СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тууранды сөздөрдүн  сөз түркүмү катары  мүнөздөмөсү боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү»

Кыргыз тили 7-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

7-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Күн нурундай жаркырап,  Биз көңүлдүү,  Биз куунак.  Биздин максат-  Биздин эмгек-  Жакшы окуп, жазып, жыргамак.

Күн нурундай жаркырап, Биз көңүлдүү, Биз куунак. Биздин максат- Биздин эмгек- Жакшы окуп, жазып, жыргамак.

Алтын эреже: Колубузду тез-тезден самындап жууп турабыз; Үйдөн чыкпайбыз; Аралыктан өтүлгөн сабактарга активдүү катышабыз; Тапшырмаларды өз убагында аткарып жөнөтөбүз.

Алтын эреже:

  • Колубузду тез-тезден самындап жууп турабыз;
  • Үйдөн чыкпайбыз;
  • Аралыктан өтүлгөн сабактарга активдүү катышабыз;
  • Тапшырмаларды өз убагында аткарып жөнөтөбүз.
Сабактын  темасы: Тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары  мүнөздөмөсү

Сабактын

темасы:

Тууранды сөздөрдүн

сөз түркүмү катары

мүнөздөмөсү

Сабактын максаты: - Өзгөчө сөз түркөмдөрүнүн бири тууранды сөздөр жөнүндө биле алышат;  - Тууранды сөздөр – кандай сөздөр экендиги жөнүндө биле алышат.

Сабактын максаты:

- Өзгөчө сөз түркөмдөрүнүн бири тууранды сөздөр жөнүндө биле алышат; - Тууранды сөздөр – кандай сөздөр экендиги жөнүндө биле алышат.

Өткөн сабакта: Тактооч сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү 52-бет 61-көнүгүү Кара тамга менен жазылган сөз эмне үчүн тактооч экенин аныктагыла

Өткөн сабакта:

Тактооч сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү

52-бет

61-көнүгүү

Кара тамга менен жазылган сөз эмне үчүн тактооч экенин аныктагыла

Жаңы тема:  Жаратылыштагы ар кандай үндөрдү жана көрүнүштөрдү туурап айтылган сөздөр тууранды сөздөр деп аталат.  Мисалы:   Ха-ха-ха! Каткыра күлүп, Имаш Набини кең далысын чакпкылады.

Жаңы тема:

Жаратылыштагы ар кандай үндөрдү жана көрүнүштөрдү туурап айтылган сөздөр тууранды сөздөр деп аталат. Мисалы: Ха-ха-ха! Каткыра күлүп, Имаш Набини кең далысын чакпкылады.

 Адамдан же башка жаныбарлардан чыккан ар кандай дабыштар, жансыз заттардын кагылышуусунан пайда болгон үндөр жана ар кандай заттардын көрүнүштөрү ошол калабында айтылып туюндурулат. Тууранды сөздөр оозеки кепте, тилдин жандуу көрүнүшүндө арбын колдонулат. Көркөм адабиятта да алар көп колдонулуп, айтыла турган ойдун таамайлыгын арттырып, образдуулугун камсыз кылат.   Тууранды сөздөр өз алдынча түркүмдү түзүп,башка сөз түркүмдөрдөн төрт белги менен айырмаланат :

 Тууранды сөздөр угулган дабышты угулгандай, же көрүнгөн элести көрүнгөндөй кылып тууроо аркылуу айтылгандыгы менен айырмаланат: чык-чык – сааттын жебесин жылдыра соккон механизимдин үнү; күрс – адамдын жөтөлгөнү; ыңаа-ыңаа- наристенин ыйлаганы ; серең-серең – коёндун кулагынын тикчийген көрүнүшү; бөкчөң – карыгын адамдын эңкейе түшүп басканы ж.б. Мисалы: Биз к арса-курс туяктарынан учкун жанган аттарды ансайын темине комиссарларга корголойбуз. Аңгыча маузер тарс атылды. Мойнуман ылдый муздак тер чып-чып сызылды .
  • Тууранды сөздөр угулган дабышты угулгандай, же көрүнгөн элести көрүнгөндөй кылып тууроо аркылуу айтылгандыгы менен айырмаланат: чык-чык – сааттын жебесин жылдыра соккон механизимдин үнү; күрс – адамдын жөтөлгөнү; ыңаа-ыңаа- наристенин ыйлаганы ; серең-серең – коёндун кулагынын тикчийген көрүнүшү; бөкчөң – карыгын адамдын эңкейе түшүп басканы ж.б. Мисалы: Биз к арса-курс туяктарынан учкун жанган аттарды ансайын темине комиссарларга корголойбуз. Аңгыча маузер тарс атылды. Мойнуман ылдый муздак тер чып-чып сызылды .
2.  Кандайдыр деңгээлде тууралган үндү, элести алып жүргөн заттын, көрүнүштүн өзүн да билдирер маанисинин болгондугу менен айрымаланат: тарс (добуш менен кошо мылтыктын өзүн да билдирди), жарк-журк (чагылган элестейт), тып-тып (тамчынын тамганы элестейт), мөө (добуштун уйдан чыккандыгы белгилүү болуп турат) ж.б.

 3. Көпчүлүк учурда тыбыштык жактан айтылышынын эркин болушу, кээде жазуу эрежелерине сыя бербеши менен айрымаланат:  Карга муну билиптир, карк-карк этип күлүптүр. (А.Рыскулов)  Каак-каак , каргалар казан асып отурат. (Фольк)  эки сүйлөмдө тең карганын үнү тууралып жатат, бирок экөөндө эки башкача жазылды.

 4. Кээде тууранды сөздөр атама сүйлөм маанисин да билдире алат:  Тарс! Дагы бири чалкасынан кетти.    Кыргыз тилинде тууранды сөздөрдү эмнелерди тууроо, кандай тууроо ыгына, өзгөчөлүгүнө жараша табыш тууранды сөздөр жана элес тууранды сөздөр деп экиге бөлүштүрөбүз.

Бышыктоо:  68-бет  99-көнүгүү  Көнүгүүнү окуп чыгып, тууранды сөздөрдү таап, аларды дептериңерге жазгыла.  Мисалы: Бака-шака ж.б.

Бышыктоо:

68-бет 99-көнүгүү Көнүгүүнү окуп чыгып, тууранды сөздөрдү таап, аларды дептериңерге жазгыла. Мисалы: Бака-шака ж.б.

Үй тапшырма:  68-бет  101- көнүгүү  Окуп чыгып, тууранды сөздөрдү көчүрүп жазгыла.

Үй тапшырма:

68-бет 101- көнүгүү Окуп чыгып, тууранды сөздөрдү көчүрүп жазгыла.

Кийинки  сабакта амандашканча саламатта болгула!

Кийинки

сабакта

амандашканча

саламатта

болгула!