Сабакка чейин
Сабактын темасы: Туз кислотасы-хлориддер
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Туз кислотасы-хлориддер, хлориддердин алынышы, касиеттери, колдонулушун окуп үйрөнүшөт | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Туз кисилотасы, хлор, органикалык эмес заттардын негизги класстары, кислота калдыгы, химиялык реакция, химиялык формула, металлдар, металл эместер боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбияланышат. | Туз кисилотасы; Хлор; органикалык эмес заттардын негизги класстары; кислота калдыгы; химиялык реакция; химиялык формула; металлдар; металл эместер боюнча алган билимдерин туура пайдаланып хлориддердин алынышын, химиялык касиети химиялык теӊдеме түрүндө жазып бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Туз кислотасы-хлориддер;
хлориддердин алынышы;
касиеттери;
колдонулушун айтып бере алышат;
Туз кисилотасы;
Хлор;
органикалык эмес заттардын негизги класстары;
кислота калдыгы;
химиялык реакция;
химиялык формула;
металлдар;
металл эместер боюнча алган билимдерин туура пайдаланып хлориддердин алынышын, химиялык касиети химиялык теӊдеме түрүндө жазып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Туз кислотасы-хлориддер, хлориддердин алынышы, касиеттери, колдонулушу жөнүндө жалпы маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Туз кисилотасы, хлор, органикалык эмес заттардын негизги класстары, кислота калдыгы, химиялык реакция, химиялык формула, металлдар, металл эместер, химиялык теӊдеме боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Чаташкан шаар оюну
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Лабораториялык шартта жана өнөр жайда туз кислотасын кандайча алышат? Тийиштүү химиялык реакциялар теңдемелерин түзгүлө.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Хлори́ддер — хлордуу суутек кислотасынын (туз кислотасынын) туздары. Хлорид иондору — жогорку температурада балкып эрүүчү катуу кристаллдык заттар.
Физикалык касиети
Көпчүлүк металлдардын хлориддери ( AgCl, CuCl, AuCl, Hg2Cl2, TlCl, PbCl2 нен башкасы) сууда жакшы эрийт.
Жаратылышта таралышы
калий, натрий, магний, кальций хлориддери жаратылышта кеңири таралган. Xлориддер турмуш тиричилик, өндүрүштүн ар кандай тармактар, медицинада кеңири колдонулат.
хлориддер — хлор кычкылтек, фтордон башка бардык металлдар жана металл эместер менен бирикмлери. Металлдар хлориддери (же туз кислотасынын туздары) — катуу заттар, көпчүлүгү сууда эрийт. Щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары туздары нейтралдуу реакцияга ээ. Металл эместер хлориддери газ (НС1,НР ж. 6.), суюк (РС13) же катуу (РС1;) абалда болот. Суу менен гидролизденет: Мисалы,
РС15+ 4Н2О = Н3РО4 + 5НС1.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Хлориддер деп эмнени айтабыз? 2.Хлориддердин формуласын түзүп атагыла 3.Хлориддердин кандай жолдор менен алууга болот? | |
Үйгѳ тапшырма:
1.2г натрий хлоридин алуу үчүн канча массадагы туз кислотасы керектелет?
Төрт пробиркада: а) туз кислотасы; б) натрий хлориди; в) натрий гидроксиди; г) күмүш (I) нитраты эритмелери берилген. Бул заттарды мүнөздүү реакциялар жардамы менен аныктагыла.
Баалоо: