үн угулду (кандай үн? тарсылдаган — атоочтук). Тарса-тарс күчөдү. (Эмне күчөдү? тарса-тарс — зат атооч). Тарсылдап кирип келишти (кантип? тарсылдап — чакчыл) ж. б

1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)


94-көнүгүү

Жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөрдү таап көчүрүп жазгыла


95-көнүгүү

Тууранды сөздөрдү таап, элес жана табыш тууранды сөз деп бөлүп көрсөтөткүлө

4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


1.Тууранды сөз деп эмнени айтабыз?

2. Туранды сөздөр грамматикалык түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт?

3. Тууранды сөздөр колдонулуш өзгөчөлүгүнө карай канчага бөлүнөт?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…


6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

96-көнүгүү

126-беттеги таблицаны карап, жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөргө бөлүп жазып келгиле

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»