Кыргыз тили
7-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Кылычымды кынсыз сактадым,
Көк жайыктын чөбүн көрдүңөрбү?
Бир күндө чаап таштадым.
(Чалгы)
Алтын эреже:
Эскертүү!
Сабакка даяр болуу;
Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо;
Эч нерсеге алагды болбоо;
Сабакка көңүл бөлүү;
Өтүлгөн теманы эске тутуу;
Бүгүн сабакта:
Тууранды сөздөрдүн
маанисине карай
бөлүнүшү
Сабактын максаты:
Тууранды сөздөрдүн маанилери жөнүндө маалымат ала алышат;
Тууранды сөздөр тууроо ыгына жараша канча топко бөлүнө тургандыгы жөнүндө биле алышат;
Табыш жана тууранды сөздөрдү өз ара ажырата алышат жана ошол сөздөрдү колдонушат.
Өтүлгөн тема:
68-бет 101- көнүгүү Окуп чыгып, тууранды сөздөрдү көчүрүп жазгыла.
Жаңы тема:
Кыргыз тилинде тууранды сөздөрдү эмнелерди туроо, кандай тууроо ыгына, өзгөчөлүктөрүнө жараша табыш тууранды сөздөр жана элес тууранды сөздөр деп эки топко бөлүштүрөбүз.
Табыш тууранды сөздөр
Адамдан, ар кандай жаныбарлардан, заттардан жана табият кубулуштарынан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр табыш тууранды сөздөр деп аталат. Мисалы : Кишинин түкүргөнүн чыйт, жөтөлгөнүн күрс-крс , күлгөнүн ха-ха-ха , уйдун үнүн мөө , иттин үнүн арс-арс, ау-ау , чычкандын үнүн чыйп, казан –аяктан чыккан үндү калдыр-кулдур, мылтыктын үнүн тарс, койчунун таягынын үнүн тык-тык , сааттын урганын тик-так, күн күркүрөгөндү калдыр-калдыр , шамалдын сокконун шуу-шуу деп туурап айтабыз.
Бул сөздөр чындыгында ошол үндөрдүн дал өзү эмес. Аларга окшоштурулуп, ошол үндөрдү чагылдырып туурап айтылган сөздөр. Ошондуктан бир эле заттан чыккан үндү туурап, биз ар кандай табыш тууранды сөздү «жасап алып» колдонушубуз мүмкүн. Анткени бир өңчөй заттар болсо деле ар кайсынысынан ар башкача үн чыгышы мүмкүн. Мисалы: сааттын сокконун бирде чык-чык деп туурап айтсак, бирде тик-так деп туурайбыз. Кичинекей сааттын үнү бир башкача болот дагы, чоң саатын үнү абдан башкача болот.
1. Бор-борс, кара күчүк үрүп калды. 2. Ау-ау, ач түлкү, казды күчүк алдырбас. Иттердин да бардыгынан бирдей үн чыкпайт.
Табыш тууранды сөздөрдү эмнени, кандай заттардын үнүн туураганына жараша топторго бөлөбүз .
1. Адамдардан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: Кобур-собур, күңк-мыңк, карс-карс, бырс, кажу-кужу, апчхи ж.б. Мисалы: Түгөнүп баратканбы? Тфу! Тфу! Ооз кесир сүйлөбөйүнчү.
2. Айбандардан, жаныбарлардан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: арс-арс, дабыр-дүбүр, така-так-така-так, каак, бытпылдык, күкүк ж.б. Мисалы: Така-так , така-так. Сырттан аттардын дүбүртү угулуп калды.
3. Жаратылыштагы жансыз заттардан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: даң, калдыр-кулдур, тык-тык, тарс, балч, былч, кыйч-кыйч ж.б. Мисалы: Короодо мотоцикл дүрүлдөп, абактын жертөлөсүнөн: « Тарс! Тарс! Тарс!..» деген добуштар чыкты.
4. Жаратылыш кубулуштарынан чыккан үндөрдү туурап айтылган сөздөр: дабыр-дүбүр, калдыр-кулдур, күр-күр, шатыр-шатыр, тарс, дабыр-дүбүр ж.б. Мисалы: Калдыр-кулдур… Капысынан чарт-чурт деп айланага жарык сепкен чагылгандан бир аздан кийин күн күркүрөп кирди.
Элес тууранды сөздөр
Адамдардын, жаныбарлардын жана жансыз заттардын сырткы көрүнүшүн, кыймыл-аракетин, турпатын туурап айтылган сөздөрдү элес тууранды сөздөр дейбиз.
Мисалы, кишинин кыймылына, турпатына, көрүнүшүнө жараша: аксаң-аксаң, бүкүрөң, дирт, селт, жалт, далдаң, тайраң, тойроң-тойроң, арбаң-тарбаң, илең-салаң ж.б.
Элес тууранды сөздөр да нерсенин көрүнүшүн, элесин так өзүндөй кыла албай болжолдуу кылып туурайт. Ошондуктан бир эле нерсенин көрүнүшүн ар башкача элестүү сөз менен айтып калган учурлар болот.
Элес тууранды сөздөрдү эмненин элесин, эмненин көрүнүшүн билдиргендигине жараша, негизинен, бири-биринен айырмаланган эки топко бөлүпкароого болот.
1. Көрүнүштү, келбетти, турпатты туураган сөздөр;
2. Кыймыл-аракетти, абалды туурап айтылган сөздөр.
Биринчи топтогулар адамдын, жан-жаныбарлардын жана жансыз заттардын сырткы турпат, келбет, көрүнүш элесине карата айтылат: далдаң, аксаң, бүкүрөң, үрпөң ж.б.
Экинчи топтогулар адамдын, жан-жаныбарлардын жана жансыз заттардын кыймыл-аракет, ал-абал элесин туурап айтылат: дирт, селт, арбаң-тарбаң, шып, кылт ж.б.
Бышыктоо:
72-бет
107-көнүгүү
Көнүгүүнү окуп чыгып, табыш тууранды сөздөрдү гана таап көчүрүп жазгыла.
Жыйынтыктоо:
Табыш жана элес тууранды сөздөр маанисине карай канчага бөлүнөт?
Үй тапшырма:
73-бет
111-көнүгүү
Көнүгүүнү окуп чыгып, элестүү сөздөрдү көчүрүп жазгыла.
Кийинки
сабакка
чейин
саламатта
болгула!