СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоо»

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоону окуп үйрөнүшөт, практика жүзүндө көрүшөт.

Просмотр содержимого документа
««Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоо»»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: «Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоо»

Практикалык иш №4.

Сабактын методу: репрадиктивдүү

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: практикалык


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоону окуп үйрөнүшөт, практика жүзүндө көрүшөт.

  • Туз кислотасынын сапаттык составын айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Туз кислотасы, кислота калдыгы, галоген, ион, сапаттык реакция, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

  • Сапаттык курамын аныктоочу химиялык теӊдемелерди жазып бере алышса;

  • Галогендердин сапаттык реакцияларын жазып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Туз кислотасынын сапаттык составын айтып бере алышат;

  • Сапаттык курамын аныктоочу химиялык теӊдемелерди жазып бере алышат;

  • Галогендердин сапаттык реакцияларын жазып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Туз кислотасынын сапаттык составын аныктоо боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Туз кислотасы, кислота калдыгы, галоген, ион, сапаттык реакция, химиялык теӊдеме боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Чаташкан тамгалар оюну

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

  1. 1.2г натрий хлоридин алуу үчүн канча массадагы туз кислотасы керектелет?

  2. Төрт пробиркада: а) туз кислотасы; б) натрий хлориди; в) натрий гидроксиди; г) күмүш (I) нитраты эритмелери берилген. Бул заттарды мүнөздүү реакциялар жардамы менен аныктагыла.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Практикалык иш

1. Туз кислотасын алуу жана аны менен жүргүзүлгөн тажрыйбалар. Пробиркага 2–3 г кайнатма туз себелеп, аны нымдагыдай кылып концентрацияланган күкүрт кислотасын (2:1) куйгула. Газ чыгуучу түтүгү бар тыгын менен пробир-каны жапкыла, газ чыгуучу түтүктүн учун суунун бетинен болжол менен 0,5–1 см аралыкта болгондой кылып башка пробиркага түшүргүлө. Андан кийин биринчи пробиркада-гы аралашманы 5–6 мин абайлап ысыткыла (кислота суу куюлган экинчи пробиркага ашып куюлуп кетпесин үчүн карап тургула).

2. Туз кислотасынын химиялык касиеттери. Хлордуу суутекти сууда эриткенде алынган туз кислотасын алты про-биркага тептең, кылып куйгула. Биринчи пробиркага лакмус кагазын төмөн түшүргүлө. Экинчи пробиркага - цинк кесекчесин, ал эми үчүнчүсүнө - жез кесекчесин салгыла. Төртүнчү пробиркага КОН ашыкчасы, ал эми бешинчи пробиркага жаңы даярдалган жез (II) гидроксидин жайгаштыргыла, алтынчы пробиркага - бир аз бор же башка карбонат салгыла.

3. Туз кислотасын жана анын туздарын таанып билүү. Бир пробиркага 1-2 мл суюлтулган туз кислотасын, экинчи пробиркага ошондой эле өлчөмдөгү натрий хлориди эритмесин куйгула. Пробиркаларга күмүш нитраты (I) эритмесинен бир нече тамчы кошкула. Чөкмө концентрацияланган азот кислотасында эригендигин текшергиле.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Тапшырмалар

1. Туз кислотасы бардык металл менен реакцияга киреби? Туз кислотасы менен көрсөтүлгөн металлдар ортосунда жүрүүчү реакциялар теңдемесин түзгүлө.

2. Төртүнчү жана бешинчи пробиркада көк түстүн пайда болушун, ал эми алтынчыда - газ бөлүнүп чыгышын кандайча түшүндүрүүгө болот? Тийиштүү реакциялар теңдеме-лерин түзгүлө.


Үйгѳ тапшырма:

1. хлорид эритмелерин туз кислотасынан кандайча ажырата билүүнү ойлонуп айтып бергиле. Тийиштүү реакцияларын, теңдемелерин жазгыла.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!